Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 14-июлу № 163
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Согуштук абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 371-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-беренеде:
расмий тилдеги тексттин экинчи абзацы "вооруженной силы" деген сөздөрдөн кийин "другим" деген сөз менен толукталсын;
алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелери жана бөлүктөрү" деген сөздөрдөн кийин "жана башка аскердик түзүлмөлөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аймактык коргонуу күчтөрү жана каражаттары - Кыргыз Республикасынын аймагында калкты, объекттерди жана коммуникацияларды душмандын аракеттеринен, диверсиялык же террордук актылардан коргоо үчүн, ошондой эле согуштук абалды киргизүү жана кармап туруу үчүн багытталган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын резервдик түзүлмөлөрү, бирикмелери, бөлүктөрү, мекемелери, башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.".
2. 4-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлмөлөрү аларга ушул конституциялык Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен берилген ыйгарым укуктарына ылайык, согуштук абал киргизилген мезгилде, агрессиянын мизин кайтарат, коомдук тартипти камсыз кылат, жарандык коргонуу жана аймактык коргонуу боюнча иш-чараларды аткарат, ошондой эле коргонуу жагындагы башка милдеттерди аткарат.".
3. 5-берененин 3-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн" деген сөздөрдөн кийин "жана башка аскердик түзүлмөлөрүн" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 6-беренеде:
биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү" деген сөздөрдөн кийин "жана башка аскердик түзүлмөлөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
6-пунктунда "абалды" деген сөз "абал режимин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 9-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы катары согуштук абал киргизилиши менен Кыргыз Республикасын коргоону жетектейт жана согуштук абал мезгилинде:".
6. 11-беренеде:
2-пункт "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн" деген сөздөрдөн кийин "жана башка аскердик түзүлмөлөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) аймактык коргонууну жана жарандык коргонууну уюштуруу тартибин аныктайт;".
7. 12-берененин 3-бөлүгүндө "Башкы штабы" деген сөздөр "Генералдык штабы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 81-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 1-статьяда:
мамлекеттик тилдеги статьянын тексти төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Коменданттык саат - инсандыгын ырастоочу атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана документтерсиз көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда, же болбосо өз турак-жайынан тышкары жерде болууга тыюу салуу белгиленген сутканын убактысы.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Кризистик кырдаал - биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия), социалдык (зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык баш-аламандыктар, аларды бузууну кошуп алганда, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосуу,) жана табияттык-техногендик (табигый кырсыктар, кыйроолор) мүнөздөгү конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун өтө маанилүү таламдарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирүүчү факторлордун (жагдайлардын) жыйындысы.".
2. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Кыргыз Республикасында өзгөчө абал төмөнкү кризистик кырдаалдар пайда болгондо аларды четтетүү өзгөчө чараларды колдонуусуз мүмкүн болбогондо киргизилет:
1) биологиялык мүнөздөгү: эпидемия, эпизоотия, эпифитотия;
2) социалдык мүнөздөгү: зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык баш-аламандыктар, аларды бузууну кошуп алганда, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосуу;
3) табияттык-техногендик мүнөздөгү: табигый кырсыктар, кыйроолор, эгерде алар конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун өтө маанилүү таламдарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирсе.".
3. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана укук коргоо органдары кризистик кырдаалдар пайда болгондо аларды чектөө жана чечүү үчүн өз ыйгарым укуктарынын чектеринде бардык чараларды көрөт.
Өзгөчө абалды киргизүүдө же биологиялык, социалдык жана табияттык-техногендик факторлор менен шартталган кризистик кырдаалдардын масштабы кулач жайганда, аларды чектөө жана чечүү үчүн укук коргоо органдарынын жана жарандык коргонуу органдарынын күчү жана каражаттары жетпей калганда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы буга тартылган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелеринин жана бөлүктөрүнүн, ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу органдарынын, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун органы болуп саналат.".
4. 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-бөлүк менен толукталсын:
"Өзгөчө абалды киргизүүдө же ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн кризистик кырдаалдар пайда болгондо, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу органдарынын, өз компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат.".
3-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |