Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 3-августу № 211
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексинин, КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55, 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
2-берене.
(КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 17-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактары Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланат.".
2. 18-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-10-бөлүктөр менен толукталсын:
Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн жыйым алынат.
Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган төмөнкүдөй жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн жыйым алуудан бошотулат:
- табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга арналган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыркаган жактарга акысыз таратууга, же болбосо ушул эле максатта коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүүгө арналган товарларды ташыган;
- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдарга жана алардын филиалдарына/өкүлчүлүктөрүнө таандык болгон.
Кыргыз Республикасында катталган, коргоо жөндөмдүүлүгүн жана укук тартибин камсыз кылуу максатында пайдаланылуучу жүк ташуучу транспорт каражаттары, автобустар, өрттөн коргоо кызматынын ишин, медициналык тез жардамды жүзөгө ашыруу үчүн атайын багыттагы, ошондой эле жол жана жол инфратүзүмүн колдонуу жана техникалык тейлөө үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары жолдо жүрүү үчүн жыйымды төлөөдөн бошотулат.
Ушул статьянын сегизинчи жана тогузунчу бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын жол жүрүү үчүн жыйым төлөөдөн бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
4-берене.
(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
5-берене.
Ушул Мыйзамдын 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 2-пунктун жана 4-беренесин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |