Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 9-марты № 54
Нотариат жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 11-июнундагы № 92, 2024-жылдын 26-июнундагы № 103, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111, 2025-жылдын 30-июлундагы № 171 , 2025-жылдын 9-августундагы № 195 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ.
НОТАРИАТТЫН ИШИНИН УЮШТУРУУ НЕГИЗДЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Нотариат жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер нотариаттын ишинин укуктук негизи болуп саналат.
2-берене. Нотариат
1. Нотариат Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, нотариус тарабынан Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган нотариалдык иш-аракеттерди жасоо жолу менен жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу милдети жүктөлгөн мамлекеттик жана жеке нотариустардын, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын тутумун билдирет.
2. Нотариалдык иш - нотариалдык иш-аракеттерди жасоо, ошондой эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоо маселелери боюнча консультацияларды, нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн зарыл маалыматтарды жана документтерди топтоо, мамлекеттик жана башка органдардан, жеке жана юридикалык жактардан юридикалык маанилүү маалыматтарды алуу, нотариалдык документтерди сактоо жана башка иш-аракеттерди жасоо жолу менен зарыл шарттарды түзүү боюнча нотариустун иши.
3. Жеке нотариалдык иш коомдук-укуктук мүнөзгө ээ, ишкердик, экономикалык иш болуп саналбайт жана киреше алуу максатын көздөбөйт.
3-берене. Нотариалдык иш-аракеттер
1. Нотариалдык иш-аракеттер юридикалык мааниге ээ болгон талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоо, документтерди күбөлөндүрүү, документтерге аткаруу күчүн жана юридикалык ишенимдүүлүктү берүү боюнча нотариустун иш-аракетин жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын, алардын ушул Мыйзамда каралган мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган башка иш-аракеттерди билдирет.
2. Кыргыз Республикасында нотариалдык иш-аракеттерди ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик жана жеке нотариустар жасайт.
3. Калктуу конушта нотариус жок болгон учурларда айрым нотариалдык иш-аракеттерди жасоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.
4. Башка мамлекеттердин аймактарында нотариалдык иш-аракеттерди Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин бул иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жүргүзөт.
5. Ушул Мыйзамда каралган нотариалдык иш-аракеттердин тизмеги бүтпөйт. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башка нотариалдык иш-аракеттер каралышы да мүмкүн.
6. Нотариалдык акт - нотариус тарабынан ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн жана нотариалдык иш-аракеттердин реестринде катталган, ал эми мыйзамда белгиленген учурларда - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же чет өлкөлүк мекемелердин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн документ.
7. Нотариалдык акт мыйзамда белгиленген тартипте ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн юридикалык мааниге ээ болгон укуктардын, милдеттердин, ошондой эле фактылардын жана жагдайлардын расмий ырастоосу катары кызмат кылат.
8. Нотариалдык актылар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары, жарандар жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү.
(КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Нотариус
1. Мамлекеттик нотариус мамлекеттик жарандык кызматчы болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын 25 жашка толгон, бирок 75 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесип боюнча үч жылдан кем эмес иш стажы бар, нотариуста стажировкадан өткөн, мамлекеттик тилди билген, квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган, жеке нотариалдык ишти жасоо укугуна лицензиясы (мындан ары - лицензия) бар жана Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасынын (мындан ары - Нотариалдык палата) мүчөсү болуп саналган жараны жеке нотариус боло алат.
3. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариустар бирдей укуктарга ээ болот жана бирдей жоопкерчилик тартат.
4. Мамлекеттик жана жеке нотариустар тарабынан таризделген документтер бирдей юридикалык күчкө ээ.
5. Лицензия алган адам Нотариалдык палатанын мүчөсү болуп калат.
6. Лицензия алууга талапкер адамдын стажировкадан өтүү тартибин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) аныктайт. Стажировканын мөөнөтү 6 айды түзөт.
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 171 Мыйзамы менен берилген Мыйзамдын 4-беренсинин 6-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
7. Мамлекеттик нотариус катары 2 жылдан кем эмес иштеген адамдар, эгерде мамлекеттик нотариустун кызмат ордунан бошогон учурдан тартып 3 жылдан ашык эмес убакыт өтсө, квалификациялык экзамен тапшырбастан лицензия алат.
8. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын нотариусу боло албайт:
1) башка жарандыгы, кош жарандыгы, ошондой эле чет мамлекетте туруктуу жашоого уруксаты бар адам;
2) жарандыгы жок адам;
3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адам;
4) наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган адам;
5) мурда атайылап кылмыш жасаган, ал боюнча соттуулугу алып салынганына же жоюлганына карабастан, же ага карата оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча реабилитациялоого кирбеген негиздер менен кылмыш куугунтуктоосу кыскартылган адам;
6) жеке нотариалдык же адвокаттык ишти өз каалоосу боюнча токтоткон же болбосо нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бергени үчүн мамлекеттик нотариустун кызмат ордунан бошотулган адамдарды кошпогондо, жеке нотариалдык же адвокаттык иште иштөө укугуна лицензиясы кайра чакыртып алынган же токтотулган адам.
9. Жеке нотариалдык ишти жүзөгө ашырууга талапкер адамдар үчүн зарыл юридикалык кесип боюнча иш стажына төмөнкүдөй иш убактысы эсептелет:
1) судья катары;
2) юридикалык жогорку билимди талап кылган мамлекеттик кызмат орундарында;
3) юридикалык жогорку билимди талап кылган муниципалдык кызмат орундарында;
4) уюмдардын юридикалык кызматтарынын юридикалык жогорку билимди талап кылган кызмат орундарында;
5) илимий-изилдөө мекемелеринин юридикалык жогорку билимди талап кылган кызмат орундарында;
6) орто кесиптик, жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү мекемелеринде юридикалык сабактарды окутуучу катары;
7) адвокат катары;
8) нотариус катары;
9) эмгек келишими болгондо жана аталган кызмат орундарында иштеген мезгил ичинде социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөнү ырасталганда нотариустун жардамчысы катары.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 11-июнундагы № 92, 2025-жылдын 30-июлундагы № 171, 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Нотариустун көз карандысыздыгы
Нотариус нотариалдык ишти жасоодо калыс, көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
6-берене. Жеке нотариустун жардамчысы
1. Жеке нотариус 3төн көп эмес жардамчыга ээ болушу мүмкүн.
2. Юридикалык жогорку билими бар, соттуулугу жок Кыргыз Республикасынын жараны жеке нотариустун жардамчысы боло алат.
3. Жеке нотариустун жардамчысы ишмердигин эмгек келишиминин негизинде жүзөгө ашырат.
4. Жеке нотариус жардамчы менен эмгек келишимин түзгөнү же бузганы жөнүндө жеке нотариус Юстиция министрлигине жана Нотариалдык палатага 7 күндүн ичинде кабарлайт.
5. Жеке нотариустардын жардамчыларынын реестрин Юстиция министрлиги жүргүзөт.
6. Жеке нотариустун жардамчысынын укуктары жана милдеттери ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен аныкталат.
7. Жардамчы жеке нотариустун көрсөтмөсү боюнча жана анын жоопкерчилиги алдында нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү, нотариалдык актылардын долбоорлорун даярдоо, нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү маселелери боюнча консультацияларды берүү боюнча анын нотариалдык ишти алмаштыра албаган жана көмөкчү мүнөзгө ээ болгон тапшырмаларын аткарууга укуктуу.
8. Жардамчы нотариалдык ишти жүргүзүүгө, жеке нотариустун энчилүү мөөрүн жана күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук колтамгасын (мындан ары - квалификацияланган электрондук колтамга) колдонууга укуксуз.
7-берене. Нотариустун ишиндеги чектөөлөр
1. Нотариус төмөнкүлөргө укуксуз:
1) нотариалдык. илимий, окутуучулук, эксперттик, чыгармачылык ишти кошпогондо, ишкердик жана башка экономикалык иш менен алектенүүгө;
2) келишимдерди түзүүдө арачылык кызматтарын көрсөтүүгө;
3) өз атына жана өзүнүн атынан, жубайынын атына жана анын атынан, өзүнүн (өз жубайынын) туугандарынын (ата-энелеринин, балдарынын, анын ичинде асырап алынган балдарынын (кыздарынын), неберелеринин, ага-инилеринин, эже-сиңдилеринин, чоң ата-чоң энелеринин, таята-таенелеринин) атына жана алардын атынан, анын камкорчулугуна (көзөмөлчүлүгүнө) алынган адамдардын атына жана алардын атынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоого;
4) тиешелүү нотариалдык кеңсенин кызматкерлеринин, нотариус менен эмгек мамилелеринде турган кызматкерлердин атына жана алардын атынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоого.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда саналган уруксаттарды кошпогондо, жеке нотариус медиатордун ишин жүзөгө ашыра же болбосо Нотариалдык палатада шайлануучу кызмат ордун ээлей алат.
3. Жеке нотариус анын (алардын) катышуусу менен ал медиатор катары иштеген адамга (адамдарга) карата нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуксуз.
8-берене. Жүргүзүлүүчү нотариалдык иш-аракеттердин жашыруундугун сактоо
1. Нотариус жана нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары өзүлөрүнүн нотариалдык иш-аракеттерди жасоого байланыштуу аларга белгилүү болуп калган маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү. Жүргүзүлүүчү нотариалдык иш-аракеттердин сырын сактоо милдети өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө белгилүү болуп калган жактарга, анын ичинде эмгек келишими токтотулгандан кийин да жайылтылат.
2. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар, ошондой эле аларга тиешеси бар документтер алардын тапшырмасы боюнча же аларга карата нотариалдык иш-аракеттер жасалган жеке жана/же юридикалык жактарга гана берилет.
3. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар жана документтер алардын өндүрүшүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын талабы боюнча берилет, ошондой эле "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилет.
4. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды жана документтерди башка кандай болбосун учурларда берүүгө тыюу салынат.
5. Нотариус нотариаттын бирдиктүү маалыматтар тутумуна маалыматтарды өткөрүп бериши жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аларга жеткиликтүүлүктү берүүсү нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун сырын ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
6. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоо үчүн кагаз түрүндө же болбосо электрондук түрүндө келишимди жөнөтүү нотариалдык иш-аракеттердин сырын ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
7. Керээз жөнүндө маалыматтар керээз калтыруучу каза болгондон кийин гана берилет.
9-берене. Нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү
1. Нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен нускамага ылайык нотариус жана нотариалдык иш-аракеттерди жасап жаткан башка ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан жүргүзүлөт.
2. Нотариус жана нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу адамдар нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин аткаруусуна контролду Юстиция министрлиги жүргүзөт.
3. Нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди тариздөө нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумун пайдалануу менен кагаз жана (же) электрондук түрдө жүргүзүлөт.
4. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо электрондук документтерди пайдалануу тартиби жана нотариалдык иш-аракеттерди электрондук формада жасоо тартиби, ошондой эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн берилген электрондук документтерге карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
10-берене. Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутуму
1. Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутуму болуп нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштетүү процесстерин комплекстүү автоматташтырууга жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрлөрүн камсыздоого арналган мамлекеттик маалымат тутуму саналат. Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумунун оператору болуп Юстиция министрлиги саналат. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө, анын ичинде электрондук документтер түрүндөгү маалыматтар, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка маалыматтар нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумуна киргизилүүгө тийиш.
Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутуму жөнүндө жобо жана нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүү тартиби Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.
2. Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумунда камтылган маалыматтарды коргоо Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү жана электрондук башкаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
11-берене. Нотариалдык иш кагаздардын тили
Нотариалдык иш кагаздары мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт. Эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адам нотариалдык иш кагаздар жүргүзүлгөн тилди билбесе, таризделген документтердин тексттери оозеки же жазуу түрүндө котормочу тарабынан же болбосо, мамлекеттик жана расмий тилдерди кошпогондо, тийиштүү тилди билгендигин тастыктоочу документи бар нотариус тарабынан которулууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Нотариустун энчилүү мөөрү, штамптары, бланктары жана квалификацияланган электрондук колтамгасы
1. Нотариус лицензиянын номерин (менчик нотариустар үчүн), фамилиясын, атын, атасынын атын жана нотариалдык округдун же мамлекеттик нотариалдык кеңсенин аталышын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жалгыз нускадагы энчилүү мөөргө, күбөлөндүрүлгөн жазуулары бар штамптарга, өздүк бланктарга ээ. Нотариустун мөөрү ошондой эле коргоонун жеке каражаттарын камтышы мүмкүн.
2. Мамлекеттик нотариустар үчүн мөөрдү даярдоо Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
3. Жеке нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн мөөрдү даярдоосу Юстиция министрлигинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жүргүзүлөт.
4. Нотариустун мөөрүнүн изи ал жасалгандан кийин 3 күндүн ичинде тиешелүү Нотариустардын мамлекеттик реестринде белгиленүүгө тийиш.
5. Мөөрү жоголгон же бузулган учурда нотариус бул жөнүндө Юстиция министрлигине бир жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.
6. Мөөрдүн жоголгондугу жөнүндө жарыя нотариустун билдирүүсү келип түшкөн күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде Юстиция министрлигинин расмий сайтына жарыяланат.
7. Жеке нотариус мөөрү жоголгондугу жөнүндө жарыяны 5 жумушчу күндүн ичинде республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого милдеттүү.
8. Нотариус электрондук колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте квалификацияланган электрондук колтамганы алууга тийиш.
9. Электрондук документтер менен нотариалдык иш-аракеттерди жасоо жана нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумуна маалыматтарды берүү үчүн нотариус квалификацияланган электрондук колтамганы пайдаланат.
2-глава. Нотариалдык ишти мамлекеттик жөнгө салуу
13-берене. Юстиция министрлигинин нотариат жана нотариалдык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
1. Юстициянын ыйгарым укуктуу органы - нотариалдык ишти контролдоо жаатындагы мамлекеттик орган, анын ыйгарым укуктары ушул Мыйзамга жана мамлекеттик орган жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
2. Юстиция министрлиги:
1) нотариат тутумунда мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат;
2) нотариустар жана Нотариалдык палата тарабынан нотариат жөнүндө мыйзамдардын сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;
3) нотариат жөнүндө мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан сактоосу боюнча ишти координациялайт, аларга методикалык жардам көрсөтөт жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүүгө багытталган чараларды иштеп чыгат;
4) Нотариалдык палатанын иши жөнүндө зарыл маалыматты сурайт;
5) нотариат жөнүндө мыйзамдардын укук колдонуу практикасына талдоону, мониторингди жана жалпылоону жүргүзөт;
6) ушул Мыйзамда жана башка ченемдик актыларда каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.
3. Ушул беренеде белгиленген ыйгарым укуктар Юстиция министрлигинин чечими менен юстициянын аймактык органдарына берилиши мүмкүн.
14-берене. Жеке нотариалдык ишти жүргүзүүгө лицензия
1. Лицензия - адамдын жеке нотариалдык ишти жүргүзүүгө укугу жөнүндө күбөлөндүргөн, белгиленген формадагы документ.
Аймактык колдонуу чөйрөсү боюнча лицензиялар төмөнкүдөй айырмаланат:
- ушул Мыйзамдын 19-беренесинин 2-1-бөлүгүндө аныкталган Кыргыз Республикасынын аймагында жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө универсалдуу лицензия;
- Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө локалдаштырылган лицензия.
2. Лицензия тандалган салык режими боюнча салык төлөөчү катары салык кызматынын органдарында салыктык каттоосу бар болгондо жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лизензия алууга талапкер адамдардан Юстиция министрлигинин алдындагы Квалификациялык экзаменди кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиянын (мындан ары - Квалификациялык комиссия) чечиминин негизинде квалификациялык экзаменди тапшыргандан кийин бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан берилет.
Юстиция министрлиги лицензияны бергенден кийин 10 жумуш күндүн ичинде аны Нотариалдык палатанын мүчөлүгүнө киргизүү үчүн Нотариалдык палатага билдирет.
3. Квалификациялык экзаменди тапшырбаган адамдар кайталап стжировкадан өткөндөн жана Квалификациялык комиссия чечим кабыл алгандан кийин кайра тапшырууга киргизилет.
4. Лицензия биринчи жолу 5 жылга берилет, андан кийин, эгер жеке нотариалдык ишти жүргүзүү мезгилинде ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-9-пункттарында каралган негиздер боюнча лицензия токтотулуп турбаса, квалификациялык экзаменди тапшырбастан кийинки 10 жылга жана андан кийин ал чектелген куракка жеткенге чейин узартылат.
5. Лицензияны алгандан кийин бир жылдын ичинде нотариалдык ишти жүргүзүүгө киришпеген адамга квалификациялык экзаменди кайрадан тапшыргандан кийин нотариалдык ишти жүргүзүүгө жол берилет.
6. Жеке нотариалдык ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле лицензияны берүү тартиби жана формасы Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
(КР 2024-жылдын 26-июнундагы N 103, 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-берене. Квалификациялык комиссия
1. Квалификациялык комиссия Нотариалдык палатанын жана илимий юридикалык коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Юстиция министрлигинин алдында түзүлөт.
2. Квалификациялык комиссия лицензия алууга талапкер адамдардын стажировкага жиберүү жөнүндө арыздарын карайт, квалификациялык экзаменди алат, кийин тийиштүү чечимдерди кабыл алуу менен лицензиясы бар адамдардын иш-аракеттерине карата келип түшкөн даттанууларды карайт.
3. Квалификациялык комиссиянын укуктук статусу жана иш тартиби Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
16-берене. Жеке нотариустун анты
1. Лицензияны биринчи жолу алган жеке нотариус Квалификациялык комиссиянын жыйналышында салтанаттуу кырдаалда төмөнкү мазмундагы антты берет:
"Мен, ..., жеке нотариустун милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана өзүмдүн абийирим менен аткарууга, нотариалдык иш-аракетти калыс жана адилеттүү жүргүзүүгө, кесиптик сырды сактоого, өзүмдүн жүрүм-турумумда адамга карата гумандуулук жана урматтоо принциптерин жетекчиликке алууга салтанаттуу түрдө ант берем".
2. Жеке нотариус өз ыйгарым укуктарын аткарууга ант берген күндөн баштап киришет.
3. Жеке нотариус Юстиция министрлигинин жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензияны берүү жөнүндө буйругу чыккан күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен ант берет.
17-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу
1. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу Юстиция министрлиги тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) жеке нотариустун арызы - арызда көрсөтүлгөн, бирок, үч жылдан ашпаган мөөнөткө;
2) жеке нотариустун мамлекеттик же муниципалдык кызматка же башка уюмга кириши - иштөө мезгилине;
3) нотариуста кесиптик жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу жөнүндө келишимдин жоктугу - мындай келишим түзүлгөнгө жана анын көчүрмөсү Юстиция министрлигине жөнөтүлгөнгө чейин;
4) Жеке нотариустардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө 30 күндүн ичинде Юстиция министрлигине маалыматтарды бербегендик - бир айга чейинки мөөнөткө;
5) жеке нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартибин же нотариустун ишин текшерүүнүн натыйжалары боюнча нотариалдык ишти жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы - Нотариалдык палата белгилеген тартипте квалификацияны жогорулатуу боюнча кошумча окуудан өтүү мезгилине;
6) Жеке нотариустун кесиптик этикасынын кодексин бузуу, Нотариалдык палатанын сунушу боюнча - бир айга чейинки мөөнөткө;
7) архивдик документтерди кагаз жана электрондук (санариптештирилген) түрдө нотариалдык архивге мөөнөттү 30 календардык күнгө чейин бузуу менен тапшыруу - бир айга чейинки мөөнөткө;
8) сот жеке нотариусту аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок деп таануу же анын каза болгондугун жарыялоо жөнүндө ишти өндүрүшкө алуусу - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;
9) ден соолугунун абалы боюнча нотариалдык ишти жүргүзүүнүн мүмкүн эместиги (медициналык корутунду болсо).
10) ушул Мыйзамдын 25-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык кесиптик квалификациясын жогорулатпаганда - окуудан өткөнгө чейин.
2. Лицензиянын күчүн токтото туруу жөнүндө Юстиция министрлиги Жеке нотариустардын мамлекеттик реестрине маалымат киргизет.
3. Лицензиянын күчү токтотулуп турган мөөнөт аяктагандан кийин Юстиция министрлиги тарабынан калыбына келтирилет.
4. Юстиция министрлигинин лицензияны колдонууну токтото туруу жөнүндө чечими административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
5. Лицензияны токтото туруу тартиби Юстиция министрлиги тарабынан белгиленет.
(КР 2024-жылдын 11-июнундагы N 92, 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
18-берене. Лицензияны колдонууну токтотуу жана лицензияны кайра чакырып алуу
1. Лицензияны колдонууну токтотуу жана лицензияны кайра чакырып алуу Юстиция министрлигинин чечими менен жүргүзүлөт.
2. Линцензияны колдонуу төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:
1) жеке нотариустун өз каалосу боюнча арызы;
2) жаш чегине жетүү;
3) жеке нотариустун каза болгондугу;
4) жеке нотариустун башка жарандыгынын, кош жарандыгынын, ошондой эле чет мамлекетте туруктуу жашап туруу укугунун болушу, аны алышы;
5) сот жеке нотариус аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү, дайынсыз жок же каза болгон деп таануусу;
6) жак лицензия алгандан кийин бир жылдын ичинде нотариалдык ишти жүргүзүүгө киришпесе.
7) лицензиянын колдонуу мөөнөтү аяктаганда.
3. Лицензияны кайра чакырып алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) жеке нотариуска карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кириши;
2) мурда атайылап кылмыш жасаган, ал боюнча соттуулугу алып салынганына же жоюлганына карабастан, же ага карата оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча реабилитациялоого кирбеген негиздер менен кылмыш куугунтуктоосу кыскартылган адамга карата кылмыш ишин жана/же кылмыш куугунтуктоосун кыскартуу жөнүндө токтомдун болушу;
3) ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-7-пункттарында каралган негиздер боюнча лицензиянын колдонулушун үч жолу токтотулуп турушу;
4) нотариалдык иш-аракеттердин башка адамдар тарабынан, анын ичинде жеке нотариустун жардамчысы тарабынан анын мөөрүн жана квалификацияланган электрондук колтамгасын пайдалануу менен жеке нотариустун атынан жасалышы;
5) нотариалдык архивге архивдик документтердин кагаз жана электрондук (санариптештирилген) түрдө мөөнөттү 6 айдан ашык бузуу менен берүү;
6) лицензияны колдонууну токтото туруу мезгилинде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо;
7) жеке нотариалдык кеңсени каттабастан нотариалдык ишти жүргүзүү;
8) ушул Мыйзамдын 7-беренесинин талаптарын аткарбоо;
9) ушул Мызамдын 19-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн нотариалдык округунун чегинен тышкары жерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо;
10) квалификациялык экзаменди тапшырууга кирүү үчүн анык эмес документтерди же жалган маалыматтарды берүү;
11) ушул Мыйзамдын 4-беренесин бузуу менен лицензия алуу.
12) тиешелүү салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөстөн нотариалдык иш-аракеттерди жасоо, ошондой эле контролдук-кассалык машинаны колдонбостон нотариалдык ишти жүзөгө ашыруу.
4. Лицензиянын күчүн токтотуу же кайра чакырып алуу жөнүндө Юстиция министрлиги маалыматты Жеке нотариустардын мамлекеттик реестрине киргизет.
5. Юстиция министрлигинин лицензиянын колдонулушун токтотуу же лицензияны кайра чакырып алуу жөнүндө чечими административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
6. Лицензиянын колдонулушун токтотуу жана лицензияны кайра чакырып алуу тартиби Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
(КР 2024-жылдын 11-июнундагы N 92, 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
19-берене. Нотариалдык округ (жеке нотариустун иштөөчү аймагы)
1. Нотариалдык округ (жеке нотариустун иштөөчү аймагы) Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык түзүлүшкө ылайык белгиленет. Райондук же башка административдик түзүлүшү болгон шаарларда тийиштүү шаардын бүткүл аймагы нотариалдык округ болуп саналат.
2. Нотариалдык округ жеке нотариустун арызынын негизинде Юстиция министрлигинин чечими менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
21. Нотариалдык округдагы нотариустардын санынын чеги Нотариалдык палата менен биргеликте Юстиция министрлиги тарабынан нотариалдык округдагы калктын санына жана жыштыгына жараша төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат:
а) республикалык маанидеги шаарлардын чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 5000 адамга бир нотариус;
б) облустук жана райондук маанидеги шаарлардын чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 10000 адамга бир нотариус;
в) райондордун чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 15000 адамга бир нотариус.
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамы менен берилген Мыйзамдын 19-беренсине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Ушул Мыйзамдын 44-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ар бир жаран нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн каалаган нотариуска кайрылууга укуктуу.
4. Жеке нотариус тарабынан ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган учурда өзүнүн нотариалдык округунун чегинен тышкары жерде нотариалдык иш-аракеттердин жасалышы бул иш-аракетти анык эмес деп таанууга алып келбейт.
5. Керээз калтыруучу катуу ооруган учурда ошол нотариалдык округда нотариус жок болгондо керээзди ырастоо үчүн нотариус башка нотариалдык округга барууга укуктуу.
(КР 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Мамлекеттик нотариалдык кеңсе
Мамлекеттик нотариалдык кеңсе юстициянын аймактык органынын түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет, юридикалык жак болуп саналбайт, Юстиция министрлигинин чечими менен түзүлөт жана жоюлат.
21-берене. Жеке нотариалдык кеңсе жана нотариалдык бюро
1. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн жеке нотариус өзүнүн нотариалдык округунун чегинде (иш аймагында) нотариалдык бир кеңсеге ээ болууга милдеттүү.
2. Эки жана андан ашык жеке нотариус нотариалдык бюрону түзө алат. Жеке нотариалдык кеңсени жана нотариалдык бюрону каттоону Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Юстиция министрлиги жүргүзөт.
3. Жеке нотариалдык кеңсе жана нотариалдык бюро юридикалык жак болуп саналбайт.
4. Нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун имаратына карата талаптарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.
22-берене. Мамлекеттик жана жеке нотариустардын реестрлери
1. Мамлекеттик жана жеке нотариустардын реестрлерин Юстиция министрлиги жүргүзөт.
2. Мамлекеттик нотариустардын реестринде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер болсо);
2) нотариалдык кеңсенин юридикалык дареги;
3) байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почтанын дареги жана почта дареги);
4) нотариустун фотосүрөтү (ар бир 10 жылда);
5) мөөрүнүн үлгүсү;
6) колтамгасынын үлгүсү.
3. Жеке нотариустардын реестринде, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган маалыматтардан тышкары, төмөнкүлөр кошумча көрсөтүлөт:
1) нотариалдык округ;
2) лицензия берилген дата жана каттоо номери;
3) лицензияны токтото туруунун, лицензиянын колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүүнүн негизи жана мөөнөтү;
4) лицензиянын колдонулушун токтотуу жана аны кайра чакырып алуунун негизи жана датасы.
4. Реестрге киргизилүүгө тийиш болгон ар кандай өзгөртүүлөр жөнүндө нотариустар мындай жагдай келип чыккан күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде Юстиция министрлигине кабарлоого тийиш.
23-берене. Ведомстволук нотариалдык архив
1. Кыргыз Республикасында ведомстволук нотариалдык архив түзүлөт, ал улуттук архив фондунун курамдык бөлүгү болуп саналат жана нотариалдык документтерди сактоону жүзөгө ашырат.
2. Ведомстволук нотариалдык архивдин ишин уюштуруу маселелери жана компетенциясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобо менен аныкталат.
3-глава Нотариустун укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
24-берене. Нотариустун укуктары
1. Нотариус төмөнкүлөргө укуктуу:
1) нотариалдык иш-аракеттер жасалуучу жер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталган учурларды кошпогондо, ага кайрылган жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарында ушул Мыйзамда каралган нотариалдык иш-аракеттерди жасоого;
2) бүтүмдөрдүн, арыздардын жана башка документтердин долбоорлорун түзүүгө, документтердин көчүрмөлөрүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдү даярдоого, ошондой эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоо маселелери боюнча түшүндүрмө берүүгө;
3) нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди жеке жана юридикалык жактардан талап кылууга. Көрсөтүлгөн жактар маалыматтарды жана документтерди (анын ичинде кошумча) аларга карата талаптар келип түшкөн учурдан тартып 10 күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка органдардын электрондук маалымат базаларынан маалыматтарды, ошондой эле нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды алууга, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу алууга;
5) нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо электрондук колтамга каражаттарын колдонууга, электрондук документтерге квалификацияланган электрондук колтамганы коюуга;
6) квалификацияланган электрондук колтамга коюлган электрондук документтерди өзүнүн колу коюлган кагаз түрүндөгү документтер менен катар кабыл алууга;
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында нотариуска башка укуктар да берилиши мүмкүн.
25-берене. Нотариустун милдеттери
1. Нотариус төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жеке жана юридикалык жактардын укуктарын ишке ашырууда жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо аларга көмөк көрсөтүүгө;
2) жеке жана юридикалык жактарга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө, юридикалык маалымдар болбогондугу аларга зыян келтирбеши үчүн жасалып жаткан нотариалдык иш-аракеттердин кесепеттери жөнүндө эскертүүгө;
3) мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн кесиптик ишин жүргүзүүгө байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматтарды купуя сактоого, анын ичинде ыйгарым укуктарын токтоткондон же бошотулгандан кийин сактоого;
4) ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге шайкеш келбеген учурда, нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартууга;
5) нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумун пайдаланууга, ошондой эле жасалган нотариалдык иш-аракеттердин маалыматтарын жана документтерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу учурларда нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутумуна берүүгө;
6) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы чаралар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууга;
7) нотариалдык ишке карата мыйзамда белгиленген талаптарды сактоого;
8) Кыргыз Республикасынын Жеке нотариусунун этикасынын кодексин сактоого, нотариустун статусуна шайкеш келбеген жоруктарды жасоодон оолак болууга;
9) Кесиптик квалификациясын Нотариалдык палата аныктаган тартипте эки жылда бир жолудан кем эмес жогорулатууга.
2. Жеке нотариус Нотариалдык палатага мүчөлүк төгүмүн өз учурунда төлөөгө жана жарандык-укуктук жоопкерчиликти камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү.
3. Нотариус өз милдеттерин ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аткарат. Эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоого байланыштуу нотариуска каршы кылмыш-жаза иши козголсо, сот нотариусту сырды сактоо милдетинен бошотушу мүмкүн.
4. Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мурас же тартуулоо тартибинде жарандардын менчигине өтүүчү мүлктүн наркы жөнүндө мүлктөн алынуучу салыкты эсептөө үчүн зарыл болгон маалыматты салык органына берүүгө милдеттүү.
(КР 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-берене. Нотариустун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
1. Нотариустар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген иш-аракеттерди жасаган учурда кылмыш-жаза, жарандык жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартат.
2. Жасалган нотариалдык иш-аракет жөнүндө маалыматты атайын жарыя кылган же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген нотариалдык иш-аракетти жасаган нотариус же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемесинин ыйгарым укуктуу кызмат адамы анын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга соттун чечими боюнча милдеттүү.
3. Мамлекет жеке нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоосунун натыйжасында жеке жана юридикалык жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.
27-берене. Жеке нотариусту камсыздандыруу
1. Жеке нотариус камсыздандыруу келишимин түзүү аркылуу, нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун натыйжасында зыян келтирүүдөн улам келип чыккан милдеттенмелер боюнча өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырууга милдеттүү. Нотариус камсыздандыруу келишимин түзбөстөн өз милдеттерин аткарууга укуксуз.
2. Минималдуу камсыздандыруу суммасы мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн 500 эсе өлчөмүндө белгиленет.
28-берене. Кыргыз Республикасынын жеке нотариусунун этикасынын кодекси
1. Кыргыз Республикасынын жеке нотариусунун этикасынын кодекси -нотариустун кесиптик кулк-мүнөзүнө, кесиптик милдеттерин аткаруудагы анын жүрүм-турумуна, анын ичинде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адамдар, кесиптештери, мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен өз ара мамилелерине карата ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысы.
2. Жеке нотариустун этикасынын кодекси Жеке нотариустардын жалпы чогулушунда бекитилет.
4-глава. Нотариустардын ишин финансылык камсыздоо
29-берене. Нотариалдык иш-аракеттерге жана нотариустар берүүчү башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө
1. Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү үчүн нотариус жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген ставкалар боюнча мамлекеттик алымды алат.
2. Жеке нотариустардын документтердин долбоорлорун даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрү жана башка кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акынын өлчөмү Нотариалдык палата менен макулдашуу боюнча Юстиция министрлиги тарабынан бекитилүүчү Нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын өлчөмүн аныктоо методикасы менен аныкталат. Мамлекеттик нотариустардын документтердин долбоорлорун даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрү жана башка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн ставкаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.
3. Мамлекеттик алым же тарифке ылайык акчалай сумма төлөнгөндөн кийин нотариалдык иш-аракет жасалды деп таанылат.
4. Мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган жеке жана юридикалык жактар үчүн мамлекеттик алымды төлөө боюнча жеңилдиктер мамлекеттик, ошондой эле жеке нотариустар тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо, документтердин долбоорлорун түзүү, көчүрмөлөрдү берүү жана техникалык иштерди аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу учурунда бул адамдарга жайылтылат.
5. Нотариалдык кеңсенин имаратынан тышкары жерде жасалуучу нотариалдык иш-аракеттер үчүн мамлекеттик алым эки эселенген өлчөмдө алынат, ошондой эле бул иш-аракеттерди жасоо үчүн барууга байланышкан иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдар төлөнөт.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 11-июнундагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-берене. Нотариалдык ишти каржылоо
1. Жеке нотариустун ишин каржылоо булактары болуп жасалган нотариалдык иш-аракеттер жана укуктук жана техникалык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр үчүн келип түшкөн каражаттар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттар саналат.
2. Салыктарды, башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин жеке нотариус алган акча каражаттары анын менчигине өтөт.
3. Жеке нотариустар ар кандай банкта эсептешүү жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
4. Жеке нотариустардын депозиттик эсептеринде турган акча каражаттары алардын кирешеси болуп саналбайт.
5-глава. Нотариустардын ишин контролдоо
31-берене. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоого соттук контролдоо
Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартуу же нотариалдык иш-аракеттерди туура эмес жасоо сот тартибинде даттанылууга тийиш.
32-берене. Нотариустар кесиптик милдеттерди аткарышын контролдоо
1. Нотариустар кесиптик милдеттерди аткарышына контролду Юстиция министрлиги жүзөгө ашырат. Нотариустар салык мыйзамдарын сакташына контролду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттөрдө салык органдары жүзөгө ашырат.
2. Нотариустун кесиптик ишин текшерүү 5 жылда бир жолу жүргүзүлөт. Нотариалдык ишти жүзөгө ашырууга биринчи жолу киришип жаткан нотариусту биринчи жолу текшерүү мамлекеттик нотариустун кызмат ордуна дайындалгандан же жеке нотариустун лицензиясын алгандан кийин бир жылдан кийин жүргүзүлүүгө тийиш. Нотариустун аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу (арыз) келип түшкөн учурда, келип түшкөн даттануунун (арыздын) чектеринде текшерүү жүргүзүлөт, ал текшерүүнүн жүрүшүндө табылган айкын мыйзам бузууларды текшерүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
3. Нотариустар текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтарды жана документтерди берүүгө милдеттүү.
4. Кылмыштын белгилери табылган учурда текшерүүнүн материалдары тиешелүү укук коргоо органына жөнөтүлөт. Мындай учурларда Юстиция министрлиги кылмыш ишин тергөөнүн жана/же соттук кароонун натыйжаларына таянуу менен нотариуска таасир этүү чараларын көрөт.
5. Нотариустардын ишин текшерүүнүн тартибин Юстиция министрлиги аныктайт.
33-берене. Нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө теңештирилген керээздерди жана ишеним каттарды кызмат адамдары тарабынан күбөлөндүрүү
1. Нотариалдык күбөлөндүрүү документтерине төмөнкүлөр теңдештирилет:
1) госпиталдарда, санаторийлерде жана башка дарылоо мекемелеринде дарыланууда жүргөн жарандардын мындай мекеменин жетекчиси же башкы врачы тарабынан ырасталган керээздери жана ишеним каттары;
2) мамлекеттик жана жеке нотариустар жана нотариалдык иш-аракеттерди жасоочу башка органдар болбогон аскердик бөлүктөрү, бирикмелери, аскердик-окуу мекемелери жайгашкан пункттарда аскер кызматчыларынын, жумушчулардын жана кызматчылардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн керээздери жана ишеним каттары, ошондой эле жумушчулар менен кызматчылардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бул бөлүктүн, бирикменин, мекеменин же окуу жайынын командири (начальниги) тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери жана ишеним каттары;
3) эркиндигинен ажыратуу жерлериндеги же камакта кармалып турган адамдардын тиешелүү мекеменин начальниги тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери жана ишеним каттары;
4) социалдык коргоо мекемелериндеги жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жарандардын ушул мекеменин администрациясы же ушул мекеменин жетекчиси (орун басары) же калкты социалдык коргоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчиси (орун басары) тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери жана ишеним каттары.
6-глава. Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасы
34-берене. Нотариалдык палата
1. Нотариалдык палата - ушул Мыйзамга жана Нотариалдык палатанын уставына ылайык өз алдынча башкаруу принциптеринде өз ишин уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын жеке нотариустарынын милдеттүү мүчөлүгүнө негизделген жеке нотариустардын өз алдынча башкарылуучу кесиптик коомдоштугу.
2. Нотариалдык палата өз алдынча уюштуруу-укуктук формасы бар коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет - Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасы.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында бир Нотариалдык палата иштейт.
4. Юридикалык жактардын фирмалык аталыштарында "Нотариалдык палата" терминин пайдаланууга жол берилбейт.
5. Нотариалдык палата өзүнүн аймактык (облустук) өкүлчүлүктөрүн түзүүгө укуктуу. Нотариалдык палатанын аймактык (облустук) өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Нотариалдык палатанын Кеңеши (мындан ары - Кеңеш) тарабынан дайындалат.
6. Нотариалдык палатанын аймактык (облустук) өкүлчүлүктөрү өз ишин Кеңеш бекиткен жобонун негизинде жүргүзөт.
7. Нотариалдык палата менчик укугунда же башка негиздерде өзүнө таандык мүлккө ээ болот, ал негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, баалуу кагаздарды жана уставдык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка мүлктү өзүнө камтыйт.
8. Нотариалдык палатанын мүлкүн түзүүнүн булагы болуп мүчөлүк төгүмдөр, өзүнүн ишинен түшкөн кирешелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар эсептелет.
9. Мүчөлүк төгүмдөрдүн өлчөмү Нотариалдык палатанын чечими менен аныкталат.
35-берене. Нотариалдык палатанын уставы
1. Нотариалдык палатанын уставы Жеке нотариустардын жалпы чогулушунда бекитилет.
2. Нотариалдык палатанын уставында төмөнкүлөр каралат:
1) Нотариалдык палатанын максаттары, милдеттери жана функциялары;
2) Нотариалдык палатанын Кеңешинин, Нотариалдык палатанын Текшерүү комиссиясынын курамын түзүү жана Нотариалдык палатанын Төрагасын жана Нотариалдык палатанын башка органдарын жана комиссияларын шайлоо тартиби, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары;
3) Нотариалдык палатага мүчөлүктүн шарттары жана тартиби;
4) Нотариалдык палатанын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
5) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө тартиби;
6) Нотариалдык палатанын окуу борборун түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн тартиби;
7) жеке нотариустардын квалификациясын жогорулатуу тартиби;
8) Нотариалдык палатанын мүлкүн түзүү жана пайдалануу тартиби;
9) Нотариалдык палатанын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;
10) финансылык отчеттуулукту берүү, ошондой эле аны жарыялоо тартиби;
11) Нотариалдык палатанын башкаруу органдары Нотариалдык палатанын иши жөнүндө отчеттулукту беришинин тартиби.
3. Уставда ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген, Нотариалдык палатанын ишине тиешелүү башка жоболор да каралышы мүмкүн.
36-берене. Нотариалдык палатанын негизги функциялары
1. Нотариалдык палата жеке нотариустардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону, этиканын сакталышына. бирдиктүү нотариалдык практиканы жүргүзүүгө жана жеке нотариустун квалификациясын жогорулатууну уюштурууга контролду жүзөгө ашырат.
2. Нотариалдык палатанын негизги функциялары:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында нотариалдык иште укук колдонуу практикасынын бирдейлигин камсыздоо;
2) нотариалдык ишти жүргүзүүдө жеке нотариустарга көмөк көрсөтүү, анын ичинде методикалык жардам көрсөтүү;
3) жеке нотариустардын, стажерлордун, нотариустардын жардамчыларынын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, ошондой эле жеке нотариалдык иште иштөө укугуна талапкер адамдардын стажировкасын уюштурууга көмөк көрсөтүү;
4) мамлекеттик бийлик органдарында, башка уюмдарда, мекемелерде, ошондой эле эл аралык уюмдарда Нотариалдык палатанын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүү;
5) нотариалдык иш жөнүндө, нотариалдык кеңсенин турган жери, алардын иш тартиби жөнүндө жеке жана юридикалык жактарга маалымдоо;
6) Нотариалдык палатанын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн ишин координациялоону жүргүзүү;
7) Нотариалдык палатанын мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруусуна контроль жүргүзүү;
8) нотариалдык иштин маселелери боюнча Юстиция министрлиги менен өз ара аракеттенүү;
9) башка мамлекеттердин нотариалдык палаталары менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу;
10) Жеке нотариустун этикасынын кодексин иштеп чыгуу;
11) нотариалдык иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле методикалык материалдарды иштеп чыгууга катышуу;
12) жеке нотариустун аракеттерине (аракетсиздигине) жана ал жүрүм-турумдун этикалык эрежелерин сактабагандыгына даттанууларды (арыздарды) кароо;
13) жеке нотариустун лицензиясын токтото туруу, токтотуу же кайра чакырып алуу жөнүндө сунуштаманы Юстиция министрлигине жөнөтүү;
14) жеке нотариустардын кесиптик ишине контролду жүзөгө ашырууда Юстиция министрлигине көмөктөшүү;
15) уставда каралган башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
37-берене. Нотариалдык палатанын башкаруу органдары
1. Нотариалдык палатанын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Жеке нотариустардын жалпы чогулушу;
2) Нотариалдык палатанын кеңеши (мындан ары - Кеңеш);
3) Нотариалдык палатанын Төрагасы;
4) Нотариалдык палатанын Текшерүү комиссиясы (мындан ары - Текшерүү комиссиясы);
5) Этика боюнча комиссия;
6) аларды түзүү Нотариалдык палатанын уставында каралган башка органдар.
2. Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасынын жогорку башкаруу органы болуп Жеке нотариустардын жалпы чогулушу саналат.
3. Жеке нотариустардын жалпы чогулушу, эгерде анын ишине делегаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу деп таанылат. Делегаттардын өкүлчүлүгү жалпы чогулушта ар бир аймактык өкүлчүлүктө катталган нотариустардын жалпы санынын 10 пайызынын эсебинде аныкталат.
4. Нотариалдык палатанын башкаруу органдарынын компетенциясы ушул Мыйзам жана Нотариалдык палатанын уставы менен жөнгө салынат.
5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн Нотариалдык палатанын башкаруу органдарына 7 жылдан кем эмес иш стажы бар жеке нотариус шайланышы мүмкүн. Нотариалдык палатанын башкаруу органдарына шайланууга жеке нотариустун укугу анын уставы менен чектелбейт.
6. Кеңеш (жеке нотариустардын квотасы), Текшерүү комиссиясы Жеке нотариустардын жалпы чогулушунда 4 жылдык мөөнөткө шайланат. Кеңешти жана Текшерүү комиссиясын шайлоо жашыруун добуш берүү менен жүзөгө ашырылат.
7. Нотариалдык палатанын ишине жетекчиликти Нотариалдык палатанын Кеңеши жана Төрагасы жүзөгө ашырат. Кеңеш Жеке нотариустардын жалпы чогулушу өткөрүүнүн ортосундагы мезгилде Нотариалдык палатанын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу орган болуп саналат жана 9 мүчөдөн турат.
8. Нотариалдык палатанын Төрагасы - Нотариалдык палатага учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу аткаруу органы. Нотариалдык палатанын Төрагасынын негизги функциялары болуп өкүлчүлүк кылуу, жетектөө, уюштуруу жана контролдоо функциялары саналат.
9. Нотариалдык палатанын Төрагасы Кеңеш тарабынан шайланат жана кызматтан четтетилет. Нотариалдык палатанын Төрагасы төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Юстиция министрлигинин өкүлү Нотариалдык палатанын Төрагасы болуп шайлана албайт.
10. Кеңеш анын курамынын үчтөн экисинен кем эмесин түзгөн жеке нотариустардын ичинен түзүлөт, үчтөн бирин юстиция органдарынын өкүлдөрү түзөт.
11. Ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча Кеңештин курамынан үчтөн ашык мүчө (жеке нотариустардын квотасы) чыгып калган учурда Кеңештин жаңы мүчөлөрү Кеңештин мүчөсүн шайлоо жол-жобосуна ылайык Кеңештин ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө бош орундар пайда болгон учурдан тартып бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө Жеке нотариустардын жалпы чогулушуна сунуш кылынууга тийиш.
12. Талапкерлерди көрсөтүү жана жаңы курамды түзүү иштеп жаткан Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 2 ай калганда башталат.
13. Кеңештин мамлекеттик кызматта турган мүчөлөрү өз ишин коомдук башталыштарда жүргүзөт жана аларга негизги иш орду боюнча эмгек акысы сакталат.
14. Текшерүү комиссиясы Нотариалдык палатанын финансы-чарбалык ишине контролду жүзөгө ашыруучу орган болуп саналат.
15. Текшерүү комиссиясы Нотариалдык палатанын үч мүчөсүнөн турат, ал зарыл болгон учурда бухгалтердик эсеп жана финансы жагынан билими бар адистерди ишке тартууга укуктуу.
16. Нотариалдык палатанын финансы-чарбалык ишин текшерүү Нотариалдык палатанын бир жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча, ошондой эле Текшерүү комиссиясынын, Кеңештин демилгеси же Жеке нотариустардын жалпы чогулушунун чечими боюнча каалаган учурда жүргүзүлөт.
17. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык Текшерүү комиссиясынын, Этика боюнча комиссиянын жана Кеңештин мүчөсү боло албайт.
18. Жеке нотариустардын жалпы чогулушун чакыруу тартиби жана мезгилдүүлүгү, ошондой эле Нотариалдык палатанын Төрагасынын жана Нотариалдык палатанын башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары Нотариалдык палатанын уставы менен аныкталат.
(КР 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
38-берене. Нотариалдык палатанын башкаруу органдарынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу
Нотариалдык палатанын башкаруу органдарынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) ал бекитилген мөөнөт аяктаганда;
2) ал өз каалоосу боюнча ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергенде;
3) юстиция органынын өкүлү мамлекеттик кызматты токтоткондо;
4) жеке нотариустун статусу жоготулганда;
5) каза болгондо;
6) ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 2-9-пункттарында каралган учурларда ыйгарым укуктар токтотулуп турганда;
7) жеке нотариус Кеңештин кезектеги жыйына жүйөлүү себептерсиз 5 жолу катары менен келбегенде (ооруп калуу, окуу өргүүсү, башка жүйөлүү себептер тастыктоочу документтер болгондо);
8) Нотариалдык палатанын уставында каралган башка негиздер.
II-БӨЛҮМ.
НОТАРИАЛДЫК ИШ-АРАКЕТТЕР ЖАНА АЛАРДЫ ЖАСОО ЭРЕЖЕЛЕРИ
7-глава. Нотариустар жана ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жасай турган
нотариалдык иш-аракеттер
39-берене. Нотариустар жасай турган нотариалдык иш-аракеттер
1. Нотариустар төмөнкүдөй нотариалдык иш-аракеттерди жасайт:
1) бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;
2) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берет;
3) документтерди көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрөт;
4) документтердеги колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт;
5) документтерди бир тилден башка тилге которуунун тууралыгын күбөлөндүрөт;
6) жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрөт;
7) жарандын белгилүү бир жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрөт;
8) жарандын фотосүрөттө тартылган адамга окшоштугун күбөлөндүрөт;
9) документтер берилген убакытты күбөлөндүрөт;
10) жеке жана юридикалык жактардын арыздарын башка жеке жана юридикалык жактарга берет;
11) акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат;
12) аткаруу жазууларын жүргүзөт;
13) векселдерге протест жасайт;
14) чектерди төлөөгө берет жана чектердин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрөт;
15) документтерди сактоого кабыл алат;
16) деңиз протесттерин жасайт;
17) далилдерди камсыздайт;
18) тиешеси жок жак мүлктү жана баалуу кагаздарды легалдаштыруу субъекттине акысыз өткөрүп бериши жөнүндө келишимди күбөлөндүрөт;
19) мурасталган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрөт;
20) мураска укук жөнүндө күбөлүктөрдү берет;
21) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын факсимилдик колтамгасынын аныктыгын күбөлөндүрөт;
22) кагаз түрүндөгү документтин электрондук документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрөт;
23) электрондук документтин кагаз түрүндөгү документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрөт;
24) электрондук документтеги колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт;
25) нотариалдык документтерди мамлекеттик каттоого берет;
26) нотариалдык буйруктарды чыгарат.
27) макулдуктарды күбөлөндүрөт.
2. Кыймылсыз мүлктү ажыратууга байланышпаган нотариалдык иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте аралыктан жасалышы мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башка нотариалдык иш-аракеттер да каралышы мүмкүн.
4. Жубайлардын бири каза болгон учурда менчик укугу жөнүндө күбөлүктү мурастоо укугун тариздөө компетенциясына кирген нотариус берет.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы N 111, 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
40-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жасай турган нотариалдык иш-аракеттер
1. Калктуу конушта нотариус жок болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары төмөнкүдөй нотариалдык иш-аракеттерди жасайт:
1) керээздерди күбөлөндүрөт;
2) ишеним каттарды күбөлөндүрөт;
3) мураска калган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрөт;
4) документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн аныктыгын күбөлөндүрөт;
5) документтердеги колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен ушул беренеде көрөсөтүлгөн кызмат адамдарына башка нотариалдык иш-аракеттерди да жасоо жүктөлүшү мүмкүн.
41-берене. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызмат адамдары жасай турган нотариалдык иш-аракеттер
1. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары төмөнкүдөй нотариалдык иш-аракеттерди жасайт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында турган кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерди кошпогондо, бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;
2) мурас калган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрөт;
3) мураска укук жөнүндө күбөлүк берет;
4) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берет;
5) документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн аныктыгын күбөлөндүрөт;
6) документтердеги колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт;
7) документтерди бир тилден башка тилге которуунун тууралыгын күбөлөндүрөт;
8) жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрөт;
9) жарандын белгилүү бир жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрөт;
10) жарандын фотосүрөттө тартылган адамга окшоштугун күбөлөндүрөт;
11) документтер берилген убакытты күбөлөндүрөт;
12) акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат;
13) аткаруу жазууларын жүргүзөт;
14) документтерди сактоого кабыл алат;
15) далилдерди камсыздайт;
16) деңиз протесттерин жасайт.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жасай турган башка нотариалдык иш-аракеттер да каралышы мүмкүн.
42-берене. Нотариалдык архивдерде жасалуучу нотариалдык иш-аракеттер
Ведомстволук нотариалдык архивдеги архивариустар документтердин дубликаттарын берет жана бул архивдердин иштеринде сакталган документтердин көчүрмөлөрүнүн жана көчүрмө бөлүктөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрөт.
43-берене. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби
1. Нотариустар тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актылары менен белгиленет.
2. Чет өлкөлүк мекемелердин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү тартиби жөнүндө нускама менен белгиленет.
8-глава. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун негизги эрежелери.
Документтердин дубликаттарын берүү
44-берене. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо орду
Ушул Мыйзамдын 60, 67-69, 74, 75, 79, 95, 1002 жана 102-беренелеринде каралган учурларды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык иш-аракетти белгилүү бир нотариус жасоого тийиш болгон учурларды кошпогондо, нотариалдык иш-аракеттерди ар кандай нотариус жасайт.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
45-берене. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун негиздери, кийинкиге калтыруунун жана токтотуп туруунун мөөнөттөрү
1. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо төмөнкүдөй учурда кийинкиге калтырылышы мүмкүн:
1) жеке жана юридикалык жактардан кошумча маалыматтарды талап кылуу зарыл болгондо;
2) документтер экспертизага жөнөтүлгөндө.
2. Эгерде мыйзамга ылайык кызыкдар жактарда нотариалдык иш-аракеттерди жасоого каршы аларда каршы пикирдин жоктугу жөнүндө алардан суратуу зарыл болсо, аларды жасоо кийинкиге калтырылууга тийиш.
3. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоону кийинкиге калтыруу мөөнөтү аны кийинкиге калтыруу жөнүндө токтом чыгырылган күндөн тартып бир айдан ашпоого тийиш.
4. Башка кызыкдар жак күбөлөндүрүү үчүн кайрылган укукту же фактыны сотто талашып жаткан кызыкдар жактын арызы боюнча нотариалдык иш-аракетти жасоо 10 күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде кызыкдар жак өзүнүн арызы сотко келип түшкөндүгү жөнүндө тастыктаган документти бербесе, нотариалдык иш-аракет жасалууга тийиш.
5. Башка кызыкдар жак аны күбөлөндүрүү жөнүндө өтүнгөн укукту же фактыны талашкан кызыкдар жактын арызы келип түшкөндүгү жөнүндө маалымат соттон алынган учурда, нотариалдык иш-аракеттерди жасоо сот тарабынан иш чечилгенге чейин токтотулуп турат.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында нотариалдык иш-аракеттерди жасоону кийинкиге калтыруу жана токтото туруу үчүн башка негиздер да белгилениши мүмкүн.
46-берене. Нотариалдык иш-аракетти жүргүзүү үчүн кайрылган адамдын ким экендигин аныктоо
1. Нотариалдык иш-аракетти жасоо учурунда нотариус, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн кайрылган адамдын, анын өкүлүнүн же юридикалык жактын өкүлүнүн ким экендигин аныктайт.
2. Адамдын ким экендигин аныктоо паспорттун же нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган жарандын ким экендиги жагынан ар кандай шектенүүнү жокко чыгарган ким экендигин ырастоочу башка документтердин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн, атап айтканда, кыймылдуу мүлктүн күрөөсү жөнүндө билдирүүлөрдү же арыз ээлеринин кыймылдуу мүлктүн күрөөсү жөнүндө билдирүүлөрүнүн реестринен көчүрмөнү берүү тууралуу арызын каттоо үчүн нотариуска электрондук түрдөгү документтерди жөнөтүүдө анын ким экендиги анын квалификациялык электрондук колтамгасы текшерилген жана анын арыз берүүчүгө таандык экендиги электрондук колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ырасталган шартта аныкталды деп эсептелет.
3. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган жарандын ким экендигин аныктоодо нотариус жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ошондой эле нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумун пайдаланат.
47-берене. Жарандардын аракетке жөндөмдүүлүгүн жана бүтүмгө катышуучу юридикалык жактардын укуктук жөндөмдүүлүгүн текшерүү
Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө жарандардын аракетке жөндөмдүүлүгү аныкталат жана бүтүмдөргө катышуучу юридикалык жактардын укуктук жөндөмдүүлүгү текшерилет. Бүтүмдү алардын өкүлү жасаган учурда анын да ыйгарым укуктары текшерилет.
48-берене. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүчү бүтүмгө, арызга жана башка документтерге кол коюу тартиби
1. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдүн, күбөлүктүн, арыздын жана башка документтердин мазмунун нотариус катышуучуларга өз алдынча окуу үчүн көрсөтүүгө же үн чыгарып окуп берүүгө милдеттүү. Нотариалдык тартипте таризделүүчү документтерге нотариустун катышуусунда кол коюлат.
2. Эгерде жаран дене боюндагы кемчиликтерден, оорудан улам же кандайдыр бир себептер боюнча жеке өзү кол кое албаса, анда анын тапшырмасы боюнча, анын катышуусунда жана нотариустун катышуусунда бүтүмгө, арызга же башка документке анын өкүлү (үчүнчү жак) кол кое алат, мында документке нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн кайрылган жаран өз кол менен кол койбогондугунун себептери көрсөтүлөт.
3. Эгерде жаран дене боюндагы кемчилдиктеринен улам жеке өзү кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо жана бүтүмгө, арызга же башка документке өзүнүн атынан кол коюуну үчүнчү адамга ишенүүнү каалабаса, ал аныктыгы ушул Мыйзамга ылайык күбөлөндүрүлгөн факсимилдик колтамгасын пайдалануу менен кол кое алат.
49-берене. Нотариалдык иш-аракеттерди электрондук формада жасоо
1. Нотариус менен арыз берүүчүнүн ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүү арыз берүүчүнүн жеке катышуусу менен жүргүзүлөт.
2. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адамдын өтүнүчү боюнча нотариус электрондук колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык электрондук колтамгасы бар нотариалдык электрондук документти түзүү аркылуу нотариалдык иш-аракетти электрондук формада жүргүзөт.
3. Нотариалдык электрондук документке арыз ээси кол коюуга тийиш болгон учурда арыз ээси ага нотариустун катышуусунда электрондук колтамганы коет.
4. Электрондук колтамга жана анын атынан электрондук түрдө нотариалдык иш-аракет жасалып жаткан арыз ээсине анын таандыктыгы электрондук колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык нотариус тарабынан текшерилет.
5. Нотариалдык электрондук документке күбөлөндүрүүчү жазууга нотариустун квалификациялык электрондук колтамгасы коюлууга тийиш.
50-берене. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн берилүүчү документтерге карата талаптар
1. Нотариустар жана нотариалдык иш-аракеттерди жасап жаткан башка адамдар нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн тазалап оңдоосу же кошуп жазуусу, чийип салынган сөздөрү жана башка түзөтүүлөрү бар документтерди, ошондой эле карандаш менен түзүлгөн (жазылган) документтерди кабыл албайт.
2. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдүн тексти айкын жана так жазылууга тийиш, документтин мазмунуна тиешелүү болгон числолор жана мөөнөттөр - кеминде бир жолу сөз менен жазылууга, ал эми юридикалык жактардын аталыштары - кыскартылбастан, алардын органдарынын даректерин, жарандардын фамилияларын, аттарын жана аталарынын аттарын, алар жашаган жерлеринин даректерин көрсөтүү менен толук жазылууга тийиш.
3. Көлөмү бир барактан ашкан кагаз түрүндөгү документтеги бардык барактар номер коюлууга, көктөлүүгө жана мөөр басылууга тийиш.
4. Нотариустар нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн алардын форматы ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынын талаптарына шайкеш келген жана нотариустун кармагында болгон программалык-техникалык каражаттар менен калыбына келтирилиши мүмкүн болгон электрондук документтерди кабыл алат.
51-берене. Күбөлөндүргөн жазууларды жазуу, күбөлүктөрдү берүү
1. Күбөлөндүргөн жазуулар бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө, документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын, документтерге коюлган колтамганын аныктыгын, документтерди бир тилден башка тилге которуунун тууралыгын күбөлөндүрүүдө, документтерди берүү убактысын күбөлөндүрүүдө тийиштүү документтерде жүргүзүлөт.
2. Мурастоо укугун, менчик укугун ырастоо, жарандын тирүү экендигинин жана белгилүү бир жерде жүргөндүгүнүн фактысын, жарандын фотосүрөттөгү адамга окшоштугун күбөлөндүрүү, документтерди сактоого кабыл алуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын факсимилдик колтамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү тиешелүү күбөлүктөрдү берүү менен жүзөгө ашырылат.
52-берене. Нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартуу
1. Нотариус нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартат, эгерде:
1) мындай иш-аракетти жасоо мыйзамдарга карама-каршы келсе;
2) иш-аракетти башка нотариус жасоого тийиш болсо;
3) аракетке жөндөмсүз жаран же болбосо зарыл ыйгарым укуктары болбогон өкүл нотариалдык иш-аракеттерди жасоо өтүнүчү менен кайрылса;
4) юридикалык жактын атынан жасалуучу бүтүм анын уставында же жобосунда көрсөтүлгөн максаттарга карама-каршы келсе;
5) бүтүм мыйзамдын талаптарына шайкеш келбесе;
6) нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн берилген документтер мыйзамдардын талаптарына ылайык келбесе.
2. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартылган адамдын өтүнүчү боюнча баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө баяндоого жана ага даттануу тартибин түшүндүрүүгө тийиш. Мындай учурларда нотариус үч жумуш күндөн кечиктирбестен нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
53-берене. Нотариалдык иш-аракеттерге же аны жасоодон баш тартууга даттануу
1. Жасалган нотариалдык иш-аракетти же аны жасоодон баш тартууну туура эмес деп эсептеген кызыкдар жак сотко кайрылууга укуктуу.
2. Кызыкдар жактардын ортосунда келип чыккан, жасалган нотариалдык иш-аракетке негизделген талаш доо өндүрүшү тартибинде сот тарабынан каралат.
54-берене. Нотариалдык иш-аракеттерди каттоо
1. Нотариус жасай турган бардык нотариалдык иш-аракеттер кагаз түрүндөгү реестрде жана нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутумунун реестринде катталат.
2. Нотариус ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 2-5-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн уюмдардын жана жактардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча реестрден көчүрмө берүүгө милдеттүү.
55-берене. Нотариалдык иш-аракеттерди, нотариалдык күбөлүктөрдү, күбөлөндүрүлгөн жазууларды каттоо реестрлеринин формалары
Нотариалдык иш-аракеттерди, нотариалдык күбөлүктөрдү, бүтүмдөрдөгү жана күбөлөндүрүүчү документтердеги күбөлөндүрүлгөн жазууларды каттоо реестрлеринин формаларын Юстиция министрлиги белгилейт.
56-берене. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документтердин дубликаттарын берүү
1. Нускалары нотариустун иштеринде сакталган документтер жоголгон учурда алардын атынан же тапшырмасы боюнча нотариалдык иш-аракеттер жасалган жарандардын, юридикалык жактардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү арыздары боюнча жоголгон документтердин дубликаттары берилет.
2. Документтердин дубликаттарын берүү ушул Мыйзамдын 8 жана 55-беренелеринин талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
9-глава. Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү
57-берене. Нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдөр
Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алар үчүн милдеттүү нотариалдык форма белгиленген бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт. Тараптардын каалоосу боюнча нотариус башка бүтүмдөрдү да күбөлөндүрө алат.
58-берене. Бүтүмдүн долбоорунун маанисин жана маңызын тараптарга түшүндүрүү
Нотариус тараптарга аларга сунушталган бүтүмдөрдүн долбоорунун маанисин жана маңызын түшүндүрүүгө жана анын мазмуну тараптардын чыныгы ниетине шайкеш келе тургандыгын же жоктугун жана мыйзамдын талаптарына карама-каршы келбей тургандыгын текшерүүгө милдеттүү.
59-берене. Катталууга тийиш болгон мүлктү ажыратуу жана анын күрөөсү жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү
Катталууга тийиш болгон мүлктү ажыратуу жана анын күрөөсү жөнүндө келишимдер ажыратылуучу же күрөөгө коюлуучу мүлккө менчик укугун тастыктаган документтер берилген шартта күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
60-берене. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү
1. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү кыймылсыз мүлктүн менчик укугуна же башка мүлктүк укукка таандыктыгы, бул мүлккө укуктарды чектөөлөр (оорлотуу) бар же жоктугу текшерилгенден кийин жүргүзүлөт.
2. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус кыймылсыз мүлк менен бүтүмдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон ар кандай маалыматты мамлекеттик жана башка органдардан, анын ичинде ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык тутумдарынан алууга укуктуу.
3. Бүтүмгө катышкан жактын арызы боюнча нотариус кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен бүтүмдөрдү каттоонун Бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоо үчүн келишимди кагаз түрүндө же болбосо электрондук формада жөнөтөт.
61-берене. Керээздерди күбөлөндүрүү
1. Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлгөн жана аракетке жөндөмдүү жарандар жеке өздөрү нотариуска алып келген алардын керээздерин күбөлөндүрөт. Керээздерди өкүлдөр аркылуу күбөлөндүрүүгө жол берилбейт.
2. Керээздерди күбөлөндүрүүдө керээзди берүүчүдөн керээзге калтырылып жаткан мүлккө укукту ырастаган далилдерди берүү талап кылынбайт.
62-берене. Керээздерди өзгөртүү жана жокко чыгаруу тартиби
Нотариус керээзди жокко чыгаруу жөнүндө арызды алган учурда, ага тете мурда түзүлгөн керээзди жокко чыгарган же өзгөрткөн жаңы керээзди алган учурда өзүндө жана керээздерди эсепке алуунун электрондук алфавиттик китебинде сакталган керээздин нускасына белги коет. Керээзди жокко чыгаруу жөнүндө арыз нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
63-берене. Ишеним каттарды күбөлөндүрүү
1. Нотариус бир же бир нече жактардын атынан бир же бир нече жактардын атына ишеним каттарды күбөлөндүрөт.
2. Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилген ишеним кат башка бирөөгө ишенип берүү укугунун шарттары айтылган негизги ишеним катты берүү боюнча же негизги ишеним кат боюнча өкүл ишеним кат берген адамдын кызыкчылыктарын коргоо үчүн башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде жагдайлардан улам аргасыз болгондугунун далилин көрсөткөн учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилген ишеним кат негизги ишеним кат боюнча берилген укуктан көп укукту камтууга тийиш эмес. Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилген ишеним катты колдонуу мөөнөтү аны берүүгө негиз болгон ишеним каттын колдонулушунун мөөнөтүнөн ашууга тийиш эмес.
64-берене. Нотариалдык документтердин нускаларынын саны
Нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн бүтүмдүн мазмуну баяндалган документтердин нускаларынын саны экиден кем болбоого тийиш, алардын бири нотариалдык кеңсенин иштеринде калат.
10-глава. Мурасталган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрүү.
Мурастоого укук жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
65-берене. Ачылган мурас жөнүндө мураскорлорго кабарлоо
1. Ачылган мурас жөнүндө билдирүүнү алган нотариус бул жөнүндө жашаган же иштеген жери ага белгилүү болгон мураскорлорго кабарлоого милдеттүү.
2. Нотариус, ошондой эле мураскорлорду жалпыга маалымдоо каражаттарында бул жөнүндө ачык кабарлоону же билдирүүнү жайгаштыруу аркылуу чакыра алат.
66-берене. Мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө арыздарды алуу
Мурас ачылган жер боюнча нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө арыздарды кабыл алат. Мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө арыз жазуу жүзүндө таризделүүгө тийиш.
67-берене. Мурас калтыруучунун кредиторлорунан дооматтарды кабыл алуу
Мурас ачылган жер боюнча нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурас калтыруучунун кредиторлорунан дооматтарды кабыл алат. Дооматтар жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.
68-берене. Мураска калтырылган мүлктү кайтаруу
Мурас ачылган жер боюнча нотариус жарандардын, юридикалык жактардын билдирүүсү боюнча же болбосо өз демилгеси боюнча бул мураскорлордун, баш тартууну алуучулардын, кредиторлордун же мамлекеттин кызыкчылыктарында зарыл болгон учурда мураска калтырылган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрөт.
69-берене. Мураска калтырылган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрүү жөнүндө тапшырма
1. Эгерде мурас калтыруучунун мүлкү же анын бир бөлүгү мурас ачылган жерде болбосо, мурас ачылган жер боюнча нотариус нотариуска, эгерде бул калктуу конушта нотариус жок болсо, анда мураска калган мүлк турган жер боюнча нотариалдык иш-аракетти жасаган аткаруу бийлигинин тийиштүү органынын кызмат адамына аны кайтаруу үчүн чараларды көрүү жөнүндө тапшырманы берет.
2. Нотариус же аткаруу бийлигинин тийиштүү органынын мураска калган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көргөн кызмат адамы аталган чаралар көрүлгөндүгү жөнүндө мурас ачылган жер боюнча нотариуска билдирет.
70-берене. Мураска калтырылган мүлктүн тизмеси жана аны сактоого берүү
1. Мураска калган мүлктү кайтаруу үчүн нотариус бул мүлктү тизмелейт жана аны мураскорлорго же башка адамдарга сактоого берет.
2. Эгерде мурастын курамында башкарууну талап кылган мүлк бар болсо, ошондой эле мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин мурас калтыруучунун кредиторлору тарабынан доо коюлган учурда нотариус мураска калтырылган мүлктү сактоочуну дайындайт. Нотариус жок болгон жерде аткаруу бийлигинин тийиштүү органы мураска калган мүлккө камкордукка алуучуну дайындайт.
3. Сактоочу, камкордукка алуучу жана мураска калтырылган мүлк сактоого берилген башка жактар мураска калтырылган мүлктү сарптоо, ажыратуу же жашыруу үчүн жана мураскорлор келтирген зыян үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет.
71-берене. Мураска калтырылган мүлктү сактоо үчүн сый акы
1. Сактоочу. камкордукка алуучу жана мураска калтырылган мүлк сактоого берилген башка жактар, эгерде алар мураскорлор болуп саналбаса, мураска калтырылган мүлктү сактагандыгы үчүн мураскорлордон сый акы алууга укуктуу.
2. Көрсөтүлгөн жактарга ошондой эле бул мүлктү пайдалануудан иш жүзүндө алынган пайданы кемитүү менен мураска калтырылган мүлктү сактоо жана башкаруу боюнча зарыл чыгымдардын орду толтурулат.
72-берене. Мураска калтырылган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды токтотуу
1. Мураска калтырылган мүлктү кайтаруу мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин, ал эми мүлктү алар кабыл ала элек болсо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мурасты кабыл алуу мөөнөтү бүткөнгө чейин уланат.
2. Мурас ачылган жер боюнча нотариус мураска калтырылган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды токтотуу жөнүндө мураскорлорго, ал эми эгерде мүлк мурастоо укугу боюнча мамлекетке өтсө - тийиштүү мамлекеттик органга алдын ала кабарлоого милдеттүү.
73-берене. Мураска калтырылган мүлктүн эсебинен чыгымдарды төлөө
1. Мурас ачылган жер боюнча нотариус мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин, эгерде ал кабыл алына элек болсо - мурастоого укук жөнүндө күбөлүк мамлекетке берилгенге чейин мураска калтырылган мүлктүн эсебинен төмөнкүдөй чыгымдарды төлөө жөнүндө тескеме берет:
1) мурас калтыруучу ооруп жаткан учурда аны багуу, ошондой эле анын сөөгүн коюу жана сөөгү коюлган жерди абатташтыруу боюнча;
2) мураска калтырылган мүлктү кайтарууга жана аны башкарууга, ошондой эле мураскорлорду чакыруу жөнүндө билдирүүлөрдү жарыялоого.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында мураска калтырылган мүлктүн эсебинен чыгымдарды төлөөнүн башка учурлары да белгилениши мүмкүн.
74-берене. Мураска укук жөнүндө күбөлүктү тапшыруу жери жана мөөнөттөрү
1. Мураскорлордун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча мурас ачылган жер боюнча нотариус мураска укук жөнүндө күбөлүктү берет.
2. Мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген мөөнө гтө жүргүзүлөт.
75-берене. Мураска укук жөнүндө күбөлүктөрдү берүү тартиби
1. Мураска укук жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык мурасты кабыл алган мураскорлорго берилет.
2. Мурасты кабыл алуу үчүн мөөнөттү өткөрүп жиберген мураскор мурасты кабыл алган башка бардык мураскорлордун макулдугу менен мураска укук жөнүндө күбөлүккө киргизилиши мүмкүн. Бул макулдук мураска укук жөнүндө күбөлүк берилгенге чейин жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.
3. Мураска укук жөнүндө күбөлүк мураскорлордун каалоосуна жараша алардын бардыгына бирге же ар бирине өзүнчө берилет.
4. Нотариус мураскордун мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо үчүн ал жашаган жер боюнча камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу органдарга жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз мураскордун атына мураска укук жөнүндө күбөлүк берилгендиги жөнүндө билдирет.
5. Мурастоо укугу боюнча мүлк мамлекетке өткөн учурда мураска укук жөнүндө күбөлүк тийиштүү мамлекеттик органга берилет.
76-берене. Мыйзам боюнча мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүүнүн шарттары
1. Нотариус мураска укук жөнүндө күбөлүктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берүүдө тийиштүү далилдерди талап кылуу аркылуу мурас калтыруучунун каза болгондугунун фактысын, мурас ачылган убакытты жана жерди, мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүү тууралуу арыз берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурасты алууга чакыруу үчүн негиз болгон мамилелердин болгондугун, мураска калган мүлктүн курамын жана турган жерин текшерет.
2. Эгерде бир же бир нече мураскор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурастоого чакыруу үчүн негиз болгон мамилелердин далилин берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган болсо, алар мурасты кабыл алган жана мындай далилдерди берген калган бардык мураскорлордун макулдугу менен мураска укук жөнүндө күбөлүккө киргизилиши мүмкүн.
77-берене. Керээз боюнча мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүүнүн шарттары
1. Нотариус керээз боюнча мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүүдө тийиштүү далилдерди талап кылуу аркылуу мурас калтыруучунун каза болгондугунун фактысын, керээздин бар экенин, мурас ачылган убакытты жана жерди, мураска калган мүлктүн курамын жана турган жерин текшерет.
Нотариус ошондой эле мурастагы милдеттүү үлүшкө укуктуу болгон жактардын чөйрөсүн аныктайт.
11-глава. Жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү,
мүлктү ажыратууга тыюу салуу жана аны алып салуу
78-берене. Жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү
1. Нотариус жубайлардын же менчик ээлеринин (биргелешкен же үлүштүк менчиктин) биргелешкен жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берет.
2. Кыймылсыз мүлккө менчик укугу жөнүндө күбөлүк ошол мүлк жайгашкан жердеги нотариус тарабынан берилет.
79-берене. Артында калган жубайдын арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү
1. Жубайлардын бири каза болгондо жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган жер боюнча нотариус тарабынан мурасты кабыл алган мураскорлорго кабарлоо менен артында калган жубайынын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча берилет.
2. Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк артында калган жубайга нике учурунда жыйналган жалпы мүлктүн жарымына берилет.
3. Мурасты кабыл алган мураскорлордун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жана артында калган жубайдын макулдугу менен менчик укугу жөнүндө күбөлүктө каза болгон адамдын жалпы мүлктөгү үлүшү да аныкталышы мүмкүн.
12-глава. Документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн
тууралыгын, электрондук документтин жана кагаз түрүндөгү документтин
бирдейлигин, өз колтамгасынын жана факсимилдик колтамганын аныктыгын
жана котормонун тууралыгын күбөлөндүрүү
80-берене. Документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү
1. Нотариус бул документтер Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына каршы келбеген шартта юридикалык жактар, ошондой эле жарандар тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрөт.
2. Көчүрмө бөлүк алынган документте бир нече өзүнчө, өз ара байланышпаган маселелердин чечимдери камтылган шартта гана көчүрмө бөлүктүн тууралыгы күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Көчүрмө бөлүк белгилүү бир маселе боюнча документтин бир бөлүгүнүн толук текстин чагылдырууга тийиш.
81-берене. Документтин көчүрмөсүнөн алынган көчүрмөнүн тууралыгын күбөлөндүрүү
Документтин көчүрмөсүнөн алынган көчүрмөнүн тууралыгы нотариус тарабынан көчүрмөнүн тууралыгы нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөндө же документтин көчүрмөсү документтин түп нускасы өзүнүн атынан чыгарылган юридикалык жак тарабынан берилгенде гана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Мындай учурда документтин көчүрмөсү бул юридикалык жактын бланкында даярдалууга, мөөр басылууга жана документтин түп нускасы юридикалык жакта экендиги жөнүндө белги коюлууга тийиш.
82-берене. Электрондук документтин жана кагаз түрүндөгү документтин бирдейлигин күбөлөндүрүү
1. Электрондук документтин жана кагаз түрүндөгү документтин бирдейлигин күбөлөндүрүү нотариус даярдаган электрондук түрдөгү документтин мазмунунун нотариуска кагаз түрүндө берилген документтин мазмуну менен окшоштугун ырастоону билдирет. Нотариус даярдаган электрондук документ бирдейлиги нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документ сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ.
2. Анын кагаз түрүндөгү документке бирдейлигин ырастоо үчүн документти электрондук түрдө түзүү нотариус тарабынан кагаз түрүндөгү документти электрондук документке которуу жана ага нотариус тарабынан квалификациялык электрондук колтамганы коюу аркылуу жүргүзүлөт.
3. Электрондук документтин форматына карата талаптар Юстиция министрлиги тарабынан белгиленет.
83-берене. Кагаз түрүндөгү документтин электрондук түрдөгү документ менен бирдейлигин күбөлөндүрүү
1. Кагаз түрүндөгү документтин электрондук документ менен бирдейлигин күбөлөндүрүү нотариуска берилген кагаз түрүндөгү документтин мазмунунун электрондук түрдөгү документтин мазмунуна окшоштугун ырастоону билдирет. Нотариус түзгөн кагаз түрүндөгү документтин бирдейлиги нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн электрондук түрдөгү документ сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ.
2. Нотариуска берилген электрондук документке квалификациялык электрондук колтамга коюлууга тийиш. Документти чыгарып жаткан жактын квалификациялык электрондук колтамгасы Кыргыз Республикасынын электрондук колтамга жөнүндө мыйзамдарына ылайык текшерилүүгө жана анын таандыктыгы ырасталууга тийиш.
84-берене. Документтеги өз колу менен коюлган колтамганын аныктыгын күбөлөндүрүү
1. Нотариус мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына карама-каршы келбеген документтеги өз колу менен коюлган колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт.
2. Нотариус өз колу менен коюлган колтамганын аныктыгын күбөлөндүрүү менен, документте баяндалган фактыларды тастыктабайт, болгону өз колу менен коюлган колтамга белгилүү бир адам тарабынан коюлгандыгын ырастайт.
85-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдын факсимилдик колтамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү
1. Факсимилдик колтамга (факсимиле) - ден соолугунун абалынан улам өз колу менен кол тамгасын өз алдынча коюуга дене бойлук мүмкүнчүлүгү болбогон (көрүүнүн бузулушу) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын өз колу менен коюлуучу колтамгасын алмаштыруучу атайын даярдалган штамп (клише).
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам техникалык каражаттардын жардамы аркылуу даярдалган штампты (клишени) нотариуска берет, аны менен нотариустун катышуусунда кол коёт, андан соң нотариус колтамганын үлгүсүн күбөлөндүрөт жана бул факсимиленин аныктыгы жөнүндө күбөлүктү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга берет.
3. Күбөлөндүрүлгөн факсимиле өзүнүн юридикалык мааниси боюнча өз колу менен коюлган колтамгага толугу менен теңдештирилет.
4. Факсимиле жоголгон жана жаңы штамп даярдалган учурда аны кайрадан нотариаттык күбөлөндүрүү талап кылынат.
86-берене. Электрондук документтеги электрондук колтамганын аныктыгын күбөлөндүрүүнүн өзгөчөлүктөрү
1. Нотариус же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамды электрондук документтеги электрондук колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт.
2. Нотариалдык электрондук документке нотариустун катышуусунда жаран же юридикалык жактын өкүлү кол коет.
3. Нотариус же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы жасалган электрондук колтамганын аныктыгын ырастайт.
4. Арыз ээсинин өтүнүчү боюнча ага электрондук документтеги электрондук колтамганын аныктыгы жөнүндө күбөлүк берилет же ушул Мыйзамга ылайык анын көчүрмөсү даярдалат.
87-берене. Котормонун тууралыгын күбөлөндүрүү
1. Нотариус котормонун зарыл тилин билгендиги жөнүндө ырастоочу документи болгон учурда бир тилден башка тилге которуунун тууралыгын күбөлөндүрөт. Бул талап мамлекеттик жана расмий тилдерди билген нотариустарга жайылтылбайт.
2. Эгерде нотариус тийиштүү тилдерди билбесе, оозеки же жазуу жүзүндө котормону котормочу котормонун зарыл тилин билгендиги жөнүндө ырастоочу документи болгон учурда жасашы мүмкүн, анын колтамгасынын аныктыгын нотариус күбөлөндүрөт.
13-глава. Фактыларды күбөлөндүрүү
88-берене. Жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрүү
1. Нотариус жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрөт.
2. Жашы жете электин тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алгандардын, камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн), ошондой эле жашы жете элек камкордугунда турган уюмдардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
89-берене. Жарандын белгилүү бир жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрүү
1. Нотариус жарандын өтүнүчү боюнча анын белгилүү бир жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрөт.
2. Жашы жете электин белгилүү бир жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алгандардын, камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн), ошондой эле жашы жете элек камкордугунда турган уюмдардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
90-берене. Жарандын өзүнүн фотосүрөттө чагылдырылган адамга окшоштугун күбөлөндүрүү
Нотариус жарандын өзүнүн ушул жаран берген фотосүрөттө чагылдырылган адамга окшоштугун күбөлөндүрөт.
91-берене. Документтер берилген убакытты күбөлөндүрүү
Нотариус өзүнө документ берилген убакытты күбөлөндүрөт.
14-глава. Жеке жана юридикалык жактардын арыздарын берүү.
Акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу
92-берене. Жеке жана юридикалык жактардын документтерин башка жеке жана юридикалык жактарга берүү
1. Нотариус жеке жана юридикалык жактардын документтерин башка жеке жана юридикалык жактарга өзүнө кол койдуруу менен берет же кайра билдирүү милдети менен почта аркылуу же болбосо телефаксты, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен кайра жөнөтөт.
2. Документтерди берүү менен байланышкан чыгымдарды бул нотариалдык иш-аракеттерди жасоону өтүнгөн жак төлөйт.
3. Кайрылган жактын өтүнүчү боюнча ага документтердин берилгендиги жөнүндө күбөлүк берилет.
93-берене. Нотариалдык документтерди мамлекеттик же башка каттоого берүү
Нотариалдык документтерди мамлекеттик же башка каттоого берүү нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн кайрылган жактын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жүзөгө ашырылат. Нотариус арыз ээлеринин атынан документтерди мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалыматтык тутумдарына электрондук формада берүүгө, каттоо жыйымдарын жана төлөмдөрүн төлөөгө, каттоо жөнүндө билдирүүлөрдү алууга, ошондой эле башка зарыл иш-аракеттерди жасоого укуктуу.
94-берене. Акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу
1. Нотариус Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды кредиторго берүү үчүн аларды карызкордон депозитке кабыл алат.
2. Акчалай суммалардын жана баалуу кагаздардын келип түшкөндүгү жөнүндө нотариус кредиторго кабарлайт жана анын талабы боюнча ага тиешелүү акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды берет.
3. Акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу милдеттенмелерди аткаруу жери боюнча нотариус тарабынан жүргүзүлөт.
95-берене. Акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды аларды депозитке койгон адамга кайра кайтаруу
Акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке койгон адамга аларды кайра кайтарууга анын пайдасына төгүм жүргүзүлгөн адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен же соттун чечими боюнча гана жол берилет.
15-глава. Аткаруу жазууларын жүргүзүү
96-берене. Карызкордон акчалай суммаларды өндүрүү же мүлктү талап кылуу
1. Карызкордон акчалай суммаларды өндүрүү же мүлктү талап кылуу үчүн нотариус карызды белгилеген документтерге жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерге аткаруу жазууларын жазат.
2. Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүү аркылуу акчалай суммаларды өндүрүү үчүн нотариус карызды белгилеген бардык документтерге, анын ичинде күрөө жөнүндө келишимге аткаруу жазууларын жазат.
97-берене. Аткаруу жазууларын жазуунун шарттары
1. Аткаруу жазуулары төмөнкүдөй учурда жазылат:
1) эгерде берилген документтер карыздын талашсыздыгын же доочунун алдында карызкордун башка жоопкерчилигин тастыктаса;
2) эгерде доого укук пайда болгон күндөн тартып үч жылдан ашык эмес убакыт өтсө;
3) эгерде өндүрүп алуучунун анын жүргүзүлгөндүгү жөнүндө, фамилиясы, аты, атасынын аты (эгерде бар болсо), өндүрүп алуучунун жана карызкордун аталышы, алардын жашаган жери (жүргөн жери) же турган жери, ошондой эле аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка маалыматтар камтылган жазуу жүзүндөгү арызы болсо;
4) эгерде карызкордун жашаган жери (жүргөн жери) же турган жери Кыргыз Республикасынын аймагында болсо.
2. Эгерде ал боюнча аткаруу жазуусу берилген талап үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эскирүүнүн башка мөөнөтү белгиленген болсо, аткаруу жазуусу ошол мөөнөттүн чегинде берилет.
98-берене. Аткаруу жазуусунун мазмуну
Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алуу аркылуу жасалуучу аткаруу жазуусу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) аткаруу жазуусун жазган нотариустун фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде бар болсо), кызмат ордун;
2) өндүрүп алуучунун аталышын жана дарегин;
3) карызкордун жана күрөө коюучунун аталышын жана дарегин;
4) өндүрүп алуу жүргүзүлүүчү мөөнөттү белгилөөнү;
5) өндүрүп алууга тийиш болгон сумманын өлчөмүн, эгерде кошула турган болсо, анын ичинде туумдарды, пайыздарды;
6) күрөө предметинин аталышын, анын дарегин, менчик ээсинин (күрөөгө коюучунун) атын (аталышын) жана анын дарегин;
7) күрөө келишиминин датасын (жылын, айын, числосун жана реестрдик номерин);
8) өндүрүп алуучу төлөгөн жана карызкор төлөөгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын өлчөмүн;
9) аткаруу жазуусу жазылган датаны (жылын, айын, числосун);
10) аткаруу жазуусу реестрде катталган номерди;
11) аткаруу жазуусун жазган нотариустун колтамгасын;
12) нотариустун мөөрүн.
99-берене. Аткаруу жазуусу боюнча өндүрүп алуу тартиби
Аткаруу жазуусу боюнча өндүрүп алуу соттук чечимдерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
100-берене. Аткаруу жазуусун берүү мөөнөттөрү
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка мөөнөттөр белгиленбесе, аткаруу жазуусу ал жазылган күндөн тартып үч айдын ичинде мажбурлап аткарууга берилиши мүмкүн.
2. Аткаруу жазуусун берүү үчүн өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
151-глава. Буйрук өндүрүшү
(Глава КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1001-берене. Нотариалдык буйрук
1. Нотариалдык буйрук - ушул Мыйзамдын 1002-беренесинде каралган талаптар боюнча өндүрүп алуучунун арызы боюнча нотариус жеке өзү чыгарган токтом.
2. Нотариалдык буйрук бир эле убакта аткаруу документи болуп саналат жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарга ылайык аткарылат.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1002-берене. Нотариалдык буйрук берилүүчү талаптар
Карызкордон акчалай суммаларды өндүрүп алуу же кыймылдуу мүлктү талап кылуу жөнүндө талаптар боюнча нотариалдык буйрук төмөнкү учурларда чыгарылат, эгерде:
1) талап нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделсе;
2) талап жөнөкөй жазуу жүзүндө жасалган бүтүмгө негизделсе;
3) талап векселдин төлөнбөгөндүгүнө, акцепт болбогондугуна жана акцептке датасы коюлбагандыгына нотариус тарабынан жасалган протест негизделсе;
4) жашы жете элек балдарга аталыкты аныктоо, аталыкты (энеликти) талашуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган алимент өндүрүп алуу жөнүндө талаптар билдирилсе;
5) салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо, милдеттүү төлөмдөр боюнча үстөк айыпты эсепке албастан карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө талап билдирилсе;
6) кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүп алуу жөнүндө талап билдирилсе.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1003-берене. Арыз берүү
1. Нотариалдык буйрук чыгаруу жөнүндө арыз карызкордун жашаган же турган жери боюнча нотариуска берилет. Алимент өндүрүп алуу жөнүндө арыз ушул мыйзамдын 1002-беренесинин 4-пунктуна ылайык арыз ээсинин жашаган жери боюнча да берилиши мүмкүн.
2. Нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арызга ушул Мыйзамдын 29-беренесинде белгиленген тартипте мамлекеттик алым төлөнөт.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1004-берене. Арыздын формасы жана мазмуну
1. Арыз жазуу жүзүндө машинада басылган текст түрүндө берилет.
2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) арыз берилүүчү нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) өндүрүп алуучу - юридикалык жактын аталышы, анын жайгашкан жери, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, юридикалык дареги жана банктык реквизиттери же өндүрүп алуучу - жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты жана жеке идентификациялык номери, анын жашаган жери, туулган датасы жана жери, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөн датасы жана жери, эгерде бар болсо - телефон, факс номери, электрондук почтасынын дареги;
3) карызкор - юридикалык жактын аталышы, анын жайгашкан жери, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, юридикалык дареги жана банктык реквизиттери же карызкор - жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты жана жеке идентификациялык номери, анын жашаган жери, туулган датасы жана жери, иштеген жери, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөн датасы жана жери, эгерде бар болсо - телефон, факс номери, электрондук почтасынын дареги;
4) өндүрүп алуучунун талабы жана ал негизделген милдеттенмелер;
5) талаптын негиздүүлүгүн тастыктоочу документтер;
6) арыздын көчүрмөсү карызкорго жөнөтүлгөндүгүнүн далили;
7) тиркелген документтердин тизмеги.
3. Кыймылдуу мүлк талап кылынган учурда арызда бул мүлктүн ордуна кабыл алууга арыз ээси макул болгон акчалай сумманы көрсөтүү зарыл.
4. Арызга өндүрүп алуучу же анын өкүлү кол коёт. Өкүл бере турган арызга анын ыйгарым укугун күбөлөндүргөн документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин колу мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1005-берене. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартууга негиздер
1. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан нотариус баш тартат, эгерде:
1) ушул Мыйзамдын 1003 жана 1004-беренелеринде каралган талаптар сакталбаса;
2) билдирилген талап ушул Мыйзамдын 1002-беренесинде каралбаса;
3) билдирилген талапты тастыктоочу документтер берилбесе;
4) документтерден укук жөнүндө талаш-тартыштын бар экендиги билинсе;
5) мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, билдирилген талапка мамлекеттик алым төлөнбөсө.
2. Нотариус арыз келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат, ал сотто даттанылышы мүмкүн.
3. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу өндүрүп алуучунун ошол эле талап боюнча доо өндүрүшү тартибинде сотко доо коюу мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук кылбайт.
4. Арызды кабыл алуудан баш тартканда мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте өндүрүп алуучу төлөгөн мамлекеттик алым кайтарып берилет, же болбосо сотко кайрылганда өндүрүп алуучунун арызы боюнча эсепке алынат.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1006-берене. Нотариалдык буйрукту чыгаруунун тартиби
1. Билдирилген талаптын маңызы боюнча нотариалдык буйрук нотариуска арыз келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө чыгарылат.
2. Нотариалдык буйрук тараптарды чакырбастан чыгарылат.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1007-берене. Нотариалдык буйруктун мазмуну
1. Нотариалдык буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) буйрук өндүрүшүнүн номери жана буйрук чыккан дата;
2) буйрукту чыгарган нотариустун фамилиясы, аты жана атасынын аты;
3) ушул Мыйзамдын 1004-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган өндүрүп алуучу жөнүндө маалыматтар;
4) ушул Мыйзамдын 1004-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган карызкор жөнүндө маалыматтар;
5) талапты канааттандырууга негиз берген мыйзам же башка ченемдик укуктук акт;
6) өндүрүлүүгө тийиш болгон акчалай сумманын өлчөмү же талап кылынууга тийиш болгон кыймылдуу мүлктү анын наркын көрсөтүү менен белгилөө;
7) үстөктүн өлчөмү, эгерде аны өндүрүп алуу мыйзамда же келишимде каралса;
8) өндүрүп алуучунун же тиешелүү бюджеттин пайдасына карызкордон өндүрүп алынууга тийиш мамлекеттик алымдын суммасы;
9) билдирилген талапка каршы пикир берүүнүн мөөнөтү жана тартиби.
2. Жашы жете элек балдарга алимент өндүрүп алуу жөнүндө нотариалдык буйрукта ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-5 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары, багуу үчүн алимент ыйгарылган ар бир баланын фамилиясы, аты, атасынын аты жана туулган датасы; карызкордон ай сайын өндүрүлүүчү төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, аларды өндүрүп алуунун мөөнөтү жана алимент өндүрүлүүгө тийиш болгон дата көрсөтүлөт.
3. Нотариалдык буйрукка нотариус кол коет жана белгиленген үлгүдөгү гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
100-8-берене. Карызкорго нотариалдык буйруктун көчүрмөсүн жөнөтүү
1. Ушул Мыйзамдын 1002-беренесинин 1, 2, 4-6-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча нотариалдык буйрук чыгарылгандан кийин нотариус кийинки күндөн кечиктирбестен анын көчүрмөсүн карызкорго тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен жөнөтөт.
2. Карызкор нотариалдык буйруктун көчүрмөсүн алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө билдирилген талапка өзүнүн каршы пикирин анын нотариуска келип түшүүсүн камсыз кылуучу кандай болбосун байланыш каражаттарын пайдалануу менен жөнөтүүгө укуктуу.
100-9-берене. Нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу
1. Нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө карызкордун каршы пикирлери ал нотариуска келип түшкөн күндөн тартып үч күндүн ичинде каралат.
2. Эгерде карызкор өзүнүн каршы пикирлеринде укук жөнүндө талаш-тартыштын бар экендиги же буйрук чыгарууга тоскоолдук кылган башка жагдайлар жөнүндө билдирсе, нотариус ушул Мыйзамдын 1002-беренесинин 1, 2, 4-6-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча чыгарылган нотариалдык буйрукту жокко чыгарат, бул жөнүндө токтом чыгарылат. Нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө токтомдо нотариус өндүрүп алуучуга билдирилген талап доо өндүрүшү тартибинде сотко берилиши мүмкүн экендиги жөнүндө түшүндүрөт. Нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө токтомдун көчүрмөлөрү буйрук өндүрүшүнүн тараптарына ал чыгарылгандан кийин үч күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
3. Нотариалдык буйрук жокко чыгарылганда мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте өндүрүп алуучу төлөгөн мамлекеттик алым кайтарып берилет, же болбосо сотко кайрылганда өндүрүп алуучунун арызы боюнча эсепке алынат.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10010-берене. Нотариалдык буйрукту өндүрүп алуучуга берүү
1. Эгерде белгиленген мөөнөттө карызкордон нотариуска каршы пикирлер келип түшпөсө, нотариус өндүрүп алуучуга нотариустун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн нотариалдык буйрукту аткарууну талап кылуу үчүн берет. Өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча нотариалдык буйрук нотариус тарабынан сот аткаруучуга аткаруу үчүн өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү өтүнүчүн тиркөө менен жөнөтүлүшү мүмкүн.
2. Ушул Мыйзамдын 1002-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн талап боюнча нотариалдык буйрук өндүрүп алуучуга берилет, же болбосо анын өтүнүчү боюнча түздөн-түз ал чыгарылгандан кийин аткаруу үчүн нотариус тарабынан жөнөтүлөт.
3. Карызкордон мамлекеттин бюджетине мамлекеттик алымды өндүрүп алуу үчүн нотариус тарабынан гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн нотариалдык буйрук сот аткаруучуларга аткаруу үчүн жөнөтүлөт.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-глава. Векселдердин протесттерин жасоо, чектерди төлөөгө берүү жана
чектердин төлөнбөй калышын күбөлөндүрүү
101-берене. Вексель протести
Векселдин төлөнбөгөндүгүнө, акцепт болбогондугуна жана акцептиге датасы коюлбагандыгына протест нотариус тарабынан Кыргыз Республикасынын которулма жана жөнөкөй вексель жөнүндө мыйзам актыларына ылайык жүргүзүлөт.
102-берене. Чекти төлөөгө берүү жана чектердин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрүү
1. Төлөөчү турган жер боюнча нотариус, эгерде чек Кыргыз Республикасынын аймагында берилсе, берилген күндөн тартып он күн өткөндөн кийин; эгерде чек Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин аймагында берилсе - жыйырма күн өткөндөн кийин; эгерде чек кайсы бир башка мамлекеттин аймагында берилсе - чек берилген күндөн тартып 70 күн өткөндөн кийин, бирок бул күндөн кийинки күнү 12 сааттан кечиктирбестен көрсөтүлгөн чекти төлөөгө берүү үчүн кабыл алат.
2. Чек төлөнбөгөн учурда нотариус чекке жазуу аркылуу чектин төлөнбөгөндүгүн ырастайт жана реестрде бул жөнүндө белгилейт. Чектеги жазуу менен бир эле учурда анын чеги банкта төлөнбөгөндүгү жана чекке жазуу жазылгандыгы жөнүндө чек берүүчүгө кабарлоо жөнөтүлөт.
3. Чек кармоочунун өтүнүчү боюнча нотариус чек төлөнбөгөн учурда аткаруу жазуусун жүргүзөт.
17-глава. Документтерди сактоого кабыл алуу
103-берене. Документтерди сактоого кабыл алуу
1. Нотариус документтерди тизме боюнча сактоого кабыл алат. Тизме боюнча документтердин бир нускасы нотариуста калат, экинчи нускасы документти сактоого тапшырган адамга берилет.
2. Документти сактоого тапшырган адамга күбөлүк берилет.
104-берене. Сактоого кабыл алынган документтерди кайра кайтаруу
Сактоого кабыл алынган документтер күбөлүгү же тизмеси көрсөтүлгөндө же болбосо соттун чечими боюнча аларды сактоого тапшырган же мыйзамдуу ыйгарым укуктуу жакка кайра кайтарылат.
18-глава. Деңиз протесттерин жасоо
105-берене. Деңиз протести жөнүндө билдирүү
1. Нотариус кеменин ээсинин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн далилдерди камсыздоо максатында кеме сүзгөн же токтоп турган мезгилде болгон окуя жөнүндө кеменин капитанынын билдирүүсүн кабыл алат, ал кеменин ээсине мүлктүк талаптарды коюу үчүн негиз болушу мүмкүн.
2. Деңиз протести жөнүндө билдирүү окуянын жагдайларын баяндоону жана өзүнө ишенип тапшырылган мүлктүн сакталышын камсыздоо үчүн капитан көргөн чараларды камтууга тийиш.
3. Деңиз протести жөнүндө билдирүүдө баяндалган жагдайларды ырастап, кеменин капитаны Кыргыз Республикасынын соодалык деңизде сүзүүнү жөнгө салган мыйзамдарына ылайык, билдирүү менен бир эле учурда же болбосо, эгерде ал портто орун алган болсо, портко кирген учурдан тартып же окуя болгон учурдан тартып жети күндөн кеч эмес мөөнөттө нотариуска кеме журналын жана кеме журналынан капитан күбөлөндүргөн көчүрмө бөлүктү көрүүгө берүүгө милдеттүү.
106-берене. Деңиз протести жөнүндө билдирүүнүн мөөнөттөрү
1. Кыргыз Республикасынын соодалык деңизде сүзүүнү жөнгө салган мыйзамдарына ылайык деңиз протести жөнүндө билдирүү кеме портко кирген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде берилет. Эгерде деңиз протестин билдирүү зарылчылыгын пайда кылган окуя портто болуп өтсө, протест окуя болуп өткөн учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде билдирилүүгө тийиш.
2. Эгерде протестти белгиленген мөөнөттө билдирүү мүмкүн болбосо, анын себеби деңиз протести жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлүүгө тийиш.
107-берене. Деңиз протести жөнүндө актыны түзүү
Нотариус капитандын билдирүүсүнүн, кеме журналынын маалыматтарынын, ошондой эле капитандын өзүн сурамжылоонун жана мүмкүндүккө жараша кеменин командалык курамынын ичинен экиден кем эмес күбөнү жана кеменин командасынан эки күбөнү сурамжылоонун негизинде деңиз протести жөнүндө актыны түзөт жана аны өзүнүн колтамгасын коюу жана гербдүү мөөрүн басуу менен күбөлөндүрөт. Деңиз протести жөнүндө актынын нускасы капитанга же ыйгарым укуктуу адамга берилет.
19-глава. Далилдерди камсыздоо
108-берене. Соттордо же административдик органдарда иш келип чыккан учурда зарыл далилдерди камсыз кылуу
1. Эгерде жыйынтыгында далилдерди берүү мүмкүн болбойт же кыйынчылык жаратат деп болжолдоого негиз болсо, кызыкдар жактардын өтүнүчү боюнча нотариус сотто же административдик органда иш келип чыккан учурда зарыл далилдерди камсыз кылат.
2. Нотариус кызыкдар адамдар нотариуска кайрылган учурда соттун же административдик органдын өндүрүшүндө турган иш боюнча далилдерди камсыз кылбайт.
109-берене. Далилдерди камсыз кылуу боюнча нотариустун иш-аракеттери
1. Далилдерди камсыз кылуу тартибинде нотариус күбөлөрдү суракка алат, жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин карап чыгат, экспертизаны дайындайт.
2. Далилдерди камсыз кылуу боюнча процессуалдык иш-аракеттерди аткарууда нотариус Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык мыйзамдарынын тийиштүү ченемдерин жетекчиликке алат.
3. Нотариус тараптарга жана кызыкдар адамдарга далилдерди камсыз кылуу убактысы жана орду жөнүндө билдирет, бирок алардын келбегендиги далилдерди камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди аткаруу үчүн тоскоол болуп саналбайт.
4. Тараптардын бирине же кызыкдар жактарга кабарлабастан далилдерди камсыз кылуу кийинкиге калтырууга болбогон же кийин ишке кимдер катыша тургандыгын аныктоо мүмкүн болбогон учурларда гана жүргүзүлөт.
5. Чакыруу боюнча күбө же эксперт келбеген учурда нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүү үчүн күбө же эксперт жашаган жер боюнча сотко бул жөнүндө кабарлайт.
6. Нотариус күбөгө жана экспертке билип туруп жалган көрсөтмө же корутунду бергендиги үчүн жана көрсөтмө же кортунду берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертет.
20-глава. Нотариус чет өлкөлүк укуктун ченемдерин колдонушу.
Эл аралык келишимдер
110-берене. Чет өлкөлүк укуктун ченемдерин колдонуу
1. Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлүк укуктун ченемдерин колдонот.
2. Нотариус Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык түзүлгөн документтерди кабыл алат, ошондой эле эгерде бул Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине карама-каршы келбесе, башка мамлекеттердин мыйзамдарында каралган формада тастыктоочу жазууларды жазат.
111-берене. Мураска калтырылган мүлктү кайтаруу жана мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүү
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, чет өлкөлүк жаран каза болгондон кийин калган мүлктү же Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондон кийин чет өлкөлүк жаранга тиешелүү болгон мүлктү кайтаруу, ошондой эле мындай мүлккө карата мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүү менен байланышкан иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
112-берене. Чет өлкөдө түзүлгөн документтерди нотариустун кабыл алышы
1. Чет өлкөдө башка мамлекеттердин компетенттүү органдарынын кызмат адамдарынын катышуусу менен түзүлгөн же алардан чыккан документтер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин органы аларды легалдаштырган шартта нотариус тарабынан кабыл алынат.
2. Бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда мындай документтер нотариус тарабынан легалдаштырылбастан кабыл алынат.
113-берене. Нотариустун башка мамлекеттердин юстиция органдары менен өз ара мамилелери
Нотариустун башка мамлекеттердин юстиция органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
114-берене. Башка мамлекеттердин органдарында иштерди жүргүзүү үчүн талап кылынган далилдерди камсыз кылуу
Нотариус башка мамлекеттердин органдарында иштерди жүргүзүү үчүн талап кылынган далилдерди камсыз кылат.
115-берене. Эл аралык келишим
1. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралгандан башка эрежелер белгиленсе, нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган нотариалдык иш-аракеттерди жасоону нотариустун компетенциясына киргизсе, нотариус бул нотариалдык иш-аракетти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүргүзөт.
III БӨЛҮМ.
КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
116-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 14-мартындагы № 19(3468) жарыяланды
2. (КР 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Юстиция министрлиги жеке нотариустардын катышуусу менен уюштуруу комитетин түзсүн жана ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде жеке нотариустардын жалпы чогулушун өткөрсүн.
4. Коомдук бирикме формасында түзүлгөн нотариалдык палаталар ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин алты айдын ичинде жоюлууга же аталышын өзгөртүү менен мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө тийиш. Бул талаптар аткарылбаган учурда юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо органы аларды жоюу маселеси боюнча сот органдарына кайрылууга укуктуу.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-майындагы № 70 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 320-ст.);
2) "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 7-июлундагы № 65 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостгору, 1999-ж., № 12, 533-ст.;
3) "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 28-мартындагы № 50 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2004-ж., № 7, 312-ст.);
4) "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 28-мартындагы № 51 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостгору, 2004-ж.( № 7, 313-ст.);
5) "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-августундагы № 139 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 708-ст.);
6) "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 32 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 32-ст.);
7) "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 4-мартындагы № 45 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" газетасы 2010-жылдын 12-марты № 17-18);
8) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-июлундагы № 111 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 687-ст.);
9) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамынын 15-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 720-ст.);
10) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 977-ст.);
11) "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 18-майындагы № 64 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 403-ст.);
12) "Майыптык маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын 9-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 503-ст.);
13) "Нотариат жөнүндө" Кыргьв Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 12-январындагы № 4 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 1, 4-ст.);
14) "Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 488-ст.).
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
(КР 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |