Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 7-августу № 221
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 32-беренеде:
4-бөлүгүндө:
- биринчи абзацтын биринчи сүйлөмү "кызматты өтөө" деген сөздөрдөн кийин "диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан 180 эсептик көрсөткүчүнүн өлчөмүндө келип түшкөн акчалай каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабына аныкталган, социалдык маанидеги маселелерди тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине жиберилет.";
7-бөлүгү "жаран" деген сөздөн кийин ", диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсүнөн тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
2. 35-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы "альтернативдик кызматтан" деген сөздөрдөн мурда ", диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |