Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 11-июлу № 151
"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2015-жылдын 9-январы, № 1) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-беренеде:
1-бөлүгүндө "103752722,4" жана "118436031,2" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "111531392,2" жана "136858499,1" деген цифраларга алмаштырылсын;
2-бөлүгүндө "14683308,8'' деген цифралар "25327106,9" деген цифраларга алмаштырылсын;
3-бөлүгүндө "14683308,8" деген цифралар "25327106,9" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. 2-берененин 2-бөлүгүндө:
1-пунктунда "110094137,5" жана "121691228,1" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "158066137,5" жана "171532995,1" деген цифраларга алмаштырылсын;
2-пунктунда "123906925,1" жана "134937244,4'' деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "178472228,1" жана "187399926,2" деген цифраларга алмаштырылсын;
3-пунктунда "13812787,6" жана "13246016,3" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "20406090,6" жана " 15866931,1 " деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:
"3-1-берене.
1. 2015-жылдын 1-июнунан тартып Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу саламаттык сактоо мекемелери республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүлсүн.
2. Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен өз ара эсептер боюнча республикалык бюджетке өткөрүлүп берилүүчү каражаттар 2015-жылга 640000,0 миң сом суммасында бекитилсин.
3. Республикалык бюджетке Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен өз ара эсептер боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттарды которбогон учурда, бул суммалар жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдүн эсебине алынууга жатат.".
4. 5-беренеде:
2-бөлүгүндө "2700000,0" деген цифралар "5500240,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
3-бөлүгүндө "550000,0" деген цифралар "574800,0" деген цифраларга алмаштырылсын.
4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2015-жылы 830000,0 миң сом, 2016-жылы - 250000,0 миң сом, 2017-жылы - 600000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктуулугу белгиленсин.".
5. 12-берененин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 1, 2, 3, 3-1, 4, 5, 5-1, 7, 8-тиркемелери ушул Мыйзамдын 1, 2, 3, 3-1, 4, 5, 5-1, 7, 8-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |