Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-июлу № 57
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 165, 2025-жылдын 6-августундагы № 189, 2025-жылдын 9-августундагы № 195, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 240, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Улуттук коопсуздук органдары
3-глава. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин негизги багыттары
4-глава. Улуттук коопсуздук органдарынын ыйгарым укуктары
5-глава. Улуттук коопсуздук органдарынын күчтөрү жана каражаттары
6-глава. Кызматкерлердин кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуусунун тартиби жана шарттары
7-глава. Улуттук коопсуздук органдарынын ишин контролдоо жана көзөмөлгө алуу
8-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Улуттук коопсуздук органдары жана алардын негизги милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары (мындан ары - улуттук коопсуздук органдары) - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук тутумунун аскердик түзүлүштөрү жана курамдык бөлүгү болуп саналган жана аларга берилген атайын ыйгарым укуктардын чегинде ички жана тышкы коркунучтардан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары.
2. Улуттук коопсуздук органдарынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо;
2) чалгындоо жана контрчалгындоо ишин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
3) террористтик, экстремисттик жана сепаратисттик ишти, уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын прекурсорлорунун жана аналогдорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында улуттук коопсуздук органдарынын карамагына киргизилген башка кылмыштарды алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү;
4) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу;
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана башка уюмдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан мекемелерин атайын (шифрленген, жашыруун, өкмөттүк) байланыш түрлөрү менен камсыз кылуу;
8) атайын байланыш түрлөрүн уюштурууда криптографиялык жана инженердик-техникалык коопсуздук талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу, бул ишти мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган милдеттерди чечүү үчүн улуттук коопсуздук органдарын тартууга тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин укуктук негизи
Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана ушул Мыйзамга каршы келбеген жана аны менен жөнгө салынбаган бөлүгүндөгү башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
3-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин принциптери
Улуттук коопсуздук органдарынын иши мыйзамдуулук; адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо жана сактоо; гуманизм; улуттук коопсуздук органдарынын тутумунун бирдиктүүлүгү жана аларды башкарууну борборлоштуруу; жашырындык; иштин ачык жана жашыруун усулдарын айкалыштыруу принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
4-берене. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун кепилдиктери
1. Мамлекет улуттук коопсуздук органдары өз ишин жүзөгө ашырууда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоону кепилдейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт.
2. Улуттук коопсуздук органдары же болбосо алардын кызмат адамдары өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин бузду деп эсептеген адам, алардын иш-аракеттерине улуттук коопсуздуктун жогору турган органдарына, прокуратурага жана сотко даттанууга укуктуу.
3. Улуттук коопсуздук органдарынын иш процессинде алынган, жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын козгогон же анын мыйзамдуу кызыкчылыгына зыян келтирүүгө жөндөмдүү болгон жеке турмушу жөнүндө маалыматтар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, анын макулдугусуз ачык жарыяланышы мүмкүн эмес.
4. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин бузган учурда улуттук коопсуздуктун тийиштүү органы бул укуктарды жана эркиндиктерди калыбына келтирүү, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
5-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын ишиндеги ачык-айкындуулук
1. Улуттук коопсуздук органдары алардын карамагына кирген маселелер боюнча өз иши жөнүндө мамлекеттик бийлик органдарына, коомчулукту жана жарандарды белгиленген тартипте маалымдайт.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон сырды түзгөн маалыматтар ачык жарыяланууга жатпайт.
6-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын партиядан тышкарылыгы
1. Улуттук коопсуздук органдарында саясий максаттарды көздөгөн саясий партияларды, коомдук жана башка уюмдарды жана бирикмелерди, ошондой эле алардын түзүмдөрүн түзүүгө жана иштешине жол берилбейт.
2. Улуттук коопсуздук органдары өз ишинде саясий партиялардын чечимдерине байланышы жок жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле аларга ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси чыгарган актыларды жетекчиликке алат.
7-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын башка мамлекеттик органдар, башка уюмдар жана жарандар менен өз ара аракеттенүүсү
1. Улуттук коопсуздук органдары мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аскердик түзүлүштөр, ошондой эле менчигинин формасына карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенет.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчигинин формасына карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар улуттук коопсуздук органдарынын алдына коюлган милдеттерди чечүүдө аларга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Улуттук коопсуздук органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө белгилүү болуп калган, мыйзам менен корголгон маалыматтарды ачык жарыялаганы үчүн мамлекеттик органдардын жана көрсөтүлгөн уюмдардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандары өз жарандык милдетин аткаруу менен улуттук коопсуздукту камсыз кылууга ыктыярдуу негизде көмөк көрсөтөт.
4. Жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн улуттук коопсуздук органдары чет мамлекеттердин атайын кызматтары, коопсуздук органдары, укук коргоо органдары жана башка уюмдар менен, ошондой эле эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде өз ара аракеттенет.
2-глава. Улуттук коопсуздук органдары
8-берене. Улуттук коопсуздук органдар тутуму
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бирдиктүү тутумун улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ага баш ийген аймактык органдар, аскердик контрчалгындоо органдары түзөт.
2. Улуттук коопсуздук органдары өз карамагында аскердик бөлүктөргө, атайын багыттагы бөлүмдөргө, билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарына, илим-изилдөө мекемелерине, социалдык-маданий багыттагы объекттерге, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ишин камсыз кылууга арналган башка уюмдарга жана бөлүмдөргө ээ болот.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - аткаруу бийлигинин Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу, өз компетенциясынын чегинде ушул максаттарда тармактар аралык жөнгө салууну, башкарууну жана координациялоону жөнгө салуучу борбордук мамлекеттик органы.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган улуттук коопсуздук органдарынын ишинин негизги багыттары боюнча иш жүргүзөт, өзүнө баш ийген улуттук коопсуздук органдарынын ишин жетектөөнү, координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат, мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын органдары (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча) юридикалык жактар болуп саналат, анык жана шарттуу аталышка, тиешелүү мөөрлөргө, штамптарга, банк мекемелеринде эсептерге, анын ичинде валюталык эсептерге, негизги фонддорго ээ.
10-берене. Улуттук коопсуздуктун аймактык органдары
1. Улуттук коопсуздуктун областтар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча аймактык органдары тиешелүү аймакта улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзөт, улуттук коопсуздуктун өздөрүнө баш ийген шаардык жана райондук органдарынын ишин уюштурат.
2. Улуттук коопсуздуктун аймактык органдары ыкчам-кызматтык ишинде тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аткаруу жана өкүлчүлүктүү органдарына жана алардын кызмат адамдарына көз каранды эмес.
11-берене. Аскердик контрчалгындоо органдары
1. Аскердик контрчалгындоо органдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрдө, мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, алардын башкаруу органдарында жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан аскердик объекттерде улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырат.
2. Аскердик контрчалгындоо органдары ыкчам-кызматтык ишинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн командачылыгына, мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана алардын башкаруу органдарынын жетекчилигине көз каранды эмес.
12-берене. Ведомстволук бөлүмдөр
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин уюштуруу
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын кызмат ордуна улуттук коопсуздук органдарында 10 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдар дайындалат.
3-глава. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин негизги багыттары
14-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин багыттары
1. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) чалгындоо иши;
2) контрчалгындоо иши;
3) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) терроризмге каршы аракеттенүү;
5) кылмыштуулук менен күрөшүү;
6) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7) маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга катышуу.
2. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин башка багыттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Чалгындоо иши
Улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары саясий, экономикалык, аскердик, маалыматтык, илимий-техникалык жана экологиялык чөйрөлөрдө, байланыштын атайын түрлөрүн уюштуруу жана эксплуатациялоо, атайын техникалык жана башка каражаттарды колдонуу чөйрөсүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка иш сапарга жөнөтүлгөн, өз ишинин түрү боюнча мамлекеттик сырларга жетүү мүмкүндүгү бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө чалгындоо ишин жүзөгө ашырат.
16-берене. Контрчалгындоо иши
Контрчалгындоо иши - улуттук коопсуздук органдарынын өз ыйгарым укуктарынын чегиндеги чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка уюмдардын, ошондой эле айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган чалгындоо-бүлүндүрүү жана башка ишин табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иши.
17-берене. Терроризмге каршы аракеттенүү
1. Улуттук коопсуздук органдары өз компетенциясынын чегинде терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу башка субъекттердин ишин координациялайт, ошондой эле террористтик жана экстремисттик ишти алдын алуу, табуу, бөгөт коюу жана анын кесепеттерин азайтуу боюнча алардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
2. Улуттук коопсуздук органдары террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды алдын алуу, табуу, бөгөт коюу, бетин ачуу жана тергөө жолу менен, ошондой эле эл аралык террористтик жана экстремисттик иштин алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу аркылуу терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүнү түздөн-түз жүзөгө ашырат.
18-берене. Кылмыштуулук менен күрөшүү
1. Улуттук коопсуздук органдары өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан коррупцияны, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун жана аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүнүн, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү мыйзам менен карамагына киргизилген башка кылмыштарды табууну, алдын алууну, бөгөт коюуну жана бетин ачууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүнү максат кылган мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн, кылмыштуу топтордун, айрым адамдардын жана коомдук бирикмелердин ишин табуу, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүзөгө ашырат.
2. Улуттук коопсуздук органдарынын кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
19-берене. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга катышуу
Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга катышуу - улуттук коопсуздук органдарынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылуучу иши:
1) киберкоркунучка каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда, анын ичинде инженердик-техникалык жана криптографиялык каражаттарды колдонуу менен;
2) киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө;
3) маалыматтык инфратүзүм объекттеринин коопсуздугун криптографиялык жана инженердик-техникалык методдор менен камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан анын мекемелеринде мамлекеттик сырды түзгөн берилүүчү маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуучу шифрленген, жашыруун, өкмөттүк байланыш тутумдарын уюштурууда жана эксплуатациялоодо.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава. Улуттук коопсуздук органдарынын ыйгарым укуктары
20-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын милдеттери
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында улуттук коопсуздук органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунучтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына маалымдоого;
2) чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, чет өлкөлүк, эл аралык жана башка уюмдардын, ошондой эле айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган чалгындоо, бүлүндүрүү жана башка иштерин табууга, алдын алууга жана бөгөт коюуга;
3) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында чалгындоо маалыматтарын издеп табууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык териштирүү улуттук коопсуздук органдарынын укугуна киргизилген кылмыштарды табууга, алдын алууга, бөгөт коюуга жана ачыкка чыгарууга; алар боюнча ыкчам издөө иш-чараларын, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн кылмышты жасаган же аларды жасоого шектелген адамдарды издөөнү жүзөгө ашырууга; бул адамдарды каттоого алууга;
5) террористтик же экстремисттик мүнөздөгү даярдалуучу, жасалып жаткан же жасалган кылмыштын алдын алууга, табууга, бөгөт коюуга, ачыкка чыгарууга жана териштирүүгө, ошондой эле терроризм жана экстремизм коркунучун жараткан окуялар, жосундар жана адамдар жөнүндө маалыматты табууга;
6) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан коррупцияга, трансулуттук кылмыштуулукка, куралды жана баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;
7) башка мамлекеттик органдар менен биргелешкен аракетте Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, аймактык бүтүндүгүн өзгөртүүгө жана коопсуздугун бүлүндүрүүгө багытталган кандай болбосун иштин түрүн Кыргыз Республикасынын аймагында алдын алуу жана бөгөт коюу чараларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузууну табууга, алдын алууга жана бөгөт коюуга;
9) мамлекеттик сырларды коргоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, аскердик түзүлүштөрүндө, менчигинин формасына карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда мамлекеттик сырлардын сакталышын камсыз кылуу үчүн контролду жүзөгө ашырууга; жарандардын мамлекеттик сырларга жеткиликтүүлүгү менен байланышкан чараларды белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;
10) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аскердик түзүлүштөрүнүн, мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын маалыматтык-коммуникациялык байланыш тарамынын жана автоматташтырылган маалымат ресурстарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялоого, аларга контролду жүзөгө ашырууга;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аскердик түзүлүштөрүн, менчигинин формасына карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүү ишин координациялоого;
12) тышкы миграцияны эсепке алуу жана контролдоо боюнча бирдиктүү ведомстволор аралык маалымат тутумунун иштөөсүн координациялоого;
13) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрдө, алардын башкаруу органдарында, ошондой эле башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коопсуздукту камсыз кылууга;
14) коргоо комплекси, энергетика, транспорт жана байланыш объекттеринин, финансы-кредиттик тутумунун жана башка стратегиялык объекттердин коопсуздугун, ошондой эле артыкчылыктуу илимий иштеп чыгуулар чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылууга; темир жол жана аба транспортундагы атайын ташуулардын коопсуздугун камсыз кылууга катышууга;
15) согуш мезгилинде иштөөгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын башкаруу пункттарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга, өздүк мобилизациялык даярдыкты уюштурууга жана камсыз кылууга;
16) өзгөчө абал режимин жана согуш абалы режимин камсыз кылууга катышууга;
17) массалык баш аламандыктарды жана улуттар аралык жаңжалдарды, стратегиялык жана аскер объекттериндеги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, бөгөт коюу жана чектөө иш-чараларына катышууга;
18) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
19) башка мамлекеттик органдар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук жана башка мамлекеттик мекемелеринин жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга;
20) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө;
21) Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алууга жана андан чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгууга, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана андан чыгууга, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү режимине байланышкан маселелерди чечүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катышууга;
22) улуттук коопсуздук органдарынын өндүрүшүндө турган кылмыш-жаза иштери боюнча күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;
23) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
24) Кыргыз Республикасында жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан анын мекемелеринде атайын (шифрленген, жашыруун, өкмөттүк) байланыш түрлөрүн уюштурууга жана берүүгө, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыз кылууга; шифрлөө кызматынын, жашыруун өкмөттүк байланыштын борбордук органынын функцияларын аткарууга; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында маалыматты коргоо каражаттарын, анын ичинде маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын (шифрлөө каражаттарын) жана улуттук криптографиялык алгоритмдерди иштеп чыгууга, түзүүгө, өркүндөтүүгө катышууга;
25) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүдө жана ташып чыгарууда, транзит менен өтүүдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп чыгууну, сертификаттоону, өндүрүүнү, сатууну, сатып алууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте төмөнкүлөрдү контролдоону жүзөгө ашырууга:
- мамлекеттик сырларды коргоого арналган маалыматты коргоо каражаттарын, анын ичинде маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын (шифрлөө каражаттарын) жана алардын ченемдик-техникалык документтерин;
- маалыматты ачык эмес алууга арналган атайын техникалык каражаттарын;
26) улуттук коопсуздук органдарынын күчтөрү менен каражаттарын коргоону кошуп алганда өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга, чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, чет өлкөлүк, эл аралык жана башка уюмдардын, кылмыштуу топтордун жана айрым адамдардын укукка каршы жосундарын табууга, алдын алууга жана бөгөт коюуга; улуттук коопсуздук органдары кайтарган маалыматка мыйзамсыз алуунун алдын алууга, улуттук коопсуздук органдарындагы коррупцияга жана башка укук бузууларга каршы аракеттенүүгө, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин арасында кызматтык-аскердик тартипти камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө;
27) иштин жыйынтыгын чагылдыруучу материалдарды жүзөгө ашырууда өз ишин жүргүзүүдө жеткиликтүүлүктү чектөө максатында жашырындыкты камсыз кылууга, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктаган тартипте маалымат булактарын ачыктоого жол бербөөгө;
28) кадрдык камсыз кылууга, анын ичинде кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууну жүзөгө ашырууга;
29) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылууга багытталган тапшырмаларды аткарууга;
30) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын укуктары
1. Улуттук коопсуздук органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан коомдук коркунучтуу жосундарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен улуттук коопсуздук органдарынын териштирүү карамагына киргизилген кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, бетин ачуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна байланышкан коркунуч жөнүндө маалымат алуу жана чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо-бүлүндүрүү ишине каршы күрөшүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүгө;
2) мыйзам менен улуттук коопсуздук органдарынын териштирүү карамагына киргизилген кылмыштарды табуу, алдын алуу жана бетин ачуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл тергөө иш-аракеттерин (атайын тергөө иш-аракетин) жүргүзүүгө;
3) кызматташууга макулдугун берген адамдар менен купуя негизде мамиле түзүүгө; көрсөтүлгөн адамдардын макулдугу менен алардын жардамын улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн пайдаланууга;
4) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган чалгындоо жана башка ишти жүргүзгөн чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын атайын кызматтарына, ошондой эле кылмыштуу топторго жана уюмдарга кирүүнү жүзөгө ашырууга;
5) чалгындоо, контрчалгындоо ишин, ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү боюнча ишти жүзөгө ашырууда атайын методдорду жана каражаттарды пайдаланууга;
6) улуттук коопсуздук органдарынын атайын багыттагы бөлүмдөрүн түзүүгө жана пайдаланууга, кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана курал-жарактын башка түрлөрүн колдонууга, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчыларына табелдик куралды жана атайын каражаттарды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берүүгө;
7) террористтик жана башка кылмыштуу ишке бөгөт коюу боюнча атайын операцияны (ыкчам-күжүрмөн ишти) жүзөгө ашырууга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен улуттук коопсуздук органдарынын териштирүү карамагына киргизилген кылмыштарга бөгөт коюуда, ошондой эле аларды жасоого шектелген адамдарды издөөдө Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү колдонууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен улуттук коопсуздук органдарынын карамагына киргизилген кылмыштар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө;
10) улуттук коопсуздук органдарынын компетенциясына кирген кылмыштарды жана укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашырууга; мыйзамдарга ылайык алдын алуу таасир этүү чараларын, анын ичинде жарандарга расмий эскертме жарыялоо түрүндө колдонууга;
11) белгиленген компетенциянын чегинде мамлекеттик сырлардын сакталышын камсыз кылууну, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, менчигинин формасына карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, аскердик түзүлүштөрдө улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун башка маселелеринин чечилишин контролдоону жүзөгө ашырууга;
12) мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтардын мыйзамсыз таралышын болтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уюштуруу, техникалык, программалык, маалыматтык жана башка чараларды көрүүгө;
13) улуттук коопсуздук органдарында шифрлөө ишин жүргүзүүгө, маалыматтык инфратүзүм объекттеринин, шифрленген, өкмөттүк, жашыруун байланыш тутумунун, маалыматты шифрлерди пайдалануу менен берүүнү камсыз кылган атайын байланыштын башка түрлөрүнүн криптографиялык жана инженердик-техникалык коопсуздугун камсыз кылуучу талаптарды уюштурууну, иштетүүнү жана аткарууну; атайын байланыш түрүнүн жана шифрлөө ишинин коопсуздугун, корголуусун камсыз кылууну; Кыргыз Республикасынын аймагындагы мамлекеттик органдарда, менчигинин формасына карабастан уюмдарда жана өз ыйгарым укугунун чегинде анын чегинен тышкары жайгашкан мекемелеринде шифрленген маалыматты урунууда жашыруун режимин сактоону, ошондой эле өзгөчө маанилүү объекттерди (жайларды) жана андагы техникалык каражаттарды техникалык каналдар боюнча маалыматтын чыгып кетүүсүнөн корголушун камсыз кылууну мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырууга;
14) маалыматты жашыруун алуу каражаттарын табуу боюнча, ошондой эле автоматташтырылган тутумдардын, техникалык жана программалык каражаттардын аялуу жерин текшерүү боюнча ишти контролдоону жүзөгө ашырууга. Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч жараткан, ошондой эле укукка каршы максатта пайдалануучу, берүүчү радиоэлектрондук каражаттарды радио нурун табууда байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтүүгө;
15) техникалык чалгындоого каршы аракеттенүү, атайын изилдөөлөрдү жүргүзүү, жайларды атайын текшерүү жана техникалык каражаттардын корголушун атайын текшерүү боюнча иштерди жүзөгө ашырууга жана координациялоого;
16) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан мекемелерде пайдаланууга арналган, жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматты иштетүүнүн, сактоонун жана берүүнүн техникалык каражаттарын иштеп чыгуу, өндүрүү, сатуу, эксплуатациялоону жана коргоону камсыз кылуу тартибин аныктоого катышууга;
17) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, аскердик түзүлүштөргө, менчигинин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга, ошондой эле коомдук бирикмелерге Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч жаратууга, улуттук коопсуздук органдарынын карамагына киргизилген кылмыштарды жана укук бузууларды жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды жоюу тууралуу сунуштаманы киргизүүгө;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз иш-аракеттери менен коомдун жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жараткан же зыян келтирген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кирүүсүнө тыюу салуу жана Кыргыз Республикасынан чыгарып салуу маселесин чечүүгө;
19) мамлекеттик сырларды пайдалануу менен ишти жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка уюмдарга мамлекеттик сырлар жөнүндө кабардар болгон жарандардын Кыргыз Республикасынан чыгуу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте убактылуу чектөө тууралуу сунуш киргизүүгө;
20) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана административдик ведомстволордон, башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана башка юридикалык жактардан, аскердик түзүлүштөрдөн жана коомдук бирикмелерден, ошондой эле жеке жана башка эмгек ишин жана ишкердиктин башка түрлөрүн жүргүзүүчү адамдардан белгиленген тартипте суратып алууга;
21) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22) мамлекеттик, муниципалдык, кооперативдик, коомдук мүлктүн жана мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү 30 пайыздан жогору болгон мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын мүлкүнүн болушун ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын эсептик жана отчеттук маалыматтары менен салыштырып текшерүүгө; текшерүүлөрдү, инвентаризацияларды жана ревизияларды жүргүзүүнү дайындоого; өткөрүлүүчү иш-чараларга катышуу үчүн адистерди белгиленген тартипте чакырууга;
23) финансы-кредиттик мекемелерден юридикалык жана жеке жактардын операциялары, эсептери жана салымдары боюнча мыйзамда белгиленген тартипте маалымдамаларды алууга; кассаларга, акча, товардык-материалдык баалуулуктар жана документтер сакталган башка жерлерге мөөрлөп жабууга, алардын сакталышын камсыз кылуучу башка чараларды көрүүгө; чийки заттардын, жарым фабрикаттардын жана продукциянын үлгүсүн алууга;
24) кылмыш жасоого шектүү, же болбосо кылмыш жасаганда жарандардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтерин мыйзамга ылайык текшерүүгө; териштирүү мыйзамдар менен улуттук коопсуздук органдарынын карамагына киргизилген кылмыштарды жасаган же жасоого аракет кылган адамдарды кармоого, кармалган адамдарды жеке кароону, кармоо убагында, анын ичинде кылмыш жасаган же камактан качкан адамдарды кармоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө алар пайдаланган транспорт каражаттарын, алар келиши мүмкүн болгон жерлердеги тилкелерди кароону жүргүзүүгө, ошондой эле алардын жанындагы буюмдар менен документтерди кароого жана алып коюуга;
25) териштирүү мыйзамдар менен улуттук коопсуздук органдарынын карамагына киргизилген кылмыш жасалган же жасалды деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгондо, аларды жасоого шектүү адамдарды куугунтуктоодо, кечиктирүү жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган учурларда, дипломатиялык, консулдук мекемелердин, ошондой эле мыйзамдарда каралган же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган артыкчылыктарды, иммунитетти Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланган эл аралык уюмдардын жайларын кошпогондо, жарандарга таандык турак жайларга жана башка жайларга, жер тилкелерине, аймактарына, мамлекеттик органдардын, менчигинин формасына карабастан башка уюмдардын жайларына сутканын кайсы учурунда болбосун тоскоолдуксуз кирүүгө, зарыл учурда бекитилген түзүлмөлөрдү жана башка буюмдарды бузууга жана көзөмөлдөөчү прокурорго билдирүү менен аларды кароого. Көрсөтүлгөн иш-аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тартибинде каралууга тийиш;
26) кийинкиге калтырууга болбогон учурларда менчигинин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, аскердик түзүлүштөргө, коомдук бирикмелерге жана жарандарга таандык транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук жана башка мекемелеринин, эл аралык уюмдардын транспорт каражаттарынан тышкары) кылмыштардын алдын алуу, кылмыш жасаган же кылмыш жасоого шектүү адамдарды куугунтуктоо, кармоо, ташуу үчүн, ошондой эле окуя же кырсык болгон жерге баруу жана медициналык тез жардамга муктаж болгон жарандарды дарылоо жайларына жеткирүү үчүн пайдаланууга. Транспорт каражаттарынын ээлеринин талабы боюнча улуттук коопсуздук органдары аларга чыгымдардын же келтирилген зыяндын ордун мыйзамдарда белгиленген тартипте толтуруп берет;
27) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле эл аралык уюмдарга таандык болгон байланыш каражаттарын кошпогондо, мамлекеттик органдарга, менчигинин формасына карабастан ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге, аскердик түзүлүштөргө, коомдук бирикмелерге таандык болгон байланыш каражаттарын кызматтык максатта тоскоолдуксуз пайдаланууга;
28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жарандарды жана транспорт каражаттарын, анын ичинде дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелерди транспорт каражаттарын айрым жер тилкелерине же объекттерге киргизбөө, же болбосо айрым жер тилкелеринен жана объекттерден жарандарды чыгаруу, транспорт каражаттарын сүйрөп чыгаруу боюнча чараларды көрүүгө;
29) илим-изилдөө уюмдары менен биргеликте улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарын козгогон, коомдук процесстерге жана көйгөйлөргө изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана өнүгүүсүн божомолдоого; өзүнүн ишин камсыз кылуу максатында маалыматтык-талдоо ишин жүргүзүүгө; автоматташтырылган маалыматтык-талдоо тутумдарын иштеп чыгууну, өндүрүүгө жана экспулатациялоону жүзөгө ашырууга; редакциялык-басма иши менен аракеттенүүгө;
30) өндүрүшү жана төлөмү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу изилдөөлөрдүн соттук-эксперттик, криминалистикалык жана башка түрлөрүн, анын ичинде келишимдик негизде жүргүзүүгө;
31) бул максаттарда башка мамлекеттик органдарга жана уюмдарга таандык экени жөнүндө документтерди пайдалануу менен кызматкерлерди жана алардын ишин шифрлөө боюнча чараларды жүзөгө ашырууга, кызматкердин ким экендигин, улуттук коопсуздук органдарынын бөлүмдөрүнүн ишин жана таандыктыгын, алардын жайларын, транспорт каражаттарын жашыруу, башка мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын документтерин пайдалануу менен ыкчам издөө жана башка иш-чараларды өткөрүү максатында даярдоого жана пайдаланууга, ошондой эле ушул максатта башка шифрлөө чараларын жүзөгө ашырууга;
32) башка мамлекеттик органдар, чет мамлекеттердин атайын кызматтары үчүн келишимдик (акы төлөнүүчү) негизде кадрларды даярдоого;
33) бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалган адамдарды, кылмыш жасоого шектенүү боюнча улуттук коопсуздук органдары тарабынан кармалган адамдарды мыйзамдарда белгиленген тартипте кармоо үчүн убактылуу кармоо жайларына жана тергөө жайларына ээ болууга;
34) өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде буйруктарды жана башка актыларды чыгарууга, алардын аткарылышын уюштурууга, текшерүүгө жана камсыз кылууга;
35) республиканын аймагында белгиленген эрежелерди бузуу менен иштеген радиоэлектрондук каражаттарды пайдаланууга, ошондой эле белгиленген талаптарды бузуу менен аткарылган, мамлекеттик сырларды камтыган маалыматтар менен иштөөгө тыюу салууга;
36) улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жана башка адамдарды Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылууга сиңирген эмгеги үчүн моралдык жана материалдык жактан сыйлоого; аларды мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүгө;
37) илимий изилдөө, долбоордук, эксперттик, курулуш жана өндүрүштүк иштерди өз алдынча жана мамлекеттик органдар, башка уюмдар жана жеке жактар менен келишимдер боюнча жүргүзүүгө, бул максаттар үчүн адистерди тартууга;
38) улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана алардын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл ишканаларды, уюмдарды, ошондой эле бөлүмдөрдү белгиленген тартипте түзүүгө, анын ичинде чет өлкөлөрдө түзүүгө, жаап-жашыруучу документтерди даярдоого жана пайдаланууга;
39) атайын техниканы, байланыш каражаттарын, маалыматтарды криптографиялык коргоо каражаттарын, курал-жаракты, транспорт каражаттарын, аскер техникасын, комплекттөөчү түйүндөрдү алардын бөлүктөрүн, аскердик-техникалык мүлктү жана башка материалдык каражаттарды жеткирүүгө белгиленген тартипте мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин башка уюмдары менен келишимдерди түзүүгө;
40) ыкчам-кызматтык ишти жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган маалыматты белгиленген тартипте; атайын жана башка каражаттарды чет мамлекеттердин атайын кызматтары, коопсуздук органдары, укук коргоо органдары, чет өлкөлүк, эл аралык жана башка уюмдар менен алмашууга;
41) улуттук коопсуздук органдары териштирген кылмыш-жаза иштери боюнча кармалган жана камакка алынган адамдарды зарыл болгон учурда кайтарып коштоого;
42) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан улуттук коопсуздук органдарына берилген башка укуктарды ишке ашырууга.
2. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери өз милдеттерин аткарат жана улуттук коопсуздук органдарына берилген укуктарды пайдаланат.
3. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери коомдук транспорттун бардык түрүндө: шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү каттамдарда (таксини кошпогондо), айыл жеринде - жолу улаш транспортто акысыз жүрүшөт, ошондой эле транспорттун бардык түрүнө кезексиз жол жүрүү документтерин алышат жана иш санар күбөлүгүн көрсөткөндө мейманканага жайгашышат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 240, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-глава. Улуттук коопсуздук органдарынын күчтөрү жана каражаттары
22-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери
1. Улуттук коопсуздук органдары аскер кызматчылары, мамлекеттик жарандык кызматчылар жана кызматкерлер менен комплекттелет.
2. Улуттук коопсуздук органдарында, ага баш ийген аскер бөлүктөрдө (мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын кошпогондо), башка уюмдарда аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, мамлекеттик жарандык кызматчылар, ошондой эле штаттык кызмат орундарына дайындалган кызматкерлер улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери (мындан ары - кызматкерлер) болуп саналат.
3. Улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын аскердик кызмат өтөө жөнүндө мыйзамдарына ылайык аскердик кызмат өтөшөт. Алар Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары үчүн каралган укуктарды жана жеңилдиктерди пайдаланат.
4. Аскер кызматчысы болуп саналбаган кызматкерлердин кызматтык иши ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдары жана эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат. Алар ушул Мыйзамда, ошондой эле ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат мыйзамдарында жана эмгек мыйзамдарында каралган укуктарды жана жеңилдиктерди пайдаланат.
5. Кызматкерлер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекиткен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин Ар-намыс кодексин сактоого милдеттүү. Көрсөтүлгөн Кодекстин жоболорун бузган кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин чечүү үчүн мамлекеттик органдарга, ошондой эле менчигин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча штаттык кызмат орундарын ээлөө үчүн кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте аскер кызматында калтырылуу менен, ишке жиберилиши мүмкүн. Ишке жиберилген кызматкердин ал ишке жиберилген мамлекеттик органдын административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөөсү конкурстук тандоодон тышкары жүзөгө ашырылат.
7. Мамлекеттик органдарга, ошондой эле ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга ишке жиберүү мезгилинде кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктары, кепилдиктери, жеңилдиктери, компенсациялары, пенсиялык камсыз кылуусу жана социалдык коргоосу сакталат.
8. Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу милдеттерин чечүү максатында чет мамлекеттерге ошол мамлекеттердин атайын кызматтары же укук коргоо органдары менен макулдашуу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдарга белгиленген тартипте расмий өкүлдөр жиберилиши же кызматкерлер ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин актылары менен аныкталуучу тартипте аларды аскердик кызматта калтыруу менен ишке жиберилиши мүмкүн.
9. Кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу атайын (аскердик) окуу жайларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин башка билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырылат. Кызматкерлерди даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу жана алардан өтүү тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктайт.
91. Курсанттар (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алардын мыйзамдуу өкүлдөрү) аларды окутууга жумшалган бюджеттик каражаттарды төмөнкүдөй учурларда мамлекетке ордун толтуруп берүүгө милдеттүү:
1) окуудагы жетишпегендиги, тартипсиздиги үчүн, соттолгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билим берүү уюмунан чыгарылганда;
2) алардын демилгеси боюнча окуу мезгилинде же болбосо аскердик окуу жайын аяктаганда аскердик кызмат өтөөдөн баш тартканда.
10. Улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчылары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрларында, аракеттеги резервинде же запасында турат.
11. Аскердик кызматтан бошотулган кызматкерлер улуттук коопсуздук органдарынын атайын аскердик эсебинде же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запасында турат.
(КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 165 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-берене. Кызматка кабыл алуу шарттары
1. Улуттук коопсуздук органдарына кызматка өзүнүн жеке, моралдык, психологиялык жана кесиптик сапаттары, курагы, билим деңгээли, дене тарбия даярдыгы жана ден соолугунун абалы боюнча ыктыярдуу негизде улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү, мамлекеттик тилди билген Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат.
2. Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл билим деңгээлине, стажына, кесиптик билимине жана көндүмүнө карата квалификациялык талаптар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленет.
3. Улуттук коопсуздук органдарына кызматка Кыргыз Республикасынын төмөнкү жараны кабыл алынышы мүмкүн эмес:
1) белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган учурда же болбосо наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында аскердик кызмат өтөбөгөн (курсанттарды копшогондо) же запастагы офицер программасы боюнча аскердик даярдыктан өтпөгөн эркек;
3) аскердик-врачтык комиссиянын корутундусуна ылайык кызматтык ыйгарым укуктарды жана/же аскердик кызматтык милдеттерди аткарууга тоскоолдук жараткан оорусу бар;
4) аскердик жана башка мамлекеттик кызмат жөнүндө, коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарда, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү өзүнө кабыл алуудан баш тарткан;
5) кызматына ылайык келбөө, беделин түшүрүү, ишенимден кетүү боюнча коррупциялык укук бузууларды жасаганы үчүн иштеп же мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошотулган;
6) чет мамлекеттин жарандыгы бар, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон, чет мамлекеттин аймагында жашап турууга уруксаты же анын туруктуу жашоого укугун ырастаган башка документи бар же аларды алуу үчүн документ тапшырган. Бул талап жубайына да коюлат;
7) коррупциялык укук бузуу жасаганы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылган;
8) анын соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан кылмыш-жаза кылмышы үчүн соттуулугу болгон; же болбосо ага карата кылмыш-жаза иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган же реабилитацияланбаган негиздер боюнча өкүм чыгарылган; же болбосо белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү катары таанылган учурда;
9) милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш болгон документтерди же маалыматтарды бербеген учурда, же болбосо жасалма документтерди же өзү (жубайы), же болбосо өзүнүн же анын (жубайынын) жакын туугандары жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды берген учурда;
10) жубайы же жакын туугандары белгиленген тартипте оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган, же болбосо аларга карата кылмыш-жаза иши (оор же өзгөчө оор кылмыштар боюнча) реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган; же болбосо белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү катары таанылган учурда;
11) эгерде бул ыкчам-кызматтык иш милдеттерин чечүү менен шартталбаса, анын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мүлккө катталган менчик укугу, буюм укугу, милдеттенмеси болгон учурда;
12) Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний агымга (сектага) же диний окууга тартылган же туткан;
13) эгерде ал саясий партиялардын жана саясий максаттарды көздөгөн башка коомдук бирикмелердин мүчөсү болсо, же алардын ишине катышса;
14) ал врачтын дайындоосуз баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонгон факт аныкталган учурда;
15) кызматка жарамдуулугун аныктоо үчүн атайын текшерүүдөн, же болбосо мамлекеттик сырларга уруксат берүү жол-жобосунан же полиграфологиялык изилдөөдөн, психофизиологиялык же медициналык күбөлөндүрүүдөн, же болбосо тестирлөөдөн өтпөгөндө;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
Кызматка (ишке) кабыл алууда жарандарга ушул Мыйзамда белгиленген иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу кошумча талаптар коюлушу мүмкүн.
Улуттук коопсуздук органдары талапкерге кызматка алуудан баш тартуу себебин түшүндүрбөөгө укуктуу.
4. Кызматка жарамдуулугун аныктоо үчүн психофизиологиялык жана медициналык күбөлөндүрүүдөн, полиграфологиялык изилдөөдөн, ошондой эле атайын текшерүүдөн жана тестирлөөдөн өтүү тартибинин өзгөчөлүгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
5. Улуттук коопсуздук органдарына кызматка кирип жатканда адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү (жубайы, жашы жеткен балдары жана анын багуусундагы жана аны менен туруктуу жашаган адамдар) белгиленген тартипте кирешелери жана мүлкү жөнүндө декларацияны бергени тууралуу маалыматты банк, салык, бажылык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды ачуу милдеттенмеси менен берүүгө милдеттүү.
6. Ушул беренеде көрсөтүлгөн талаптардын бирине ылайык келбеген адам аны аскердик кызматка же улуттук коопсуздук органдарына жумушка кабыл алуудан баш тартууга, ошондой эле аны улуттук коопсуздук органдарынан бошотууга негиз катары кызмат кылат.
7. Улуттук коопсуздук органдарына кызматка талапкерди тандоо жана кабыл алуу боюнча иш-чараларды уюштуруу өзгөчөлүктөрү жана жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
8. Улуттук коопсуздук органдарына аскердик кызматка кирген адамдар менен кызмат (жумуш) өтөө тууралуу контракт түзүлөт.
9. Контракттын формасы жана шарттары, аны түзүү, узартуу, өзгөртүү, бузуу жана токтотуу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Кызматкерлердин укуктук абалы
1. Кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттик бийлик өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Мыйзам менен түздөн-түз ыйгарым укук берилген органдарды жана кызмат адамдарын кошпогондо, эч ким алардын кызматтык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
2. Кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарып жатканда, алардын мыйзамдуу талаптарын жарандар жана кызмат адамдары аткарууга милдеттүү.
3. Кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, каршылык көрсөтүү, коркунуч келтирүү, зомбулук көрсөтүү же өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу, ошондой эле аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылган башка иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
4. Кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерлердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун, ар-намысын жана абийирин, ошондой эле мүлкүн кылмыштуу кол салуудан коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралат.
5. Кызматкер өз кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кылмыш жасап жаткан жеринде кармалган учурду кошпогондо, улуттук коопсуздук органынын расмий өкүлү же соттун чечими болбостон алып келүүгө, кармоого, жеке кароого жана анын буюмдарын кароого, ошондой эле жеке жана ал пайдаланган транспортун кароого жол берилбейт.
6. Мыйзамга ачыктан-ачык каршы келген буйрукту же көрсөтмөнү алганда кызматкер мыйзамды аткарууга карата бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
7. Чет мамлекеттердин атайын кызматтарында, эл аралык уюмдарда, уюшкан кылмыштуу топтордо жана кылмыштуу уюмдарда атайын тапшырмаларды аткарып жаткан (аткарган) кызматкерлер жөнүндө маалыматтар мамлекеттик сырга кирет жана алардын макулдугу менен гана жана Кыргыз Республикасынын. мыйзамдарында каралган учурларда ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
8. Кызматкерлер ушул Мыйзамда белгиленген аткарылуучу милдеттердин өзгөчөлүгү менен шартталган, өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин пайдаланат. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келгенден башкача учурларда кызматкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кандайдыр бир укуктарынан жана эркиндиктеринен ажыратууга же алардын укуктарын чектөөгө эч кимдин укугу жок.
25-берене. Кызматкердин кызматтык күбөлүгү
1. Кызматкердин кызматтык күбөлүгү анын өздүгүн, улуттук коопсуздук органдарына таандыктыгын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерге берилген кызмат ордун, аскердик наамын, укугун жана ыйгарым укугун, ошондой эле куралды жана атайын каражаттарды алып жүрүүгө жана сактоого укугун ырастаган документ болуп саналат.
2. Кызматтык күбөлүктөрдүн үлгүлөрү, аларды берүү жана пайдалануу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
26-берене. Кызматкердин кызмат өтөөсүнө байланыштуу чектөөлөр
1. Кызматкерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) өзүмчүл максаттарда, анын ичинде кызмат адамдары жана башка адамдар менен келишип алып өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;
2) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн жеке максатына пайдаланууга; алардан сыйакы (акчалай жана башка сыйакы, кызмат көрсөтүү, көңүл ачуу, эс алуу, транспорт чыгымын төлөө) жана белек алууга;
3) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жеке жана юридикалык жактарга кызматтык милдеттеринде каралбаган кандай болбосун көмөк көрсөтүүгө;
4) өкүлчүлүктүү органдардын депутаты болууга;
5) саясий партиялардын, саясий максаттарды көздөгөн же диний мүнөздөгү коомдук бирикмелердин мүчөсү болууга; түзүүгө, алардын ишине катышууга же кандайдыр бир формада көмөк көрсөтүүгө, кызмат абалын алардын кызыкчылыгында пайдаланууга;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин уруксаты менен илимий, эксперттик, окутуучулук жана башка чыгармачылык ишти, ошондой эле кызматтык зарылчылыктан келип чыккан учурларды кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө;
7) ишкердик менен алектенүүгө, өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу кызматтык зарылчылыктан келип чыккан учурларды кошпогондо, чарба субъекттеринин жетектөөчү же байкоочу кеңешинин курамына кирүүгө, аларды башкарууга катышууга;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктабаган банктарда банктык эсеп ачууга;
9) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса же кызматтык зарылчылыктан келип чыкпаса, чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкаруу органдарынын же башка органдарынын курамына кирүүгө;
10) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, үчүнчү жактардын иштери боюнча өкүл болууга;
11) кызматтык ишти материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын, башка мамлекеттик мүлктү жана кызматтык маалыматты кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актыларында каралган учурларды кошпогондо, улуттук коопсуздук органдарынын кадрдык курамына ведомстволук таандыгын ачыкка чыгарууга мүмкүндүк берүүчү өзү жана башка кызматкерлер жөнүндө, улуттук коопсуздук органдарынын иши тууралуу маалыматтарды (анын ичинде фото, видеоматериалдар жана башка материалдар) жалпыга маалымдоо каражаттарына, Интернет тарамына жайгаштырууга;
13) иш таштоолорду жана тынчтык чогулуштарына укукту билдирүүнүн башка формаларын мамлекеттик органдардын талаптагыдай иштөөсүнө жана кызматтык милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылуучу аракеттерди уюштурууга жана/же катышууга;
14) алкоголдук, баңгилик, психотроптук, токсикоманиялык мастык абалына алып келүүчү заттарды (алардын аналогдорун) керектөөсүнө карата медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартууга же качууга.
Кызматкерлердин күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу же качуусу улуттук коопсуздук органдарынан бошотууга алып келет.
2. Эгерде бул ыкчам-кызматтык милдеттерди чечүү менен шартталбаса, кызматкерлерге, алардын жубайларына жана жашы жете элек балдарына Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан чет өлкөлүк банктарда эсептерди (аманаттарды) ачууга жана ээ болууга, накталай акча каражатын жана баалуулуктарды сактоого, чет өлкөлүк финансы инструменттерине ээ болууга жана (же) пайдаланууга тыюу салынат.
3. Кызматкерлерге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктаган тартипте жана шартта алар чет өлкөлүк жарандар болуп саналары алдын ала белгилүү болгон адамдар менен байланыш түзүүгө, чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарына, чет өлкөлүк, эл аралык уюмдарга, ошондой эле чет өлкөлүк катышуусу бар коммерциялык эмес уюмдарга кайрылууга жол берилет.
4. Кызматкер кызматка алынган учурдан тартып бир айдын ичинде кызмат өтөө мезгилине анын менчигиндеги баалуу кагаздарды жана пайдалануу киреше алып келген башка мүлктү, ошондой эле мүлктүк жалдоого берилген мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде катталган мүлккө менчик укугуна ээ болгон кызматкер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктаган мөөнөттө аны ээликтен ажыратуу чарасын көрүүгө милдеттүү.
6. Ушул беренеде каралган тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактабоо кызматкерге карата улуттук коопсуздук органдарынан бошотууга чейинки Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
27-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын өздүк коопсуздукту камсыз кылуу чаралары
1. Кызматкерлер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктаган учурларда, тартипте жана мөөнөттөрдө төмөнкүлөрдөн өтөт:
1) баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды керектөөсүнө, алардын алкоголго, баңги затка же башка токсинге көз карандылыгынын болушуна, ошондой эле алардын улуттук коопсуздук органдарында кызматка же ишке жарамдуулугун жана квалификациялык талаптарга ылайыктуулугун аныктоо максатында психофизиологиялык изилдөөдөн, тестирлөөдөн жана текшерүүдөн;
2) мамлекеттик сырларга жеткиликтүүлүктү тариздөө жол-жоболоштуруудан;
3) улуттук коопсуздук органдарынын өздүк коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан атайын текшерүүдөн.
2. Улуттук коопсуздук органдарынын имараттары жана курулмалары, ошондой эле аларга жанаша турган аймак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин актыларына ылайык куралдуу кайтарууга алынуусу тийиш.
Улуттук коопсуздук органдарынын объекттерине кирүүдө (транспорт каражаты менен өтүүдө) жана мындай объекттерден чыгууда (транспорт каражаты менен чыгууда) кызматкерлер жарандарды жеке кароодон, жанындагы буюмдарын, документтерин, транспорт каражаттарын жана алар менен алып келинүүчү буюмдарды кароодон, анын ичинде атайын техникалык каражатты колдонуу менен кароодон өткөрөт, объекттерге мыйзамсыз кирген адамдарды объекттердин аймагынан издөө жана кармоо чараларын көрөт. Жарандар жана кызмат адамдары көрсөтүлгөн объекттердеги контролдоо-өткөрмө жана ички объекттик режимдин талаптарын сактоого милдеттүү.
28-берене. Кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке коопсуздугун камсыз кылуу
1. Улуттук коопсуздук органдары өз кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кызматтык ишине байланыштуу алардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кылмыштуу кол салуудан жеке коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү. Кызматтык милдеттерин аткарууда жеке коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кызматкерлер шлем, зооткүрмө жана башка жеке коргоону жана чүмбөт каражаттарын пайдаланышат.
2. Кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар алардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө реалдуу коркунуч жаралган учурда көрүлөт.
3. Кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоону камсыз кылуу үчүн конкреттүү жагдайларды эске алуу менен төмөнкү коопсуздук чаралары көрүлөт:
1) жеке кайтаруу, турак жайын жана мүлкүн кайтаруу;
2) курал, өзүн коргоочу атайын каражаттарды берүү жана коркунуч тууралуу кабарлоо;
3) корголуучу адам тууралуу маалыматтын купуялыгын камсыз кылуу;
4) убактылуу коопсуз жайга жайгаштыруу;
5) кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн макулдугу менен башка кызмат (иш) ордуна которуу же окуган жерин өзгөртүү, же болбосо башка жерге көчүрүү;
6) паспорттогу маалыматтарды өзгөртүү жана документтерин алмаштыруу;
7) тышкы келбетин өзгөртүү;
8) сотто сүйлөгөн учурда келбетин чүмбөттөө же жүзүн көрсөтпөө, ошондой эле соттук тергөөнүн жүрүшүндө анкеталык маалыматтарын жана башка маалыматтарын ачык жарыялабоо.
4. Жеке коопсуздук чараларын ишке ашыруу максатында белгиленген тартипте ыкчам издөө жана башка иш-чаралар жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Коопсуздук чараларын колдонуу шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
29-берене. Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө маалыматтарды коргоо
1. Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, анын ичинде кызматкерлер, аларга купуя негизде көмөк көрсөтүп жаткан же көрсөткөн адамдар жөнүндө, ошондой эле улуттук коопсуздук органдары тарабынан ыкчам-кызматтык ишти уюштуруу, аны жүзөгө ашыруу тактикасы, методдор жана каражаттары тууралуу маалыматтарды камтыган документтер менен материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш жана улуттук коопсуздук органдарында сакталат.
2. Ыкчам-кызматтык иштин пайдаланылуучу же пайдаланылган күчтөрү, каражаттары, уюштурулушу, тактикасы, булактары, методдору, пландары жана жыйынтыктары жөнүндө, ыкчам кызыкчылык объектиси чөйрөсүнө киргизилген адамдар, ыкчам-кызматтык ишти жүргүзгөн органдардын штаттагы жашыруун кызматкерлери жана аларга купуя негизде көмөк көрсөтүп жаткан же көрсөткөн адамдар тууралуу маалыматтар мамлекеттик жашыруун сырды түзөт.
3. Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө маалыматтарды алууга уруксат берилүүчү Кыргыз Республикасынын жарандары белгиленген тартипте мамлекеттик сырды алууга уруксат берүүнү жол-жоболоштуруу жол-жобосунан өтүшөт. Мындай жол-жобо өзүнө көрсөтүлгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоо милдеттерин алууну камтыйт.
4. Улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган кызматкерлер, адамдар, аларга купуя негизде көмөк көрсөтүп жаткан же көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте ошол адамдардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана башка мамлекеттик органдарга, башка уюмдарга жана жарандарга берилиши мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча же улуттук коопсуздук органдарынын өздүк коопсуздук жүйөлөрү (улуттук коопсуздук органдарына, кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирүү коркунучу болгон учурда) боюнча улуттук коопсуздук органдары жөнүндө маалыматтарды берүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
6. Улуттук коопсуздук органдарынын архивдеринин тарыхый, илимий баалуулукту билдирген материалдары ачыкка чыгарылат жана "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондуна сактоого өткөрүп берилет.
30-берене. Кызматкерлерди социалдык коргоо
1. Мамлекет кызматкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоону кепилдейт.
2. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен милдеттүү мамлекеттик жеке камсыздандырылууга жатат.
3. Кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүнө келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте толук көлөмдө толтурулуп берилет.
4. Кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мертинген же майып болгон учурда кызматкер чектелген пенсиянын жана акыркы кызмат өтөгөн жери боюнча акчалай камсыз кылуу маянасынын ортосундагы айырма түрүндө ар айлык компенсацияны, ошондой эле Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан беш жылдык акчалай камсыз кылуу өлчөмүндө бир жолку жөлөкпулду алат.
5. Улуттук коопсуздуктун кызматкери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон же кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу алган жаракаттын, контузиянын же оорунун кесепетинен кызматынан бошотулгандан кийин өлгөн учурда, курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсүнө жана анын багуусундагы адамдарга курман болгон (өлгөн) кызматкердин он жылдык акчалай күтүлүүсү өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан бир жолку жөлөкпул төлөнөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана өлчөмдө ай сайын компенсация төлөнөт.
6. Кызмат өтөө мезгилинде же кызматтан бошотулгандан кийин курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсү үчүн турак жайга болгон укуктары кызматкердин курман болгонго (өлгөнгө) чейинки шарттарда жана негиздерде же анын үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча сакталат.
7. Кызматкерлерге кызмат өтөөгө байланыштуу майыптык аныкталганда аларга бир жолу берилүүчү төмөнкүдөй жөлөкпул төлөнөт: I топтогу майыптарга - беш жылдык акчалай кармоо өлчөмүндө, II топтогу майыптарга - төрт жылдык акчалай кармоо өлчөмүндө, III топтогу майыптарга - үч жылдык акчалай кармоо өлчөмүндө.
8. Кызматкер кызматын өтөп жаткан мезгилде оор жаракат алган учурда ага 1 жылдык акчалай кармоо өлчөмүндө, жеңил жаракат алса, алты айлык акчалай кармоо өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жөлөкпул тиешелүү бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.
9. Жарандар, анын ичинде улуттук коопсуздук органдарынын кызматчылары жака кызматкерлери улуттук коопсуздукту камсыз кылуу иш-чараларына тартылган учурда, аларга да ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган жоболор жайылтылат, ал эми курман болгон учурда алардын үй-бүлөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана өлчөмдө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.
10. Кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдарына ылайык медициналык жана санаториялык-курорттук тейлөөдөн пайдаланышат.
11. Кызматтык максатта жеке транспортун пайдаланган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдө акчалай компенсация төлөнөт.
12. Кызматкерлердин балдарына үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында кезексиз тартипте орун берилет.
13. Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон же майып болгон кызматкерлердин балдары баштапкы жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик уюмдарында, босого деңгээлинен жогору баллга ээ болгон учурда жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик уюмдарына конкурстан тышкары укугунан пайдаланышат.
(КР 2025-жылдын 6-августундагы № 189 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-берене. Кызматкерлерди акчалай үлүш менен камсыз кылуу
Кызматкерлердин акчалай үлүшү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте камсыз кылынат.
32-берене. Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөтүп жаткан адамдар
1. Улуттук коопсуздук органдары алардын макулдугу менен айрым адамдарды улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөтүүгө ачык жана жашыруун (купуя) негизде, анын ичинде штаттан тышкаркы кызматкер катары тартууга укуктуу. Штаттан тышкаркы кызматкердин ыйгарым укуктарын жана статусун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
2. Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөтүп жаткан адамдар төмөнкүгө укуктуу:
1) купуя кызматташуу шарттары жөнүндө улуттук коопсуздук органдары менен контракт түзүүгө;
2) кызматкерлерден өзүнүн тапшырмалары, укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрмө алууга;
3) жашыруундуулук максатында инсанды шифрлөөчү документтерди пайдаланууга;
4) контрактта аныкталган учурларда сый акы алууга;
5) улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөтүү процессинде ден соолугуна келтирилген зыян үчүн же мүлкүнө келтирилген зыян үчүн ордун толтурууну алууга.
3. Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөтүп жаткан адамдар төмөнкүгө милдеттүү:
1) улуттук коопсуздук органдарынын алдында турган милдеттерди чечүүгө багытталган тапшырмаларын аткарууга;
2) ал түзүлгөн учурда улуттук коопсуздук органдары менен контракттын шарттарын сактоого;
3) жалган же каралаган маалыматтарды атайлап берүүгө жол бербөөгө;
4) улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөтүү процессинде белгилүү болуп калган, мыйзам тарабынан корголуучу маалыматтарды ачык жарыялабоого.
4. Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөтүп жаткан адамдар жасалган кылмыш жасаганы жөнүндө жалган маалыматтарды атайлап бергени үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
5. Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөтүп жаткан адамдардын укуктары жана социалдык коргоонун кепилдиктери Кыргыз Республикасынын ыкчам-издөө иши жана контрчалгындоо иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык камсыз кылынат.
33-берене. Улуттук коопсуздук органдарын куралдандыруу жана жабдуу каражаттары
1. Улуттук коопсуздук органдары өздөрүнүн алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында куралдандыруу жана жабдуу каражаттарын, анын ичинде атайын техникалык жана башка каражаттарды лицензиясыз сатып алат же алат жана пайдаланат, улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусуна алынган курал-жаракты, башка кызматтык жана жарандык куралды жана аларга ок-дарыларды сатып алат жана пайдаланат, ошондой эле алардын сакталуусун камсыз кылат.
2. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинде пайдалануу үчүн арналган куралдандыруунун жана жабдуунун каражаттары, анын ичинде атайын техникалык жана башка каражаттарды, курал-жарактарды жана аларга ок-дарыларды сатуу, берүү, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алып чыгуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
34-берене. Улуттук коопсуздук органдарын маалыматтык камсыз кылуу
1. Улуттук коопсуздук органдарын маалыматтык камсыз кылуу алардын алдына коюлган милдетти аткаруу үчүн зарыл маалыматтык инфратүзүм объекттерин, байланыш жана маалымат берүү тутумдарын, маалыматты коргоо каражаттарын, анын ичинде криптографиялык коргоо каражаттарын лицензиясыз иштеп чыгуу, түзүү, пайдалануу жана эксплуатациялоо аркылуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын, менчигинин формасына карабастан юридикалык жана жеке жактардын, аскердик түзүлүштөрдүн жана коомдук бирикмелердин маалыматтык инфратүзүм объекттерин жана маалымат базаларын кайтарымсыз негизде пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыктарын козгоочу жасалган укук бузуулар жөнүндө маалыматты, ошондой эле чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын, айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган иши жөнүндө маалыматты эсепке алуу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Эскертүүсү:
Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүгүндөгү мамлекеттик тилдеги өзгөртүүлөр, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык киргизилген
35-берене. Улуттук коопсуздук органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
1. Улуттук коопсуздук органдарын жана аларга баш ийген ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди каржылоо, материалдык-техникалык жана социалдык-тиричиликтик камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Чалгындоо, контрчалгындоо жана ыкчам издөө ишин, анын ичинде конспиративдүү (ачык эмес) түрдө жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин актылары менен аныкталат.
3. Улуттук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке өткөн же менчикке, ээлик кылууга жана колдонууга берилген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк пайдаланылышы мүмкүн.
4. Темир жол, автомобиль жана аба транспортунда, ошондой эле коргоо жана стратегиялык объекттерде коопсуздукту камсыз кылууга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын бөлүмдөрү тийиштүү ведомстволордун жана уюмдардын эсебинен жабдылган кызмат жайлары, анын ичинде байланыш каражаттары менен камсыз кылынат, бул уюмдар аларды күтүү жана эксплуатациялоо чыгымдарын да көтөрөт. Аскердик контрчалгындоо органдары андан тышкары аскердик бирикмелердин, кошуундардын жана бөлүктөрдүн, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан башка аскердик түзүлүштөрдүн эсебинен автотранспорт, күйүүчү-майлоочу материалдар, курал-жарак жана жашоо-тиричилик үчүн зарыл башка мүлк, ошондой эле турак жай менен камсыз кылынат.
6-глава. Кызматкерлердин кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын
каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн
колдонуусунун тартиби жана шарттары
36-берене. Кызматкерлердин кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуу укугу
1. Кызматкерлер жеке өздөрү же бөлүмдүн (топтун) курамында алдына коюлган милдеттерди чечүүдө ушул бөлүмдүн жетекчисинин (топтун улуусунун) буйруктарын жана тескемелерин жетекчиликке алып, кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте колдонууга укуктуу.
2. Эгерде зомбулуксуз ыкмалар аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттеринин аткарылышын камсыз кылбаса, кара күч менен таасир этүү чаралары, атайын каражаттар, курал, аскердик техника жана куралдын башка түрлөрү, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук коркунучтарынын, коомдук кооптуу жосундардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу, аларды жасаган адамдарды кармоо жана жеткирүү, өзүн коргоо, кызматкерлердин мыйзамдуу талабына каршылык көрсөтүүгө бөгөт коюу максатында ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда колдонулат.
3. Кызматкерлерде зарыл атайын каражаттар, курал, аскердик техника жана куралдын башка түрлөрү жок болгондо аларды ушул Мыйзамда белгиленген тартипти сактоо менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн колдо болгон кандай болбосун каражаттарды жана ушул органдын куралдануусунда турбаган башка куралды колдонууга укуктуу.
37-берене. Кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуу тартиби жана шарттары
1. Аларды колдонууну кечиктирүү жарандардын, кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч түзүүчү же болбосо башка оор кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуунун алдында өзүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарууга жетиштүү убакыт берүү менен аларды пайдалануу ниети тууралуу эскертүүгө тийиш.
Бөлүмдүн (топтун) курамында көрсөтүлгөн чаралар колдонулган учурда бөлүмгө (топко) кирген кызматкерлердин бири эскертүү жасайт.
2. Кызматкерлер капилет же куралдуу кол салынганда, аскердик техниканы, транспорт каражаттарын, учуучу аппараттарды пайдалануу менен кол салынганда, камактан курал менен, транспорт каражатын пайдалануу менен качканда, камактагы адамдар алар жүрүп баратканда транспорт каражаттарынан качканда, улуттук коопсуздук органдарынын объекттерине, атайын жүгүнө жана транспорт каражатына кол салуунун мизин майтарууда, ошондой эле барымтага алынгандарды бошотууда куралды эскертүүсүз колдоно алат.
3. Кызматкер кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскер техникасын жана куралдын башка түрлөрүн колдонууда түзүлгөн кырдаалды, кара күч менен таасир этүү чарасы, атайын каражаттар, курал, аскердик техника жана куралдын башка түрлөрү колдонулган адамдардын кооптуу иш-аракетинин мүнөзүн жана даражасын, алар каршылык көрсөткөн аракеттин мүнөзүн жана күчүн эске алуу менен аракеттенет. Мында кызматкер кандай болбосун зыянды азайтууга умтулууга милдеттүү.
4. Кызматкер кара күч менен таасир этүү чарасын, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуунун натыйжасында денесинен жаракат алган жаранга жана башка адамга биринчи жардам көрсөтүүгө, ошондой эле аларга мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн ичинде медициналык жардам берүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
5. Кызматкерлер атайын даярдыктан өтүүгө, ошондой эле кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуу менен байланышкан шарттарда иштөөгө кесиптик жарактуулугун мезгили менен текшерүүдөн (кайра даярдоодон) өтүүгө милдеттүү.
Кызматкерлердин атайын даярдык программасынын мазмуну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актылары менен аныкталат.
6. Улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын, куралдын, аскердик техниканын жана куралдын башка түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Куралдын башка түрлөрүн колдонуу тартиби жана шарттары аскердик куралды колдонуу сыяктуу эле аныкталат.
38-берене. Кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуунун укук ченемдүүлүгү
1. Эгерде кара күч менен таасир этүү чаралары, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуу ушул Мыйзамда белгиленген тартипти жана шарттарды сактоо менен жүзөгө ашырылган болсо, алардын натыйжасында жеке жана юридикалык жактарга келтирилген зыян үчүн кызматкер жоопкерчилик тартпайт.
Терроризмге каршы операцияны жүргүзүүдө, ошондой эле уюмдардын, топтордун жана айрым адамдардын террористтик ишине бөгөт коюу боюнча атайын иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууда терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлер терроризмге каршы операцияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүүдө келтирилген зыян үчүн же террористти жок кылуу жөнүндө чечимди кабыл алганы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
Мында үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын орду мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулат.
2. Кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
39-берене. Кара күч менен таасир этүү чараларын колдонуу
1. Кызматкерлер кара күч менен таасир этүү чараларын (анын ичинде күрөшүүнүн күжүрмөн ыкмаларын, колунда болгон каражаттарды) төмөнкү учурларда колдонот:
1) кылмыштарга жана башка укук бузууларга бөгөт коюу үчүн;
2) кылмыш жасаган жана башка укук бузган адамдарды, ошондой эле кылмыш жасады жана башка укук бузду деп шектелген адамдарды кармоо жана аларды улуттук коопсуздук органдарынын, башка мамлекеттик органдардын кызматтык жайларына жеткирүү үчүн;
3) өзүн коргоо үчүн;
4) кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына каршылык көрсөтүү иш-аракетин басуу үчүн.
2. Кызматкерлер ушул Мыйзамда атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонууга уруксат берилген бардык учурларда кара күч менен таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
40-берене. Атайын каражаттарды колдонуу
1. Кызматкерлер атайын каражаттарды төмөнкү учурларда колдонот:
1) жарандарга, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жана башка адамдарына, объекттерине, атайын жүктөрүнө жана транспорт каражаттарына кол салуу же кол салуу коркунучунун мизин майтаруу үчүн;
2) кылмышка жана башка укук бузууга бөгөт коюу үчүн;
3) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) жапырт тартипсиздикти жана коомдук тартипти топтук бузууну четтетүү, мыйзамга каршы иш-аракет жасаган жарандардын тобунун кыймылына бөгөт коюу үчүн;
5) улуттук коопсуздук органдарынын объекттерине, жарандардын турак жайларына, мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын имараттарына, жайларына, курулмаларына жана башка объекттерине, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын аскердик же кызматтык нарядына кол салуунун мизин майтаруу үчүн;
6) кылмыш, укук бузуу жасоо учурунда кармалган жана кылмыш, укук бузуу жасалган жерден жашырынууга аракет кылган адамды кармоо үчүн;
7) куралдуу каршылык көрсөтө ала турган же кызматкердин өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдетин аткаруусуна тоскоолдук жарата турган адамды кармоо үчүн;
8) кылмыш жасап кармалган адамдарды, камакка алынган адамдарды жеткирүү, кайтарып коштоо жана кайтаруу үчүн;
9) соттолгон, кылмыш жасоого шектелген, айыпталган адамдардын качып кетүүсүнө же кылмыш жасоого шектенүү боюнча кармалган адамдардын, камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган адамдардын кайтарып коштоодон качып кетүүсүнө бөгөт коюу, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарды күч менен бошотуу аракетине бөгөт коюу үчүн;
10) адам кызматкердин өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткаруусуна каршылык кылганда, тоскоолдук көрсөткөндө, жанындагыларга же өзүнө зыян келтиргенде;
11) зордоп кармалып турган адамдарды, ошондой эле басып алынган имараттарды, жайларды, курулмаларды, транспорт каражаттарын бошотуу үчүн;
12) бекитүүчү түзүлмөлөрдү, элементтерди жана конструкцияларды бузуу, турак жана башка жайларга, транспорт каражатына, жер тилкелерине мыйзамдуу кирүүгө тоскоолдук жараткан табигый жана инженердик тосмолордон өтүү үчүн;
13) кызматкерлерди жеке коргоо үчүн;
14) эгерде транспорт каражатын башкарган адам токтотуу жөнүндө кызматкердин мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тартса, транспорт каражатын токтотуу үчүн;
15) жардыруучу түзүлмөлөрдү, жарылуу коркунучу бар объекттерди (буюмдарды) жана башка ушул сыяктуу түзүлмөлөрдү жана буюмдарды, ошондой эле мындай түзүлмөлөрдүн жана буюмдардын муляждарын издөө, табуу, алдын ала изилдөө, зыянсыздандыруу, коопсуз сактоо жана ташуу, жок кылуу үчүн;
16) улуттук коопсуздук органдарынын ыкчам издөө, ыкчам-күжүрмөн ишинин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу (ар тараптуу техникалык камсыз кылуу) үчүн.
2. Эгерде башка ыкма жана каражат менен мындай кол салуунун же каршылык көрсөтүүнүн мизин майтарууга мүмкүн болбосо, кызматкердин же башка жарандардын өмүрүнө коркунуч жараткан кол салуу, топтошуп кол салуу же болбосо куралдуу каршылык көрсөтүү учурларын кошпогондо, кызматкерге кош бойлуулугу ачык көрүнүп турган аялдарга, майыптыгы ачык көрүнүп турган адамдарга, курагы айкын болгон же белгилүү болгон жашы жете электерге атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
3. Кызматкер түзүлгөн кырдаалды, укук бузуунун мүнөзүн жана укук бузуучунун өздүгүн эске алып, атайын каражаттын түрүн жана аны колдонуунун ургалдуулугун аныктайт.
4. Кызматкер ушул Мыйзамда куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонууга уруксат берилген бардык учурларда атайын каражаттарды колдонууга укуктуу.
5. Кызматкерлердин атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
41-берене. Куралды колдонуу
1. Кызматкерлер куралды жана аларга ок-дарыларды дайыма сактоого, алып жүрүүгө, колдонууга укуктуу.
2. Кызматкерлер куралды төмөнкү учурларда колдонот:
1) эгерде бул кол салуу жарандардын, кызматкерлердин жана башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан зомбулук менен коштолсо, аларды коргоо үчүн;
2) атайын каражаттарды, куралды, ок дарыларды, жардыргыч заттарды, жардыруучу каражаттарды, атайын жүктөрдү, транспорт каражаттарын, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн тартып алуу аракетине бөгөт коюу үчүн;
3) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык милдеттерин же коомдук парзын аткарып жаткан кызматкерлерге жана башка адамдарга топтошкон же куралдуу кол салуунун, ошондой эле алардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган башка кол салуунун мизин майтаруу үчүн;
4) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) барымтага алынган адамдарды бошотуу, террористтик жана башка кылмыштуу кол салууга бөгөт коюу үчүн;
6) улуттук коопсуздук органдарынын объекттерине, жарандардын турак жайларына, мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын имараттарына, жайларына, курулмаларына жана башка объекттерине, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын аскердик же кызматтык наряддарына кол салуунун мизин майтаруу үчүн;
7) эгерде башка каражаттар менен бул адамды кармоого мүмкүн болбосо, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы кылмыш жасоонун үстүндө кармалган жана качып кетүүгө аракет жасаган адамды кармоо үчүн;
8) куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле анда болгон куралды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды, жарылуучу түзүлүштөрдү, жарылуу коркунучу бар объекттерди (буюмдарды), уулуу же радиоактивдүү заттарды тапшыруу жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткан адамды кармоо үчүн;
9) соттолгон, кылмышка шектелген, айыпталган адамдардын качып кетүүсүнө же кылмыш жасоого шектенүү боюнча кармалган адамдардын, камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган адамдардын кайтарып коштоодон качып кетүүсүнө бөгөт коюу үчүн, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарды күч менен бошотуу аракетине бөгөт коюу үчүн.
3. Кызматкерлер ошондой эле төмөнкү учурларда куралды колдонууга укуктуу:
1) жогору карай же башка коопсуз багытка ок чыгаруу менен алдын ала ок атуу, кооптонуу белги берүү же жардам чакыруу үчүн;
2) эгерде транспорт каражатын башкарып жаткан адам токтоо жөнүндө кызматкердин мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тартса, качып кетүүгө аракет кылса, кызматкердин жана башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна же болбосо мүлкүнө коркунуч жаратса, аны бузуп токтотуу үчүн;
3) жарандардын, кызматкерлердин жана башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган жаныбарды зыянсыздандыруу үчүн;
4) турак жана башка жайларга мыйзамдуу кирүүгө тоскоол болуучу бекитүүчү түзүлмөлөрдү, элементтерди жана конструкцияларды бузуу үчүн.
4. Ок чыгаруу куралды колдонуу болуп саналат.
5. Эгерде башка ыкма жана каражат менен мындай кол салуунун же каршылык көрсөтүүнүн мизин майтарууга мүмкүн болбосо, кызматкердин же башка жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кол салуу, топтошуп кол салуу же болбосо куралдуу каршылык көрсөткөн учурларды копшогондо, аялдарга, майыптыгы ачык көрүнүп турган адамдарга, курагы айкын болгон же кызматкерге белгилүү болгон жашы жете электерге карата кызматкерге курал колдонууга тыюу салынат.
Террористтик актыга бөгөт коюу (четтетүү), барымтага алынгандарды бошотуу, топтошуп же куралдуу кол салуунун мизин майтаруу максатында курал колдонуу учурларын кошпогондо, эгерде курал колдонуунун натыйжасында кокус адамдар жабырланышы мүмкүн болсо, кызматкер адамдар кыйла топтолгон учурда курал колдонууга укуксуз.
6. Кызматкер ушул Мыйзамда аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонууга уруксат берилген бардык учурларда курал колдонууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
42-берене. Аскердик техниканы колдонуу
1. Улуттук коопсуздук органдары аскердик техниканы төмөнкү учурларда колдонот:
1) эгерде кол салууга башка ыкмалар менен бөгөт коюуга мүмкүн болбосо, жарандардын, кызматкердин жана башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кол салуудан аларды коргоо үчүн;
2) эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен ушундай бошотууну жүзөгө ашыруу мүмкүн болбосо, барымтага алынгандарды, басып алынган имараттарды, жайларды, курулмаларды, райондорду, жерди жана транспорт каражаттарын бошотуу үчүн;
3) менчиктин формасына карабастан имараттарга, жайларга, курулмаларга жана (же) транспорт каражаттарына куралдуу, топтошуп кол салуунун же кол салуу коркунучунун, анын ичинде транспорт каражаттарын колдонуп кол салуунун мизин майтаруу же болбосо басып алынган обьекттерди бошотуу үчүн;
4) укукка жат аракеттерди токтотуу, аларда болгон куралды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды, жарылуучу түзүлүштөрдү, жарылуу коркунучу бар объекттерди (буюмдарды) жана техниканы тапшыруу жөнүндө кызматкердин мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тарткан куралдуу адамдардын каршылык көрсөтүүсүн басуу үчүн;
5) улуттук коопсуздук органдарынын атайын каражаттарын, куралын, ок-дарыларын, жардыргыч заттарын, жарылуучу каражаттарын, атайын жүктөрүн, транспорт каражаттарын, аскердик техникасын жана куралынын башка түрлөрүн тартып алуу аракетине бөгөт коюу үчүн;
6) эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен токтотууга мүмкүн болбосо, кызматкердин мыйзамдуу талабына баш ийбеген учурда террористтик ишке тиешеси бар адамдар колдонгон транспорт каражатын бузуу (жок кылуу) менен аны токтотуу үчүн;
7) кызматкерлердин имараттарга, жайларга жана башка курулмаларга же болбосо жер тилкелерине мыйзамдуу кирүүсүнө тоскоол болуучу бекитүүчү түзүлмөлөрдү, элементтерди, конструкцияларды жана тосмолорду бузуу (талкалоо) үчүн;
8) ыкчам-күжүрмөн иштин жүрүшүндө кызматкерлерди коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн;
9) терроризмге каршы операция жүргүзүү чөлкөмдөрдө өзгөчө жана согуштук абал режимин камсыз кылуу үчүн;
10) улуттук коопсуздук органдарынын ыйгарым укуктарында каралган башка учурларда.
2. Аскердик техниканы колдонуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
43-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери жеке же болбосо бөлүмдүн (топтун) курамында кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуу фактысы боюнча билдирүү тартиби
1. Кызматкер же бөлүмдүн (топтун) жетекчиси куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуусунун ар бир учуру жөнүндө, ошондой эле кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды колдонуунун натыйжасында жарандын же башка адамдын ден соолугуна залал же материалдык зыян келтирилген ар бир учур жөнүндө түздөн-түз начальнигине же аларды колдонуу орду боюнча жетекчиге тиешелүү рапорт берүүгө айкын мүмкүнчүлүк пайда болгон учурдан тартып 24 сааттын ичинде жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
2. Кызматкер кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуунун натыйжасында жарандын же башка адамдын өлүмүнө же жаракат алуусуна алып келген ар бир факт боюнча улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу жетекчиси 24 сааттан кечиктирбестен прокурорго билдирет.
44-берене. Куралдуу кызматкердин жеке коопсуздугуна кепилдик
1. Эгерде түзүлгөн кырдаалда ушул Мыйзамда белгиленген тартипте курал колдонуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбаса, кызматкер жеке коопсуздугун камсыз кылуу максатында куралды ачып, даярдап коюуга укуктуу.
2. Куралын ачып, даярдап койгон кызматкерге, ал белгилеген аралыктан кандай болбосун адамдын жакындоо аракети, ошондой эле кызматкер тарабынан өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч катары кабыл алынышы мүмкүн болгон башка аракеттер ага курал колдонуу укугун берет.
7-глава. Улуттук коопсуздук органдарынын ишин контролдоо
жана көзөмөлгө алуу
45-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын ишин контролдоо
Улуттук коопсуздук органдарынын ишин контролдоо мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.
46-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинде мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алуу
1. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинде мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткарылышын көзөмөлгө алуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Улуттук коопсуздук органдарынын ишин уюштуруу, аны жүзөгө ашыруунун тактикасы, методдору жана каражаттары тууралуу маалыматтар прокурордук көзөмөлгө алуу предметине кирбейт.
8-глава. Корутунду жоболор
47-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” гезитинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 60-61 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 1-январындагы № 1362-ХII Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 19-декабрындагы № 63 Мыйзамы (1996-жылдын 31-декабрындагы № 146 "Эркин-Тоо" газетасы);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-июлундагы № 143 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 607-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-июлундагы № 156 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 620-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 21-июлундагы № 161 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 625-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы № 251 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1079-ст.);
7) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 6-февралындагы № 39 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 112-ст.);
8) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1033-ст.);
9) "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 153 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 8, 1093-ст.);
10) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 8, 1094-ст.);
11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 178 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 9, 1277-ст.);
12) "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1516-ст.);
13) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 31 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 86-ст.);
14) "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 202 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1037-ст.);
15) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 4-январындагы № 1 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1(1), 1-ст.);
16) "Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан кайтарылып алынган каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-январындагы № 11 Мыйзамынын 2-беренеси (2021-жылдын 29-январындагы № 7 "Эркин-Тоо" газетасы).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 25-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |