МыйзамКүчүндө

КР 2016-жылдын 15-январындагы № 4 «2015-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук-Азиялык региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун кийинки долбоору үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо үчүн аванс бөлүп берүү жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция15.01.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 15-январы № 4

2015-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук-Азиялык региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун кийинки долбоору үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо үчүн аванс бөлүп берүү жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2015-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук-Азиялык региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун кийинки долбоору үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо үчүн аванс бөлүп берүү жөнүндө гранттык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев