Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 2-апрели № 33
"Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 31-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 1-беренеде:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) баалоочу (көз карандысыз эксперт) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган менен келишимдин негизинде баалоо ишин жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;";
б) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"түшүмдөн түшө турган болжолдуу киреше - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык комиссия аныктаган киреше;";
в) 9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 14-пункттагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-беренеси менен толукталсын:
"1-1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрүн белгилейт жана аны жүргүзүүнүн укуктук, финансылык жана уюштуруучулук негиздерин жөнгө салат.";
4) 2-берененин 1-пунктунда "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан" деген сөздөр "камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 5-берененин 7 жана 8-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) жагымсыз табигый кубулуштарды аныктоонун критерийлерин жана мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле жагымсыз табигый кубулуштун болуп өткөн фактысын ырастаган маалымкаттын типтүү формасын бекитет;
8) жагымсыз табигый кубулуштун таасиринен жабыр тарткан себүү аянтынын өлчөмүн аныктоо боюнча комиссияларды түзүү жана алардын иштерин уюштуруу тартибин, жагымсыз табигый кубулуштун фактысы боюнча текшерүү актыларынын формасын бекитет.";
6) 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну уюштуруу
1. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясын камсыздандыруу мамлекеттин катышуусу менен ыктыярдуу болуп саналат. Эгерде айылдык товар өндүрүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн башка түрлөрүн камсыздандырууга ниеттенсе, анда ал камсыздандыруучу менен өз ара мамилени камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу.
2. Камсыздандыруучу уюмдар өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагында камсыздандыруу келишимин ушул Мыйзамга ылайык түзөт.";
7) 7-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 11-берененин 2-пунктунда:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жагымсыз табигый кубулуштан жабырланган аянттардын өлчөмдөрү камсыздалуучунун арызы алынган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде жагымсыз табигый кубулуштан жабырланган аянттардын өлчөмдөрүн аныктоо боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Ушул комиссия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 12-берененин 2-пунктунда:
төртүнчү жана бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жагымсыз табигый кубулуштар фактысын ырастаган маалымкат;
- жагымсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттарды белгилөө боюнча комиссияны түзүү жөнүндө арызды кабыл алуу жөнүндө белгиси менен камсыздалуучунун арызынын көчүрмөсү;";
10) 13-беренеде:
а) 1-пункттун үчүнчү абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандыруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пункттун бешинчи абзацында "жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөр алып салынсын;
11) 14-беренеде:
а) 1-пунктта "өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-пунктта:
- биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул каражаттардын эсебинен агенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө жүргүзүлөт.";
- экинчи абзацта "өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен агенттин ортосунда түзүлгөн" деген сөздөр алып салынсын;
в) 3-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Агентке келишимдин негизинде берилүүчү каражаттарды башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн казыначылык системасында белгиленген тартипте учурдагы эсеп ачылат.";
- экинчи-бешинчи абзацтарда "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндеги" деген сөздөр алып салынсын;
12) 17-беренеде:
а) 2-пунктта:
- бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- он биринчи абзацта "камсыздалуучунун арызы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн" деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
13) 18-беренеде:
а) 2-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- себүү аянттарына табигый кубулуштун терс таасири аныкталгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде мындай кырсыктын фактысын ырастоочу маалымкаттары болгондо жагымсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттарды аныктоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө арыз берүүгө;";
б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 19-беренеде:
а) 2-пункттун үчүнчү абзацында "камсыздалуучунун арызы боюнча", "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Агенттин ишине контролду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу органдар жүзөгө ашырат.";
15) 20-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 22-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-берене. Талаш-тартыштарды кароо тартиби
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу боюнча мамилелерден келип чыгуучу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.";
17) 23-беренеде "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик" деген сөздөр "администрациялык жана жазык жоопкерчилигин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |