Редакцияот 15.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 15-январы № 4

2015-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук-Азиялык региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун кийинки долбоору үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо үчүн аванс бөлүп берүү жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2015-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук-Азиялык региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун кийинки долбоору үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо үчүн аванс бөлүп берүү жөнүндө гранттык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев