Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 18-майы № 64
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 320-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 19-статьяда:
а) аталышында, 1 жана 2-бөлүктөрүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Мамлекеттик" жана "мамлекеттик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Ведомстволук" жана "ведомстволук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 32-статьяда:
мамлекеттик тилдеги текстинде "Мамлекеттик нотариалдык архивдердеги" деген сөздөр "Ведомстволук нотариалдык архивдеги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
расмий тилдеги текстинде "в Государственном" деген сөздөр "в ведомственном" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |