КР 2019-жылдын 29-июлундагы N 105 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 20-майы № 67
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 331-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик тышкы зайымды алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынат.
Кыргыз Республикасына кредиттерди берүү боюнча эл аралык келишим болуп саналган келишим эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ратификацияланууга жатат.
Кыргыз Республикасына кредиттерди берүү боюнча эл аралык келишим болуп саналбаган келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |