Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2000-жылдын 5-февралы № 37
Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө
(КР 2008-жылдын 29-декабрындагы № 276, 2013-жылдын 14-февралындагы № 18 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында музейлерди түзүүнүн жобосу менен өзгөчөлүктөрүн жана Кыргыз Республикасынын Музей фондунун укуктук абалын аныктайт.
I Глава
Жалпы жоболор
1-статья. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамдын максаты үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
музей - музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды сактоо, иликтөө жана эл алдына коюу үчүн түзүлгөн маданияттын коммерциялык эмес мекемеси;
маданий байлыктар - улуттук, ошондой эле дүйнөлүк маанидеги тарых жана маданият үчүн мааниге ээ болгон, диний же динден тышкары мүнөздөгү буюмдар;
музей буюму - сапаты, болбосо өзгөчө белгилери анын сакталышын, иликтенишин жана эл алдында көрсөтүлүшүн коом үчүн зарыл кылган маданий байлык;
музейлик коллекция - өзүнүн жасалышынын мүнөзүнөн, түрдүк окшоштугунан, болбосо башка белгилери боюнча бирге бириктирилгенден кийин гана музей буюмунун касиетине ээ болгон маданий байлыктардын тутуму;
музей фонду - жарандык жүгүртүлүшүнө ушул Мыйзам тарабынан белгиленген чектөөлөрдү сактоо менен гана жол берилүүчү, Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогунда эсепке алынган музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу болгон тутуму;
сактоо - музейдин ишинин музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын сакталышын камсыз кылуучу материалдык жана юридикалык шарттарды түзүүнү кароочу негизги түрлөрүнүн бири;
эл алдына коюу - музейдин ишинин музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды эл алдында көрсөтүү (экспозициялар, көргөзмөлөр ж.б.), басма сөз басылмаларында, алып жүрүүчүлөрдүн ар кандай түрлөрүндө келбетин түшүрүү менен коомго көрсөтүүнүн бардык түрлөрүн өзүнө алуучу негизги түрлөрүнүн бири.
2-статья. Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, маданият жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизденет жана ушул Мыйзамдан, ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
3-статья. Ушул Мыйзамды колдонуунун чөйрөсү
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында иштеп жаткан жана кайрадан түзүлүүчү музейлердин баарына жайылтылат.
4-статья. Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фондунун чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга карата мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктар менен милдеттерди, ошондой эле мамлекеттик контродду Кыргыз Республикасынын атынан маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүзөгө ашырат.
Маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы музейлердин материалдык - техникалык базасын түзүүгө жооптуу.
(КР 2013-жылдын 14-февралындагы N 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II Глава
Кыргыз Республикасынын музей фонду
5-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фонду тарыхый-маданий мурастын бир бөлүгү катары
Кыргыз Республикасынын Музей фондуна киргизилген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар тарыхый - маданий мурастын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет.
6-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын менчигинин түрлөрү
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка түрлөрүндө болушу мүмкүн.
(КР 2008-жылдын 29-декабрындагы N 276 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамы
Кыргыз Республикасынын Музей фонду Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бөлүктөрүнөн турат.
8-статья. Музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизүү
Музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизүү маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан тиешелүү экспертизаны өткөргөндөн кийин жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Музей фонду жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Музей буюмдары жана музейлик коллекциялар тиешелүү факт Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогунда катталган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилди деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын ээлерине музей буюмдары же музейлик коллекциялар кайсы негизде ушул Мыйзамдын аракет чөйрөсүнө киргендиги жана анын сактоосу алдында боло тургандыгы жөнүндө тиешелүү күбөлүк берилет.
9-статья. Музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамынан чыгаруу
Музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамынан чыгаруу маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан тиешелүү экспертизаны өткөргөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Музей фонду жөнүндө жобо менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музейлеринин негизги фондунун курамына кирген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар зат катары жоголгон учурда реставрациялоо же көчүрмөсүн жасоо жолу менен калыбына келтирилет.
Музей буюмдары жана музейлик коллекциялар тиешелүү факт Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогунда катталган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамынан чыгарылды деп эсептелет.
10-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды юридикалык коргоону камсыз кылуучу эсептик документ болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген ар бир музей буюму жана ар бир музейлик коллекция жөнүндө негизги маалыматтарды камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогун жүргүзүү маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга карата жеке жана юридикалык жактардын менчик укугун өткөрүп берүү жана жарандык укуктар менен милдеттерди белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган башка аракеттер Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогунда бүтүм катталгандан кийин гана жүргүзүлөт.
11-статья. Музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларын Кыргыз Республикасынан алып кетүү
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар менчигинин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынан алып кетүүгө тийиш эмес.
Музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды убактылуу алып кетүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
III Глава
Кыргыз Республикасынын музей фондунун мамлекеттик бөлүгү
12-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамы
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик курамына кимдин ээлигинде тургандыгына карабастан, мамлекеттик менчикте болгон музей буюмдары жана музейлик коллекциялар кирет.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин, мамлекеттик музейлер, башка мамлекеттик мекемелер тарабынан уюштуруучулардын эсебинен, болбосо менчик же башка каражаттардын эсебинен сатып алынуучу музей буюмдары жана музейлик коллекциялар Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына кирет.
13-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн менчигинин түрлөрү
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар Кыргыз Республикасынын мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.
14-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды менчигинен ажыратуу
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар, жоголгон, бузулган, болбосо башка музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга алмаштырылган учурларды албаганда, менчигинен ажыратылууга, белекке берилүүгө тийиш эмес.
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган учурларда менчигинен ажыратуу жөнүндө чечим маданиятты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
Музейлик коллекциялар бөлүнгүс болуп эсептелет.
(КР 2013-жылдын 14-февралындагы N 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды башкаруу
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар оперативдүү башкаруу укугунда мамлекеттик музейлерге, башка мамлекеттик мекемелерге бекитилип берилет.
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды оперативдүү башкарууга берилген мамлекеттик музейлер, башка мамлекеттик мекемелер:
музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын зат катары сакталышы менен коопсуздугун;
музей буюмдары жана музейлик коллекциялар менен байланышкан эсептик документтерди жазууну жана сактоону;
музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды илимий, маданий, илимий, билим берүү, чыгармачылык - өндүрүштүк максаттарда пайдаланууну камсыз кылууга милдеттүү.
16-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик абалына мамлекеттик контроль
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик абалына мамлекеттик контролду маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы төмөнкү түрлөрдө жүзөгө ашырат:
музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын сакталышынын жана сактоо шарттарынын абалын текшерүү;
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эсебин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон музей буюмдары жана музейлик коллекциялар жөнүндө сурамдарды жиберүү жана маалыматтарды алуу.
Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларын кайтарып алуу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
(КР 2013-жылдын 14-февралындагы N 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик музейлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген жана мамлекеттик музейлерге жана башка мамлекеттик мекемелерге оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилген негизги фонддорду толтуруу, музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу үчүн зарыл болгон каржылык жана башка шарттарды камсыз кылууга, ошондой эле көрсөтүлгөн музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга зарыл болгон кепилдиктерди берүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарыхтын жана маданияттын башкага окшобогон эстеликтерин сактоо боюнча кошумча чараларды көрүүнүн зарылдыгына байланыштуу, ошондой эле дүйнөлүк маанидеги музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды сактап турган эң ири мамлекеттик музейлердин иши үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн өзгөчө түрлөрүн белгилеши мүмкүн.
(КР 2013-жылдын 14-февралындагы N 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IV Глава
Кыргыз Республикасынын музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгү
18-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамы
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген жана анын мамлекеттик бөлүгүнө тиешелүү болбогон музей буюмдары жана музейлик коллекциялар түзөт.
19-статья. Музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизүү
Музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизүү музей буюмунун же музейлик коллекциянын менчик ээсинин арызынын негизинде ушул Мыйзамдын 8-статьясы тарабынан каралган тартипте жүргүзүлөт.
20-статья. Музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамынан чыгаруу
Музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамынан чыгаруу ушул Мыйзамдын 9-статьясы тарабынан каралган тартипте жүргүзүлөт.
21-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды сактоо жана эсепке алуу
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар Кыргыз Республикасынын Музей фонду жөнүндө жобо тарабынан белгиленүүчү алардын буюм катары жана юридикалык жактан сакталышын камсыз кылуучу эрежелер менен шарттарга ылайык эсепке алынууга жана сакталууга тийиш.
22-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн абалына жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес музейлердин ишине мамлекеттик контроль
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн абалына жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес музейлердин ишине мамлекеттик контролду маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы төмөнкү түрлөрдө жүзөгө ашырат:
музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын сакталышынын абалын жана сактоо шарттарын текшерүү;
музей буюмунун же музейлик коллекциянын менчик ээсине сактоонун ордун өзгөртүү жөнүндө, болбосо ушул Мыйзам тарабынан каралган учурларда жеке менчикте турган же мамлекеттик эмес музейлерге оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды менчигинен ажыратуу тууралу маселени коюу;
музей буюмдары жана музейлик коллекциялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эсебин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон сурамдарды жиберүүгө жана маалыматтарды алууга.
23-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес музейлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес музейлерге төмөнкү түрлөрдө колдоо көрсөтүшү мүмкүн:
реставрациялык жумуштарды жүргүзүү үчүн мамлекеттик реставрациялык мекемелерди берүү;
зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды мамлекеттик сактоочу жайларга сактоого өткөрүп берилишин камсыз кылуу;
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын коопсуздугун камсыз кылууга кеткен чыгымдарды жарым - жартылай компенсациялоо.
(КР 2013-жылдын 14-февралындагы N 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар менен жасалуучу бүтүмдөр
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга тиешелүү белекке берүү же сатуу-сатып алуу бүтүмдөрүн жасоодо белекке алуучу же сатып алуучу белекке берүүчүдө, же сатуучуда болгон андай буюмдарга тиешелүү милдеттенмелерди өзүнө алууга милдеттүү. Мында мамлекеттин сатып алууга артыкчылык укугу болот.
Музей буюмдарын же музейлик коллекцияларды керез боюнча, болбосо мыйзам боюнча мураска алууда мураскор ал буюмдарга тиешелүү мураска берүүчүдө болгон милдеттенмелердин баарын өзүнө алууга милдеттүү. Ал милдеттенмелерден баш тарткан мураскор ошол музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды сатып жибериши, болбосо жогоруда көрсөтүлгөн шарттарда башка бүтүмдү жасашы мүмкүн, мында мамлекет сатып алуунун артыкчылык укугуна ээ болот.
Эгерде мураскор ошол музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга тиешелүү милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылбаса, мамлекет ээсиз күтүлүп турган буюмдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алууну жүзөгө ашырууга укуктуу.
Музей буюмдары жана музейлик коллекциялар менен бардык саналып өткөн бүтүмдөр алар Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогунда мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып жасалды деп эсептелет.
Мамлекеттин атынан ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү тарабынан каралган артыкчылык сатып алуу укугун ишке ашырууну маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүргүзөт.
V Глава
Кыргыз Республикасындагы музейлер
25-статья. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү
Кыргыз Республикасында музейлер мекемелер формасында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте түзүлөт.
(КР 2013-жылдын 14-февралындагы N 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-статья. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүүнүн максаты
Кыргыз Республикасында музейлер:
музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды табуу жана чогултуу;
музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды сактоо;
музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды изилдөө;
музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды эл алдына коюу жана агартуучулук жана билим берүү ишин жүзөгө ашыруу максатында түзүлөт.
Кыргыз Республикасында музейлерди башка максатта түзүүгө жол берилбейт.
27-статья. Кыргыз Республикасында мамлекеттик музейлерди уюштуруунун тартиби
Мамлекеттик музейлерди уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актысынын негизинде жүргүзүлөт.
Иши мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган учурда музей мамлекеттик болуп эсептелет.
(Үчүнчү бөлүк 2013-жылдын 14-февралындагы N 18 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2013-жылдын 14-февралындагы N 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-статья. Кыргыз Республикасында мамлекеттик эмес музейлерди уюштуруунун тартиби
Мамлекеттик эмес музейлерге музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берүү менчик ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
Мамлекеттик эмес музейлердин уставдары (жоболору) алардын уюштуруучулары тарабынан бекитилет жана белгиленген тартипте катталат.
(Үчүнчү бөлүк 2013-жылдын 14-февралындагы N 18 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2013-жылдын 14-февралындагы N 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-статья. Кыргыз Республикасында музейлерди кайра уюштуруу
Кыргыз Республикасында музейлерди кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Мамлекеттик музейлерди кайра уюштурууда ал музейге бекитилип берилген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар укугу өтүүчүлөргө же башка мамлекеттик музейлерге (музейге) өткөрүлүп берилет. Тиешелүү чечим маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кабыл алынат.
Кайра уюштуруунун натыйжасында музейлердин ишинин максатын өзгөртүүгө жол берилбейт.
30-статья. Кыргыз Республикасында музейлерди жоюу
Кыргыз Республикасында музейлерди жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Мамлекеттик музейлерди, жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик музейлерди жоюуда ошол музейлерге бекитилип берилген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар башка мамлекеттик музейлерге (музейге) бекитилип берилет. Тиешелүү чечим маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кабыл алынат.
Мамлекеттик музейлер менчиктештирилбөөгө тийиш.
31-статья. Кыргыз Республикасындагы музейлердин ишинин түрлөрү
Кыргыз Республикасындагы музейлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган жана ушул Мыйзамда каралган музейлердин ишинин максатына ылайык келбеген ар кандай ишти жүзөгө ашырышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасындагы музейлер, эгерде ушул Мыйзам тарабынан каралган максаттарга жетүүгө кызмат кылса, ишкердик ишти жүзөгө ашырышы мүмкүн.
Музейлердин ишинин багыттарынын түрлөрү жана механизми Кыргыз Республикасындагы музейлер жөнүндө жободо жана музейлердин уставдарында бекитилет.
VI Глава
Кыргыз Республикасынын музей фондунун ачыктыгын камсыз кылуу
32-статья. Музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын ачыктыгы
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилип, Кыргыз Республикасындагы музейлерде турган музей буюмдары жана музейлик коллекциялар жарандардын кириши үчүн ачык болот. Музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын ачыктыгынын чектелишине:
музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын сакталышынын абалынын канааттандырарлык эместиги;
реставрациялык жумуштардын жүргүзүшү;
музей буюмунун музейдин сактоочу жайында турушу негиз болушу мүмкүн.
Музейдин сактоочу жайында турган музей буюмдарынын жана музейлик коллекцияларынын ачыктыгынын тартиби жана шарттары музей тарабынан музей жөнүндө жобонун негизинде белгиленет.
33-статья. Музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды эл алдына чыгаруу
Музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды биринчи жолу эл алдына чыгаруу укугу ошол музей буюмдары жана музейлик коллекциялар бекитилип берилген музейге тиешелүү болот.
Музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды коммерциялык максаттарда пайдалануу укугун өткөрүп берүү музейлер тарабынан музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын менчик ээлери белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
Музей буюмдарынын, музейлердин имараттарынын, музейлердин аймагында жайгашкан объекттердин сүрөттөрүн пайдалануу менен, ошондой эле алардын аталыштарын жана символдорун пайдалануу менен көркөм сүрөт, басылма, сувенирдик жана башка тираждалуучу продукцияны чыгаруу музейдин директорунун уруксаты менен жүзөгө ашырылат.
VII Глава
Корутунду жоболор
34-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик белгиленет.
(КР 2013-жылдын 14-февралындагы N 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
35-статья. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзамдын жоболорунун аткарылбашы, атап айтканда:
музей буюмун Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизүүдөн Мыйзамсыз баш тартуу;
музей буюмун Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамынан мыйзамсыз чыгаруу;
Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн
курамына киргизилген музей буюмдары жөнүндө купуя маалыматтарды ачыкка чыгаруу;
музей буюмдары менен жасалган бүтүмдөрдү каттоодон укукка жатпаган баш тартуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке алып келет.
36-статья. Ушул Мыйзамдын күчкө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |