Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 26-марты № 29
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21-берененин биринчи абзацында "анын 20 пайызы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине чегерилет" деген сөздөр "анын 20 пайызы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине, 10 пайызы - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине чегерилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 32-берененин 4-пунктунун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Анын ичинен 20 пайызы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине, 10 пайызы - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине чегерилет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |