КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 18-июлу № 119
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-бөлүгү "Сугат айдоо жерлерин" деген сөздөрдөн кийин "бонитетинин балы 40тан төмөн көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлерге, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүгү "жерлер" деген сөздөн кийин "жерлердин башка категорияларына которулушу же" деген сөздөр менен толукталсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерлерин көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерге, жерлердин түрлөрүнө которууга жол берилбейт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |