КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 24-июлу № 187
"Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 1, 18-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берененин 4-бөлүгүндө "Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасындагы (ТЭИ ТН)" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасындагы (ЕАЭБ ТЭИ ТН)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 23-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын коду (ТЭИ ТН)" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коду (ЕАЭБ ТЭИ ТН)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 2-тиркеме ушул Мыйзамдын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
| "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2-тиркеме |
Ылайыктуулугу милдеттүү түрдө ырасталуучу продукциялардын ТИЗМЕГИ
№ | Продукциянын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду |
1 | 2 | 3 |
Дубал жана тосмо материалдар | ||
1 | Керамикалык курулуш кирпичи, керамикадан көтөрүүчү таштар же үстүнкү конструкцияларды толтуруу үчүн жана керамикадан ушуларга окшош буюмдар | 6904 10 000 0 6904 90 000 0 |
2 | Гипстен, кагаз же картон менен капталган же армирленип жасалган буюмдар. | 6809 11 000 0 |
| Гипстен же анын негизиндеги аралашмадан жасалган башка буюмдар | 6809 19 000 0 6809 90 000 0 |
3 | Армирленген же армирленбеген цементтен, бетондон жана жасалма таштан жасалган буюмдар: |
|
| - жеңилдетилген бетондон (негизи майдаланган көбүк таштан, гранулданган шлактан жана д.у.с. турат); | 6810 11 100 0 |
| - башкалар | 6810 11 900 0 |
| Башкалар: | 6810 19 000 |
| - черепица, плитка, анын ичинде тротуардык, башка; | 6810 19 000 1 |
| - башка | 6810 19 000 9 |
4 | Өсүмдүк буласынан, саман же сүрүндүлөрдөн, таарындылар же башка жыгач калдыктарынан, цемент, гипс же башка минералдык бекемдөөчү заттар менен бириктирилген панелдер, блоктор жана ушуларга окшош буюмдар | 6808 00 000 0 |
Минералдык бекемдөөчү заттар | ||
5 | Цемент клинкери | 2523 10 000 0 |
6 | Портландцемент: |
|
| - ак, жасалма боёлгон же боёлбогон; | 2523 21 000 0 |
| - башкалар | 2523 29 000 0 |
7 | Чополуу цемент | 2523 30 000 0 |
| Гидравликалык цементтер, башкалар | 2523 90 000 0 |
9 | Гипстик бекемдөөчүлөр | 2520 10 000 0 2520 20 000 0 |
10 | Акиташ бекемдөөчүлөр | 2522 10 000 0 |
11 | Асфальт бетон жол аралашмалары | 2715 00 000 0 |
12 | Мунай битуму | 2713 20 000 0 |
Бетондор жана эритмелер | ||
13 | Отко чыдамсыз курулуш аралашмалары жана бетондору | 3824 50 100 0 |
| - куюу үчүн даяр бетон; | 3824 50 900 0 |
| - башкалар |
|
14 | Отко чыдамдуу цемент, курулуш аралашмалары, бетондор жана ушуларга окшош курамдар | 3816 00 000 0 |
Курулуш иштери үчүн органикалык эмес жана органикалык толтургучтар | ||
15 | Кремнийлүү жана кварцтуу кум | 2505 10 000 0 |
16 | Бетонду толтуруу үчүн пайдаланылган шагыл, майда таш | 2517 10 100 0 |
Жылуулукту сактоочу, үндү тосуучу жана үн өткөрбөөчү материалдар | ||
17 | Пластмассадан жасалган плиталар жана такталар: |
|
| - стирол полимеринен; | 3921 11 000 0 |
| - винилхлорид полимеринен; | 3921 12 000 0 |
| - полиуретандардан; | 3921 13 900 0 |
| - регенирленген целлюлозадан | 3921 14 000 0 |
18 | Жылуулукту сактоочу, үндү тосуучу жана үн өткөрбөөчү материалдардан буюмдар (шлак кебезинен, минералдык жана силикат кебезден): |
|
| - башкалар; | 6806 10 000 8 |
| - көбүргөн чополор | 6806 20 100 0 |
19 | Айнек-була (айнек-кебез менен бирге) жана андан жасалган буюмдар | 7019 31 000 0 |
Жасалгалоочу жана каптоочу материалдар жана буюмдар | ||
20 | Курулуш үчүн иштетилген жана иштетилбеген табигый таштар жана андан жасалган буюмдар | 2515 12 000 0 2516 12 000 0 |
21 | Мрамор, травертин жана алебастр | 6802 21 000 0 6802 91 000 0 |
22 | Акиташтар, башкалар | 6802 29 000 0 6802 92 000 0 |
23 | Гранит | 6802 23 000 0 6802 93 100 0 |
| Башка материалдар жана табигый таштан каптоочу буюмдар | 6802 99 900 0 |
Асбестцемент буюмдар | ||
25 | Асбестцемент, целлюлоза булалары менен цементтен же ушуларга окшош материалдардан жасалган буюмдар: |
|
| - асбест кошулган; | 6811 40 000 0 |
| - бүктөмөлүү такталар; түтүктөр жана аларга фитингдер | 6811 40 000 1 |
| - башка такталар, панелдер, плиткалар жана ушуларга окшош буюмдар; | 6811 40 000 2 |
| - башкалар | 6811 40 000 9 |
26 | Асбест | 2524 90 000 0 |
Жол материалдары | ||
27 | Шоссе же темир жолдор үчүн балласт катары пайдаланылган шагыл, майда таш | 2517 10 100 0 |
Лак-сыр материалдар | ||
Синтетикалык полимер же химиялык модификацияланган табигый полимер негиздеги сырлар жана лактар (эмалдар жана политурлар кошо): | ||
28 | Татаал полиэфир негиздеги сырлар жана лактар | 3208 10 900 0 |
29 | Акрил жана винил полимер негиздеги сырлар жана лактар | 3208 20 900 0 |
30 | Даяр сиккативдер | 3211 00 000 0 |
31 | Сырларды өндүрүүдө пайдаланган пигменттер (күл майда, суюк же паста сымал), боёгучтар жана башка сырдоочу заттар | 3212 90 000 0 |
32 | Малярдык жумуштар үчүн шпатлевкалар. | 3214 10 900 0 |
| Фасаддардын беттерин, имараттардын ички дубалдарын, астаналарды, шыптарды даярдоо үчүн отко туруксуз аралашмалар | 3214 90 000 9 |
Айнек буюмдар | ||
33 | Такта айнектер: |
|
| - калыңдыгы 3,5 мм ашык эмес; | 7005 29 250 0 |
| - калыңдыгы 3,5 мм ашык бирок 4,5 мм ашык эмес; | 7005 29 350 0 |
| - калыңдыгы 4,5 мм ашык; | 7005 29 800 0 |
| Көп катмарлуу коопсуз айнек | 7007 29 000 0 |
Жыгач буюмдар | ||
34 | Иштеп даяр кылынган же даяр кылынбаган жыгач таарындылуу плиталар, жылмалоодон тышкары | 4410 11 100 0 4410 11 300 0 |
35 | Бир багыттагы кырындылуу жыгач таарындылуу плиталар (OSB) | 4410 12 100 0 |
36 | Жыгач таарындылуу, чайыр же башка органикалык бекемдөөчү заттар сиңирилген жана сиңирилбеген, механикалык жактан иштетилбеген, бети капталбаган плиталар (MDF): |
|
| - калыңдыгы 5 мм ашык эмес; | 4411 12 100 0 |
| - калыңдыгы 5 мм ашык бирок 9 мм ашык эмес. | 4411 13 100 0 |
| Башкалар | 4411 13 900 0 |
37 | Чапталган фанера, фанерленген панелдер жана катмарлуу жыгачтан ушуга окшош материалдар | 4412 31 100 0 4412 32 100 0 |
38 | Блок, плита же профилденген форма түрүндөгү пресстелген жыгачтар | 4413 00 000 0 |
39 | Курулуштук жыгач буюмдар | 4418 10 500 0 4418 20 500 0 |
| Жыгачтан курама курулуш конструкциялары | 9406 00 200 0 |
Полимер жана текстиль материалдары | ||
41 | Линолеум | 5904 10 000 0 |
42 | Текстиль негиздеги башка астаналык жабуулар | 5904 90 000 1 5904 90 000 1 |
43 | Поливинилхлорид сиңирилген же капталган негизден турган астананы каптагычтар | 3918 10 100 0 |
| Башкалар | 3918 10 900 0 |
Пластмассадан жасалган курулуш буюмдары жана конструкциялары | ||
44 | Поливинилхлоридден фасондук профилдер | 3916 20 000 0 |
45 | Пластмассадан жасалган түтүктөр | 3917 21 100 0 |
| Сырты иштетилген же иштетилбеген этилен полимеринен түтүктөр | 3917 21 900 9 |
46 | Сырты иштетилген же иштетилбеген пропилен полимеринен түтүктөр | 3917 22 100 0 3917 22 900 0 |
47 | Сырты иштетилген же иштетилбеген винилхлорид полимеринен түтүктөр | 3917 23 100 9 3917 23 900 9 |
48 | Фитингдер | 3917 40 000 9 |
49 | Пластмассадан жасалган курулуш конструкциялары (алар үчүн эшиктер жана босоголор, терезелер жана алардын алкагы) | 3925 20 000 0 |
Кара металлдардын прокаты, даяр | ||
50 | Швеллерлер, двутаврлар | 7216 10 000 0 |
51 | Ысык басылган жалпак прокат | 7208 25 000 0 7208 27 000 0 |
Темир-бетон конструкциялары | ||
52 | Бетон жана темир-бетон конструкциялары | 6810 91 000 0 6810 99 000 0 |
Арматура болоту | ||
53 | Бетонду арматуралоо үчүн темир же чыңалган болоттон жасалып пайдаланылган, эркин оролгон ысык чоюлган зымдар | 7213 91 100 0 7213 91 490 0 |
54 | Прокат процессинде же прокаттан кийин басылган чуңкурлары, быдырлары, тилкелери же башка деформациясы бар темир же чыңалбаган болот зымдар | 7214 20 000 0 |
55 | ТББ үчүн термомеханикалык бекемделген арматуралык болот | 7214 99 100 0 7214 99 390 0 |
56 | Ысык чоюлган кремний жана марганец кошулган болоттон жасалган зымдар | 7227 20 000 0 7228 20 910 0 |