Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 26-январы № 31
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33, 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1) Агент - өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттарды башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган, мамлекеттин жүз пайыздагы катышуусундагы юридикалык жак;
2) баалоочу (көз карандысыз эксперт) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган менен келишимдин негизинде баалоо ишин жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;
3) эгилген жердин толук зыянга учурашы - жагымсыз табигый кубулуштардын айдоолорго тийгизген терс таасиринен эгилген өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана оруп-жыйноого кете турган чыгымдын түшүмдөн түшө турган болжолдуу кирешеден ашып кетиши;
4) түшүмдөн түшө турган болжолдуу киреше - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык комиссия аныктаган киреше;
5) жагымсыз табигый кубулуш - эгилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жок болушуна же зыянга учурашына жана өсүмдүк продукцияларынын жок болушуна алып келген табигый кубулуштар (суу ташкыны, мөндүр уруу, нөшөрлөгөн жаан, үшүк, сел);
6) өсүмдүк өстүрүүчүлүк - юридикалык же жеке жак тарабынан өсүмдүк өстүрүүнү өзүнө камтыган айыл чарбасынын негизги тармагынын бири;
7) өсүмдүк өстүрүүдө камсыздандыруу келишими (мындан ары - камсыздандыруу келишими) - ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси аныктаган шарттарда камсыздандыруучу менен камсыздалуучунун ортосунда түзүлгөн келишим;
8) өсүмдүк продукциялары - айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө алынган продукция (кылкандуу дан эгин, дан жүгөрүсү, төө бурчак, кант кызылчасы, пахта, тамеки, мөмө);
9) (КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10) камсыздандыруу учуру - камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу төлөмүн ишке ашыруу учуру;
11) камсыздандыруу наркы - камсыздалуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда түзүлүүчү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн камсыздандырылган мүлктүн наркы;
12) камсыздандыруу төлөмдөрү - камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздалуучу тарабынан камсыздандыруучуга мезгил-мезгили менен төлөнүүчү камсыздандыруу акысы;
13) камсыздандыруу чыгымынын ордун толтуруу - камсыздандыруу учуру келгенде зыянды жабууга камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөп бере турган сумма;
14) камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну жүргүзүү укугуна лицензия алган, камсыздандыруу учуру келгенде келишимде көрсөтүлгөн сумманын чегинде (камсыздандыруу суммасы) камсыздандыруу төлөмүн камсыздалуучуга же келишимдеги бөлөк жактын (пайда алуучунун) пайдасына милдеттүү төлөй турган юридикалык жак;
15) камсыздалуучу - камсыздандыруучу менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жана жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү ишин жүргүзүүчү жак;
16) чыгымдардын нормативи - өндүрүүдө өзүнчө технологиялык процесстер, жумуштун түрлөрү жана чыгымдардын беренелери боюнча өсүмдүк продукцияларын өндүрүүдө бир гектарга сом менен эсептелген чыгымдар;
17) франшиза - аныкталган көлөмдөн ашпаган зыяндын ордун толтуруудан камсыздандыруучуну бошотуу.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрүн белгилейт жана аны жүргүзүүнүн укуктук, финансылык жана уюштуруучулук негиздерин жөнгө салат.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын бөлөк ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Ушул Мыйзамдын күчү айыл чарба багытына кирбеген жерде өстүрүлгөн өсүмдүк продукцияларына жайылтылбайт.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу объектиси
Камсыздандыруу учуру келгенде, ушул Мыйзамга ылайык белгиленген өлчөмдө камсыздалуучунун зыянын айрым же толук ордун толтурууга байланыштуу камсыздалуучунун материалдык-акчалай кызыкчылыгы өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу объектиси болуп эсептелет.
4-берене. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун максаты
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун максаты төмөнкүлөр болуп саналат:
1) табигый кубулуштун залакасынан жабыр тарткан өсүмдүктөрдү камсыздандыруу учурунда ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн көлөмдө жана тартипте камсыздандыруу төлөмүн төлөө аркылуу азык өндүрүүчүлөрдүн материалдык-акчалай кызыкчылыгын коргоону камсыз кылуу;
2) өсүмдүк өстүрүүчүлүктү мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүүнүн эсебинен өндүрүүчүнүн кирешесинин чукул төмөндөшүнө жол бербөө.
5-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциялары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) жыл сайын өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагында мамлекеттик программаны иштеп чыгат жана бекитет анын негизинде камсыздандырууга бюджеттик каражат каралат.
2) төмөнкүдөй келишимдердин типтүү формаларын бекитет:
өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу жөнүндө;
камсыздандыруу взносунун жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ордун айрым толтуруунун тартиби жана шарттары жөнүндө;
3) камсыздандырууга тийиш болгон бир гектар эгилген жерге өсүмдүк продукцияларынын түрлөрүн өндүрүүгө кеткен чыгымдардын нормативин бекитет;
4) Республикалык айыл чарба камсыздандыруу фондусу жөнүндөгү жобону бекитет;
5) өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу тартибин жана агенттин кызматына төлөө өлчөмүн бекитет;
6) өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт;
7) жагымсыз табигый кубулуштарды аныктоонун критерийлерин жана мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле жагымсыз табигый кубулуштун болуп өткөн фактысын ырастаган маалымкаттын типтүү формасын бекитет;
8) жагымсыз табигый кубулуштун таасиринен жабыр тарткан себүү аянтынын өлчөмүн аныктоо боюнча комиссияларды түзүү жана алардын иштерин уюштуруу тартибин, жагымсыз табигый кубулуштун фактысы боюнча текшерүү актыларынын формасын бекитет.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну уюштуруу
1. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясын камсыздандыруу мамлекеттин катышуусу менен ыктыярдуу болуп саналат. Эгерде айылдык товар өндүрүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн башка түрлөрүн камсыздандырууга ниеттенсе, анда ал камсыздандыруучу менен өз ара мамилени камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу.
2. Камсыздандыруучу уюмдар өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагында камсыздандыруу келишимин ушул Мыйзамга ылайык түзөт.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу тармагына мамлекеттик органдардын катышуу тартиби
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктү камсыздандыруудагы камсыздандыруу учурларынын түрлөрү
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу учурларына жагымсыз табигый кубулуштун же алардын бирге болгонунун себебинен өсүмдүк продукцияларынын кыйрашынан же зыянга учурашынан камсыздалуучунун зыян (залал) тартышы кирет.
9-берене. Камсыздандыруу суммасынын өлчөмүн жана чыгымдардын нормативдеринин түрүн аныктоо
1. Камсыздандыруу суммасынын өлчөмү өсүмдүк продукциясынын ар бир түрү боюнча өзүнчө чыгашаларды камсыздалуучу ишке ашыра турган бардык аянтка көбөйтүлгөн бир гектар жерге эсептелген чыгымдын нормативине ылайык ушул Мыйзамда аныкталган камсыздандыруу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлгөн келишимде белгиленет.
2. Камсыздандыруу суммасын эсептөө төмөндөгү түрлөрдүн бири боюнча чыгымдардын нормативинен жүргүзүлөт:
1) илимий негизделген агротехнология;
2) жөнөкөйлөтүлгөн агротехнология;
3) илимий негизделген же жөнөкөйлөтүлгөн агротехнологиянын чыгымдарынын беш түрү боюнча:
күйүүчү-майлоочу материалдар;
үрөн;
минералдык жер семирткичтер;
сырттан келген механизациялаштырылган жумуштун кызмат акысын төлөө;
жалданып иштегендерге эмгек акы.
10-берене. Камсыздандыруу акысынын өлчөмүн аныктоо жана аны төлөөнүн тартиби
1. Өсүмдүк продукцияларынын ар бир түрү боюнча камсыздандыруу акысынын өлчөмү камсыздандыруу келишими менен аныкталат, бирок ушул Мыйзамда белгиленген жана тиешелүү камсыздандыруу суммасына көбөйтүлгөн камсыздандыруу тарифинин өлчөмүнөн көп болбоого тийиш.
Камсыздандыруу төлөмдөрүн мамлекеттик субсидиялоону эсепке алуу менен камсыздандыруу келишиминде белгиленген өсүмдүк продукцияларынын түрү боюнча камсыздандыруу суммасынан пайыз менен эсептелген камсыздандыруу тарифтеринин төмөнкү максималдуу өлчөмдөрү аныкталат:
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аталышы | Камсыздандыруу тарифи, камсыздандыруу суммасынан пайыз менен |
Кылкандуу дан эгин | 2,0 |
Дандык жүгөрү | 1,0 |
Төө буурчак | 1,3 |
Пахта | 0,8 |
Тамеки | 0,5 |
Кант кызылчасы | 1,0 |
2. Айыл чарба өсүмдүктөрүн камсыздандырганда айылдык товар өндүрүүчүлөр өздүк каражаттарынын эсебинен камсыздандыруу акысынын элүү пайызын төлөйт, калган элүү пайызын - республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төлөнөт. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу акысы камсыздандырылган өсүмдүк продукцияларынын түрүнүн чыгымына (өздүк наркына) киргизилет.
3. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу акысын камсыздалуучу камсыздандыруучуга бир жолу же камсыздандыруу келишими менен аныкталган тартипте жана мөөнөттө узартып төлөйт.
Бир жолу төлөө шартында түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздалуучу камсыздандыруу акысын убагында төлөбөгөн учурда камсыздандыруу келишими түзүлбөгөн болуп саналат.
Камсыздандыруу келишиминде узартып төлөө шарттарында белгиленген кезектеги суммасын камсыздандыруу акысын убагында төлөбөсө камсыздандыруучу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде көрсөтүлгөн тартипте жана өлчөмдө камсыздалуучу үстөк айып төлөөгө милдеттүү.
Эгерде камсыздандыруу учуру кезектеги камсыздандыруу акысын төлөй электе келсе же төлөө мөөнөтүнөн өтүп кетсе, камсыздандыруучу төлөбөй калган камсыздандыруу акысынын суммасына чегерип, аны азайтып коюга акылуу.
11-берене. Камсыздандыруу төлөм ченемин жана аны ишке ашыруу тартибин аныктоо
1. Камсыздандыруу төлөмү франшизди колдонбостон камсыздалуучу тарткан зыяндын өлчөмүндө берилет.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууда (шарттуу же шартсыз) франшизди белгилөөгө камсыздалуучуга жол берилбейт, аны белгилеген учурда ал жараксыз деп эсептелет.
2. Зыяндын өлчөмү камсыздандыруу келишими түзүлүп жаткан мезгилинде аныкталган өсүмдүк продукциясынын түрүн өндүрүү бир гектарга кеткен чыгымдын нормативинин өлчөмү менен жагымсыз табигый кубулуштун таасирине дуушар болгон өсүмдүк продукциясын өндүргөн бир гектардан алына турган кирешенин ортосундагы оң айырма катары аныкталат.
Жагымсыз табигый кубулуштан жабырланган аянттардын өлчөмдөрү камсыздалуучунун арызы алынган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде жагымсыз табигый кубулуштан жабырланган аянттардын өлчөмдөрүн аныктоо боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Ушул комиссия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(Үчүнчү абзац КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Текшерүүнүн натыйжалары боюнча комиссия текшерүү жүргөн күнү ыңгайсыз табигый кубулуштардын же алардын жыйындысынын ар бир фактысы жана ыңгайсыз табигый кубулуштардын терс таасирине чалдыккан же коромжулукка, зыянга дуушар болгон өсүмдүк продукцияларынын түрү боюнча 3 нускада тиешелүү акты түзөт (мындан ары - текшерүү актысы) Текшерүү актысына комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюп, андан соң агенттин, камсыздандыруучунун жана камсыздалуучунун өкүлдөрүнө берилет. Эгерде комиссия мүчөлөрүнүн бири кабыл алынган чечимге макул болбосо жана текшерүү актысына кол койбосо ал өзүнүн баш тартуу себептерин жазуу жүзүндө комиссияга берет жана ал текшерүү актысына тиркелет.
Ыңгайсыз табигый кубулуштардын терс таасирине чалдыккан, себүү аянттарынын айрым бөлүгү зыянга учураган аянттардан жыйналып алынган продукциянын көлөмү түшүм жыйноодо сөзсүз түрдө бааланууга тийиш. Себүү аянттары толук зыянга учураганда тарткан зыян өсүмдүк өстүрүүчүдө камсыздандыруу келишимин түзгөн учурга белгиленген өсүмдүк продукцияларынын түрүн бир гектарга өндүрүү чыгымдарынын ыңгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан продукциянын ошол түрү өндүрүлгөн аянтка көбөйтүлгөн чыгымдарынын нормативинин өлчөмү катары аныкталат.
3. Киреше ыңгайсыз табигый кубулуштун таасирине чалдыккан өсүмдүк продукцияларынын түрүнүн бардык көлөмүн саткандан кийин эсептелүүчү иш жүзүндөгү болушу мүмкүн.
4. Киреше түшүмдү жыйнап алгандан кийин эсептелүүчү жана ыңгайсыз табигый кубулуштун таасирине чалдыккан өсүмдүк продукцияларынын түрүнүн бардык көлөмүн сатканга чейин бааланышы мүмкүн.
Камсыздалуучунун же анын өкүлүнүн арызы боюнча баалануучу кирешени камсыздандыруучу аныктайт. Макул болбогон учурда баалануучу киреше баалоочу (көз карандысыз эксперт) тарабынан аныкталат. Баалоонун натыйжаларына макул болбогондо тараптар башкача далилдөөгө укуктуу.
Себүү аянттары толук зыянга учураганда баалоо кирешесин аныктоо камсыздалуучу тарабынан жүргүзүлбөйт.
5. Өсүмдүк продукцияларынын түшүмү жарым-жартылай коромжулукка учураса камсыздандыруу төлөмү бир айдан кийин, бирок түшүм жыйноо бүткөн күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
Мында киреше төмөнкүдөй тартипте эсептелет:
1) эгерде алынган түшүм сатылса, ушул берененин 3-пунктуна ылайык;
2) эгерде алынган түшүм сатылбаса, ушул берененин 4-пунктуна ылайык;
3) эгерде алынган түшүмдүн айрым бөлүгү сатылса, ушул берененин 3-пунктуна ылайык, ал эми түшүмдүн сатылбаган бөлүгүнө киреше ушул берененин 4-пунктуна ылайык эсептелет.
6. Себилген үрөн толук зыянга учураса камсыздандыруучу комиссиянын корутундусунан кийин он жумушчу күнүнүн ичинде камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмдөрүн толук көлөмүндө төлөп берүүгө милдеттүү.
Себүү аянты толук зыянга учураганын комиссия тиешелүү текшерүү актысын милдеттүү түрдө түзүү менен белгилейт.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруунун жалпы шарттары
1. Камсыздандыруучуга камсыздандыруу төлөмү жөнүндө талап камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн зарыл документтерди тиркөө менен камсыздалуучу тарабынан жазуу жүзүндө берилет.
2. Камсыздандыруу төлөмү жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
- талаанын жайгашуу картасынын (схемасынын) көчүрмөсү;
- жагымсыз табигый кубулуштар фактысын ырастаган маалымкат;
- жагымсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттарды белгилөө боюнча комиссияны түзүү жөнүндө арызды кабыл алуу жөнүндө белгиси менен камсыздалуучунун арызынын көчүрмөсү;
- тизмеси камсыздандыруу келишиминде белгилене турган иш жүзүндө алынган кирешени далилдеген документтер, алар жок болсо - себүү аянтынын айрым зыянга учурашы менен алынган кирешени баалоо жөнүндө баалоочунун (көз карандысыз эксперттин) отчету.
Камсыздалуучудан башка документтерди камсыздандыруучунун кошумча талап кылышына жол берилбейт.
3. Документтерди кабыл алган камсыздандыруучу камсыздалуучуга документтердин толук тизмесин жана аларды кабыл алган күндү көрсөтүү менен маалымкат берүүгө милдеттүү.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруудан камсыздандыруучуну бошотуунун негиздери
1. Камсыздандыруучу эгерде камсыздандыруу учуру төмөнкүлөрдөн улам болсо, камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмүнөн толук же айрым баш тартууга укуктуу:
- өтө зарылдыктан улам жасалган иш-аракеттерди кошпогондо камсыздандыруу учурунун келип чыгышына багытталса же болбосо ал учурдун келишине көмөктөшүүчү камсыздалуучунун атайылап жасаган иш-аракетинен;
- Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандыруу учуруна байланыштуу атайылап кылмыш жасаган же укук бузуу деп табылган камсыздалуучунун иш аракетинен.
2. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашырууда камсыздандыруучунун баш тартышы үчүн төмөнкүлөр да негиз болушу мүмкүн:
- камсыздандыруу объекти камсыздандыруу тобокелдиги камсыздандыруу учуру жана анын кесепеттери жөнүндө камсыздандыруучуга камсыздалуучунун атайын жалган маалыматтарды билдириши;
- камсыздандыруу учуру келген жагдайларды териштирүүдө жана ага келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоодо камсыздандыруучуга камсыздалуучунун жолтоо кылышы;
- камсыздандыруу учурунун келгендиги тууралуу камсыздандыруучуга кабар кылбоо, эгерде камсыздандыруучу камсыздандыруу учурунун келгендиги жөнүндө камсыздандыруучунун өз убагында билгени далилденбесе же болбосо камсыздандыруучуда бул тууралуу маалыматтын жоктугу камсыздандыруу төлөмүн ишке ашыруу боюнча анын милдетине таасир этпесе;
- ыңгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттардын өлчөмүн аныктоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө арыздар ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 2-пунктунун алтынчы абзацында белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен берилсе;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган башка учурлар.
3. Камсыздандыруу төлөмүнөн баш тартуу жөнүндө чечимди камсыздандыруучу кабыл алат жана ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 2-пунктунда каралган бардык документтерди берген күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде баш тартуу себептерин негиздөө менен камсыздалуучуга жазуу жүзүндө билдирилет.
4. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартышы камсыздалуучу тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33, 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-берене. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну мамлекеттик колдоо
1. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну мамлекеттик колдоо ыңгайсыз табигый кубулуштардын кесепетинен келип чыккан камсыздандыруучулар боюнча камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн элүү пайызынын ордун толтуруу, ошондой эле камсыздандыруучуга түзүлгөн келишим боюнча камсыздандыруу акысынын элүү пайызын төлөө үчүн тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда аныкталган бюджеттик каражаттарды бөлүү аркылуу ишке ашырылат.
2. Республикалык айыл чарбалык камсыздандыруу фонду айыл чарба өсүмдүктөрүн камсыздандыруу келишими боюнча түшкөн камсыздандыруу акыларынын жалпы суммасынын элүү пайыз өлчөмүндө камсыздалуучулардын чегерүүлөрүнүн эсебинен түзүлөт. Бул каражаттардын эсебинен агенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө жүргүзүлөт.
Агенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө каралган каражат түзүлгөн келишимге ылайык коммерциялык банктагы агенттин учурдагы эсебине которулушу мүмкүн.
3. Агентке келишимдин негизинде берилүүчү каражаттарды башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн казыначылык системасында белгиленген тартипте учурдагы эсеп ачылат.
Убактылуу бош каражаттар Казыначылык системасындагы учурдагы эсептен Борбордук казыначылыктын макулдугу менен республиканын банк мекемелериндеги депозиттерде белгиленген тартипте жайгаштырылышы мүмкүн.
Казыначылык системасындагы учурдагы эсептин киреше бөлүгү келишимдин негизинде өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген бюджеттик каражаттардын жана убактылуу бош каражаттарды депозиттерге жайгаштыруудан түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт.
Казыначылык системасындагы учурдагы эсептин чыгаша бөлүгү депозиттерде жайгаштыруу суммасын, камсыздандыруучуга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн жана түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтурууга чыгымдарды камтыйт.
Казыначылык системасындагы учурдагы эсепте финансылык жылдын аягындагы каражаттардын калдыгы Борбордук казыначылыктын алыш-бериш эсебинде эске алынат жана финансылык жыл аяктаганда бюджетке кайтарылууга тийиш.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруу жөнүндө талап коюунун тартиби
1. Агентке карата камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруу жөнүндө талап камсыздандыруу акысын төлөө үчүн зарыл документтерди тиркөө менен камсыздандыруучу тарабынан жазуу жүзүндө арыз берилет.
2. Камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруу жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишиминин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- камсыздалуучу тарабынан камсыздандыруу акысынын жарымын төлөгөндүгүн ырастоочу документтер (төлөм тапшырмасы түп нускасы камсыздандыруучудан камсыздандыруу акысынын жарымын алгандыгы жөнүндө камсыздалуучунун күбөлөндүргөн мөөрү менен кириш ордеринин дубликаты).
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга дал келбегендиги аныкталса, кемчиликтерди четтетүү үчүн документтер камсыздандыруучуга кайтарылып берилет. Мында ордун толтуруу мөөнөтү документтерди кайра алган күндөн тартып эсептелет, бирок ал он жумушчу күнүнөн ашпашы керек.
3. Агент камсыздандыруучу тарабынан атайылап жалган маалымат берилсе, камсыздандыруу акысынын бөлүгүнүн ордун толтуруудан баш тартууга укуктуу.
4. Камсыздандыруучу берилген маалыматтардын тууралыгы үчүн жооптуу.
16-берене. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун толтуруу жөнүндө талап коюунун тартиби
1. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун толтуруу жөнүндө агентке камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн зарыл документтерди тиркөө менен камсыздандыруучу тарабынан жазуу жүзүндө арыз берүү менен талап коюлат.
2. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун толтуруу жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишиминин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмүн ырастоочу документтер (төлөм тапшырмасы - түп нускасы, камсыздандыруучунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмүн бергендиги жөнүндө чыгаша ордеринин дубликаты);
- соттун чечими боюнча камсыздандыруу төлөмүн жүргүзгөн учурда соттун күчүнө кирген чечиминин көчүрмөсү тиркелет;
- себилген аянттын айрым бөлүгү зыянга учураганда кирешени баалоо жөнүндө документтин камсыздандыруучу күбөлөндүргөн көчүрмөсү.
Ушул берененин 2-пунктунун 1-бөлүгүндө каралган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга дал келбеши аныкталган учурда документтер кемчиликтерди четтетүү үчүн камсыздандыруучуга кайтарылып берилет. Мында жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун камсыздандыруучуга толтуруп берүү мөөнөтү документтерди кайра алган күндөн тартып эсептелет, бирок жети жумушчу күнүнөн ашпоого тийиш.
3. Агент камсыздандыруучу ага атайылап жалган маалыматтарды билдирген жана (же) берген учурда камсыздандыруучуга жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмүнүн бөлүгүнүн ордун толтуруудан баш тартууга укуктуу.
4. Камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн аныктоонун тууралыгы үчүн жооптуу.
17-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- камсыздандыруу учуру келгенде камсыздалуучу жана баалоочу (көз карандысыз эксперт) менен бирдикте ыңгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан өсүмдүк продукцияларынын иш жүзүндөгү жана (же) баалоо кирешесин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүгө;
- камсыздандыруу учуру келишинин фактысын ырастоочу документтерди компетенттүү уюмдардан белгиленген тартипте суроого;
- камсыздандыруу учуру келишинин натыйжасында камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн аныктоо үчүн баалоочуну (көз карандысыз экспертти) ишке тартса, анын отчетун колдонууга;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен агенттен камсыздандыруу төлөмүнүн бөлүгүнүн ордун толтуртууга;
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана аларды агентке киргизүүгө;
- өз алдынча же баалоочуну (көз карандысыз экспертти) тартуу менен баалоо кирешесин аныктоого.
2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- камсыздалуучунун зыян тартышынан улам камсыздандыруу учуру келгенде ушул Мыйзамда жана камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздалуучу өндүргөн өсүмдүк продукциясынын түрү боюнча камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө;
- ыңгайсыз табигый кубулуштардын кесепетинен келип чыккан камсыздандыруу учуру боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун толтуртуп алуу үчүн агент менен камсыздандыруу төлөмдөрүнүн айрым бөлүгүнүн ордун толтуруунун тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө келишим түзүүгө;
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу жүргүзүү боюнча статистика жүргүзүүгө жана топтоого жана агенттин талабы боюнча ага берүүгө;
- (бешинчи абзац КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- камсыздандыруучу менен агенттин ортосунда түзүлгөн типтүү келишимде каралган тартипте камсыздандыруу келишими түзүлгөн айдан кийинки айдын бешинен кечиктирбестен камсыздандыруунун күчүнө кирген келишимдери жөнүндө агентке маалымат берүүгө;
- камсыздалуучуну өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу эрежелери менен тааныштырууга;
- камсыздандыруунун сырын камсыздоого;
- ишке тартылган баалоочунун (көз карандысыз эксперттин) кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө;
- жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнө жана анын өлчөмүнө тиешелүү бардык соттук чечимдер жана/же аныктамалар жөнүндө алар чыккан күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө агентке маалымат берүүгө;
- ыңгайсыз табигый кубулуш келип чыкканда комиссиянын курамында өз өкүлүн ыңгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттарды текшерүү жүргүзүү үчүн жиберүүгө.
3. Камсыздандыруучу айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехнологиясын сактоо боюнча талаптарды коюуга укугу жок.
4. (КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-берене. Камсыздалуучунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздалуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- камсыздандыруу келишиминде белгиленген мөөнөттө камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга;
- камсыздандыруу келишими боюнча камсыздалуучудан камсыздандыруу шарттарын, өзүнүн укуктары менен милдеттерин түшүндүрүүнү талап кылууга;
- келтирилген зыяндар жөнүндө жүргүзүлгөн баалоонун натыйжалары менен таанышууга;
- камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруудан баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздалуучунун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана камсыздандыруу келишиминде каралган тартипте талашууга;
- ыңгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан себүү аянтында өстүрүлгөн өсүмдүк продукциясынын ар бир түрүнөн алынган иш жүзүндөгү же баалоо кирешесине баа берүүнүн натыйжаларына макул болбогон учурда сотко кайрылууга.
- камсыздандыруу келишимин түзгөн учурда камсыздандыруу суммасын эсептөө үчүн ушул Мыйзамдын 9-беренесинде көрсөтүлгөн чыгымдардын нормативдеринин түрлөрүнүн бирин тандоого.
2. Камсыздалуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 3-пунктунда белгиленген мөөнөттө камсыздандыруучу менен камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
- милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу акысын төлөөгө;
- камсыздандыруу учурунун пайда болушуна алып келиши мүмкүн болгон ыңгайсыз табигый кубулуштардын фактысы жөнүндө ага белгилүү болгондо токтоосуз, бирок беш жумушчу күнүнөн кечиктирбестен бул тууралуу камсыздандыруучуга жеткиликтүү ыкмада (оозеки, жазуу түрүндө) кабарлоого. Оозеки түрдө кабарлоо кийин (жетимиш эки сааттын ичинде) жазуу жүзүндө ырасталууга тийиш. Эгерде камсыздалуучу жүйөлүү себептер боюнча көрсөтүлгөн аракеттерди аткарууга мүмкүнчүлүгү болбосо, ал муну документтик түрдө ырастоого тийиш;
- агенттин, камсыздандыруучунун жана баалоочунун (көз карандысыз эксперттин) өкүлдөрүнө ыңгайсыз жаратылыш кубулушу болгон аймакты кароо үчүн шарттарды камсыздоого, жыйым-терим иштери аяктаганга чейин себүү аянтынын абалына байкоо жүргүзүү үчүн аларга тоскоолдук кылбоого;
- себүү аянттарына табигый кубулуштун терс таасири аныкталгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде мындай кырсыктын фактысын ырастоочу маалымкаттары болгондо жагымсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттарды аныктоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө арыз берүүгө;
- айдап-себүүнүн ар бир өзүнчө талаасына өзүнүн материалдык-акчалай кызыкчылыгын камсыздандырууга;
- камсыздандыруу учурларынан зыяндарды азайтууга чараларды көрүүгө;
- камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу үчүн ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 2-пунктунда саналган документтерди камсыздалуучуга берүүгө;
3. (КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Агенттин укуктары жана милдеттери
1. Агент төмөнкүлөргө укуктуу:
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга;
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну жүргүзүү тажрыйбасын жалпылоого;
- өздөрүнүн укуктарын жана ага жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн камсыздандыруунун катышуучуларынан зарыл маалыматты, анын ичинде камсыздандыруунун жашыруун сырын камтуучу маалыматтарды сурап алууга.
2. Агент төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өсүмдүк продукциясынын белгилүү бир түрүн өндүрүүгө чыгымдардын бекитилген нормативдери жөнүндө камсыздандыруучуларга жана камсыздалуучуларга маалымат жеткирүүгө;
- ыңгайсыз табигый кубулуш келип чыкканда ыңгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан өсүмдүк продукциясын өндүрүү аянтынын өлчөмүн аныктоо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамында иш жүргүзүүгө;
- ушул Мыйзам менен белгиленген өлчөмдө ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 2-пунктуна ылайык документтерди алган күндөн тартып жети жумушчу күнүнүн ичинде камсыздандыруучуга жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун толтурууга;
- ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди алган учурдан тартып он жумушчу күнүнүн ичинде камсыздандыруучуга камсыздандыруу акысынын жарымын төлөөгө;
- ыңгайсыз жаратылыш кубулушунун кесепетинен келип чыккан камсыздандыруу учурлары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун толтуруу үчүн келишимдердин бекитилген типтүү формаларынын негизинде камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ордун жарым жартылай толтуруунун тартиби жана шарттары жөнүндө камсыздандыруучу менен келишим түзүүгө;
- түзүлгөн камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу акысынын жарымын төлөө жөнүндө камсыздандыруучу менен келишим түзүүгө.
3. (КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Камсыздандыруучуга акча агент менен келишимдин шарттарын камсыздандыруучу милдеттүү түрдө сактаганда камсыздандыруу төлөмү боюнча камсыздандыруучу өз милдеттерин толук аткаргандан кийин гана ушул берененин 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө бөлүнөт.
5. Агенттин ишине контролду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу органдар жүзөгө ашырат.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Гидрометеорологиялык кызмат органынын жана (же) өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
21-берене. Камсыздандыруу келишими
1. Камсыздандыруу келишимин түзүү өсүмдүк продукцияларын өндүрүүчүлөр (камсыздалуучулар) жана камсыздандыруучулар үчүн ыктыярдуу болуп саналат.
2. Камсыздандыруу келишими календардык жылдын он айлык мөөнөтүнө кеминде эки нускада жазуу жүзүндө түзүлөт.
3. Өсүмдүк продукцияларынын түрлөрү боюнча камсыздандыруу келишимин түзүү мөөнөтү - айдап себүү бүткөндөн кийин он беш календардык күндөн кечиктирбестен.
4. Камсыздандыруу келишими колдонулушун төмөнкү учурларда токтотот:
1) келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
2) келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде орун алган бардык камсыздандыруу учурлары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлгөндө.
5. Камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген учурларда мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.
6. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишими боюнча пайда алуучу камсыздалуучу же пайдасына келишим түзүлгөн башка жак болуп саналат.
22-берене. Талаш-тартыштарды кароо тартиби
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу боюнча мамилелерден келип чыгуучу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-берене. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33, 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
24-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Ушул Мыйзам баалоочуларды (көз карандысыз эксперттерди) лицензиялоого тиешелүү жоболорду кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндө күчүнө кирет, ал жоболор "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү толуктоолор киргизилген учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |