Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 10-августу № 89
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралуу
2018-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси (мындан ары - Кодекс) 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.
2-берене.
Кодекс колдонууга киргизилген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1480-ХII Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору,1994-ж., № 5, 157-ст.);
2) "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 5-январындагы № 3 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 4, 202-ст.);
3) "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 30-ст.);
4) "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы № 153 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-8-9, 722-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 632-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 9-беренесинин 22-пункту (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж,. № 8, 923-ст.);
7) "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 168 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 485-ст.);
8) "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы № 253 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 763-ст.);
9) "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 15-октябрындагы № 275 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 862-ст.);
10) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы 284 Мыйзамынын 9-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 871-ст.);
11) "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 93 декрети (2010-жылдын 30-июлундагы "Эркин Тоо" газетасынын тиркемеси, № 13-14 (370-371);
12) "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-мартындагы № 4 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 3, 162-ст.);
13) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 33 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 392-ст.);
14) "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-июнундагы № 48 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 543-ст.);
15) "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 197 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1488-ст.);
16) "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 14-мартындагы № 13 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 3, 2006-ст.);
17) "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 37 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2118-ст.);
18) "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 20-июнундагы № 89 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2400-ст.);
19) "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 162 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2773-ст.);
20) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын 13-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2862-ст.);
21) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 17-июлундагы № 149 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 906-ст.);
22) "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-майындагы № 72 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 354-ст.);
23) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамынын 10-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 681-ст.);
24) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 13-февралындагы № 32 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 2, 119-ст.);
25) "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-мартындагы № 50 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 3, 240-ст.);
26) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1016-ст.);
27) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1046-ст.);
28) "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 43 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 4, 294-ст.);
29) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-июнундагы № 92 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 541-ст.);
30) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 29 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 3, 140-ст.).
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мүлктүк мүнөздөгү доо арыздары боюнча мамлекеттик алымдын ставкасын азайтуу жагына алты айлык мөөнөттө кайра карасын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кодекске ылайык келтирүү жана өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Кодекске ылайык келтирүү боюнча сунуштарды тогуз айлык мөөнөттө даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кодекс менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелерди жол-жоболоштуруучу башка ченемдик укуктук актылар Кодекске каршы келбеген бөлүгүндө колдонула тургандыгы белгиленсин.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |