Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 9-августу № 176
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 74-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"74-берене. Балдардын ден соолугуна, алардын дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу
1. Балдардын ден соолугуна, алардын дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу, анын ичинде алардын жүрүүсүнө тыюу салынган же чектелген жерлерде балдардын болуусуна (ата-энесинин, аларды алмаштыруучу адамдардын, ошондой эле тиешелүү объекттердин ээлеринин) уруксат берүү, -
жеке жактарга - 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү, балдар арасында таратууга тыюу салынган маалыматты таратуу, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосунду камтыбаса, -
жеке жактарга - 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарын жана (же) маалымат-телекоммуникациялык тармактарды (анын ичинде Интернет тармагын) колдонуу менен жасалган, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган аракеттер, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосунду камтыбаса, -
жеке жактарга - 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
2) 456-беренеде "74" деген цифралар "74-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 471-берене "Кодекстин" деген сөздөн кийин "74-беренесинин 3-бөлүгүндө," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1020-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-11-пункттар менен толукталсын:
"8) балдардын маалымат коопсуздугу - балдардын ден соолугуна же дене бой, психикалык, руханий, адептик өнүгүүсүнө маалымат аркылуу зыян келтирүүгө байланышкан тобокелдик болбогон балдардын корголуу абалы;
9) балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалымат -ушул Мыйзамга ылайык балдар арасында таратууга тыюу салынган же чектелген маалымат;
10) маалымат продукциясы - Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө багытталган жалпыга маалымдоо каражаттарынын продукциясы, басылма продукция, алып жүрүүчүнүн кандай болбосун түрүндөгү аудиовизуалдык продукция, компьютердик программалар жана маалымат базалары, ошондой эле көрсөтмө иш-чаралар аркылуу таратылуучу жана маалымат-телекоммуникация тармактарында (анын ичинде Интернет тармагында) жана көчмө радиотелефон байланыш тармактарында жайгаштырылуучу маалымат;
11) балдар үчүн маалымат продукциясы - тематикасы, мазмуну жана көркөм жасалгасы боюнча балдардын дене бой, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө шайкеш келүүчү маалымат продукциясы.";
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-берене менен толукталсын:
"2-1-берене. Балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтын түрлөрү
1. Балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү, алардын арасында таратууга тыюу салынган маалыматка төмөнкү маалыматтар кирет:
1) балдардын өз өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаратуучу иш-аракеттерди жасоосуна, анын ичинде өз ден соолугуна зыян келтирүүгө, өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүүчү;
2) балдардын баңги зат каражаттарын, психотроптук же маң кылуучу заттарды, курамында баңги заттар бар дары-дармектерди, тамеки буюмдарын, никотин камтылган продукцияларды, алкоголь жана спирт камтылган продукцияны, сыраны жана анын негизинде жасалуучу суусундуктарды, энергетикалык суусундуктарды колдонуу, кумар оюндарына катышуу, сойкулук, селсаяктык же тилемчилик менен алектенүүгө каалоосун козгоого жөндөмдүү;
3) зомбулукка же мыкаачылыкка жол берүүнү негиздөөчү же актоочу, же болбосо ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, адамдарга же жаныбарларга карата зордук-зомбулук аракетин жүзөгө ашырууга түрткү берүүчү;
4) үй-бүлөлүк жана салттуу коомдук баалуулуктарын жокко чыгаруучу, салттан тышкаркы сексуалдык мамилени пропагандалоочу жана ата-энесин же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн урматтабаган мамилени түзүүчү;
5) укукка каршы жүрүм-турумду актоочу;
6) уят сөздөрдү камтуучу;
7) порнографиялык мүнөздөгү маалыматты камтуучу.
2. Белгилүү бир жаш курактагы балдар арасында жайылтууга чектөө киргизилген маалыматка төмөнкү маалыматтар кирет:
1) мыкаачылыкты, дене бой же психикалык зомбулукту, кылмышты же коомго каршы башка аракетти сүрөттөө же сыпаттоо түрүндө берилүүчү, балдардын кооптонуу, коркуу же дүрбөлөң сезимин жаратуучу, анын ичинде зомбулуксуз өлүм, оору, өзүн-өзү өлтүрүү, күтүүсүз кырсык, жол кырсыктары же катастрофалар жана алардын кесепеттеринин адамдын кадыр-баркын кемсинтүү формасында сүрөттөө же сыпаттоо түрүндө берилүүчү;
2) эркек менен аялдын ортосундагы жыныстык мамилени сүрөттөө же сыпаттоо түрүндө берилүүчү;
3) уят сөздөргө кирбеген уруш сөздөрдү жана туюнтмаларды камтыган.";
3) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Жашы жете элек балдардын дене бой, интеллектуалдык, руханий өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон жаңылык эмес мүнөздөгү программаларда жана берүүлөрдө аларды жашы жете электердин көрүүсүнө карата техникалык чектөө мүмкүнчүлүгү болууга тийиш.
Кинозалда көрсөтүлүүчү фильмди кошпогондо, маалымат продукциясынын белгиси кадрдын бурчунда көрсөтүлөт. Маалымат продукциясынын белгисинин өлчөмү экрандын, тийиштүү көрсөтмө иш-чараны өткөрүү кино же видео көрсөтүү жөнүндө афишанын же башка жарыянын, ошондой эле кирүү билетинин, чакыруу кагазынын, же болбосо мындай иш-чарага катышууга укук берүүчү башка документтин аянтынын беш пайызынан кем эмесин түзүүгө тийиш.";
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:
"3-1-берене. Маалымат-телекоммуникациялык тармактар аркылуу маалымат таратууга жана балдар үчүн тыюу салынган маалымат продукциясын жүгүртүүгө карата кошумча талаптар
1. Балдардын маалымат-телекоммуникациялык тармактар (анын ичинде Интернет тармагы) аркылуу таратылуучу маалыматка жетүүсү аталган байланыш операторлору тарабынан алардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтан балдарды коргоонун техникалык, программалык-аппараттык каражаттарын колдонуу шарты менен байланыш операторлору тарабынан берилет.
2. Гезиттин биринчи жана акыркы тилкеси, басылма продукциясынын, балдар үчүн тыюу салынган башка полиграфиялык продукциянын нускасынын мукабасы балдар үчүн жеткиликтүү болгон жерлерде адамдардын белгисиз бир чөйрөсүнө таратууда балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты камтыбоого тийиш.
3. Балдар үчүн тыюу салынган басылма продукциясы түрүндөгү маалымат продукциясын балдарга жеткиликтүү жерлерде оролгон таңгактарда гана таратууга жол берилет.
4. Балдар үчүн тыюу салынган маалымат продукциясын балдарга арналган билим берүү уюмдарында, балдардын медициналык, санаторийлик-курорттук, дене-тарбиялык-спорттук уюмдарда, маданият уюмдарында, балдардын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо уюмдарында же аталган уюмдардын аймактарынын чектеринен эки жүз метрден алыс эмес аралыкта таратууга жол берилбейт.".
3-берене.
(КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 22-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |