Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 30-декабры № 176
Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө
(КР 2015-жылдын 11-июлундагы № 151, 2015-жылдын 30-декабрындагы № 232 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 116477576,3 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 131836073,0 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 15358496,7 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 15358496,7 миң сом суммасында каражат 2-тиркемеге ылайык жумшалсын.
(КР 2015-жылдын 11-июлундагы № 151, 2015-жылдын 30-декабрындагы № 232 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2015-2017-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2016-2017-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
1) 2016-жылга кирешелер боюнча болжол - 110094137,5 миң сом суммасында, 2017-жылга - 121691228,1 миң сом суммасында;
2) 2016-жылга чыгашалар боюнча болжол - 123906925,1 миң сом, 2017-жылга - 134937244,4 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу - 13812787,6 миң сом суммасында, 2017-жылга - 13246016,3 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-2017-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир дайындуу мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2015-жылдын 11-июлундагы № 151, 2015-жылдын 30-декабрындагы № 232 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин жана 2016-2017-жылдарга болжолунун киреше бөлүгү 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
3-1-берене.
1. 2015-жылдын 1-июнунан тартып Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу саламаттык сактоо мекемелери республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүлсүн.
2. Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен өз ара эсептер боюнча республикалык бюджетке өткөрүлүп берилүүчү каражаттар 2015-жылга 572071,7 миң сом суммасында бекитилсин.
3. Республикалык бюджетке Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен өз ара эсептер боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттарды которбогон учурда, бул суммалар жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдүн эсебине алынууга жатат.
(КР 2015-жылдын 11-июлундагы № 151, 2015-жылдын 30-декабрындагы № 232 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-берене.
Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин жана 2016-2017-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 4, 5, 5-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. 2015-2017-жылдарга Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 5845240,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыгын эске алуу менен, алар 2014-жылга бекитилген тизмедеги курулуш объекттерин аяктоого багытталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 574800,0 миң сом багытталсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2015-жылы 730000,0 миң сом, 2016-жылы - 250000,0 миң сом, 2017-жылы - 600000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктуулугу белгиленсин.
(КР 2015-жылдын 11-июлундагы № 151, 2015-жылдын 30-декабрындагы № 232 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене.
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер боюнча жүргүзүлсүн.
2. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү жана алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык өздүк чыгашалардын корголгон беренелерин толук каржылоону камсыз кылуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жоопкерчилик жүктөлөт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2015-2017-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтар боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде бул Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн, өндүрүш көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүүлөрүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоо киргизүүгө.
2. Зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга карата тиешелүү түзөтүүлөр жөнүндө Мыйзам кабыл алынганга чейин аткарылышы мүмкүн.
8-берене.
2015-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 150000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
9-берене.
1. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2015-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2016-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1, 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. 2015-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн - шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;
3) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, нефтини, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан жери) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;
4) төмөнкүлөрдү кошпогондо, өндүрүлгөн, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан салынган администрациялык айыптардын суммаларынан шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө:
а) жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине кыянаттык келтирген администрациялык укук бузууларды жасоодо өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын;
б) бажы органдары тарабынан өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын.
2. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин.
3. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.
11-берене.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммасынын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтарылышы 9-тиркемеге ылайык: 2015-жылы - 189872,5 миң сом, 2016-жылы - 89689,5 миң сом, 2017-жылы - 89453,3 миң сом суммасында камсыз кылынсын.
12-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңөөчү гранттардын өлчөмү 10-тиркемеге ылайык чыгашалардын 1349203,4 миң сом жалпы суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2015-2016-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багыттасын.
4. Республикалык бюджеттен теңөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.
5. (КР 2015-жылдын 11-июлундагы № 151 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2015-жылдын 11-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене.
Эң аз эмгек акынын өлчөмү 2015-жылга - 970,0 сом, 2016-жылга - 1060,0 сом, 2017-жылга - 1160,0 сом суммасында белгиленсин.
14-берене.
1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттар өз убагында кайтарылбаган, ошондой эле аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтү өткөрүп жиберилген учурда мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрү кыскартууга же токтотууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбаганы үчүн кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылууга жатат.
2. Бюджеттик мекемелерге, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
15-берене.
Коомдук уюмдардын, чыгармачыл бирликтердин, өздүк көркөм чыгармачыл жамааттардын чыгашаларын каржылоого, ошондой эле Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын жыл сайын ыйгаруу үчүн каражаттарды бөлүүгө ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн алкактарда жол берилет.
16-берене.
Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын.
17-берене.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жактарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
18-берене.
Пилоттук министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун 2015-2017-жылдарга программалык бюджети 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.
19-берене.
Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |