КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 18-апрели № 45
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
20-статьянын 2-бөлүгүнүн тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- сатылган кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле травматикалык таасир этүүчү патрондору бар сайсыз мылтыктардан атылган окторду жана жездерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик ок-жез сактоочу жайга берүүгө.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |