Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150

Мыйзамына ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 28-июлу № 199

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-статьянын 2-бөлүгүндө "үч жылдын" деген сөздөр "эки жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 3 айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев