Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 30-апрели № 149
Согуштук абал жөнүндө
(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 108, 2015-жылдын 20-майындагы № 106, 2015-жылдын 14-июлундагы № 163, 2017-жылдын 18-мартындагы № 45, 2025-жылдын 22-октябрындагы № 226 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул конституциялык Мыйзам согуштук абалды киргизүүнүн, алып салуунун жана кармап туруунун тартибин; мамлекеттик органдардын согуш мезгилиндеги ыйгарым укуктарын аныктайт; согуштук абал киргизилген мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, ошондой эле уюмдашуу-укуктук формаларына карабастан уюмдардын укуктук мамилелерин жөнгө салат.
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Согуштук абал - Кыргыз Республикасына каршы агрессия (куралдуу кол салуу) жасалган же агрессия жасоонун тикелей коркунучу болгон учурларда агрессиянын мизин кайтаруу үчүн шарт түзүү максатында республиканын бүткүл аймагында же айрым бир жерлеринде киргизилүүчү өзгөчө укуктук режим.
Агрессия - башка бир мамлекет тарабынан куралдуу күчтү Кыргыз Республикасына каршы укукка сыйбаган, тикелей же кыйыр жол менен же болбосо БУУнун Уставына туура келбеген башка түрдө колдонуу.
Согуш абалын жарыялоо - башка бир мамлекет (мамлекеттер) тарабынан Кыргыз Республикасына куралдуу кол салуу болгон учурда аны менен тынчтык мамилелерин токтоткондугу жана согуш абалына өткөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын калайык-калкына даректелген жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы.
Согуш абалы - согуш жарыяланган же согуштук аракеттер иш жүзүндө башталган учурда Кыргыз Республикасы менен башка бир мамлекеттин (мамлекеттердин) ортосундагы мамилелер, алар согуштук аракеттер бүткөнгө же мамлекеттер менен тынчтык келишими түзүлгөнгө чейин уланат.
Агрессиянын тикелей коркунучу - ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасына каршы агрессия жасоонун реалдуу мүмкүндүгүн аныктоочу белгилердин жыйындысы.
Согуштук аракеттер - коюлган милдеттерди аткаруу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды уюшкандыкта колдонуу; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка нормативдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын буйруктарына жана директиваларына ылайык, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелери жана бөлүктөрү жана башка аскердик түзүлмөлөрү тарабынан согуштук аракеттер формасында жүргүзүлөт.
Согуш мезгили - Кыргыз Республикасы башка бир мамлекет (мамлекеттер) менен согуш абалында болгон мезгил. Ал согуш жарыяланган же согуштук аракеттер иш жүзүндө башталган учурдан тартып башталат жана согуш токтотулгандыгы жөнүндө жарыяланган учурда, бирок согуштук аракеттер иш жүзүндө аяктагандан эрте эмес бүтөт.
Аскер командачылыгы - согуш мезгилинде стратегиялык, операциялык милдеттерди жана администрациялык-чарбалык функцияларды аткарууну жүзөгө ашыруучу аскердик башкаруу органдары.
Аймактык коргонуу - Кыргыз Республикасынын аймагындагы объекттерди жана коммуникацияларды душмандын аракеттеринен, диверсиялык же террордук акттардан жана коркунучтун башка түрлөрүнөн коргоо, ошондой эле согуштук абалды орнотуу жана кармап туруу.
Аймактык коргонуу күчтөрү жана каражаттары - Кыргыз Республикасынын аймагында калкты, объекттерди жана коммуникацияларды душмандын аракеттеринен, диверсиялык же террордук актылардан коргоо үчүн, ошондой эле согуштук абалды киргизүү жана кармап туруу үчүн багытталган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын резервдик түзүлмөлөрү, бирикмелери, бөлүктөрү, мекемелери, башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
Коменданттык саат - согуштук абалдын мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону камсыз кылуу максатында жана чалгындоо, диверсиялык жана башка укукка сыйбас аракеттерге бөгөт коюу үчүн киргизилүүчү чара, мында аны колдонуунун мөөнөтү жана убактысы көрсөтүлөт, сутканын белгилүү бир мезгили ичинде тургундарга атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана алардын керт башын күбөлөндүрүүчү документтерсиз турак-жайдан сырткары болууга жана калктуу конуштардын ортосунда жүрүүгө тыюу салынат.
(КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Согуштук абалды киргизүү үчүн негиздер
Кыргыз Республикасынын аймагында же айрым бир жерлеринде согуштук абалды киргизүү үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасына каршы агрессия жасоо же агрессия жасоонун тикелей коркунучу эсептелет.
Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына ылайык Кыргыз Республикасына каршы агрессия деп төмөнкүлөр таанылат:
1) чет мамлекеттин (мамлекеттер тобунун) куралдуу күчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагына басып кирүүсү же кол салуусу, мындай басып кирүүнүн же кол салуунун натыйжасы катарында Кыргыз Республикасынын аймагын кандай түрдө болбосун аскердик оккупациялоо же болбосо куралдуу күчтөрдү колдонуу менен Кыргыз Республикасынын аймагын же анын бөлүгүн аннексиялоо (басып алуу);
2) чет мамлекеттин (мамлекеттер тобунун) куралдуу күчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагын бомбалоосу же чет мамлекеттин (мамлекеттер тобунун) Кыргыз Республикасына каршы кандай болбосун куралдарды колдонуусу;
3) чет мамлекеттин (мамлекеттер тобунун) куралдуу күчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө алардын жайгашкан кайсы жерине болбосун кол салуусу;
4) өзүнүн аймагын Кыргыз Республикасына каршы агрессия актысын жасоо үчүн башка мамлекеттин (мамлекеттер тобунун) колдонушуна уруксат берген чет мамлекеттин (мамлекеттер тобунун) аракеттери;
5) ушул пунктта көрсөтүлгөн агрессия актыларына барабар келген түрдө Кыргыз Республикасына каршы куралдуу күчтөрдү колдонуу актыларын жасаган куралдуу бандалардын, топтордун, иррегулярдуу күчтөрдүн же жалданмалардын чет мамлекет (мамлекеттер тобу) тарабынан же чет мамлекеттин (мамлекеттер тобунун) атынан жиберилиши.
Кыргыз Республикасына каршы агрессиянын тикелей коркунучу деп чет мамлекеттин (мамлекеттер тобунун) БУУнун Уставын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана нормаларын бузуу менен жасалган жана агрессия актысын жасоого даярдыкты тикелей билдирген аракеттери, анын ичинде Кыргыз Республикасына согуш жарыялашы таанылышы мүмкүн.
3-берене. Согуш абалын, согуштук абалды жарыялоонун жана согуштук абалды киргизүүнүн тартиби
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же айрым бир жерлеринде согуш абалы жана согуштук абал Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен жарыяланат, ал радио уктуруу жана теле көрсөтүү каналдары боюнча жарыя кылынууга, ошондой эле расмий жарыяланууга жатат.
Кыргыз Республикасынын Президенти согуш абалын жана согуштук абалды жарыялоо жөнүндө жарлыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары Жогорку Кеңеш) кароосуна токтоосуз киргизет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин согуш абалын жана согуштук абалды жарыялоо жөнүндө жарлыгында төмөнкүлөр аныкталат:
- согуш абалын жана согуштук абалды жарыялоо үчүн негиз болгон жагдайлар;
- согуштук абал жарыялануучу аймактын чек аралары;
- согуштук абалды камсыз кылуу үчүн тартылуучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, күчтөр жана каражаттар;
- ушул конституциялык Мыйзамдын 5-беренесинде каралган киргизилүүчү чаралардын жана мында конституциялык укуктардын маңызына тийбестен жарандардын укуктары менен эркиндиктерин убактылуу чектөөлөрдүн, уюмдашуу-укуктук формаларына карабастан уюмдардын иш-аракетине чектөөлөрдүн тизмеги.
Кыргыз Республикасынын Президентинин согуш абалын жана согуштук абалды жарыялоо жөнүндө жарлыгын бекитүү тууралу маселени Жогорку Кеңеш 24 сааттын ичинде, ал эми Жогорку Кеңештин сессияларынын аралыгындагы мезгилде - 72 сааттын ичинде карашы керек.
Кыргыз Республикасынын Президентинин согуш абалын жана согуштук абалды жарыялоо жөнүндө жарлыгын бекитүү тууралу чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин согуш абалын жана согуштук абалды жарыялоо жөнүндө жарлыгы Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилбеген учурда бул жарлык мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки күнү аракетин токтотот, бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын же анын тийиштүү айрым бир аймактарынын калкы согуш абалын жана согуштук абалды жарыялоо жөнүндө кабардар кылынгандай тартипте кабардар кылынат.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жана айрым бир жерлеринде согуштук абал Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилет.
Согуштук абалды киргизүү жөнүндөгү маселени Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентинин согуш абалын жана согуштук абалды жарыялоо жөнүндө жарлыгын бекиткенден кийин дароо карайт.
Согуштук абалды киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Согуштук абал киргизилгенде Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен:
- (2-абзац КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 108 Конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);
- Кыргыз Республикасынын областтарынын, шаарларынын жана райондорунун коргонуу комитеттери түзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын коргонуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыктарынан улам мамлекеттик органдардын функциялары жана ыйгарым укуктары кайрадан бөлүштүрүлөт.
Областтардын, шаарлардын жана райондордун коргонуу комитеттерин жоюу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 108 Конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Согуштук абал мезгили
Согуштук абалдын мезгили согуштук абал киргизилген учурдан тартып башталат жана согуштук абал жокко чыгарылган (токтотулган) учурдан тартып бүтөт.
Согуштук абал киргизилген аймактарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскер командачылыгынын ыйгарым укуктары кеңейет, аларга мамлекеттик органдардын коргонуу, коомдук тартипти камсыз кылуу жагындагы функциялары өтөт.
Мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлмөлөрү аларга ушул конституциялык Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен берилген ыйгарым укуктарына ылайык, согуштук абал киргизилген мезгилде, агрессиянын мизин кайтарат, коомдук тартипти камсыз кылат, жарандык коргонуу жана аймактык коргонуу боюнча иш-чараларды аткарат, ошондой эле коргонуу жагындагы башка милдеттерди аткарат.
(КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава Согуштук абалды камсыз кылуунун тартиби
5-берене. Согуштук абалды камсыз кылуу чаралары
Согуштук абалды киргизүү төмөнкүдөй чараларды колдонууга алып келет:
1) коомдук тартипти сактоону жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууну, аскердик, маанилүү мамлекеттик жана атайын объекттерди, калктын жашоо-турмушун, транспорттун, коммуникациялардын жана байланыштын иштөөсүн камсыз кылуучу объекттерди, энергетика объекттерин, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана жашоосуна, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө жогорку даражада коркунуч келтирүүчү объекттерди күзөтүүнү күчөтүү;
2) транспорттун, коммуникациялардын жана байланыштын иштөөсүн камсыз кылуучу объекттердин, энергетика объекттеринин, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана жашоосуна, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө жогорку даражада коркунуч келтирүүчү объекттердин иштөөсүнүн өзгөчө режимин киргизүү;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, уюмдашуу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактарды согуш мезгилинин шарттарында жумуш иштөөгө которууну камсыз кылуу, ошондой эле аймактык коргонууну уюштуруу, калкты согуш мезгилинин шарттарында аракет кылууга даярдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
4) согуштук абалдын шарттарында Кыргыз Республикасынын коргонуусуна жана коопсуздугуна залака келтирүүчү насыяттоо жана (же) үгүттөө ишин, ошого тете бөлөк иш-аракетти жүргүзгөн саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын иш-аракетин чектөө же токтото туруу, ошондой эле демонстрацияларды, жыйналыштарды, митингдерди, жүрүштөрдү, иш таштоолорду өткөрүүнү чектөө;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жарандарды коргонуу муктаждыгы үчүн жумуштарды, душмандын курал колдонушунун кесепеттерин жоюу, бузулган (талкаланган) экономика объекттерин, жашоо-турмушту камсыз кылуу системасындагы жана аскердик объекттерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле өрткө, эпидемияга жана эпизоотияга каршы күрөшкө катышууга тартуу;
6) калкты, чарбалык, социалдык жана маданий багыттагы объекттерди эвакуациялоо, жашоо үчүн коркунучтуу райондордон жарандарды милдеттүү түрдө убактылуу же туруктуу турак жай берүү менен убактылуу жер которуштуруу;
7) жарандардын баруучу жерин же болбосо жашоочу жерин тандоосуна чек коюу;
8) уюмдашуу укуктук формаларына карабастан юридикалык жактардын, билим берүү мекемелеринин, ошондой эле оюн-зоок жайларынын иштөө режимин белгилөө;
9) коргонуу ишканаларынын, зарыл болгон учурда уюмдашуу укуктук формаларына карабастан башка юридикалык жактардын жумушчуларын өз каалоосу боюнча жумуштан бошотууга тыюу салуу;
10) уюмдашуу-укуктук формаларына көз карандысыз түрдө юридикалык жактарга коргонуу продукциясын чыгаруу жана берүү боюнча аткарылууга милдеттүү талаптарды белгилөө;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, кийин компенсациялоо менен, уюмдашуу-укуктук формаларына карабастан, эсептик жылга карата мобилизациялык планы бар уюмдардан тышкары, башка уюмдардан транспорт каражаттарын, курулмаларды, имараттарды, машиналарды, механизмдерди, радиоберүүчү түзүлүштөрдү, көбөйтүү, электрондук-эсептөө техникасын, үн жазуучу аппаратураларды, байланыштын жана автоматташтырылган башкаруу системасынын техникалык каражаттарын, ок атуучу жана башка куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу жана химиялык заттарды, радиоактивдүү материалдарды, ошондой эле жабдууларды жана материалдык каражаттарды коргонуу муктаждыктары үчүн алуу же убактылуу тартуу;
12) зарыл болгон учурларда уюмдашуу укуктук формаларына карабастан юридикалык жактарга кызматкерлерди алардын макулдугусуз эле эмгек келишиминде каралбаган жумуштарга которууга уруксат берүү;
13) коменданттык кызматка транспорт каражаттарын токтотуу жана карап чыгуу, зарыл учурларда жарандардын жеке өздөрүн жана алардын буюмдарын карап чыгуу, жарандарды жана транспорт каражаттарын кармоо укугун берүү менен коменданттык саат киргизүү. Мында жарандардын керт башын аныктоо же алгачкы териштирүү органдарына же тергөө органдарына өткөрүп берүү үчүн аларды кармоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эки суткадан ашпоого тийиш;
14) байланыш транспорт, басып чыгаруу, телекөрсөтүү ишканаларынын, эсептөө борборлорунун жана автоматташтырылган башкаруу системаларынын ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жалпы пайдалануудагы радио байланыштын ишине контролдукту орнотуу. Жеке пайдалануудагы радио ышкыбоздук кабылдоочу-берүүчү радиостанциялардын иштөөсүнө тыюу салуу;
15) Кыргыз Республикасы менен согуш абалында болгон мамлекетке же аны менен союздаш мамлекетке жиберилген почталык жөнөтүмдөргө, кат-кабарларга, телекоммуникация системалары аркылуу берилүүчү билдирүүлөргө, ошондой эле телефондук сүйлөшүүлөргө карата аскердик цензураны киргизүү;
16) Кыргыз Республикасы менен согуш абалында болгон мамлекеттин же аны менен союздаш мамлекеттин жарандарын эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана нормаларына ылайык интернирлөө (изоляциялоо);
17) чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында (же айрым райондорунда) жүрүүсүнө, ошондой эле уюмдашуу-укуктук формаларына карабастан, коргонуу продукциясын чыгарып жана берип жаткан юридикалык жактарга барышына тыюу салуу (чек коюу);
18) жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгуусуна тыюу салуу же чек коюу;
19) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, аскердик башкаруу органдарында, уюмдашуу-укуктук формаларына карабастан, өз иш-аракетин коргонуу чөйрөсүндө жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарда жашырындуулук режимин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды киргизүү;
20) курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу жана уулуу заттарды, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу, наркотикалык жана башка күчтүү таасир кылуучу заттарды камтыган дары-дармектерди жана препараттарды пайдалануунун өзгөчө режимин белгилөө.
Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган чаралар согуштук абал киргизилген аймакта гана колдонулат.
Согуштук абал күчүндө болгон мезгил ичинде мамлекеттик муктаждыктарды, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүлмөлөрүн камсыз кылуу үчүн жана калктын муктаждыктары үчүн продукцияларды чыгаруу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү) максатында, экономикалык жана финансылык иш-аракетти жүзөгө ашырууга, мүлктү жүгүртүүгө, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана финансылык каражаттардын эркин орун которуштуруусуна, информацияны издөөгө, алууга, берүүгө, чыгарууга жана таркатууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү менен байланышкан чаралар, эмгектик иш-аракет режими жана финансылык, салыктык, бажылык жана банктык жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында каралышы мүмкүн.
(КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Согуштук абалды камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана башка аскердик түзүлмөлөрү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары согуштук абалды камсыз кылуу максатында ушул конституциялык Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен берилген ыйгарым укуктарына ылайык төмөндөгү милдеттерди аткаруу үчүн тартылат:
1) согуштук абал киргизилген аймакка кирүүнүн жана андан чыгуунун өзгөчө режимин кармап туруу, ошондой эле ал аймакта эркин жүрүүнү чектөө;
2) калкты куткарууга жана эвакуациялоого катышуу, авариялык-куткаруучулук жана башка кечиктирилгис жумуштарды жасоого, өрткө, эпидемияга жана эпизоотияга каршы күрөшкө катышуу;
3) аскердик, маанилүү мамлекеттик жана атайын объекттерди, калктын жашоо-турмушун, транспорттун, коммуникациялардын жана байланыштын иштөөсүн камсыз кылуучу объекттерди, энергетика объекттерин, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө жогорку даражада коркунуч келтирүүчү объекттерди күзөтүү;
4) мыйзамсыз куралдуу түзүлмөлөрдүн иш-аракетине, чалгындоо, террордук жана диверсиялык иш-аракеттерге бөгөт коюу;
5) коомдук тартипти коргоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу;
6) согуштук абал режимин камсыз кылуу боюнча башка иш-чараларды өткөрүүгө катышуу.
(КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Согуштук абалды камсыз кылууда куралды, согуштук техниканы, атайын каражаттарды, ошондой эле адам күчүн колдонуу
Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда аскер кызматчылары жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери согуштук абалды камсыз кылуу максатында куралды, согуштук техниканы, атайын каражаттарды, ошондой эле адам күчүн Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык колдонууга укуктуу.
8-берене. Коменданттык саатты киргизүү
Согуштук абалдын шарттарында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, чалгындоочулук, диверсиялык жана башка укукка сыйбас иш-аракеттерге бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен:
- коменданттык саат киргизилет;
- шаарлардын (райондордун) коменданттары дайындалат жана шаарлардын (райондордун) чек аралары такталат;
- коменданттык сааттын колдонулуу убактысы жана жарандардын укуктарын, ошондой эле юридикалык жактардын иш-аракетин убактылуу чектөөлөр көрсөтүлөт;
- аскер командачылыгынын (коменданттын) ыйгарым укуктары аныкталат;
- коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга тиешелүү башка маселелер каралат.
Шаардын (райондун) коменданты өзүнүн чечими менен төмөнкүлөрдү аныктайт:
- коменданттык саатты кармап турууга тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды;
- кызматты өтөөнүн тартибин;
- убактылуу кармалгандар жайгаштырылуучу жерлерди, коменданттык саатты уюштурууга тиешелүү башка маселелерди.
Коменданттык саат мезгилинде жарандарга, анын ичинде чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине, атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана керт башын күбөлөндүрүүчү жана документтерсиз көчөдө жана башка коомдук жерлерде жүрүүгө, ошондой эле мындай документтерсиз турак-жайынан сыртта болууга тыюу салынат.
Ушул берененин үчүнчү бөлүгүндө каралган тартипти бузууга жол берген адамдар аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат бүткөнгө чейин, ал эми жанында документтери жоктор - керт башы аныкталганга чейин, бирок эки суткадан ашык эмес кармалат, кармалгандар, алардын буюмдары жана транспорттук каражаттары каралып чыгылышы мүмкүн, алардан куралдар, ок-дарылар, жарылуучу, химиялык жана уулуу заттар, ошондой эле башка тыюу салынган буюмдар алынып коюлат.
3-глава Мамлекеттик органдардын, согуш мезгилинде кошумча түзүлүүчү мамлекеттик органдардын жана аскер командачылыгынын согуштук абалды камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктары жана алардын согуштук абал күчүндө болгон мезгилдеги иштөөсүнүн өзгөчөлүктөрү
9-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин согуштук абалды камсыз кылуу жагындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы катары согуштук абал киргизилиши менен Кыргыз Республикасын коргоону жетектейт жана согуштук абал мезгилинде:
1) жарлык чыгарат:
- согуш абалын жана согуштук абалды жарыялоо жөнүндө;
- коменданттык саатты киргизүү жөнүндө;
2) жалпы жана жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт;
3) согуштук аракеттерди жүргүзүүгө буйрук, директива чыгарат;
4) областтардын, райондордун жана шаарлардын коргонуу комитеттерин түзөт;
5) согуштук абалды камсыз кылууну уюштурууга жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
6) шаарлардын коменданттарын дайындайт;
7) согуштук абалды камсыз кылуу боюнча чараларды колдонууга контролдук кылат;
8) согуштук абалдын шарттарында Кыргыз Республикасынын коргонуусуна жана коопсуздугуна залака келтирүүчү насыяттоо жана (же) үгүттөө ишин, ага тете башка иш-аракет жүргүзгөн саясий партиялардын, башка коомдук бирикмелердин, диний уюмдардын ишин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат;
9) согуштук абал күчүндө болгон мезгил ичинде аскер кызматын өтөөнүн тартибин аныктайт;
10) Кыргыз Республикасынын коргонуусуна жана коопсуздугуна залака келтирүүгө багытталган иш-аракеттерди жүзөгө ашырып жаткандыгы жөнүндө укук коргоо органдары тарабынан анык маалыматтар алынган чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын иш-аракетин токтотуу тууралу чечим кабыл алат;
11) согуштук абал киргизилген аймакта транспорттун, коммуникациялардын жана байланыштын иштөөсүн камсыз кылуучу объекттердин, энергетика объекттеринин, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө жогорку даражадагы коркунуч келтирүүчү объектилердин иштөөсүнүн өзгөчө режимин белгилейт;
12) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык согуштук абалды камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 108 Конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин согуштук абалды камсыз кылуу жагындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши:
1) согуш жана тынчтык маселелерин чечет, согуштук абалды киргизет, согуш абалын жарыялайт; ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;
2) согуштук абал мезгилинде чукул мамлекеттик бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алат;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;
4) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык согуштук абалды камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
11-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн согуштук абалды камсыз кылуу жагындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын согуштук абалды камсыз кылуу боюнча иш-аракетине жетекчилик кылат;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлмөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана жарандардын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган чаралардын аткарылышын камсыз кылат;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине чукул мамлекеттик бюджетти сунуш кылат жана анын аткарылышын камсыз кылат;
4) коргонууну камсыз кылуу үчүн продукция чыгарууну (жумуштарды аткарууну, кызматтарды көрсөтүүнү) уюштурат;
5) саламаттык сактоо органдарынын иштөөсүн уюштурат;
6) согуштук абал колдонулган мезгилде мамлекеттин муктаждыктарын материалдык-техникалык, эмгектик жана башка ресурстар менен камсыз кылуу боюнча иштерди уюштурат;
7) экономикалык жана финансылык иш-аракетти жүзөгө ашырууга, мүлктү жүгүртүүгө, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана финансылык каражаттардын эркин орун которуштуруусуна, информацияны издөөгө, алууга, берүүгө, чыгарууга жана таркатууга убактылуу чектөөлөрдү белгилейт, эмгектик иш-аракет режимин жана финансылык, салыктык, бажылык жана банктык жөнгө салуулардын өзгөчөлүктөрүн белгилейт;
8) агрессия жасаган мамлекет (мамлекеттер тобу) менен эл аралык келишимдерди денонсациялоо үчүн аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берет;
9) жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө (аймагынан чыгуусуна) тыюу салууларды жана чектөөлөрдү белгилейт;
10) аймактык коргонууну жана жарандык коргонууну уюштуруу тартибин аныктайт;
11) согуштук абалды камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясына берилген ыйгарым укуктардан башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын коргонуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыктарынан улам Кыргыз Республикасынын Президентине согуштук абал күчүндө болгон мезгилде мамлекеттик органдардын (коргонуу, улуттук коопсуздук, маселелерин тескегендерин кошпогондо) түзүмү жөнүндө сунуштарды берет.
(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 108, 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Коопсуздук кеңештин жана согуш мезгилинде кошумча түзүлүүчү мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жетектөөнүн жогорку органы болуп эсептелет, ага Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы жетекчилик кылат.
(2-бөлүк КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 108 Конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын буйруктары жана директивалары түрүндө жоболоштурулган Коопсуздук кеңешинин чечимдери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү тарабынан аткарылууга милдеттүү.
Коопсуздук кеңешинин чечими боюнча, согуштук абал киргизилген аймактарда телефондук сүйлөшүүлөргө контролдук орнотуу жүзөгө ашырылат, почталык жөнөтүмдөргө, кат-кабарларга, телекоммуникация системалары аркылуу берилүүчү билдирүүлөргө карата аскердик цензура киргизилет, ошондой эле цензура органдары түзүлөт жана алардын укуктук статусу аныкталат.
Кыргыз Республикасынын областтарынын, шаарларынын жана райондорунун коргонуу комитеттери өз аймактарында ушул конституциялык Мыйзамдын 5-беренесинде каралган, анын 4, 13, 15, 16 жана 17-пункттарын кошпогондо, согуштук абалды камсыз кылуу боюнча чараларды колдонуу укугуна ээ болот.
(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 108, 2015-жылдын 14-июлундагы № 163, 2017-жылдын 18-мартындагы № 45 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Аскер командачылыгынын ыйгарым укуктары
Аскер командачылыгына согуштук иш-аракеттер жүргүзүлүп же жайылтылып жаткан жерлерде согуштук абалды камсыз кылуу максатында ушул конституциялык Мыйзамдын 5-беренесинде 1, 3, 5, 7, 11 жана 13-пункттарында каралган чараларды колдонуу боюнча ыйгарым укуктар берилет. Мындан тышкары аскер командачылыгы төмөнкүдөй укуктарды алат.
1) уюмдашуу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактарды эвакуациялоо, ошондой эле калкты согуштук аракеттер болушу мүмкүн аймактардан көчүрүп чыгаруу;
2) оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдарды жана тергөөдөгү жана администрациялык көзөмөлдөгү адамдарды аскер иш-аракеттери жүргүзүлбөгөн аймактарга жайгаштыруу менен көчүрүү;
3) аскердик бөлүктөрдү жана мекемелерди турак-жай менен камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактардын турак жайларды берүү боюнча милдеттерин белгилөө;
4) уюмдашуу-укуктук формаларына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы колдонуудагы транспорт, соода жана коомдук тамактануу ишканаларынын, турмуш-тиричилик, кампалык жана коммуналык чарбанын иштөөсүн жөнгө салуу, калкка жана уюмдарга азык-түлүк жана өнөр жай товарларын берүүнүн нормаларын жана тартибин (нормаланган камсыздоону) белгилөө;
5) коргонуу курулмаларын колдонуунун тартибин белгилөө;
6) карантин жана башка санитардык-эпидемияга каршы иш чараларды жүргүзүү;
7) тийиштүү коргонуу комитеттери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдашуу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон токтомдорду жана буйруктарды өз ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарууга жана жалпыга маалымдоо үчүн жарыялоого, ошондой эле алардын аткарылышына контролдук кылуу;
8) ушул берененин 7-пунктунда каралган токтомдорду жана буйруктарды аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарына жана жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти белгилөө.
14-берене. Согуштук абалдын шарттарында тергөө жана сот жүргүзүү
Согуштук абалдын мезгилинде жасалган кылмыштар жөнүндөгү иштер боюнча тергөө жана сот жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Согуш абалы киргизилген аймакта судьялар тарабынан сот адилеттигин жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогон учурда соттордо каралып жаткан иштердин сотко аймактык караштуулугу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими боюнча убактылуу өзгөртүлүшү мүмкүн.
15-берене. Согуштук абалдын шарттарында прокурордук көзөмөлдүк
Согуштук абалдын мезгилинде нормативдик укуктук актылардын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана согуш мезгилинин мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына прокурордук көзөмөлдүк жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары жүзөгө ашырат.
Мыйзам бузууну дароо жоюуну талап кылган өзгөчө кырдаалда прокурор протесттерди жана көрсөтмөлөрдү кароонун кыскартылган мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу. Алгачкы териштирүү органдары протесттерди жана көрсөтмөлөрдү кароонун жыйынтыктары жөнүндө жазуу жүзүндө токтоосуз прокурорго билдирет.
151-берене. Согуштук абалдын шарттарында адам укуктарынын сакталышын парламенттик контролдоо
Кыргыз Республикасынын аймагында согуштук абалдын мезгилинде адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын парламенттик контролдоо чектелүүгө тийиш эмес.
(КР 2025-жылдын 22-октябрындагы № 226 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава Согуштук абалдын мезгилинде жарандардын жана уюмдардын милдеттери
16-берене. Согуштук абалдын мезгилинде жарандардын милдеттери
Жарандар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул конституциялык Мыйзамдын, Согуштук абал маселелери боюнча башка нормативдик укуктук актылардын талаптарын аткарууга милдеттүү.
Согуштук абал киргизилген аймакта турган жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) согуштук абалды камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын, алардын кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарын аткарууга жана аларга жардам көрсөтүүгө;
2) жашаган жериндеги аскердик башкаруу органдарына жана мамлекеттик органдарга чакыруу боюнча келүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте, коргонуу мүнөзүндөгү жумуштарга, душмандын курал колдонуусунун кесепеттерин жоюу, бузулган жана кыйраган экономикалык жана аскердик объекттерди, калктын жашоосун камсыз кылуу системаларын калыбына келтирүү иштерине, ошондой эле өрткө, эпидемияларга, эпизоотияларга каршы күрөшкө катышууга;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, кийин компенсациялануу менен өздөрүнүн менчигинде турган, коргонуу муктаждыгы үчүн зарыл болгон мүлктү берүүгө;
5) Ушул конституциялык Мыйзамга ылайык аларга мамлекеттик органдар тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарууга.
17-берене. Согуштук абалдын мезгилинде уюмдардын милдеттери
Согуштук абал киргизилген аймакта жайгашкан уюмдар согуштук абалды камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын, алардын кызмат адамдарынын талаптарын аткарууга жана аларга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Согуштук абалдын мезгилинде уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, кийин компенсациялануу менен, өздөрүнүн менчигинде турган, коргонуу муктаждыгы үчүн зарыл болгон мүлктү берүүгө;
2) келишимдердин негизинде, Кыргыз Республикасынын коргонуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында мамлекеттин тапшырмаларын (буйрутмаларын) биринчи кезекте аткарууга;
3) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык аларга мамлекеттик органдар тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарууга.
18-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын жоболорун сактабагандык үчүн жоопкерчилик
Ушул конституциялык Мыйзамдын жоболорун, Кыргыз Республикасынын согуштук абал маселелери боюнча башка мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын бузгандык үчүн, ошондой эле согуштук абалдын мезгилинде жасаган кылмыштар үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5-глава Корутунду жоболор
19-берене. Согуштук абалдын мезгилинде коюлуучу чектөөлөр
Согуштук абалдын мезгилинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алууга же болбосо Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын кабыл алууга жана аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын Президентине каршы аны кызмат ордунан четтетүү үчүн күнөө коюуга, Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алуусуна жол берилбейт.
Согуштук абалдын мезгилинде референдумдарды, шайлоолорду өткөрүүгө жол берилбейт.
20-берене. Согуштук абалды алып салуу
Ушул конституциялык Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же айрым жерлеринде киргизилген согуштук абал аны киргизүү үчүн негиз болгон кырдаалдар жоюлгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан алынып салынат, бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын же анын тиешелүү аймактарынын калкы согуштук абалды киргизүү жөнүндө кабардар кылынгандай эле тартипте кабардар кылынат.
Согуштук абал алынып салынган учурдан тартып, согуштук абалды камсыз кылуу үчүн кабыл алынган нормативдик укуктук актылар аларды чыгарган органдар тарабынан жокко чыгарылат.
Согуштук абал алынып салынган учурдан тартып мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аскердик башкаруу органдары согуштук абалды камсыз кылуу жагындагы ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген тартипте токтотот.
21-берене. Согуштук абалды киргизүү жана аны алып салуу жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмуна кабарлоо
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же айрым жерлеринде согуштук абал киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн согуштук абал киргизилгендигине жана жарандардын укуктары жана эркиндиктери чектелгендигине байланыштуу эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелеринен Кыргыз Республикасы четтегендиги жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысын (ал эми ал аркылуу Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттерди) кабардар кылуу боюнча чараларды көрөт.
Кыргыз Республикасынын Президенти согуштук абал алынып салынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдер боюнча өз милдеттенмелерин кайра жаңырткандыгы жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысын (ал эми ал аркылуу Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттерди) кабардар кылуу боюнча чараларды көрөт.
22-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 126 "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |