Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 20-июлу № 125
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 203-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасындагы качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнмө билдирген адамдын үй-бүлө мүчөлөрү же качкындын үй-бүлө мүчөлөрү (мындан ары - үй-бүлө мүчөлөрү) - эри (аялы) алардын жашы жете элек балдары жана эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында алар чогуу жашаса эринин (аялынын) багуусунда турган башка туугандары.";
2) 4-статьянын 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Качкын статусун берүү жөнүндө өтүнмөнү кароо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |