МыйзамКүчүндө

КР 2016-жылдын 6-январындагы № 3 «2015-жылдын 29-июнунда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында кол коюлган Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын макулдашуусунун статьяларын ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы

Редакция06.01.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 6-январы № 3

2015-жылдын 29-июнунда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында кол коюлган Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын макулдашуусунун статьяларын ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2015-жылдын 29-июнунда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында кол коюлган Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын макулдашуусунун статьялары ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Депозитарий болуп саналган Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигине ратификациялоо жөнүндө грамотаны депонирлесин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев