Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 21-июлу № 185
Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР 2023-жылдын 9-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чараларды белгилейт.
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) балдар (жашы жетпегендер) - 18 жаш куракка чыга элек балдар;
2) ата-энелерди алмаштыруучу адамдар - жакын туугандары (жашы жеткен ага-инилери жана эже-сиңдилери, карындаштары, чоң-атасы, чоң-энеси, таятасы, таенеси, ата-энелеринин ага-инилери жана эже-сиңдилери, карындаштары) асырап алуучулары, багуучу ата-энелери, камкорчулары, көзөмөлчүлөрү, жашы жетпеген камкордугунда же көзөмөлүндө турган мекеменин кызмат адамдары;
3) балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдар - балдарга билим берүү, алардын ден соолугун коргоо, аларды тарбиялоо, өнүктүрүү, сактоо, социалдык коргоо жана социалдык тейлөө боюнча, балдардын социалдык ыңгайланышуусуна, социалдык реабилитацияланышына көмөктөшүү боюнча иш-чараларды, балдардын катышуусу менен өткөрүлүүчү башка иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдар;
4) балдардын болуусуна тыюу салынган жерлер - ушул Мыйзамга ылайык белгиленген жана аныкталган, балдардын ден соолугуна, алардын дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүү мүмкүн болгон коомдук жерлер;
5) балдардын болуусу чектелген жерлер - ушул Мыйзамга ылайык белгиленген жана аныкталган, балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында, алардын ата-энелеринин (аларды алмаштыруучу адамдардын) коштоосусуз же болбосо балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдардын коштоосусуз түнкү мезгилдерде жүрүүсүнө тыюу салынган коомдук жерлер;
6) түнкү убакыт - жай мезгилинде (1-июндан 31-августка чейин) саат 23.00дөн саат 06.00гө чейинки, жылдын калган мезгилинде - саат 22.00дөн саат 06.00гө чейинки убакыт аралыгы;
7) укук бузуулардын алдын алуу субъекттери - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттер, кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
8) балдардын маалымат коопсуздугу - балдардын ден соолугуна же дене бой, психикалык, руханий, адептик өнүгүүсүнө маалымат аркылуу зыян келтирүүгө байланышкан тобокелдик болбогон балдардын корголуу абалы;
9) балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалымат - ушул Мыйзамга ылайык балдар арасында таратууга тыюу салынган же чектелген маалымат;
10) маалымат продукциясы - Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө багытталган жалпыга маалымдоо каражаттарынын продукциясы, басылма продукция, алып жүрүүчүнүн кандай болбосун түрүндөгү аудиовизуалдык продукция, компьютердик программалар жана маалымат базалары, ошондой эле көрсөтмө иш-чаралар аркылуу таратылуучу жана маалымат-телекоммуникация тармактарында (анын ичинде Интернет тармагында) жана көчмө радиотелефон байланыш тармактарында жайгаштырылуучу маалымат;
11) балдар үчүн маалымат продукциясы - тематикасы, мазмуну жана көркөм жасалгасы боюнча балдардын дене бой, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө шайкеш келүүчү маалымат продукциясы.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлер
1. Сутканын убактысына карабастан төмөнкүдөй жерлерде балдардын болуусуна тыюу салынат:
1) юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин сексуалдык мүнөздөгү гана товарларды сатууга арналган объекттеринде (аймактарында, орун-жайларында);
2) пиво сатуучу ресторандарда, сыра, шарап барларында, алкоголдук азыктарды, анын негизинде даярдалуучу пивону жана башка ичимдиктерди гана сатууга арналган башка орун-жайларда.
2. Түнкү убакытта ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) коштоосусуз, балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдардын коштоосусуз балдардын болушуна төмөнкүдөй жерлерде тыюу салынат:
1) көчөлөрдө, стадиондордо, парктарда, гүл бакчаларда;
2) жалпы пайдалануудагы транспорттук каражаттарда;
3) балдар жүргүнчү болгон учурларды кошпогондо, вокзалдардын жана аэропорттордун аймактарында;
4) көлмөлөрдө жана аларга жанаша аймактарда;
5) көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуудагы жерлеринде, көп батирлүү турак үйлөргө жанаша аймактарда, анын ичинде балдар жана спорт аянтчаларында;
6) мыйзам менен белгиленген тартипте алкоголдук продукцияларды, анын негизинде даярдалган пивону жана ичимдиктерди чекене сатуу каралган, соода кылуу жана коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга арналган (уюмдар же пункттар), көңүл ачууларга, бош убакытты өткөрүүгө арналган (анын ичинде оюн-зоок борборлору, түнкү клубдар, мончолор, сауналар) юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин объекттеринде (аймактарында, орун-жайларында);
7) "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармакка жетүүнү камсыз кылууга арналган (анын ичинде интернет-кафе, интернет-клубдар) юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин объекттеринде (аймактарында, орун-жайларында).
3. Ушул берененин колдонулушу төмөндөгү учурларга жайылтылбайт:
1) 31-декабрдан 1-январга караган түнкү убакытка;
2) негизги жалпы, орто жалпы билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуунун аякташына арналып, жалпы билим берүүчү мекемелерде жана баштапкы кесиптик билим берүүчү мекемелерде көрсөтүлгөн мекемелердин бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү мезгилине;
3) мамлекеттик органдар уюштурган майрамдык иш-чараларды өткөргөн убакытка.
2-1-берене. Балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтын түрлөрү
1. Балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү, алардын арасында таратууга тыюу салынган маалыматка төмөнкү маалыматтар кирет:
1) балдардын өз өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаратуучу иш-аракеттерди жасоосуна, анын ичинде өз ден соолугуна зыян келтирүүгө, өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүүчү;
2) балдардын баңги зат каражаттарын, психотроптук же маң кылуучу заттарды, курамында баңги заттар бар дары-дармектерди, тамеки буюмдарын, никотин камтылган продукцияларды, алкоголь жана спирт камтылган продукцияны, сыраны жана анын негизинде жасалуучу суусундуктарды, энергетикалык суусундуктарды колдонуу, кумар оюндарына катышуу, сойкулук, селсаяктык же тилемчилик менен алектенүүгө каалоосун козгоого жөндөмдүү;
3) зомбулукка же мыкаачылыкка жол берүүнү негиздөөчү же актоочу, же болбосо ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, адамдарга же жаныбарларга карата зордук-зомбулук аракетин жүзөгө ашырууга түрткү берүүчү;
4) үй-бүлөлүк жана салттуу коомдук баалуулуктарын жокко чыгаруучу, салттан тышкаркы сексуалдык мамилени пропагандалоочу жана ата-энесин же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн урматтабаган мамилени түзүүчү;
5) укукка каршы жүрүм-турумду актоочу;
6) уят сөздөрдү камтуучу;
7) порнографиялык мүнөздөгү маалыматты камтуучу.
2. Белгилүү бир жаш курактагы балдар арасында жайылтууга чектөө киргизилген маалыматка төмөнкү маалыматтар кирет:
1) мыкаачылыкты, дене бой же психикалык зомбулукту, кылмышты же коомго каршы башка аракетти сүрөттөө же сыпаттоо түрүндө берилүүчү, балдардын кооптонуу, коркуу же дүрбөлөң сезимин жаратуучу, анын ичинде зомбулуксуз өлүм, оору, өзүн-өзү өлтүрүү, күтүүсүз кырсык, жол кырсыктары же катастрофалар жана алардын кесепеттеринин адамдын кадыр-баркын кемсинтүү формасында сүрөттөө же сыпаттоо түрүндө берилүүчү;
2) эркек менен аялдын ортосундагы жыныстык мамилени сүрөттөө же сыпаттоо түрүндө берилүүчү;
3) уят сөздөргө кирбеген уруш сөздөрдү жана туюнтмаларды камтыган.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча негизги чаралар
1. Ата-энелер (аларды алмаштыруучу адамдар), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдар балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде балдардын болуусуна жол бербөө боюнча талаптарды сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
1-1. Жашы жете элек балдардын дене бой, интеллектуалдык, руханий өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон жаңылык эмес мүнөздөгү программаларда жана берүүлөрдө аларды жашы жете электердин көрүүсүнө карата техникалык чектөө мүмкүнчүлүгү болууга тийиш.
Кинозалда көрсөтүлүүчү фильмди кошпогондо, маалымат продукциясынын белгиси кадрдын бурчунда көрсөтүлөт. Маалымат продукциясынын белгисинин өлчөмү экрандын, тийиштүү көрсөтмө иш-чараны өткөрүү кино же видео көрсөтүү жөнүндө афишанын же башка жарыянын, ошондой эле кирүү билетинин, чакыруу кагазынын, же болбосо мындай иш-чарага катышууга укук берүүчү башка документтин аянтынын беш пайызынан кем эмесин түзүүгө тийиш.
2. Балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген жерлерге киргизилген объекттерди (аймактарды, орун-жайларды) пайдалануучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер көрсөтүлгөн объекттерде (аймактарда, орун-жайларда) балдардын болуусунун алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү, анын ичинде:
1) тиешелүү объектке (аймакка, орун-жайларга) кире бериште алар пайдаланган, балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген жерлерге киргизилген объекттерде (аймактарда, орун-жайларда) балдардын болуусуна тыюу салынгандыгы же болуусу чектелгендиги жөнүндө эскертүү жазууларын (маалыматты) жайгаштырууга;
2) баланын 18 жаш куракка жеткендигинин фактысына шектенүүлөр болгондо андан паспортун же өздүгүн тастыктаган башка документин көрсөтүүсүн талап кылууга.
3. Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча негизги чаралар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) балдарды, ата-энелерди (аларды алмаштыруучу адамдарды), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдарды, башка жарандарды, юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде балдардын болуусуна жол берилбей тургандыгы жөнүндө кабардар кылуу;
2) балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде балдардын болуусун контролдоону жүзөгө ашыруу;
3) балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде балдарды айкындап табуу;
4) ата-энелерди (аларды алмаштыруучу адамдарды), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдарды, ички иштер органдарын балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерде баланын табылгандыгы жөнүндө кабардар кылуу;
5) балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерден табылган балдарды алардын ата-энелерине (аларды алмаштыруучу адамдарга), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдарга же болбосо калыбына келтирилүүгө муктаж жашы жетпегендер үчүн адистештирилген мекемелерге жеткирүү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде балдардын болуусуна жол берилбестиги жөнүндө балдар, ата-энелер (аларды алмаштыруучу адамдар) менен жеке алдын алуу иштерин жүргүзүү;
7) ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-1-берене. Маалымат-телекоммуникациялык тармактар аркылуу маалымат таратууга жана балдар үчүн тыюу салынган маалымат продукциясын жүгүртүүгө карата кошумча талаптар
1. Балдардын маалымат-телекоммуникациялык тармактар (анын ичинде Интернет тармагы) аркылуу таратылуучу маалыматка жетүүсү аталган байланыш операторлору тарабынан алардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтан балдарды коргоонун техникалык, программалык-аппараттык каражаттарын колдонуу шарты менен байланыш операторлору тарабынан берилет.
2. Гезиттин биринчи жана акыркы тилкеси, басылма продукциясынын, балдар үчүн тыюу салынган башка полиграфиялык продукциянын нускасынын мукабасы балдар үчүн жеткиликтүү болгон жерлерде адамдардын белгисиз бир чөйрөсүнө таратууда балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты камтыбоого тийиш.
3. Балдар үчүн тыюу салынган басылма продукциясы түрүндөгү маалымат продукциясын балдарга жеткиликтүү жерлерде оролгон таңгактарда гана таратууга жол берилет.
4. Балдар үчүн тыюу салынган маалымат продукциясын балдарга арналган билим берүү уюмдарында, балдардын медициналык, санаторийлик-курорттук, дене-тарбиялык-спорттук уюмдарда, маданият уюмдарында, балдардын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо уюмдарында же аталган уюмдардын аймактарынын чектеринен эки жүз метрден алыс эмес аралыкта таратууга жол берилбейт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде балдардын болуусуна жол берилбестиги жөнүндө маалымдоо
Укук бузуулардын алдын алуу субъекттери өз компетенциясынын чектеринде жана "Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, балдарга, ата-энелерге (аларды алмаштыруучу адамдарга), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдарга, башка жарандарга, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген жерлерде болушуна жол берилбестиги жөнүндө жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчилик тууралуу үзгүлтүксүз маалымдоону, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары жана "Интернет" маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу маалымдоону жүзөгө ашырат.
5-берене. Балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде балдардын табылгандыгы жөнүндө ата-энелерге (аларды алмаштыруучу адамдарга), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдарга кабар кылуунун тартиби жана аларды ата-энелерге (аларды алмаштыруучу адамдарга), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдарга жеткирүүнүн тартиби
1. Балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде балдарды айкындап табууну балдардын арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракет жүргүзүүчү органдар жана уюмдар, "Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жашы жетпегендердин укук бузууларынын алдын алуу боюнча иш-аракетке өз компетенциясынын чегинде катышуучу башка органдар, мекемелер жана уюмдар жүзөгө ашырат.
2. Балдардын арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракет жүргүзүүчү органдардын кызмат адамдары, ошондой эле юридикалык жактардын кызмат адамдары, жеке ишкерлер, алардын өкүлдөрү алар пайдаланган, балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген жерлерге киргизилген объекттерде (аймактарда, орун-жайларда) балдар айкындалып табылганда төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) баланы ата-энесине (аларды алмаштыруучу адамдарга), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдарга же ички иштер органдарына өткөрүп бергенге чейин анын табылган объектте (аймакта, орун-жайда) коопсуз болушунун шарттарын камсыз кылууга;
2) балага өзүнүн ысымын жана фамилиясын, жаш курагын, жашаган жеринин дарегин, ошондой эле ата-энесинин (аларды алмаштыруучу адамдардын) же балдардын катышуусу менен иш-чараны жүзөгө ашыруучу адамдардын ысымын жана фамилиясын, байланыш телефондорун, балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерде болушунун себебин айтууну сунуш кылууга;
3) ушул Мыйзамды бузуунун болгондугу жөнүндө ички иштер органдарына токтоосуз кабарлоого, мында төмөнкүдөй маалыматтар билдирүүгө:
а) бала табылган жерди жана убакытты;
б) баланын, анын ата-энесинин ((аларды алмаштыруучу адамдардын) же балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдардын өздүгү жөнүндө маалыматтарды (эгерде бар болсо) жана (же) баланы идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды (болжолдуу жаш курагы, жынысы, чачынын түсү, кийиминин сыпаттамасы, өзгөчө белгилери), алкоголдук, баңгизаттык, уулуузаттык мас болгондугу же болбогондугу тууралуу маалыматтарды;
в) жашы жетпеген адам табылганда аны менен кошо жүргөн жашы жеткен адамдар жөнүндө маалыматтарды (эгерде бар болсо);
г) билдирмени берген адамдын фамилиясын, ысмын, ата ысмын, байланыш телефонун.
3. Ички иштер органдарынын кызмат адамдары балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде баланын табылуу фактысы айкындалганда бул тууралуу ата-энесине (аларды алмаштыруучу адамдарга) же балдардын катышуусу менен иш-чараны жүргүзүүчү адамдарга токтоосуз кабарлайт, бала табылган жерди билдирет, алар менен баланы жеткирип берүү боюнча аракеттерди макулдашат, ал эми зарыл болгондо баланы аталган адамдарга токтоосуз жеткирүүнү жана өткөрүп берүүнү камсыз кылат.
4. Ата-энеси (аларды алмаштыруучу адамдар) же балдардын катышуусу менен иш-чараны жүргүзүүчү адамдар болбогондо же алардын кайда экенин аныктоо мүмкүн болбогондо же болбосо баланы көрсөтүлгөн адамдарга тезинен жеткирүүгө тоскоол болгон башка жагдайлар болгондо бала ал табылган жердеги социалдык жактан калыбына келтирүүгө муктаж балдар үчүн адистештирилген мекемеге жеткирилет.
5. Баңгизаттык, уулуузаттык же алкоголдук мас абалындагы же медициналык жардамга муктаж балдар медициналык уюмдарга жеткирилет.
6-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Балдардын дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө көмөктөшүү жана аларга залал келтирүүнүн алдын алуу боюнча чараларды камсыз кылууга карата белгиленген талаптарды ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдардын, юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин сактабоосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
7-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 28-июлунда № 68 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан улам келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |