Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 28-июлу № 202
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
23-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук коопсуздук органдарынын социалдык маселелерин чечүү, материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү, кызматкерлерге материалдык колдоо көрсөтүү (анын ичинде улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашырган адамдарга), алардын тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында мамлекетке келтирилген зыянды соттордун чечимдеринин же тергөөчүлөрдүн токтомдорунун негизинде залалдын ордун толтуруудан түшкөн, анын ичинде кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча мамлекеттин менчигине айландырылган контрабандалык буюмдарды (укук бузууларды/кылмыштарды жасоонун куралдарын жана объекттерин) сатуудан түшкөн суммалардан 25 пайызы өлчөмүндө республикалык бюджеттен улуттук коопсуздук органдарынын бюджеттик эсебине милдеттүү түрдө түшүүчү каражаттар дагы пайдаланылат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |