Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1998-жылдын 20-апрели № 52
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 113, 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2008-жылдын 29-майындагы № 100, 2014-жылдын 22-майындагы № 73, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110, 2015-жылдын 15-январындагы № 13, 2015-жылдын 26-февралындагы № 40, 2015-жылдын 20-июлундагы № 181, 2018-жылдын 30-июнундагы № 65, 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2020-жылдын 12-августундагы № 122, 2020-жылдын 21-августундагы № 138, 2021-жылдын 25-февралындагы № 21, 2022-жылдын 24-февралындагы № 15, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 26, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 80, 2024-жылдын 11-июнундагы № 93 , 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 79 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I Бөлүм. Жалпы жоболор II Бөлүм. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик саясат III Бөлүм. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар IV Бөлүм. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль V Бөлүм. Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуудагы жоопкерчилик VI Бөлүм. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери VII Бөлүм. Корутунду жоболор
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун Камсыз кылуунун укуктук негиздерин аныктайт.
1-статья. Ушул Мыйзамдын милдеттери
Ушул Мыйзамдын милдеттери катары граждандардын өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн сактоо, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу, алардын залалдарын төмөндөтүү аркылуу коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.
2-статья. Негизги терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер колдонулат: 1) жеке мобилдүүлүк каражаты – кыймылдаткычты (кыймылдаткычтарды) пайдалануу аркылуу адамдын жеке жүрүүсү үчүн арналган, бир же бир нече дөңгөлөктөрү (роликтери) бар, узак күч келтирүү режиминде номиналдык максималдуу кубаттуулугу 0,25 кВттан ашпаган жана/же максималдуу ылдамдыкты 25 км/с ашык эмес жогорулатууга мүмкүндүк берген транспорт каражаты (электросамокаттар, электроскейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка ушул сыяктуу каражаттар). Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо (киреге, ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр ж.б.) менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык жүзөгө ашырылат; 2) жол – транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн жасалган же ыңгайлаштырылган жана пайдаланылган жер тилкеси же болбосо жасалма курулуштун үстүнкү бети. Жол жүрүүгө арналган бир же бир нече бөлүктөрдү, ошондой эле жанжолду (тротуар), жол четин, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелерин, бак-дарактарды, газондорду, арыктарды жана башка сугат тармактарын жана (эгер бар болсо) бөлүштүргүч тилкелерди өз ичине камтыйт; 3) жол кыймылы – жолдордун чегинде транспорт каражаттары менен же алардын жардамысыз эле адамдардын жана жүктөрдүн ордун которуштуруу процессинде пайда болгон коомдук мамилелердин топтому; 4) жол кыймылын уюштуруу – жолдордогу кыймылды башкаруу боюнча уюштуруу-укуктук, уюштуруу-техникалык иш-чаралардын жана тескөө аракеттеринин комплекси; 5) жол кыймылынын катышуучусу – транспорт каражатынын айдоочусу, мал айдоочу, жөө жүрүүчү же транспорт каражатынын жүргүнчүсү катары жол кыймылынын процессине түздөн-түз катышкан адам; 6) жол кыймылынын коопсуздугу – жол-транспорт кырсыктарынан жана алардын кесепеттеринен бул процесске катышуучулардын корголуу даражасын чагылдырган абал; 7) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу – жол-транспорт кырсыктарынын жаралуу себептеринин алдын алууга, алардын кесепеттеринин күчүн жеңилдетүүгө арналган иш-аракет; 8) жол-транспорт кырсыгы – транспорт каражаты жана анын катышуусу менен жолдо жүрүү процессинде жаралган, адамдар өлүмгө кириптер болгон же жаракат алган, транспорт каражаттары, курулуштар, жүктөр зыянга учураган же болбосо материалдык чыгым келтирилген окуя; 9) жөө жүрүүчү − транспорт каражатына түшпөй жолдо, жанжолдо (тротуарда), жөө жүрүүчү жолчодо же болбосо жөө же велосипед менен жөө жүрүүчү жолчодо турган жана аларда иш аткарбаган адам. Майыптар коляскасында жүргөн адамдар; жеке мобилдүүлүк каражатын, велосипедди, мопедди, мотоциклди же башка транспорт каражатын жанында жетелеп жүргөн адамдар; чана, араба, балдар же майыптар коляскасын сүйрөп бараткан адамдар; ролик конькилерди, кыймылдаткычы жок самокаттарды жана кыймылдаткыч менен жабдылбаган башка ушул сыяктуу каражаттарды колдонуп жөө жүргөн адамдар жөө жүрүүчүлөргө теңештирилет; 10) рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаты – айдоочунун орду жана рулдук дөңгөлөгү транспорт каражатынын жүрүү багыты боюнча оң тарабында жайгашкан транспорт каражаты; 11) рулдук башкаруусу сол тарабында жайгашкан транспорт каражаты – айдоочунун орду жана рулдук дөңгөлөгү транспорт каражатынын жүрүү багыты боюнча сол тарабында жайгашкан транспорт каражаты; 12) транспорт каражаты – адамдарды жана жүктөрдү же анда орнотулган жабдыктарды жол аркылуу ташууга арналган түзүлүш, атап айтканда: велосипед – майыптардын коляскаларынан тышкары, бул транспорт каражатында жүргөн адамдардын булчуң энергиясы менен педалдардын же кармагычтардын жардамы менен кыймылга келүүчү транспорт каражаты жана ошондой эле узак күч келтирүү режиминде номиналдык максималдуу кубаттуулугу 0,25 кВттан ашпаган жана/же максималдуу ылдамдыкты 25 км/с ашык эмес жогорулатууга мүмкүндүк берген электр кыймылдаткычы да бар болушу мүмкүн; механикалык транспорт каражаты – кыймылдаткыч менен кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаты. Термин мопедге, мотоциклге, автомобилге, электромобилге, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө да жайылтылат. Термин жеке мобилдүүлүк каражаттарына, велосипеддерге жана майыптардын коляскаларына жайылтылбайт; мопед – максималдуу конструктивдик ылдамдыгы 50 км/с ашпаган, жумушчу көлөмү 50 куб. см ашпаган ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же узак күч келтирүү режиминде номиналдык максималдуу кубаттуулугу 0,25 кВттан ашкан жана 4 кВттан кем электр кыймылдаткычы бар, максималдуу ылдамдыкты 25 км/с ашык, бирок 50 км/с ашык эмес жогорулатууга мүмкүндүк берген эки же үч дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаты. Мопеддерге мокиктер, мотороллерлер, скутерлер, электр скутерлер жана окшош техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болгон башка транспорт каражаттары теңештирилет; мотоцикл – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү (ичинен күйүүчү кыймылдаткыч болгон учурда) 50 куб. см ашкан же максималдуу конструктивдик ылдамдыгы (кандай болбосун кыймылдаткыч менен) 50 км/с ашкан каптал чиркегичи бар же анысы жок эки дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаты. Мотоциклдерге аккумуляторлордун массасын (электр транспорт каражаттары болгон учурда) эсепке албастан жүктөлбөгөн массасы 400 кгдан (жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттары үчүн 550 кг) жана кыймылдаткычтын максималдуу натыйжалуу кубаттуулугу 15 кВттан ашпаган трициклдер, ошондой эле мотоциклетке орноочу же мотоцикл тибиндеги рулу бар квадрициклдер теңештирилет; өзү жүрүүчү технологиялык машиналар – тракторлор, өзү жүрүүчү жол-курулуш машиналары, коммуналдык, айыл чарба машиналары (квадроциклдер ж.б.) жана көлөмү 50 куб. см ашкан ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же максималдуу кубаттуулугу 4 кВттан ашкан электр кыймылдаткычы бар жер үстүндө рельссиз жүрүүчү башка механикалык транспорт каражаттары; техниканын башка түрлөрү – өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын чиркегичтери (жарым чиркегичтери), өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын негизги жана (же) кошумча функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон агрегаттар, шаймандар жана жабдуулар, ошондой эле айыл чарба продукциясын өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө колдонулуучу техникалык түзүлүштөр (опурталдуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү кошпогондо); 13) транспорт каражатынын айдоочусу – транспорт каражатын башкарууга укугу бар адам. Жол кыймылынын эрежелеринде каралган учурларда жеке мобилдүүлүк каражаттарын, велосипеддерди башкарган, ошондой эле малды, үйүрлөрдү, чегилген, жүк артылган же минүүчү жандыктарды башкарып бараткан (айдаган) адамдар дагы айдоочуларга теңештирилиши мүмкүн; 14) электромобиль – электр энергиясынын көз карандысыз булагынан (аккумуляторлор, отун элементтери, конденсаторлор ж.б.) кубаттандыруусу бар, ичинен күйүүчү кыймылдаткычсыз, бир же бир нече электр кыймылдаткычтары менен кыймылга келүүчү автомобиль; 15) электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгиси – Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактарга таандык электромобилдерди мамлекеттик каттоодо берилүүчү, ак фондогу жашыл тилке менен аткарылган мамлекеттик каттоонун номердик белгиси. Ушуну менен бирге, мындай номердик белгилер чет өлкөлүк жарандарга жана чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө берилбейт. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2015-жылдын 26-февралындагы № 40, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 80, 2024-жылдын 11-июнундагы № 93 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун негизги принциптери
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет: - чарбалык ишкердүүлүктүн экономикалык натыйжалары үчүн жол кыймылына катышкан граждандардын өмүрүнө жана ден соолугуна артыкчылык берүү; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда граждандардын, коом менен мамлекеттин кызыкчылыктарын сактоо; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерге программалык - максаттуу мамиле жасоо.
4-статья. Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ ЖАГЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТ
5-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун негизги багыттары
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкүчө ишке ашырылат: - аткаруу бийлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин аныктоо аркылуу; - жол кырсыктарын алдын алуу жана келтирүүчү залалдарын жеңилдетүү максатында аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, юридикалык жана жеке жактардын иш-аракеттерин өз ара шайкеш келтирүү аркылуу; - жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарында, анын ичинде автомобиль, шаардагы жер үстүндө жүрүүчү электр транспортторунда жана жол чарбасында аткарылуучу иш-аракеттерди жөнгө салуу аркылуу; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча белгиленген тартипте ченемдик укуктук актыларын, эрежелерди, стандарттарды, техникалык өлчөмдөрдү жана башка ченемдик документтерди иштеп чыгуу аркылуу; - жол кыймылын уюштуруу боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу аркылуу; - жол кыймылынын коопсуздугу боюнча иш-чараларды материалдык жана каржылык Жактан камсыздандыруу аркылуу; - транспорт каражаттарын каттоо жана эсепке алуу аркылуу; - транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо жана жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелери менен талаптарына граждандарды үйрөтүү иштерин уюштуруу аркылуу; - жол кыймылынын коопсуздугун медициналык жактан камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплексин өткөрүү аркылуу; - транспорт менен жол чарбасынын объектилерин, продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн милдеттүү түрдө сертификациялоо аркылуу; - транспортто жүрүүнү камсыздандыруу тармагындагы социалдык багыттуу саясатты ишке ашыруу аркылуу; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эрежелердин, стандарттардын, техникалык өлчөмдөрдүн жана башка ченемдик документтердин аткарылышына мамлекеттик көзөмөл жана контроль жүргүзүү аркылуу. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 113, 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2024-жылдын 11-июнундагы № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагына төмөнкүлөр алынат: - Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негиздерин аныктоо; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча эрежелердин, стандарттардын, техникалык өлчөмдөрдүн жана башка ченемдик документтердин бирдиктүү тутумун аныктоо; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен ушул Мыйзамга ылайык келишин контролдоо; - жол кыймылынын Коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылган органдарды түзүү; - жол кыймылынын коопсуздугун чыңдоо программасын иштеп чыгуу менен бекитүү жана алардын каржылоосун камсыз кылуу; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыздандыруу боюнча атайын фонд түзүү; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында аткаруу бийлик органдары алардын жана анын регионалдык структуралары тарабынан жүргүзүлүүчү иш-аракеттерге мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду уюштуруу жана ишке ашыруу; - жол кыймылынын Коопсуздугун камсыз кылуу жагында органдардын иш-аракеттерин шайкеш келтирүү; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы эл аралык келишимдерди түзүү укугу. 2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы өз ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн ишке ашырууну аларга бере алат. 3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин өз алдынча чечет. 4. Кыргыз Республикасынын жолдорунда мамлекеттик контролдоонун ыйгарым укуктуу органдарынын станционардык постторун уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча гана ишке ашырылат. 5. Ушул Мыйзамды колдонуунун натыйжалуулугун аныктоо максатында компетенциясынын чөйрөсүнө ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети кирген мамлекеттик органдар ушул Мыйзамдын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону жүзөгө ашырат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу жүргүзүлүүчү иш-аракеттерди лицензиялоо
Жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу иш-аракеттерди лицензиялоонун түрлөрү жана тартиби "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат жана жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 113 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги, расмий тил менен айырмачылыктар бар жана ушул статьяда 3-пункт жок.
8-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына коомдук бирикмелердин катышы
Жолдо жүрүүгө катышкан граждандардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөрүлгөн коомдук бирикмелер жол кырсыктарын алдын алууда жана ал уюмдардын мүчөлөрүнүн жамааттык аракеттерин бириктирүү максатында алардын уставына ылайык жана мыйзамда бекитилген тартипте төмөнкүлөрдү аткарууга укуктуу: - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу органдарына тийиштүү иш-чараларды өткөрүүгө, эрежелерди, стандарттык, техникалык өлчөмдөрдү жана башка техникалык документтерди өркүндөтүүгө байланыштуу сунуштарды киргизүүгө; - коомдук бирикмелердин мүчөлөрүнүн талабы боюнча жол кырсыктарынын болуш себептерин жана жагдайларын иликтөө жүргүзүүгө, буга байланыштуу материалдарды прокуратурага өткөрүп берүүгө жана сотто өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын жактоого; - жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө.
9-статья. Жол жүрүүдөгү коопсуздук абалынын негизги көрсөткүчтөрүн мамлекеттик эсепке алууну уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын коопсуздук абалынын негизги көрсөткүчтөрүн эсепке алуу жүргүзүлөт. Мындай көрсөткүч катары жол кырсыктарынын, андан жана чеккен граждандардын, унаа каражаттарынын, айдоочулардын, бузулган транспорт каражаттарынын, жол кыймылындагы укук бузуулардын жана кылмыш иштеринин саны, ошондой эле жолдо жүрүүдөгү коопсуздук абалын жана муну камсыздандыруу үчүн аткарган иш-аракеттердин натыйжасын чагылдырган башка көрсөткүчтөр эсептелет. 2. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик эсепке алууну Жүргүзүү, эсепке алынган маалыматтарды пайдалануу жана отчеттук маалыматтарды түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 25-февралындагы № 21, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
III БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР
10-статья. Жолдорду долборлоо, куруу жана реконструкциялоо учурунда жод кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жолдорду долборлоо, куруу жана реконструкциялоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуусу тийиш. Курулган жана жаңыртылган жолдордун техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, эрежелеринин, стандарттарынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик башка документтердин талаптарына шайкеш келиши жолду кабыл алуу актысы менен тастыкталат. Жолду кабыл алуу актысы өз укугунун чегинде аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дайындаган комиссия тарабынан белгиленген тартип боюнча жүргүзүлгөн контролдоо, иликтөө жана сыноо иштеринин натыйжасынын негизинде берилет. 2. Долбоорлоо этабында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча белгиленген талаптарга жолдун жооп беришине байланыштуу жоопкерчилик Долбоорду аткаруучуга, ал эми куруу жана реконструкциялоо учурундагы жоопкерчилик ал жумушту аткаруучуга жүктөлөт. 3. Жолдорду долбоорлордо, курууда жана эксплуатациялоодо жол кыймылынын коопсуздугуна кедерги болуучу инженердик чечимдерди кабыл алуунун эсебинен капиталдык чыгымдарды төмөндөтүүгө жол берилбейт. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Жолдорду оңдоодо жана кармоодо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жолдорду оңдоо жана кармоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга кызмат кылышы зарыл. Жолдордун абалынын техникалык регламенттерге, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган эрежелерге, стандарттарга, техникалык ченемдерине жана башка ченемдик документтерге шайкеш келиши аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарынын катышуусунда жүргүзүлгөн жолдорду контролдоонун же иликтөөнүн актылары аркылуу тастыкталат. 2. Жолдордун оңдолгондон кийинки жана пайдалануу учурундагы абалынын бекитилген эрежелерге, стандарттарга, техникалык ченемдерге жана башка ченемдик документтерге шайкеш келиши боюнча милдет, ал жолдор кайсы аткаруу бийлигинин органынын карамагында болсо, ошол органга жүктөлөт. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Жолдорду кызмат көрсөтүү объектилери менен жабдуу
1. Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, эгерде автомобиль жолдору алардын карамагында болсо, кызмат көрсөтүү объектилеринин долбоорлоо ченемдерине, курулуш пландарына жана башка схемасына ылайык ал жолдорду аталган объектилер менен жабдууга чара көрөт, жол кыймылынын катышуучуларынын талаптарын канааттандыруу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тийиштүү иштерди уюштурат, аларга мындай объекттер жана жакын жайгашкан саламаттыкты сактоо, байланыш мекемелери туурасындагы маалыматтарды, ошондой эле жолдун тийиштүү бөлүктөрүндөгү жол кыймылынын коопсуздук шарты жөнүндөгү маалыматтарды берет. (Экинчи абзац Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2. Жолдорду кармоону тийиштүү деңгээлде камсыз кылбагандыктан, күтүлбөгөн окуялардын жана жол транспорт кырсыктарынын келип чыгышына алып келсе, күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-статья. Жолдордогу кыймылдын чектелиши же токтотулушу
1. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жолдордо жүргөн транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу чектөө жана токтотуу мындай укук ыйгарылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынарн алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт. 2. Жолдордо жүргөн транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу чектөө же токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде тастыкталат.
14-статья. Транспорт каражаттарын жана алардын курама бөлүктөрүн, кошумча жабдууларын, запастык бөлүктөрү менен шаймандарын жасоодо жана сатып өткөрүүдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар
1. Кыргыз Республикасында даярдалган же 6 айдан ашык мөөнөткө чет өлкөдөн алып келинген жана анын аймагында жол кыймылына катышууга арналган транспорт каражаттары, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга тиешелүү бөлүгүндө транспорт каражаттарынын конструкцияларынын курама бөлүктөрү, кошумча жабдуу буюмдары жана шаймандары алар техникалык регламенттерге ылайык келгенде рынокто айландырууга жол берилет. 2. Кыргыз Республикасынын аймагында сатыла турган жана жол кыймылынын коопсуздугунун белгиленген талаптарына ылайыктыгын тастыктаган документтери болбогон транспорт каражаттарын, ошондой эле конструкцияларынын курама бөлүктөрүн, кошумча жабдуу буюмдарын, запастык бөлүктөрүн жана шаймандарын жасоочунун (сатуучунун, аткаруучунун) жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. 3. Кыргыз Республикасынын аймагында жолдо жүрүүгө арналган транспорт каражаттарынын (эл аралык жол жүрүүгө катышкандардан же 6 айдан ашык эмес мөөнөттөгү чет өлкөдөн алып келингендерден башкасынын) жол жүрүү укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды каттоо жана тийиштүү документ берүү аркылуу ишке ашырылат. Жол кыймылынын коопсуздугунун белгиленген талаптарына шайкештигин күбөлөндүргөн документи жок транспорт каражаттарын каттоого тыюу салынат. 4. Каттоодон өткөрүлгөн транспорт каражаттарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга таасир этүүчү конструкциясына, анын ичинде курама бөлүктөрүнүн конструкциясына, кошумча жабдык буюмдарына, запастык бөлүктөрүнө жана шаймандарына киргизилген өзгөртүүлөр техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Унаа каражаттарын пайдаланууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар
1. Жол кыймылына катышкан транспорт каражаттарынын техникалык абалы жана жабдуулары жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылуусу зарыл. 2. Жол кыймылына катышкан транспорт каражаттарын техникалык жактан шайма-шай абалда кармоо милдети менчиктин түрүнө карабай ошол транспорт каражаттарынын ээлерине жүктөлөт. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу келишимин (келишимдерин) түзүү боюнча милдет автотранспорт каражаттарынын ээлерине жүктөлөт. (КР 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-статья. Транспорт каражаттарын техникалык кароо
1. Жер үстүндө жүрүүчү төмөнкү транспорт каражаттары техникалык кароодон өтүүгө жатат: 1) ташуу боюнча ишкердик иште пайдаланылуучу: - жүргүнчүлөрдү (анын ичинде жеңил автомашиналар (таксилер); - жүктөрдү; - коркунучтуу жүктөрдү; 2) атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары (медициналык тез жардам автомобилдери, өрт өчүрүүчү автомобилдер, автокрандар, карагай ташуучу автомобилдер, өзү төгүүчү автомобилдер, цемент ташуучу автомобилдер, автоэвакуаторлор, өлчөмү узун жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары, айыл чарба жана токой чарба тракторлору, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (АТМ) жана түшкөн акчаны жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары). 2. Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү: 1) жүргүнчүлөрдү, коркунучтуу жана атайын жүктөрдү ташуу боюнча - жылына эки жолу; 2) жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү жеңил автомашиналар (таксилер), жүк-жүргүнчү ташуучулар, жүк ташуучулар, айыл чарба жана токой чарба тракторлору, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (АТМ), атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары, чыгарылган жылы менен: 3 жылга чейин - кароого жатпайт; 3 жылдан 7 жылга чейин - 2 жылда бир жолу; 7 жылдан ашык - жыл сайын. Жер үстүндө жүрүүчү башка бардык транспорт каражаттары ыктыярдуу тартипте техникалык кароодон өтөт. 3. Техникалык кароону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген диагностикалык борборлор жүзөгө ашырат. Диагностикалык борборлор транспорт каражаттарын техникалык кароону Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана техникалык регламенттерде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзөт. Диагностикалык борборлор тарабынан берилген оң корутундулар транспорт каражаты бардык талаптарга жооп берээрин, чектөөлөрү жок экендигин, абаны булгабаганын жана эксплуатациялоого толук даяр экендигин ырастоого тийиш. Диагностикалык кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу техникалык тейлөө станциялары техникалык кароону өткөрүүгө укуксуз. 4. Ушул Мыйзамда каралган милдеттүү техникалык кароону өткөрүү үчүн жоопкерчилик транспорт каражаттарынын ээлерине жана менчигинин формасына карабастан бул транспорт каражатын пайдалануунун ичинде транспорт каражаты пайдалануучу уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт. 5. Техникалык кароону өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-январындагы № 13, 2020-жылдын 12-августундагы № 122, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоодо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар
1. Транспорт каражаттарын шайма-шай абалда кармоо максатында аларды техникалык жактан тейлөө жана оңдоо иштери жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга кызмат кылуусу зарыл. 2. Транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоонун ченем, эреже, процедуралары аларды пайдалануу шартын эсепке алуу менен даярдоочу завод тарабынан аныкталат. 3. Транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоо боюнча жумуштарды аткарган жана кызмат көрсөткөн юридикалык жак менен жеке ишкерлер аталган иштерди жана кызматтарды аткаруу боюнча лицензияга жана шайкештик сертификатына ээ болууга жана белгиленген ченем эрежелерге ылайык иш кызмат өтөөгө милдеттүү. 4. Техникалык жактан тейлөө жана оңдоодон өткөрүлгөн транспорт каражаттары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жол жүрүүгө катышкан транспорт каражаттарынын техникалык абалы жана жабдылышы белгиленген тартиптеги талаптарга жооп бериши керек, аталган жумуш же кызмат аткаруучу тарабынан берилүүчү тийиштүү документ аркылуу күбөлөндүрүлүшү зарыл. Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 113 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги, расмий тил менен айырмачылыктар бар.
18-статья. Транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салуунун негиздери жана тартиптери
1. Алардагы жол кыймыдынын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү техникалык жактан бузук транспорт каражаттарын таптакыр пайдаланууга тыюу салынат. Транспорт каражаттарынын бузуктугунун толук тизмеси жана аларды пайдалануунун тыюу салынган Шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 2. Транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салуу иштери мындай укук ыйгарылган кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Транспорт каражаттарын пайдаланууга байланыштуу иш-аракеттерди аткарууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча юридикалык жана жеке жактарга коюлуучу негизги талаптар
1. Транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына иш-аракеттерди аткарып жаткан юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү: - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган талаптарга ылайык айдоочулардын ишин уюштурууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айдоочулардын эмгек жана эс алуу эрежелерин сактоо; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана автотранспорт менен шаардагы жер үстүндө жүрүүчү электр транспортторун айдоочулары жана башка кызматкерлеринин адистигин жогорулатуу боюнча шарттарды түзүүгө; - өздөрүнө таандык транспорт каражаттарынын катышуусу менен жол кырсыктарынын жана жол кыймылынын эрежелеринин бузулуш себептерин талдоого жана четтетүүгө; - саламаттыкты сактоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен айдоочуларды рейс алдындагы медициналык текшерүүдөн өткөрүү, жол кырсыктарына кириптер болгон адамдарга дарыгерге чейинки медициналык жардам берүүгө; айдоочуларды машыктыруу иш чараларын уюштурууга жана жүргүзүүгө; - транспорт каражаттарынын техникалык абалынын жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына шайкеш келишин камсыз кылууга жана жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирген бузук транспорт каражаттарды пайдаланууга тыюу салууга. 2. Жол кыймылынын коопсуздугун бузууга аракеттенген транспорт каражаттарынын айдоочуларына кандай гана мүнөздө болсо да юридикалык жана жеке жактар тараптан мажбурлоо же колдоо көрсөтүүгө тыюу салынат. 3. Автомобиль жана жаардагы жер үстүндө жүрүүчү электр транспорту аркылуу ташуу жумушун аткарган юридикалык жактар ташуунун бөтөнчөлүгүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде атайын эрежелерди белгилөө менен учурдагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти төмөндөтпөй туруп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында транспорт каражаттарынын айдоочуларына кошумча талаптарды кое алат.
20-статья. Жолдо жүрүүнү уюштуруу боюнча иш чаралар
1. Жол кыймылын уюштуруу боюнча иш-чаралар аткаруучу бийликтин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан, эгерде автомобиль жолдору алардын карамагында болсо, жол жүрүү коопсуздугун бекемдөө жана жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көтөрүү максатында ишке ашырылат. 2. Аталган иш чараларды иштеп чыгуу жана жүргүзүү жагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленген тартипте бекитилүүчү долбоор, чийме жана башка документтердин негизинде ишке ашырылат.
21-статья. Уюштуруу процессиндеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар
1. Жол кыймылын уюштуруу боюнча иш аракеттердин колдонулушу Кыргыз Республикасынын учурдагы стандарттарында белгиленген жана жол кыймылын уюштуруунун долбоор, чиймелеринде каралган техникалык каражаттар менен конструкцияларды чогуу пайдалануунун негизинде жүргүзүлөт. 2. Жол кыймылынын коопсуздугунун деңгээлин төмөндөтүүнүн эсебинен жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көтөрүүгө багытталган же башка максатты көздөгөн жол кыймылын уюштуруудагы өзгөртүүлөрдүн болушуна тыюу салынат. 3. Жол кыймылынын коопсуздугуна чыныгы коркунуч туулган өтө зарыл учурда транспорт каражаттары менен жөө жүрүүчүлөрдүн жолдо жүрүшүн уюштурууну өзгөртүү иштери атайын укук ыйгарылган Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын же Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кийин кабарлоо аркылуу жол жана коммуналдык кызматтын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. 4. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жолдо жүрүүнүн бирдиктүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жол кыймылынын эрежелери аркылуу аныкталат. 5. Кыргыз Республикасынын жолдорунда транспорт каражаттарынын жолдун оң жагы менен жүрүү тартиби бекитилет. 6. Коммуналдык чарба, айыл чарбасы, жолдорду куруу (күтүү) үчүн арналган транспорт каражаттарын (автокрандарды, автобургулоочуларды, автобетон аралаштыргычтарды, чачып жуугуч машиналарды), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу транспорт каражаттарынын башка түрлөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо, пайдаланууга жол берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө тыюу салынат. Кайра алып кетүү жөнүндө' милдеттенме менен 6 айдан ашпаган мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын жарандары, жарандыгы жок адамдар жана чет элдик адамдар тарабынан алып келинген, эл аралык кыймылга катышкан мамлекеттердин айырмалоочу каттоо белгиси болгон транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында ээликтен ажыратылууга жана туруктуу катталууга тийиш эмес. 7. Автомобиль транспорту чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоо органдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Убактылуу каттоо тартибине ылайык эл аралык каттамга катышкан мамлекеттердин айырмалоочу каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын убактылуу каттоодон өткөрүшөт. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2008-жылдын 29-майындагы № 100, 2015-жылдын 26-февралындагы № 40, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун медициналык жактан камсыз кылуу
1. Жол кыймылынын кропсуздугун медициналык жактан камсыз кылуу деп - транспорт каражаттарын айдоочуларды жана айдоочуга талапкерлерди милдеттүү түрдө медициналык жактан күбөлөндүрүү жана кайра күбөлөндүрүү, айдоочулауды рейске чейинки, рейстен кийинки жана рейс учурундагы медициналык жактан текшерүүдөн өткөрүү, жол кырсыгынан жана чеккендерге медициналык жардам көрсөтүү, жолдо жүрүүнүн катышуучуларын Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана башка атайын бөлүктөрдүн кызмат адамдарын, ошондой эле жалпы калкты жол кырсыгынан жана чеккендерге дарыгерге чейинки жардам көрсөтүүгө үйрөтүү эсептелет. 2. Милдеттүү түрдө медициналык күбөлөндүрүүнүн жана кайра күбөлөндүрүүнүн максаты болуп транспорт каражаттарын айдоочуларынын жана айдоочуга талапкерлеринин айдоо кызматын өтөөгө медициналык жактан жол берилбеген же чектелген жактары бар экендиган аныктоо эсептелет. 3. Жол кырсыгынан жапа чеккендерге медициналык жардам көрсөтүү деп төмөнкүлөр эсептелет: - жол кырсыгы болуп өткөн жерде дарыгерге чейинки жардамдын берилиши; - жол кырсыгы болуп өткөн жерде, дарылоо мекемесине бараткан жолдо же дарылоо мекемесинин ичинде квалификациялуу медициналык жардамдын берилиши. 4. Милдеттүү түрдө медициналык текшерүүнүн мөөнөтү, аны өткөрүү тартиби, медициналык жактан саламаттыгы карама-каршы келгендердин тизмеси (мындай учурда Кыргыз Республикасынын гражданы транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылат), ошондой эле жол кырсыгынан жана чеккендерге медициналык жардамдын берилишин уюштуруу тартиби тийиштүү мыйзам аркылуу аныкталат.
23-статья. Жол кыймылынын катышуучуларынын укугу жана милдеттери
1. Граждандардын Кыргыз Республикасынын жолдорунда коопсуздук шартында жүрүү укугу мамлекет тарабынан гарантияланат жана ал Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткаруу аркылуу камсыздандырылат. 2. Жол кыймылынын катышуучулары тарабынан өз укугун ишке ашырууда башка катышуучулардын укугун чектөөгө же бузууга жол берилбеши керек. 3. Жол кыймылынын катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу: - белгиленген эрежелерге ылайык жана алардын негизинде эркин жана тоскоолдуксуз жолдордо жүрүүгө, аткаруу бийлигинин органдарынан жана ушул Мыйзамдын 12-статьясында көрсөтүлгөн жактардан жол жүрүүнүн коопсуз деп эсептелген шарттары жөнүндөгү анык маалыматты алууга; - ушул Мыйзамдын 13-статьясында көрсөтүлгөн кызмат адамдарынан жолдо жүрүү боюнча бекитилген чектөөлөр менен тыюу салуулардын себеби жөнүндөгү маалыматты алууга; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу продукциянын жана кызматтын сапаты жөнүндө толук жана анык маалыматты алууга; - мыйзамда жана башка ченемдик актыларда же берилген лицензиялардын талаптарында жардам берүү милдеттери жүктөлгөн мекемелерден жана (же) кызмат адамдарынан жол кырсыгына туш болгон учурда медициналык, куткаруу иштерине байланыштуу жана башка өтө шашылыш түрдө берилүүчү жардамдарды бекер алууга; - жол кырсыгынын натыйжасында денесинен жаракат алса, ошондой эле унаа каражаты же жүгү зыянга учураса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип боюнча келтирилген зыянды төлөтүп алууга; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында ыйгарым укугун ишке ашыруучу кызмат адамдарынын мыйзамсыз жүргүзгөн иш-аракеттерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип боюнча жана алардын негизине даттануу иштерин жүргүзүүгө. 4. Жол кыймылынын катышуучулары жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылуу жагынан ушул Мыйзамдын жана ага ылайык чыгарылуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарууга милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
231-статья. Транспорт каражаттарынын менчик ээлеринин укуктары жана милдеттери
1. Транспорт каражаттарынын менчик ээлери төмөнкүлөргө укуктуу: - төмөнкү маалыматтарды акысыз (бекер) негизде алууга: транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тартиби жөнүндө; жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн аларга берилген жазалар жөнүндө; транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан белгиленген салмак-габариттик параметрлерди бузгандыгы үчүн аларга берилген жазалар жөнүндө; - транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгисинин цифралык жана (же) тамгалык белгиленишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте тандап алууга. - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө акы төлөөнүн негизинде уруксат алууга. - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгисин алууга; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгисин пайдалануу үчүн жеңилдиктерди алууга. Жеңилдиктердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана белгиленет. 2. Транспорт каражаттарынын менчик ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү: - ушул Мыйзамдын 14 жана 24-статьяларында көрсөтүлгөн учурларда транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда транспорт каражаттарын каттатууга (кайра каттатууга); - транспорт каражатын утилдештирүүгө же жоготууга байланыштуу же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жерге чыгарып кетүүнүн алдында анын мамлекеттик каттоосун токтотуу үчүн транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылууга; - транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүн мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу эрежелеринде транспорт каражатын милдеттүү түрдө көрсөтүү каралган учурларда аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга көрсөтүүгө; - жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана транспорт чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана видеожазма функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен жазылып белгиленген укук бузуулар үчүн айып пул түрүндө жаза салуу тууралуу өз убагында аткарылбаган токтомдор болгон учурда айып пулдардын суммаларын төлөөгө. (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2020-жылдын 21-августундагы № 138, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 26, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
24-статья. Транспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) жана эсепке алуунун максаттары, шарттары 1. Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат: – транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жол кыймылына катышууга жана (же) эксплуатациялоого жол берүү; – транспорт каражаттарын мамлекеттик эсепке алуу; – транспорт каражаттарын пайдалануу менен байланышкан кылмыштарды жана укук бузууларды табуу жана бөгөт коюу. 2. Кыймылдаткычынын көлөмүнө, максималдуу конструктивдик ылдамдыгына жана жүк көтөрүмдүүлүгүнө карабастан бардык механикалык транспорт каражаттары, ошондой эле өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, техниканын башка түрлөрү жана чиркегичтер мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) жатат. 3. Кыргыз Республикасында чыгарылган, алып келинген жана эксплуатацияланган бардык механикалык транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар жана техниканын башка түрлөрү транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик катталууга (кайра катталууга) тийиш. 4. Юридикалык жана жеке жактар өздөрүнө таандык болгон механикалык транспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн алардын техникалык абалына карабастан сатып алган (алган) же транспорт каражаттарын каттоого (кайра каттоого) алып келүүчү милдеттенмелер келип чыккан учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда каттатууга (кайра каттатууга) милдеттүү. 5. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын каттоого (кайра каттоого), каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө төмөнкү учурларда тыюу салынат: – Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген жаңы транспорт каражаттары үчүн ББ ТР 018/2011 ылайык транспорт каражатынын тибин жактыруу, шассинин тибин жактыруу, ошондой эле транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөр жок болгондо; – ушул Мыйзамдын 16-статьясына ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган транспорт каражаттарын кайра каттоого көрсөткөндө; – тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер көрсөтүлгөндө; – транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аны каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан жазылган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун кесепетинен транспорт каражатын идентификациялоого мүмкүн болбогондо; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, каттоо документтеринде көрсөтүлгөн транспорт каражатынын маркалоочу идентификациялык белгиси бар конструкциянын курамдык бөлүгү алмаштырылганда; – транспорт каражаты издөөдө жана (же) камакта болгондо; – автоматташтырылган маалымат тутумунда транспорт каражатынын ээсинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорт чөйрөсүндөгү (анын ичинде фото жана видеожазуу функциялары бар сертификатталган жана текшерилген атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарда автоматтык режимде жазылып белгиленген) укук бузуулар үчүн айып пулдар боюнча карызы жѳнүндѳ маалымат болгондо. Ушул статьяда көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенде, транспорт каражатын каттоого (кайра каттоого) же каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө уруксат берилет. 6. Жарандардын жеке менчигинде турган транспорт каражаты бир гана ээлик кылуучуга катталат. 7. Белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлбөгөн көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) эрежелерин сактабоо жана өз убагында эсепке койбоо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет. 8. Транспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) шарттары жана эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат (Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 30-июнундагы № 65, 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2021-жылдын 25-февралындагы № 21, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
241-статья. Катталган транспорт каражаттарынын маалыматтар базасы
1. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катталган транспорт каражаттарын маалыматтардын электрондук базасына киргизүүгө милдеттүү. Маалыматтардын электрондук базасын уюштуруунун жана күтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 2. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган укук коргоо органдарынын, салык кызматы органдарынын кызматкерлеринин жана башка кызмат адамдарынын маалыматтардын электрондук базасына оперативдүү жеткиликтүүлүгүн уюштурууга милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-июлундагы № 110, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
25-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун алуунун шарттары 1. Ушул статьяда белгиленген куракка жеткен жана айдоочулук ишке чектөөлөрү же транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуу, анын ичинде ушул статьянын 3-пунктунда каралган чектөөлөр болбогон Кыргыз Республикасынын жарандары тийиштүү даярдыктан ѳткѳндѳн кийин транспорт каражаттарын башкаруу укугун алуу сынактарына киргизилиши мүмкүн. 2. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу төмөнкүлөргө берилет: – кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВтка чейинки дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды («А» категориясы) – он алты жашка чыккан адамдарга; – кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВттан ашкан дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлорду, өзү жүрүүчү айыл чарба, мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналарын, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб. м чейинки экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү («В» категориясы) – «А» графасында уруксат берилген белгилери жана тракторист-машинист болуп иштеген үзгүлтүксүз бир жылдык стажы бар он жети жашка чыккан адамдарга; – мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб. м жогору экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү («Г» категориясы) – «А», «В» графаларында уруксат белгилери жана тракторист-машинист болуп иштеген үзгүлтүксүз эки жылдык стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга; – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб. смдан ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 4 кВттан ашпаган мопеддерди («А1» категориячасы) – он алты жашка чыккан адамдарга; – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб. смдан ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВттан ашпаган мотоциклдерди (жеңил мотоциклдер) («А1» категориячасы) – он алты жашка чыккан адамдарга; – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб. смдан ашкан жана максималдуу кубаттуулугу 15 кВттан ашпаган мотоциклдерди («А» категориясы) – он алты жашка чыккан адамдарга; – трициклдерди жана квадроциклдерди («В1» категориячасы) – он алты жашка чыккан адамдарга; – уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашпаган, айдоочунун орундугунан тышкары, сегизден көп эмес орундугу бар автомобилдерди («А» категориясына кирген транспорт каражаттарын кошпогондо) («В» категориясы) – он жети жашка чыккан адамдарга; – «D» категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашкан, бирок 7500 кгдан ашпаган автомобилдерди («С1» категориячасы) – он сегиз жашка чыккан адамдарга; – «D» категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 7500 кгдан ашкан автомобилдерди («С» категориясы) – он сегиз жашка чыккан адамдарга; – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары сегизден он алтыга чейинки орундугу бар автомобилдерди («D1» категориячасы) – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга; – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары он алтыдан көп орундугу бар автомобилдерди («D» категориясы) – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга; – чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан жана жүгү жок автомобилдин массасынан ашкан «В» категориясындагы автомобилдерди жана чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашкан «В» категориясындагы автомобилдерди («ВЕ» категориясы) – эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга; – чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кгдан ашпаган «С» категориясындагы автомобилдерди («С1Е» категориячасы) – үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга; – чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, «С» категориясындагы автомобилдерди («СЕ» категориясы) – үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга; – чиркеме чиркелген, жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кгдан ашпаган «D1» категориясындагы автомобилдерди («D1E» категориячасы) – төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн – беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга; – чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан «D» категориясындагы автомобилдерди («DE» категориясы) – төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн – беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга. Троллейбус айдоого жыйырма бир жашка чыккан адамдарга уруксат берилет. Ушул статьяда саналып өткөн кайсы болбосун категориянын же категориячанын бар болушу «А1» категориясындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугун ырастайт. 3. Жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана видеожазуу функциялары бар сертификатталган, атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде жазылып белгиленген укук бузуулар үчүн айып пулдар боюнча арыз ээсинин карыздары жѳнүндѳ маалыматтардын автоматташтырылган маалымат тутумунда болуусу транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктү берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2014-жылдын 22-майындагы № 73, 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2022-жылдын 24-февралындагы № 15, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
26-статья. Транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо боюнча негизги талаптар
1. Тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга укукту медициналык көрсөткүчтөр боюнча тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берилген, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда теориялык жана практикалык сынактарды тапшырган, тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо программасы боюнча окутуучу (билим берүүчү) уюмдарда тиешелүү окуудан (кайра окуудан) өткөн жарандар алат. 2. Тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо программалары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде окутуучу (билим берүүчү) уюмдар тарабынан иштелип чыгат. 3. Тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга медициналык каршы көрсөткүчтөр менен чектөөлөр жана медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
261-статья. Айдоо көндүмдөрүнө үйрөтүүчү уюмдарга (автомектептерге) коюлуучу талаптар
1. Айдоо көндүмдөрүнө үйрөтүүчү уюм (автомектеп) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензияга ээ болууга милдеттүү, ошондой эле алар төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш: - айдоонун теориясын жана практикасын үйрөтүүчү уюмдун кызматкерлеринде (инструкторлорунда) үч жылдан кем эмес айдоо стажынын болушуна; - айдоонун көндүмдөрүн үйрөтүүчү керектүү сандагы жана оң абалдагы видеобайкоо жабдуулары менен жабдылган автомобиль транспортунун (менчик же ижаралык негиздеги) болушуна; - айдоонун теориялык көндүмдөрү текшериле турган менчик же ижаралык негиздеги иш абалындагы компьютердик техниканын болушуна; - окуу үчүн жеке же ижарага алынган видеобайкоо каражаттары менен жабдылган имараттын (окуу жайы, класстар), ошондой эле автоаянтчанын (автомобиль транспортун айдоонун практикалык көндүмдөрүн текшерүү үчүн жерлер) болушуна. 2. Автомектеп Жол кыймылынын эрежелерине окугандардын билимдеринин баалары чагылдырылган каттоо журналын жүргүзүүгө милдеттүү. Каттоо журналын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Ушул журналдан көчүрмөдөн жана зарыл болгон учурда теориялык жана практикалык окуулар өткөрүлгөн жайлардан видеобайкоо жазуулары транспорт каражатын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди кабыл алган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна ээ болуу
1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык, психикалык ден соолугун аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөн жана ушул Мыйзамдын 25-статьясында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган адамдарга берилет. 2. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу тийиштүү күбөлүк менен тастыкталат. Кыргыз Республикасынын аймагында айдоочунун улуттук жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин талаптарына туура келген эл аралык күбөлүктөрү кызмат өтөйт. 3. Адистик сынактарды тапшыруу жана айдоочунун күбөлүгүн, ошондой эле тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 31. Транспорт каражатын башкаруу укугуна квалификациялык экзамен тапшырууда талапкер айдоого үйрөнүүдө алган транспорт каражаттарын башкаруунун теориялык жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүүгө милдеттүү. Айдоонун практикалык көндүмдөрүн ырастоо автомобиль транспортуна орнотулган видеокаттоолор менен жүзөгө ашырылган видеотартуулар же болбосо видеожазууларды жүзөгө ашыруучу башка түзүлүштөр менен белгиленет. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
28-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуунун негиздери
1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат: - айдоочунун күбөлүгүнүн жарактуулугу белгиленген мөөнөтүнөн өтүшү; - айдоочунун транспорт каражаттарын коопсуз башкаруусуна жолтоо болуучу, медициналык корутунду менен тастыкталган ден соолугунун начарлашы; - транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими. 2. Жоопкерчилик чарасы катары транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылышына же мындай укукту чектөөгө алып келген укук бузуулардын түрлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 25-февралындагы № 21, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
29-статья. Автомобиль жолдорунда жүрүүнүн коопсуздук эрежелерине граждандарды үйрөтүү
1. Жолдо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерине граждандарды милдеттүү түрдө үйрөтүү билим берүү; ишин аткарууга лицензия алган түрдүү уюштуруу-укуктук формадагы мектепке чейинки, жалпы жана адистик билим берүү мекемелеринде автомобиль жолдорунда, белгиленген тартипте ж.б.у.с. жүргүзүлөт. 2. Автомобиль жолдорунда жүрүүнүн коопсуздук эрежелерин граждандарга үйрөтүү транспорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан иштелип чыккан типтүү программалар менен усулдук сунуштарга ылайык жүргүзүлөт. 3. Жолдо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерине граждандарды милдеттүү түрдө үйрөтүү жөнүндөгү жободор билим берүүнүн тийиштүү мамлекеттик стандарттарына киргизилет. 4. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин органдары жана мамлекеттик массалык маалымат каражаттары жолдо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерин граждандарга үйрөтүү боюнча аткаруу бийлигинин тийиштүү органдары тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга жардам берүүгө милдеттүү.
IV БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ ЖААТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КӨЗӨМӨЛ ЖАНА КОНТРОЛЬ
30-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль
1. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулат жана жүргүзүлөт. 2. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга тиешеси бар эрежелерди, стандарттарды, техникалык ченемдерди жана башка ченемдик актыларды сактоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
V БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУ ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫН БУЗУУДАГЫ ЖООПКЕРЧИЛИК
31-статья. Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке, ошондой эле тартиптик жана жазык жоопкерчилигине алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 25-февралындагы № 21, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
VI БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИ
32-статья. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери
Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелери колдонулат.
VII БӨЛҮМ. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
33-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
|