КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 27-июну № 90
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 26-февралындагы № 40 Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 26-февралындагы № 40 Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 2, 127-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин алынып келинген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарына ушул Мыйзамдын колдонулушу жайылтылбайт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |