Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 22-марты № 24
Айрым мыйзам актыларына лицензиялоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 10-майындагы № 78, 2019-жылдын 6-ноябрындагы N 124, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамына ылайык 2025-жылдын 3-ноябрынан тартып күчүн жоготот)
2-берене.
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 652-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-берененин үчүнчү абзацында "расмий уруксаты (лицензиясы)" деген сөздөр "лицензиясы" деген сөзгө алмаштырылсын.
3-берене.
"Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 666-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин үчүнчү абзацында "атайын уруксаты (лицензиясы)" деген сөздөр "лицензиясы" деген сөзгө алмаштырылсын.
4-берене.
"Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 653-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин үчүнчү абзацында "атайын уруксаты (лицензиясы)" деген сөздөр "лицензиясы" деген сөзгө алмаштырылсын.
5-берене.
"Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 658-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин жыйырма биринчи абзацында "атайын уруксаты (лицензиясы)" деген сөздөр "лицензиясы" деген сөзгө алмаштырылсын.
6-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-беренеде:
а) тогузунчу абзацында ", чакыртып алат (жокко чыгарат)" деген сөздөр алып салынсын;
б) онунчу абзацы "реестрин" деген сөздөн мурда "лицензияларынын" деген сөз менен толукталсын;
2) 9-берененин алтынчы абзацында "жана чакыртып алат (жокко чыгарат)" деген сөздөр алып салынсын;
3) 12-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүүгө;";
4) 40-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы "башкаруу боюнча иш" деген сөздөрдөн мурда "ишенимдүү" деген сөз менен толукталсын;
5) 45-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш";
6) 1-бөлүгүндө "инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иши" деген сөздөр "инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-бөлүгүндө "инвестициялык активдерин башкаруу боюнча иши" деген сөздөр "инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда "инвестициялык активдерди башкаруу боюнча" деген сөздөр "инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 7-бөлүгүндө "инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иш" деген сөздөр "инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 52-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "активдерди" деген сөздөн кийин "ишенимдүү" деген сөз менен толукталсын.
7-берене.
(КР 2019-жылдын 6-ноябрындагы N 124 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене.
(КР 2017-жылдын 10-майындагы № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту )
9-берене.
"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 36-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пунктунда "жана чакырып алууну" деген сөздөр алып салынсын;
б) 8-пунктунда "же чектөөнү же болбосо лицензияны чакырып алуу тууралуу чечим кабыл алууну" деген сөздөр алып салынсын;
2) 37-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "жана чакырып алуу" деген сөздөр алып салынсын.
10-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |