Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 24-июлу № 193
Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө
(КР 2024-жылдын 25-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Музей фондунун укуктук жоболорунун өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында музейлерди түзүү жана иштетүү тартибин аныктайт.
2-берене. Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын маданият жөнүндө мыйзамдарынын негиздеринен, ушул Мыйзамдан, ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик каталогу - Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдары жана музей коллекциялары жана алардын менчик ээси тууралуу маалыматтарды камтыган мамлекеттик эсепке алуу документи;
2) мамлекеттик музей саясаты - мамлекеттин музей иши жаатындагы ишинин негизги багыттарынын жана принциптеринин жыйындысы;
3) консервация - музей буюмдарын жана музейлик маанидеги буюмдарды андан аркы бузулуулардан коргоону камсыз кылуу, алардын учурдагы көрүнүшүнө минималдуу кийлигишүү менен алардын аутенттүүлүгүн сактоо боюнча уюштуруучулук, илимий негизделген иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу;
4) маданий байлык - тарых жана маданият үчүн улуттук мааниге ээ болгон, ошондой эле дүйнөлүк маанидеги диний же дин аралашпаган мүнөздөгү буюм;
5) музей - ведомстволук музейлерди кошпогондо, музей буюмдарын жана музей коллекцияларын сактоо, изилдөө жана эл алдында көрсөтүү үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес маданият мекемеси;
6) ведомстволук музей - юридикалык жакты түзбөстөн мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн музей;
7) музей коллекциясы - өзүнүн пайда болуу мүнөзүнөн, түрдүк окшоштугунан же башка белгилеринен улам гана бириктирилген музей буюмунун касиетине ээ болгон маданий байлыктардын жыйындысы;
8) музей иши - Кыргыз Республикасынын маданий байлыктарын жана маданий мурас объекттерин музейлерде комплектөөнү, эсепке алууну, сактоону, кайтарууну жана пайдаланууну, анын ичинде аларды консервациялоону, реставрациялоону, музейлештирүүнү, илимий изилдөөнү, көрсөтүүнү жана жайылтууну камтыган илимий жана маданий-агартуучу иштин атайын түрү;
9) музей буюму - сапаты же болбосо өзгөчө белгилери аны коом үчүн сактоо, изилдөө жана элге көрсөтүү зарылчылыгын туудурган маданий байлык;
10) музей фонду - музейде сакталган музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын жыйындысы;
11) Кыргыз Республикасынын Музей фонду - алардын келип чыгышына жана менчигинин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу сакталган, жарандык колдонууга ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү сактоо менен гана жол берилүүчү музей буюмдарынын, музей коллекцияларынын жыйындысы;
12) музейлештирүү - маданий мурас объекттерин экскурсиялык көрүү үчүн жарактуу абалга келтирүү боюнча илимий негизделген иш-чаралардын жыйындысы;
13) музейлерди кайтаруу - музейлик орун-жайларынын жана Музей фондунун кол тийбестигин камсыз кылуучу укуктук, уюштуруучулук жана финансы-экономикалык иш-чаралардын тутуму;
14) музейлик маанидеги буюмдар - сактоо, изилдөө жана эл алдында коюу максатында өзгөчө белгилери аны Кыргыз Республикасынын Музей фондуна киргизүү жана музей буюму статусун алуу үчүн негиз болуп саналган маданий байлык;
15) эл алдына коюу - музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эл алдында коюу (экспозициялар, көргөзмөлөр ж.б.), басылмаларда, кандай гана түрдөгү болбосун алып жүрүүчүлөрдө көрсөтүү аркылуу алардын бардык түрлөрүн коомго көрсөтүүнү билдирген музей ишинин негизги формаларынын бири;
16) реставрация - музей буюмдарынын жана музейлик маанидеги буюмдардын түп нуска экенин сактоону камсыз кылуу менен алардын иш жүзүндөгү абалын бекемдөө жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, алда канча мүнөздүү белгилерин ачуу, жоголгон жана бузулган элементтерин калыбына келтирүү боюнча илимий жактан негизделген иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу;
17) сактоо - музей буюмунун жана музей коллекциясынын сакталышын камсыз кылуучу материалдык жана юридикалык шарттарды түзүүнү караган музей ишинин негизи түрлөрүнүн бири.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Музей фонду
1. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына кирген музей буюмдары жана музей коллекциялары Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Музей фонду мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бөлүктөрдөн турат.
3. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдары жана музей коллекциялары менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка формаларында болот.
4. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүн мамлекеттин менчигинде турган музей буюмдары жана музей коллекциялары түзөт.
5. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүн жеке жада юридикалык жактарга менчик укугунда таандык болгон, белгиленген тартипте Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдары жана музей коллекциялары түзөт.
5-берене. Музей буюмдарын жана музей коллекцияларын Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизүү жана андан чыгаруу тартиби
1. Музей буюмдары жана музей коллекциялары Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогуна тийиштүү жазуулар киргизилген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилди деп эсептелет.
2. Музей буюмдары жана музей коллекциялары Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогуна тийиштүү жазуулар киргизилген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамынан чыгарылды деп эсептелет.
3. Музей буюмдарын жана музей коллекцияларын Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизүү жана анын курамынан чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарын жана музей коллекцияларынын менчик ээсине менчик укугун ырастоочу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте юридикалык коргоону камсыз кылуучу күбөлүк берилет.
5. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарына жана музей коллекцияларына карата жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган жеке жана юридикалык жактардын менчик укуктарын өткөрүп берүү жана башка аракеттери Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогуна тийиштүү жазуулар киргизилгенден кийин гана жасалды деп эсептелет.
6-берене. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик каталогу
1. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогун алып баруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын менчик ээси тууралуу маалыматтар купуя маалымат болуп саналат, аны пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүн түзүү
1. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүн түзүү төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырылат:
1) музейлик маанидеги буюмдардын музей буюмун жана музей коллекцияларын сатып алуу;
2) музейлик маанидеги буюмдарды юридикалык жана жеке жактар тарабынан мамлекеттин менчигине акысыз өткөрүп берүү;
3) археологиялык, этнографиялык, илимий-табигый жана башка экспедициялардын, курулуш, оңдоо же реставрациялоо жумуштарын жүргүзүү учурунда табылган, музейлик маанидеги буюмдардын музей буюмун жана музей коллекцияларын, анын ичинде баалуу металлдарды, асыл таштарды жана кенчтерди өткөрүп берүү;
4) музейлик маанидеги буюмдардын музей буюмун жана музей коллекцияларын бажы иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык өткөрүп берүү.
2. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүн түзүү менчик ээсинин арызы боюнча музей буюмун жана музей коллекцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнө киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
8-берене. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын укуктук абалы
1. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдары жана музей коллекциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипке ылайык эсепке алууга жана сакталууга жатат.
2. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына кирген музей буюмдарын жана музей коллекцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте көргөзмөлөргө коюу, реставрациялоо же илимий экспертиза жүргүзүү үчүн алып чыгуудан башка учурларда Кыргыз Республикасынын чегинен алып чыгууга тыюу салынат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралган тартипте жүргүзүлүүчү башка музей буюмдарына жана музей коллекцияларына алмаштыруу учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары жана музей коллекциялары менчик ээлигинен ажыратылууга, анын ичинде белекке берилүүгө, карызга (ижарага) берилүүгө, акысыз пайдаланылууга же күрөөгө берилүүгө жатпайт.
4. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары жана музей коллекциялары менен жасалган бүтүмдөр, ошондой эле мураска калтыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Музей буюмдарына жана музей коллекцияларына менчик укугу өткөн адам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген сактоо жана эсепке алуу тартибин сактоо боюнча милдеттерди өзүнө алууга тийиш.
6. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары же музей коллекциялары менчик ээси тарабынан сатылган, ошондой эле менчик ээси музей буюмдарын же музей коллекцияларын сактоо жана эсебин алуу тартибин сактабаган учурда, мамлекет аларды сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар.
7. Музей буюмдары жана музей коллекциялары уурдалган, ошондой эле иш жүзүндө жарым-жартылай же толугу менен сынган жоголгон деп эсептелет. Музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын жоголгондугун таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
9-берене. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун музей буюмдарын консервациялоо жана реставрациялоо
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун музей буюмдарын же музей коллекцияларын консервациялоону жана реставрациялоону адистештирилген уюмдар, музейлердин реставрациялоо бөлүмдөрү, ошондой эле тиешелүү квалификациясы бар реставраторлор жүзөгө ашырат.
10-берене. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун музей буюмдарын, музей коллекцияларын камсыздандыруу
1. Экспонат катары көрсөтүү, реставрациялоо жана илимий экспертиза жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынын чектеринен убактылуу алып чыгарылуучу Кыргыз Республикасынын Музей фондунун музей буюмдары жана музей коллекциялары жана музейлик маанидеги буюмдар милдеттүү түрдө камсыздандырылууга жатат.
2. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын, ошондой эле музейлик маанидеги буюмдардын баа берүүчү жана камсыздандыруу наркын белгилөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
11-берене. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун абалын мамлекеттик контролдоо
1. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун абалын мамлекеттик контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун абалын мамлекеттик контролдоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын сакталышынын абалын жана аларды сактоо шарттарын текшерүү, ошондой эле тиешелүү эсепке алуу документтерин жүргүзүү;
2) музей буюмдары жана музей коллекциялары жөнүндө суроо-талаптарды жиберүү жана маалыматтарды алуу;
3) Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн музей буюмдарын жана музей коллекцияларын менчик ээлигинен ажыратуу жөнүндө же болбосо сактоо шарттарын өзгөртүү боюнча менчик ээсине сунуштамаларды берүү.
12-берене. Кыргыз Республикасынын Музей фондун мамлекеттик колдоо
1. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүн мамлекеттик колдоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүн толтурууну;
2) Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүн сактоо жана коргоо үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылууну;
3) Кыргыз Республикасынын Музей фондун реставрациялоо жана консервациялоо үчүн шарттарды түзүүнү.
2. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүн мамлекеттик колдоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) музей буюмдарына жана музей коллекцияларына карата менчик укугун каттоо жана юридикалык коргоону;
2) реставрациялоо жумуштарын уюштуруучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүү үчүн мамлекеттик реставрациялоочу мекемелерди берүүнү.
13-берене. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү тартиби
1. Кыргыз Республикасында музейлер уюштуруучунун чечими боюнча төмөнкүдөй шарттарда түзүлөт:
1) музейдин түрү аныктала турган музей фонду болгондо;
2) музейдин тиешелүү багытына жана Кыргыз Республикасынын Музей фондунун сакталышын камсыз кылуу талаптарына ылайык имараты (жайы) болгондо;
3) музейдин ишин камсыз кылуу үчүн зарыл финансылык жана материалдык каражаттары болгондо.
2. Музей фондунун экспертизасы жана музейди түзүү үчүн ушул Мыйзамда каралган болгон шарттарга баа берилгендиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
3. Музей фондунун экспертизасы жана баа берилгендиги музейди юридикалык жак катары каттоого же болбосо ведомстволук музейди түзүү тууралуу уюштуруучу чечим чыгарганга чейин жүзөгө ашырылат.
4. Музейди юридикалык жак катары каттоо Кыргыз Республикасынын юридикалык жактар жана коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Музейдин аталышы негизги аталыштан тышкары "музей" деген сөздү камтууга тийиш.
14-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык музейлерди түзүү
1. Мамлекеттик музейлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча түзүлөт.
2. Муниципалдык менчикке негизделген музейлер тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен түзүлөт.
15-берене. Мамлекеттик эмес музейлерди түзүү
Мамлекеттик эмес музейлер тарыхый-маданий байлыктардын жеке коллекциясы бар Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган тартипте юридикалык жактар тарабынан түзүлөт.
16-берене. Ведомстволук музейлер
Ведомстволук музейлер музей фондуна жүргүзүлгөн экспертизанын жана ушул Мыйзамда каралган шарттардын болушуна баа берүүнүн натыйжалары боюнча мамлекеттик органдын чечими менен түзүлөт.
17-берене. Корук музейлер
1. Корук музейлер статусун берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Корук музейлерди күзөтүү Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
18-берене. Музейлердин түрлөрү
1. Музейлер өз тармактары боюнча төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) тарыхый - коллекцияларынын жыйнактары адамзат коомунун өнүгүү тарыхын документтештирген тармактык музейлер тобу;
2) тарыхый-мекен таануу - белгилүү бир калктуу конуштун же географиялык региондун тарыхый, табигый жана маданий өнүгүүсүн документтештирүү жана презентациялоо иш объекти болуп саналган музей;
3) адабий - жыйнактары адабияттын тарыхын жана учурдагы адабий процесстерди документтештирген музейлер тобу;
4) көркөм - улуттук жана чет өлкөлүк сүрөт жана жасалга-колдонмо көркөм өнөрүнүн тарыхын жана өнүгүүсүн документтештирүүчү, көркөм өнөр чыгармаларын чогултууну, сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну жүзөгө ашыруучу тармактык музейлер тобу;
5) техникалык жана илимий - илим менен техниканын өнүгүү процессин документтештирүүчү, илим жана техника эстеликтерин табуучу, сактоочу жана изилдөөчү, илимий-техникалык билимдердин негиздерин жайылтуучу тармактык музейлер тобу;
6) тармактык - багыты конкреттүү билим тармагы же өндүрүштүк иштин тармагы менен байланышты аныктаган музейлер;
7) корук музейлер - өзгөчө тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий мааниси бар кыймылсыз тарыхый-маданий байлыктардын ансамбли жана комплекстери;
8) мемориалдык - көрүнүктүү инсандардын элесин, ошондой эле сакталган жана кайра түзүлгөн тарыхый жана маданий эстеликтердин, мемориалдык-турмуш-тиричилик жагдайдын жана мемориалдык буюмдардын негизинде тарыхый окуяларды түбөлүккө калтыруу үчүн түзүлгөн музейлер;
9) археологиялык - эреже катары, археологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында табылган тарыхый, көркөм баалуулукка ээ болгон буюмдарды чогулткан, сактаган, изилдеген жана көрсөткөн тарыхый тармактагы музейлер;
10) этнографиялык - жыйнактары элдердин жана башка этностук коомчулуктардын этногенезин, ар кандай элдердин өткөн жана азыркы маданияты менен турмуш-тиричилигинин өзгөчөлүктөрүн документтештирген тарыхый тармактык музейлер тобу;
11) санжыра музейлери - адамдардын туугандык өз ара байланыштары, уруулардын тарыхы, айрым адамдардын теги жөнүндө материалдарды чогултууну, сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну, ошондой эле туугандык байланыштарды аныктоону, муундар боюнча жазмаларды жана санжыраларды түзүүнү жүзөгө ашыруучу тарыхый тармактагы музейлер.
2. Музейлер менчиктин түрү боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) мамлекеттик менчикке негизделген музейлер;
2) муниципалдык менчикке негизделген музейлер;
3) жеке менчикке негизделген музейлер.
3. Музейлерди түзүү ыкмасы боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) уюштуруучу тарабынан өз алдынча юридикалык жак катары түзүлгөн музейлер;
2) ведомстволук - юридикалык жакты түзбөстөн мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн музейлер.
(КР 2024-жылдын 25-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Музей иши
Музей ишине төмөнкүлөр кирет:
1) музей буюмдарын жана музей коллекцияларын табуу жана чогултуу;
2) музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алууну жана сактоону уюштуруу;
3) музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын бүтүндүгүн жана сакталышын камсыз кылуу;
4) музей буюмдарын жана музей коллекцияларын изилдөө;
5) музей буюмдарын жана музей коллекцияларын экспонат кылуу;
6) музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын негизинде билим берүү жана агартуу иштерин жүзөгө ашыруу;
7) музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эл алдына коюу;
8) музей буюмдарын реставрациялоо жана консервациялоо;
9) музей коллекцияларын белгилүү кылуу.
20-берене. Музейлерди каржылоо
1. Музейлерди каржылоо түзүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Республикалык, облустук жана райондук маанидеги мамлекеттик музейлерди каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Муниципалдык музейлерди каржылоо жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик музейлерди кошумча каржылоо булактарынан алынган бюджеттик багыттар жана каражаттар бюджеттик мезгил ичинде алып коюлбайт.
5. Музейлерге жана көргөзмөлөргө кирүү акысы, илимий-изилдөө иши; юридикалык жана жеке жактардын тапшырыгы боюнча музей аткарган иш үчүн алынган акы, сувенир буюмдарын сатуудан, басма ишинен түшкөн кирешелер мамлекеттик музейлерди каржылоонун кошумча булактары болуп саналат.
6. Мамлекеттик эмес музейлерди каржылоо музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын, ошондой эле музейди иштетүү үчүн ушул Мыйзамда каралган шарттардын сакталышын камсыз кылуучу өлчөмдө уюштуруучунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
21-берене. Музейдин материалдык-техникалык базасы
1. Музейди уюштуруучулар музейди иштетүү талаптарына ылайык музейди материалдык-техникалык база, ошондой эле керектүү жабдуу жана транспорт менен камсыз кылууга милдеттүү.
2. Музейлердин имараттары, өзүнчө объекттери жана жайлары, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жер участоктору менчиктештирилбейт жана музейлерге түздөн-түз ыкчам башкаруу укугунда берилет.
3. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган музейлердин имараттары жана орун жайлары музейге бирдей баадагы башка имарат же орун жай берилген шартта гана алып коюлушу мүмкүн.
4. Музей жайларын долбоорлоодо жана пайдаланууда балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана улгайган жарандардын муктаждыктары эске алынат.
5. Мамлекеттик музейлерге ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген кыймылсыз мүлк ижарага берилген учурда, ижара акысы музейдин карамагында калат жана ошол кыймылсыз мүлктүн техникалык абалын жакшыртууга жумшалат.
6. Музейдин жайын ижарага берүү анда маданият мекемеси катары музейдин ишине, анын иш-милдеттик багыты карама-каршы келбеген, ошондой эле музей топтомунун сакталышынын абалына терс таасир этпеген иштер жүргүзүлгөн учурда гана жүзөгө ашырылат.
7. Мамлекеттик музейлер жайгашкан жер участоктору алып коюлбайт жана аларга туруктуу (мөөнөтсүз) пайдалануу укугунда берилет.
22-берене. Музей аймагы
1. Белгиленген тартипте музейге бөлүнгөн аймактагы музей имаратына (курулмасына) жанаша турган аймакта анын иш-милдеттик багытына карама-каршы келген, музейлик топтомдорду сактоонун абалына терс таасирин тийгизген ишке же маданият мекемеси катары музейдин ишине шайкеш келбеген башка ишке тыюу салынат.
2. Музей жерди, башка жаратылыш ресурстарын пайдаланууну жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык аларды коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча ченемдердин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
23-берене. Музейлердин эл аралык иши
1. Кыргыз Республикасынын музейлери мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын негизинде музей иши жаатындагы эл аралык маданий кызматташууга катышат.
2. Музейлердин эл аралык маданий кызматташууга катышуусу эл аралык илимий программаларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун негизинде бирдиктүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; музей маалыматтарын, көргөзмөлөрдү өз ара алмашуу; музей ишин уюштурууда эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүү; эл аралык конференцияларды, конгресстерди, симпозиумдарды, көргөзмөлөрдү өткөрүү жана аларга катышуу, музей кызматкерлерин биргелешип даярдоону уюштуруу, басма ишин өнүктүрүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
24-берене. Кыргыз Республикасында музейлерди өзгөртүп түзүү жана жоюу
1. Кыргыз Республикасында музейлерди өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик музей кайра түзүүдө жана жоюлганда бул музейге бекитилген музей буюмдары жана музей коллекциялары укук улантуучуга же башка мамлекеттик музейлерге өткөрүп берилет.
3. Мамлекеттик эмес музейлерди кайра түзүү жана жоюу уюштуруучунун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
4. Кайра түзүүнүн натыйжасында музейлердин максаттарын өзгөртүүгө жол берилбейт.
25-берене. Мамлекеттик музей саясатынын негизги багыттары
1. Мамлекеттик музей саясаты музей ишин өнүктүрүүдө мамлекеттик иштин негизги максаттарын, багыттарын, принциптерин, формаларын жана ыкмаларын аныктоочу Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык саясатынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
2. Мамлекет төмөнкүлөрдү мамлекеттик органдар тутуму аркылуу камсыз кылат:
1) мамлекеттик музей саясатын калыптандырууну жана ишке ашырууну;
2) ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнү жана анын аткарылышын контролдоону;
3) Кыргыз Республикасынын Музей фондун сактоону жана мамлекеттик колдоону;
4) музей буюмдарына жана музей коллекцияларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну;
5) Кыргыз Республикасында музей ишин жана музейлерди өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык, уюштуруучулук, укуктук шарттарды;
6) музей ишинин заманбап инфратүзүмүн калыптандырууга көмөктөшүүнү;
7) музей кадрларын даярдоону жана аларды укуктук жана социалдык жактан коргоону;
8) мамлекеттик музейлерди бюджеттик каржылоону жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону;
9) музей ишин өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана жергиликтүү программаларын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну;
10) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тиешелүү бөлүмдөрүн тартуу менен мамлекеттик музейлерди мамлекеттик күзөтүүнү;
11) музей ишине байланышкан фундаменталдуу жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү колдоону;
12) музей иши жаатындагы эл аралык кызматташууга көмөктөшүүнү.
26-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын музей иши жаатындагы мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу;
2) музейлерди жана музей ишин өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын ишке ашыруу жана алардын негизинде жергиликтүү маанидеги программаларды иштеп чыгуу;
3) жергиликтүү маанидеги музейлерди каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу;
4) жергиликтүү ички иштер органдарын тартуу менен жергиликтүү маанидеги музейлерди өрт-коргоо коопсуздугунун тиешелүү шарттарын түзүү;
5) коллекциялардын сакталышынын жана коопсуздугунун талаптарына жооп берген имараттарда гана өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын Музей фондунун буюмдарынын көргөзмөлөрүн кошпогондо, ачык аянттарда (көчөлөрдө, сейил бактарда ж.б.) көргөзмөлөрдү өткөрүү тартибин белгилөө.
27-берене. Музей буюмдарына жана музей коллекцияларына жеткиликтүүлүк
1. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген, Кыргыз Республикасынын музейлеринде жайгашкан музей буюмдары жана музей коллекциялары жарандардын жеткиликтүүлүгү үчүн ачык болот.
2. Музей буюмдарына жана музей коллекцияларына, анын ичинде музейдин сактоо жайындагыларга жеткиликтүүлүк тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Музей буюмдарына жана музей коллекцияларына жеткиликтүүлүктү чектөөгө төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
1) музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын сакталышынын канааттандырарлык эмес абалы;
2) реставрациялоо жана консервациялоо иштерин жүргүзүү.
28-берене. Музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эл алдына коюу
1. Музей буюмдарын жана музей коллекцияларын биринчи жолу эл алдына коюу укугу бул музей буюмдары жана музей коллекциялары бекитилип берилген музейге таандык.
2. Музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын көчүрмөлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу укугун берүүнү музейлер музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын менчик ээси белгилеген тартипте жүзөгө ашырат.
3. Музей буюмдарынын, музейлердин имараттарынын, музейлердин аймагында жайгашкан объекттердин сүрөттөрүн пайдалануу менен, ошондой эле алардын аталыштарын жана символикаларын пайдалануу менен көркөм сүрөт, басма, сувенирдик жана башка көбөйтүлгөн продукцияларды жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү музейдин уруксаты менен жүзөгө ашырылат.
29-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн күнөөлүү болгон жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
30-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыккан ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана бекитсин;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музейлеринин музей фондунан мамлекеттик органдарга жана уюмдарга убактылуу пайдаланууга берилген музей буюмдарын кайра алууну камсыз кылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 262-ст.);
2) Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж, № 10 1104-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж, № 2, 111-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |