Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 10-майы № 78
Лотереялар жөнүндө
(КР 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2021-жылдын 29-июлундагы № 89, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 30-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
1) аффилирленген жак - төмөндө саналган бир же бир нече белгиге ылайык келүүчү жак:
а) кесиптик лотереяны уюштуруучунун жетекчиси, кызматкери, ошондой эле алардын жакын туугандары болуп саналат;
б) уюштуруучулары жана (же) катышуучулары саясий мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар жана алардын жакын туугандары болгон жеткирүүчүлөр (подрядчылар) болуп саналат. Мында ушул белгиге акционердик коомдун 20 пайыздан аз акцияларына ээ болгон акционер кирбейт;
2) утуш - лотереялык билетке туш келген, лотереянын шарттарына ылайык утуп алды деп таанылган лотереянын катышуучусуна акчалай формада төлөнүүчү же анын менчигине натуралай формада өткөрүп берилүүчү байге фондунун бөлүгү. Мында утуштун лотереялык билетке туш келиши кокустук болуп саналат жана аны эч ким атайын жасап коюшу мүмкүн эмес;
3) лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акча - лотереялык билеттерди сатуудан алынган жана иш жүзүндө сатылган лотереялык билеттердин санына жана аларды лотереянын катышуучусу болуп калган адамдарга сатылган наркына жараша лотереянын (лотереялык билеттин) шарттарында көрсөтүлгөн баа боюнча эсептелген акча каражаттарынын жалпы көлөмү;
4) лотереянын кирешеси - лотереянын байге фондунун акчалай эквивалентин, лотереяларды чыгаруу, башкаруу жана сатуу менен байланышкан, ошол пайдага кошулган операциялык жана административдик чыгымдарды алып салгандан кийинки лотерея өткөрүүдөн түшкөн акча;
5) лотерея - ушул Мыйзамга, лотереяны өткөрүү шарттарына ылайык өткөрүлүүчү оюн, анда бир тарап (лотереяны уюштуруучу) байге фондун ойнотууну өткөрөт, ал эми экинчи тарап (лотереянын катышуучусу), эгерде ал лотереяны өткөрүү шарттарына жараша утуп алды деп таанылса, утушка укук алат;
6) лотереялык иш - топтук же массалык оюндарды уюштуруу менен байланышкан иштин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрү, анын жүрүшүндө лотереянын уюштуруучусу лотерея катышуучуларынын - лотерея билеттеринин менчик ээлеринин ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу лотереянын байге фондун ойнотууну жүргүзүүнү камсыз кылат. Мында утуш лотереялык иштин субъектинин эркине жана аракеттерине көз каранды болбойт;
7) лотереялык билет - таркатуу үчүн атайын даярдалган маалыматты алып жүрүүчү (кагаз же электрондук формада) же лотереянын оюн системасы менен белгиленүүчү жана адамдын өткөрүлүп жаткан лотереяга катышууга жана эгерде ушул билетке утуш туш келсе, утушту алууга укугун ырастоочу жекече идентификациялык номер (код);
8) лотереялык жабдуу - тираждык лотереяда оюн өткөрүү үчүн арналган техникалык (механикалык, электрдик, программалык-аппараттык комплексти кошуп алганда, электрондук) түзүлмө;
9) лотереялык терминал - лотереялык билеттерди сатуу жана (же) лотереялык ставкаларды (лотереялык комбинацияны (комбинацияларды) тандоо же болбосо киргизүү) кабыл алуу, ошондой эле лотереяны өткөрүү шарттарында каралган, лотереялык ставканы (ставкаларды) каттоону бышыктоочу документти берүү үчүн арналган жабдуу. Лотереялык терминал төлөнүүчү булактан жекече киреше салыгын кармоону эске алуу менен, утуштарды төлөп берүүнү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн да карай алат;
10) лотереялык комбинация - лотереяны өткөрүү шарттарында каралган символдордун (жазуулардын, сандардын, белгилердин, сүрөттөрдүн) жыйындысы, ал жеңүүчүнү (жеңүүчүлөрдү), утуштун болушун жана өлчөмүн аныктоого мүмкүндүк берет;
11) лотереялык ставка - төлөнгөн лотереялык комбинация;
12) талап кылынбаган байге фонду - лотереяны өткөрүү шарттарында белгиленген мөөнөттө талап кылынбаган акчалай жана (же) мүлктүк утуштар;
13) лотереяны уюштуруучу - лотереялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар. Лотереяны уюштуруучулар төмөнкүлөргө бөлүнөт:
а) кызыктыруучу лотереяны уюштуруучу - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдар, ошондой эле мамлекеттик эмес чарбакер субъекттер;
б) мамлекеттик лотереяны уюштуруучу - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдар;
в) кесиптик лотереяны уюштуруучу - кесиптик лотереяны өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген юридикалык жак;
14) лотереянын байге фонду - лотереяны өткөрүү шарттарында билдирилген жана утуштарды төлөө (өткөрүп берүү, берүү) үчүн арналган акчалай формада туюндурулган каражаттардын, мүлктүн же кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйындысы, ал сатылган лотерея билеттери үчүн алынган акынын эсебинен же болбосо лотереяны уюштуруучунун өздүк каражаттарынын эсебинен түзүлөт;
15) лотереяны өткөрүү - лотереялык билеттерди (лотереяга катышуу укугун бышыктоочу документтерди) жеткирүүчү, лотереялык жана лотереяны өткөрүү үчүн зарыл болгон жабдууларды, программалык продуктуларды жана (же) лотереяларды өткөрүү үчүн зарыл болгон келишимдерди, ошондой эле жеткирүүчү менен лотереялык билеттерди таратуу жана эсепке алуу боюнча келишимдерди түзүүнү, (лотереяга катышуу укугун бышыктоочу документтерди), байге фондун ойнотууну, уткан лотереялык билеттерди экспертизалоону (лотереяга катышуу укугун бышыктоочу документтерди), лотереянын катышуучуларына утуштарды төлөп берүүнү, өткөрүп берүүнү же берүүнү, ошондой эле лотереяны өткөрүү үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жана иш-чараларды өткөрүүнү өзүнө камтыган иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
16) лотереянын байге фондун ойнотуу - анын жүрүшүндө (лотереялык жабдууларды пайдалануу менен же андайы жок) лотереядан утуп алган катышуучулар жана бул катышуучуларга төлөп берилүүчү, өткөрүп берилүүчү же берилүүчү утуштар аныкталуучу жол-жобо;
17) лотереянын катышуучусу - он сегиз жашка чыккан, байге фондун ойнотууга катышууга укук берүүчү лотереялык билеттин ээси болгон жеке адам;
18) ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, Кыргыз Республикасында лотереялык ишти жөнгө салуучу мамлекеттик орган;
19) максаттуу чегерүүлөр фонду - кесиптик лотереяны уюштуруучулар тарабынан түзүлүүчү, лотереяларды өткөрүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттарынын жыйындысы;
20) лотереялык маалыматтарды иштеп чыгуу борбору - байланыш тармактарына туташтырылган жана сатылган лотереялык билеттерден түшкөн акча, кабыл алынган лотереялык ставкалар жана төлөнгөн, накталай өткөрүп берилген же берилген утуштар жөнүндө маалыматтарды алуу, сактоо жана эсепке алуу үчүн арналган аппараттык-программалык комплекс;
21) максаттуу чегерүүлөр - лотереяларды өткөрүүдөн түшкөн акчанын ушул Мыйзамда каралган максаттарга жана тартипте жумшалуучу бөлүгү;
22) лотереянын оператору - лотерея өткөрүүгө жана коштоого лотереяны уюштуруучу менен келишим түзгөн юридикалык жак. Мында лотереянын оператору Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жакты түзүшү керек.
(КР 2021-жылдын 29-июлундагы № 89 , 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
2-берене. Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам лотереяларды уюштурууда жана өткөрүүдө келип чыгуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуунун, лотереяларды жөнгө салуунун жана сатуунун укуктук негизин аныктайт жана лотереялык иштин мыкты өнүгүшү жана лотереялык иштен түшкөн кирешелерди ачык-айкын пайдалануу жолу менен коомдук бакубаттуулукту жогорулатуу үчүн негиз түзөт, ошондой эле лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышуучу адамдардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
3-берене. Лотереялар жөнүндө мыйзамдар
1. Лотереялар жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамды аткаруу үчүн кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Лотереяны уюштуруучунун террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү бөлүгүндөгү иши террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Лотереялардын типтери жана түрлөрү
1. Лотереялар Кыргыз Республикасынын аймагында лотереялардын төмөнкү типтерине бөлүнөт:
ойнотуу ыкмасы боюнча:
1) көз ирмемдик лотерея - лотереянын катышуучусу лотереялык билетти сатып алгандан кийин лотереялык билеттин утуштуу болуп саналарын же утуштуу эмесин түздөн-түз аныктоого мүмкүн болгон лотерея;
2) тираждык лотерея - белгилүү бир датага карата өзүнчө тираждар менен өткөрүлүүчү лотерея (лотереялык билеттердин партиясын таратууну, лотереянын байге фондунун бир бөлүгүн ойнотууну жана утуштардын бөлүгүн төлөөнү, өткөрүп берүүнү жана берүүнү билдирет), аларды өткөрүүдө лотереянын катышуучусу анын лотереялык билетинин утуштуу болуп саналарын же утуштуу эмесин тиешелүү тиражды ойнотуу өткөрүлгөндөн кийин гана аныктай алат;
өткөрүү формасы боюнча:
1) кагаз лотерея - билеттер кагаз же башка зат формасында чыгарылуучу лотерея;
2) электрондук лотерея - лотереялык билеттерди жана башка маалыматтарды белгилөө, эсепке алуу, ошондой эле лотереялык билеттерди ойнотуу маалыматты өзүнүн эс тутумунда сактоочу же аны лотереялык маалыматтарды иштеп чыгуучу борборго каттоо үчүн берүүчү электрондук түзүлмөлөрдүн жардамы менен жүргүзүлө турган лотерея.
2. Лотереялардын типтери лотереяны уюштуруучунун алдындагы максаттарына жараша төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) мамлекеттик лотерея - мамлекеттик органдар уюштуруучу болуп чыккан лотерея;
2) кесиптик лотерея - пайда алуу максатында кесиптик лотереяны уюштуруучу тарабынан өткөрүлүүчү лотерея;
3) кызыктыруучу лотерея - жарнамалык максатта же товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга кызыктыруу максатында кызыктыруучу лотереяны уюштуруучу тарабынан өткөрүлүүчү лотерея. Мында катышуу атайын билетти сатып алууну же болбосо кошумча акы төлөөнү талап кылбайт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамга ылайык каралбаган лотереянын башка түрлөрүн өткөрүүгө тыюу салынат.
(КР 2021-жылдын 29-июлундагы № 89 , 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
5-берене. Мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереялар
1. Мамлекеттик лотереялар республикалык бюджеттин кирешелерин толуктоо максатында өткөрүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдар ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган пландарга, ченемдерге жана мөөнөттөргө ылайык мамлекеттик лотереяларды өткөрүүнү жүзөгө ашырат.
3. Ыйгарым укуктуу органдан уруксат алгандан кийин гана мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяларды өткөрүүгө жол берилет.
4. Милдеттүү төлөмдөрдү кошпогондо, мамлекеттик лотереяларды өткөрүүдөн түшкөн бардык каражаттар мамлекеттин менчиги болуп саналат жана республикалык бюджетке түшөт же максаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген программаларга жумшалат.
5. Кызыктыруучу лотереяга катышуу кандайдыр бир товарды же кызмат көрсөтүүнү сатып алуу менен байланыштуу. Лотереянын катышуучусу тарабынан мындай лотереянын эрежелеринде жазылган шарттардын аткарылышы же товарда ойнолуучу маалыматтардын (анын ичинде газетада, журналда, коштоочу документтерде, атайын кошумча баракчаларда, квитанцияларда жана д.у.с.) болушу лотереяны уюштуруучу менен мындай товарды же кызмат көрсөтүүнү сатып алган же алган кардардын ортосунда жарыяланган байгелерди ойнотууга катышуу боюнча укуктук мамилелердин келип чыгышы үчүн негиз болуп саналат.
6. Жалпы кабыл алынган лотереялык билеттерге же тираждык жана көз ирмемдик (тиражсыз) лотереялардын ойнолуучу купондоруна окшош ойнолуучу маалыматтарды алып жүрүүчүлөр сыяктуу ар кандай түрдөгү кирүү билеттери, квитанциялар, айрып алынуучу купондор, кошумча баракчалар, коштолуучу документтердин нускалары, таңгак, таңгактагы же буюмдагы маркировка жана д.у.с. да кызыктыруучу лотерея билеттери болуп саналышы мүмкүн.
Кызыктыруучу лотереяга катышуу үчүн акы өзүнчө алынбайт жана сатылуучу товарды же кызмат көрсөтүүнү сатып алуу түрүндө (формасында) көрүнөт.
7. Товардын нускаларында (анын ичинде газетада, журналда, кызмат көрсөтүү үчүн берилген квитанцияда жана д.у.с.) лотереяны өткөрүү шарттарына ылайык келген ойнолуучу маалыматтардын болушу аларды шарттуу лотереялык билеттер катары кароо үчүн негиз болуп саналат.
8. Эгерде өткөрүлүүчү маркетингдик, жарнамалык же башка иш-чарада ыйгарым укуктуу орган кызыктыруучу лотереяны өткөрүүнүн белгилерин тапса, анда көрсөтүлгөн иш-чаранын лотереялык элементтеринин жыйындысы аны уюштуруучулардын бул маселе боюнча ээлеген позициясына карабастан, кызыктыруучу лотерея деп таанылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери тарабынан өндүрүлгөн (берилүүчү) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга, аларда кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү шарттарына ылайык келген маалымат бар болсо, төмөнкүдөй шартта жол берилет:
- ыйгарым укуктуу органда кызыктыруучу лотереяны өткөрүүгө уруксат алынганда;
- кызыктыруучу лотереяны уюштуруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ойнотуу жүзөгө ашырылуучу кызыктыруучу байге фондунун алдын ала түзүлгөн үлүшү (квотасы) аныкталганда.
9. Мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереялардын байге фонду мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяларды уюштуруучулардын жеке каражаттарынан түзүлөт.
10. Алкоголдук продукцияларды жана тамеки заттарын сатуу, жайылтуу, жарнамалоо максатында кызыктыруучу лотереяларды уюштурууга тыюу салынат.
11. Электрдик байланыш операторлору өздөрүнүн байланыш боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн сатууга (өткөрүүгө) түрткү берүү жана/же аларды рынокто илгерилетүү максатында персонификацияланган абоненттердин арасында кызыктыруучу лотереяларды өткөргөн учурларды кошпогондо, уюлдук (мобилдик) байланыш тарамдарында лотерея өткөрүүгө тыюу салынат.
(КР 2021-жылдын 29-июлундагы № 89 , 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
6-берене. Лотереялык иш чөйрөсүндөгү негизги принциптер
1. Лотереялык иш жаатындагы негизги принциптер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) лотереянын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
2) лотереянын катышуучуларына лотереяда утушка болгон бирдей мүмкүнчүлүктү берүүчү бирдей шарттарды камсыз кылуу;
3) тийиштүү лотереяны өткөрүү шарттарын жана тираждык лотереялардын байге фондунун утуштарынын натыйжаларын милдеттүү жарыялоону болжолдогон ачык-айкындыкты камсыз кылуу;
4) лотереяны уюштуруучунун өз ишин жүзөгө ашыруунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу.
2. Ушул Мыйзамда каралбаган жактарга лотереяны өткөрүүгө тыюу салынат.
3. Лотереяга катышуу жөнүндө келишим ыктыярдуу негизде түзүлөт жана лотереяны өткөрүү шарттарына ылайык лотереялык билет берүү, лотереялык ставканы каттоо менен жол-жоболоштурулат.
7-берене. Кесиптик лотереяны уюштуруучу
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен мамлекеттик ишкана формасында түзүлгөн, лотереялык иш чөйрөсүндө иш-милдеттерин жүзөгө ашыруучу юридикалык жак кесиптик лотереяны уюштуруучу болуп саналат.
2. Кесиптик лотереянын уюштуруучусу айына бир жолудан кем эмес отчёт топтоону, түзүүнү жана лотереялык маалыматтарды иштеп чыгуу борборуна жөнөтүүнү камсыз кылууга тийиш.
Кесиптик лотереянын уюштуруучусу лотереялык маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун жайгаштырылышын жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга тийиш.
8-берене. Лотереяны өткөрүүгө карата жалпы талаптар
1. Лотереялык терминалдар кесиптик лотереяны уюштуруучуга менчик укугунда таандык болууга тийиш.
2. Кесиптик лотереяны өткөрүү үчүн пайдаланылуучу лотереялык маалыматтарды иштеп чыгуу борбору Кыргыз Республикасынын аймагында болууга тийиш.
Лотереялык маалыматтарды иштеп чыгуу борбору маалыматтарды жоголуудан, уурдалуудан, бурмалоодон, жасалмалоодон, аны жок кылуу, модификациялоо, көчүрмөлөө боюнча санкциясыз иш-аракеттерден коргоону камсыз кылууга тийиш.
3. Ушул Мыйзамга ылайык уруксат берүүчү документтерсиз Кыргыз Республикасынын аймагында кесиптик лотереяларды уюштурууга жана мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяларды өткөрүүгө тыюу салынат.
4. (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Лотерея шарттары төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) лотереянын аталышын;
2) лотереянын көрүнүшүн сыпаттоону;
3) лотереяны уюштуруучунун турган ордун көрсөтүү менен анын аталышын, банктык реквизиттерин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин;
4) лотереяга катышуу эрежелери жана байге фондундагы оюндардын натыйжалары жөнүндө лотереянын катышуучуларына маалымат берүү тартибин;
5) лотереяны өткөрүү мөөнөттөрүн;
6) лотереяга катышуу эрежелерин;
7) лотереялык билеттердин баасын (ставкаларын);
8) лотереялык билеттерди таратуу тартибин (лотереяга катышуу укугун бышыктаган документтерди), лотереялык ставкаларды кабыл алууну;
9) байге фондун түзүү тартибин, анын түзүмүн жана көлөмүн;
10) байге фондун утуштар боюнча бөлүштүрүүнү;
11) ойнотууларды өткөрүү тартибин;
12) утуштарды алуу тартибин.
6. Бизнес-план төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) сыпаттама бөлүктү - рыноктун абалын, маркетингдик изилдөөлөрдүн натыйжаларын, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана тенденцияларды, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн негизди;
2) эсептик бөлүктү - инвестициялык жана кредиттик пландарды, пайда-чыгымдардын эсебин, финансылык көрсөткүчтөрдү, салыктарды төлөөнү.
7. Лотереялык билетте төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) лотереянын аталышы жана түрү;
2) логотип;
3) лотереяны уюштуруучунун почта (юридикалык) дареги;
4) лотереяны уюштуруучунун телефон номерлери, электрондук дареги жана интернет-сайтынын дареги;
5) ойнотууну өткөрүү шарттары;
6) тираждын (ойнотуунун) номери, өткөрүүнүн датасы жана убактысы;
7) билеттин баасы.
8. Кагаз лотерея билеттеринде кеминде коргоонун алтыдан кем эмес даражасы болушу керек, алардын тизмеги колдонулуучу технологияларга жараша өзгөрүлүшү мүмкүн.
Электрондук лотерея билеттери аппараттык-программалык каражаттар менен талаптагыдай түрдө корголууга тийиш.
9. Электрондук лотереяны өткөрүүдө лотереянын катышуучусу ушул берененин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар менен талаптагыдай түрдө таанышып чыгууга тийиш.
(КР 2021-жылдын 29-июлундагы № 89 , 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
9-берене. Шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү мезгилинде лотереяларды өткөрүүгө чектөөлөр
Шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү мезгилинде байгелерди утуу же байгелерди ойнотууга катышуу добуш берүүнүн жыйынтыктарына, шайлоонун, референдумдун натыйжаларына жараша же болбосо шайлоолорго, референдумдарга байланыштуу болуучу лотереяларды өткөрүүгө жол берилбейт.
10-берене. Лотереялык ишти жүзөгө ашыруу шарттарынын сакталышын контролдоо
1. Мамлекеттик лотереяларды кошпогондо, лотереяны уюштуруучунун лотереялык ишти жүзөгө ашыруу шарттарын сактоосун контролдоо ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. Лотереяны уюштуруучу анын ишине ыйгарым укуктуу орган текшерүү жүргүзгөндө, талап кылынган бардык зарыл документтерди көрсөтүүгө, ошондой эле өзүнүн иши боюнча суроолорго тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү.
11-берене. Лотереяны жарнамалоо өнөктүгүн өткөрүүгө карата коюлуучу талаптар
1. Лотереяны жарнамалоо өнөктүгү аяктагандан, тыюу салынгандан же токтото турулгандан кийин, тиешелүүлүгүнө жараша токтотулууга же токтото турулууга тийиш.
2. Лотереяны жарнамалоо аны өткөрүү шарттарын бурмалабоого тийиш.
3. Жарнамапоо материалдары мамлекеттик жана расмий тилдерде таратылат.
12-берене. Лотереялык билеттерди сатып өткөрүү
1. Лотереялык билеттерди сатуунун тартиби аларды сатып алуунун ыктыярдуулук принцибине негизделет.
2. Кыргыз Республикасында катталган лотереялык билеттерди сатуунун төмөнкү тартиби белгиленет:
1) адистешкен күркөлөрдүн тутуму аркылуу;
2) жекече таратуучулар аркылуу;
3) лотереялык терминалдар аркылуу;
4) телекоммуникациянын (телефон, интернет) жекече каражаттары аркылуу.
3. Жашы жете элек адамдарга лотереяга катышууга, ошондой эле жашы жете элек адамдардын лотереялык билеттерди сатуусуна тыюу салынат.
13-берене. Байге фондун ойнотуунун тартиби
1. Байге фондун ойнотуунун тартиби уруксат алууда лотереяны уюштуруучу тарабынан бекититүүчү шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Байге фондун ойнотуу боюнча комиссиянын курамына лотереяны уюштуруучунун өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү киргизилет. Байге фондун ойнотуу боюнча комиссия үчтөн кем эмес адамдан турууга тийиш. Байге фондун ойнотуучу комиссиянын курамы лотереяны уюштуруучу тарабынан бекитилет.
3. Байге фондун ойнотуу телекөрсөтүү боюнча же Интернет тарамында алып берилген учурда, лотереяны уюштуруучу ойнотуунун өзүн алып берүүнү утуштарды аныктоо жол-жоболорун көрсөтүү менен камсыз кылат.
4. Байге фондун ойнотуу сатылбай калган лотереялык билеттер ойнотуунун башталышына карата ылгангандан жана аларды ылгоо актысына лотереяны уюштуруучу тарабынан уюштурулган комиссия кол койгондон кийин гана өткөрүлүшү мүмкүн.
Лотереялык билеттерди ылгоо жөнүндө актыга кол коюучу комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын өкүлү кирүүгө тийиш.
5. Байге фондун ойнотуунун натыйжалары боюнча протокол түзүлөт, ага байге фондун ойнотуу боюнча комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат жана бир жумалык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга тапшырылат.
(КР 2021-жылдын 29-июлундагы № 89, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
14-берене. Лотереянын байге фонду
1. Лотереянын шарттарында билдирилген жана лотереянын катышуучуларынын каражаттарынын бөлүштүрүлбөгөн бөлүгү болгон лотереянын байге фонду лотереяны
уюштуруучунун активи болуп саналбайт жана утуп алган катышуучуларга төлөөдөн жана берүүдөн тышкары, алар тарабынан башка эч кандай максаттарга пайдаланылбашы керек.
2. Байге фонду лотереяны уюштуруучунун менчиги болуп саналбайт жана алардын милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу ага карата колдонулбашы керек.
3. Байге фондунун каражаттары уруксат алууда бекитилген конкреттүү лотереянын шарттарында белгиленген эрежелер боюнча ойнотулууга тийиш.
4. Утуштарды төлөөнүн жана берүүнүн мөөнөттөрү лотереяны өткөрүүнүн шарттарына ылайык аяктагандан кийин байге фондунун ойнотулган, бирок алынбай калган бөлүгү лотереяны уюштуруучунун менчиги болуп таанылат.
5. Лотереянын байге фонду ойнотуу башталганга чейин кулактандырылат жана лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчанын 50 пайызынан кем эмес өлчөмүндө белгиленет.
6. Көз ирмемдик лотереянын байге фонду уруксат алганга чейин, байге фондунун жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан кем эмес өлчөмдө түзүлүүгө тийиш, анын түзүлгөнү жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органга документ түрүндө берилиши керек.
7. Тираждык лотереянын байге фонду билдирилген байгелик түзүмгө ылайык, лотереянын тиражын ойнотуу башталганга чейин толук түзүлүүгө тийиш.
(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Утуштарды төлөө, берүү же ыйгаруу тартиби
1. Лотереяны уюштуруучу тарабынан утуштуу билеттин ээсине утушту төлөө, берүү же ыйгаруу ар бир конкреттүү лотереяны өткөрүү шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Утуштуу билеттер лотереяны өткөрүү шарттарында айтылган мөөнөттүн ичинде төлөп берүүгө кабыл алынат. Ушул мөөнөт тираждын же ойнотуунун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кем болбоосу керек.
3. Утуштар лотереяны өткөрүү шарттарына ылайык лотереялык билетти көрсөткөн учурдан тартып он күндөн кечиктирбестен, утуштуу лотереялык билетти көрсөткөндөн кийин бардык учурларда бир жолу төлөнөт, берилет же ыйгарылат.
4. Лотереяны уюштуруучу байге фондун ойнотуунун натыйжалары жана утуштар аныкталган күндөн тартып он күндөн кечиктирбестен байге фондун ойнотуунун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого милдеттүү.
16-берене. Лотереянын катышуучуларынын укуктарынын кепилдиктери
1. Лотереялык билетти сатып алуу жарандык-укуктук милдеттенменин келип чыгышы үчүн негиз болуп кызмат кылат, ага ылайык лотереянын катышуучусу лотереяны уюштуруучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:
1) лотереянын шарттарын жана эрежелерин сактоону;
2) лотереялык билетке түшкөн утушту төлөөнү, берүүнү же ыйгарууну;
3) утуш фактысы жана анын өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоону;
4) лотереянын эрежелерине ылайык лотерея жөнүндө маалымат алууну;
5) утуш жөнүндө маалымдаманы;
6) сотто талаштарды жана дооматтарды кароону.
2. Лотереянын катышуучусу - лотереялык билеттин менчик ээси лотереянын катышуучусунун мүлктүк укугу, лотереяны өткөрүү шарттары жана эрежелери бузулганда, лотереяны уюштуруучунун эсебинен өзүнүн бузулган мүлктүк укуктарын калыбына келтирүү максатында лотереяны уюштуруучуга карата таасир этүү чараларын көрүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кайрылуу укугуна ээ.
17-берене. Лотереялык билеттерди сактоо, жоюу жана утилизациялоо тартиби
1. Лотереяны уюштуруучуда калган лотереялык билеттер, ошондой эле жоюлган утуштуу лотереялык билеттер катуу эсепке алынууга жана күзөт жана өрттөн сактоо каражаттары менен жабдылган кампада сакталууга тийиш.
Электрондук лотерея билеттери жөнүндө, ошондой эле жоюлган утуп алынган электрондук лотерея билеттери жөнүндө лотереяны уюштуруучуда бар болгон маалыматтар сырттан кийлигишүүдөн коргоо каражаттары менен жабдылган аппараттык электрондук түзүлүштөрдө катуу эсепке алынышы жана сакталышы керек.
2. Утуштары төлөнүп берилген бардык билеттер аларга утуштуу электрондук лотерея билеттеринин лотерея уюштуруучу түзгөн реестрин кошуп алганда, лотереяны уюштуруучунун штампын коюу жолу менен жоюлууга жатат.
3. Ар бир тираждык чыгарылышты сатуунун мөөнөттөрү аяктагандан кийин, сатылбай калган бардык лотереялык билеттер лотереяны уюштуруучунун чечими менен түзүлгөн тираждык комиссия тарабынан жок кылынат. Комиссиянын курамына милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү киргизилет.
4. Лотереяны өткөрүү аяктагандан жана анын аяктаганы жөнүндө лотереяны уюштуруучунун жалпыга билдирүүсүнөн кийин, утилизациялоо актысынын тиркемеси болуп саналган реестрлерге ылайык (электрондук лотерея билеттеринин реестрин кошуп алганда) утуштуу лотереялык билеттерди инвентаризациялоо жүргүзүлөт.
5. Утуштуу жана сатылбай калган лотереялык билеттерди утилизациялоо актысы комиссия тарабынан түзүлөт жана кол коюлат.
6. Лотереяны өткөрүүнүн жүрүшүндө утуштары төлөнүп берилген утуштуу билеттерди жана сатылбай калган лотереялык билеттерди утилизациялоо лотереялык билеттерди кийин кайра иштетүү менен майдалоо жолу менен же болбосо өрттөө жолу менен жүзөгө ашырылат.
7. Электрондук лотерея билеттерин сатып өткөрүү, ойнотуу, утилизациялоо тартиби лотереянын уюштуруучусу тарабынан аныкталат.
(КР 2021-жылдын 29-июлундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-берене. Лотерея боюнча отчет берүү тартиби
1. Лотереялар боюнча отчет берүү тартиби, жүргүзүү шарттары жана формалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Мамлекеттик жана кесиптик лотереяларды уюштуруучулар өткөрүүчү лотерея боюнча отчет ыйгарым укуктуу органга ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын онунчу күнүнөн кечиктирбестен берилет.
3. Аяктаган ар бир кызыктыруучу лотерея боюнча отчет ал аяктаган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга берилет.
(КР 2021-жылдын 29-июлундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Максаттуу чегерүүлөр фонду
1. Кесиптик лотереяны уюштуруучу лотереянын байге фондунун акчалай эквивалентин эсептен чыгаргандан кийинки лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчанын 10 пайыздан кем эмес өлчөмүндө Максаттуу чегерүүлөр фондун түзөт.
2. Дене тарбия, спорт, билим берүү, маданият жаатындагы инфратүзүмдү өнүктүрүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн өндүрүш түзүү жана социалдык маанилүү иш-чараларды каржылоо үчүн пайдаланылуучу Максаттуу чегерүүлөр фондунун каражаттарын жиберүү (каржылоо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Кесиптик лотереяны уюштуруучу жылына бир жолудан кем эмес Максаттуу чегерүүлөр фондуна максаттуу чегерүүлөрдү жиберет.
4. Максаттуу чегерүүлөр фондун учурдагы администрациялоону жана анын иштерин жүргүзүүнү кесиптик лотереяны уюштуруучу жүзөгө ашырат.
5. Кесиптик лотереяны уюштуруучу Максаттуу чегерүүлөр фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетту жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында, лотереянын ойнотулушун көрсөткөн телеканалда жарыялап турууга милдеттүү.
20-берене. Ушул Мыйзамды бузганы үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен кесиптик лотереяларды уюштуруу жана мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү лотереяларды уюштуруучулардан лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчанын бүткүл суммасын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды жана балдар үйлөрүндөгү жана интернаттардагы жетим балдарды багууга жиберүү менен, республикалык бюджетке алып коюуга, бул лотереяны сатуудан алып салууга, кийин жок кылууга жана лотереяны уюштуруучуларды, анын ичинде алардын кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга алып келет.
2. Лотереянын катышуучулары менен уюштуруучусунун ортосунда келип чыккан бардык талаштар административдик иштин негиздери жана административдик жолжоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык каралат.
(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 19-майында № 62 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 146 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 368-ст.);
2) "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № 187 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 944-ст.);
3) "Айрым мыйзам актыларына лицензиялоону жүзөгө ашыруу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 3, 176-ст.).
4. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин лотереялык ишти жүзөгө ашырууга берилген лицензиялар ушул Мыйзам колдонууга киргизилген учурдан тартып өз колдонуусун токтотот.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |