КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 6-январы № 3
2015-жылдын 29-июнунда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында кол коюлган Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын макулдашуусунун статьяларын ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2015-жылдын 29-июнунда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында кол коюлган Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын макулдашуусунун статьялары ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Депозитарий болуп саналган Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигине ратификациялоо жөнүндө грамотаны депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |