МыйзамКүчүндө

КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 175 «1995-жылдын 15-мартында Исламабад шаарында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жөнүндө макулдашуунун беренелерин ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция20.07.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 20-июлу № 175

1995-жылдын 15-мартында Исламабад шаарында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жөнүндө макулдашуунун беренелерин ратификациялоо тууралуу

1-берене.

1995-жылдын 15-мартында Исламабад шаарында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жөнүндө макулдашуунун беренелери ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Экономикалык кызматташтык уюмунун катчылыгына ратификациялоо жөнүндө грамотаны депонирлесин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 24-июлунда № 67 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев