Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 25-марты № 44
Качкындар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-майындагы № 87, 2012-жылдын 17-мартындагы № 15, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2016-жылдын 20-июлундагы № 125, 2020-жылдын 19-июнундагы № 61, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы качкын статусун берүүнүн, жоготуунун жана ажыратуунун шарттарын жана тартибин, качкындардын укуктарын, милдеттери менен жоопкерчилигин белгилейт жана качкындардын укуктарын укук, экономикалык жана социалдык жактан коргоонун кепилдиктерин аныктайт.
Кыргыз Республикасы жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, кайсы өлкөдө төрөлгөнү, мүлктүк же башка абалынын белгилери боюнча кандайдыр бир айырмачылыктарына, ошондой эле башка жагдайларына карабай бардык качкындарга тең укуктук абал берет.
(КР 2012-жылдын 17-мартындагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-Глава Жалпы жоболор
1-статья. Качкын түшүнүгү
Кыргыз Республикасынын жараны болбогон жана Кыргыз Республикасына өзүн качкын деп таануу жөнүндө расмий өтүнүч билдирген жана расалык, диний, улуттук белгиси, саясий ынанымдары, белгилүү бир социалдык топко таандык болгондугу үчүн куугунтукка алуунун курмандыгы болуунун негиздүү коркунучунан улам, ошондой эле куралдуу жана улуттар аралык жаңжалдарда куугунтукка алынууга кириптер болуунун чыныгы коркунучу туулгандан улам өзүнүн жарандык таандыктуулугунун өлкөсүнөн же өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары жүргөн же ушундай кооптонуулардан улам өз өлкөсүнүн коргоосуна алына албаган же андан пайдаланууну каалабаган адам качкын деп таанылат.
(КР 2012-жылдын 17-мартындагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Убактылуу кармап турган жер - өзүн качкын деп таануу жөнүндө расмий арыз берген адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөрүүчү пункттагы тура турган жери.
Расмий өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) - качкын деп таануу жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамдын инсандыгын ырастаган жана бул адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоо үчүн негиз болгон документ.
Качкындын ырастамасы - ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылган адамдын инсандыгын ырастап туруучу жана бул адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоого негиз болгон документ.
Ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын миграция саясатын жүзөгө ашыруучу жана качкындарга тиешелүү ишти координациялоочу мамлекеттик башкаруу органы жана анын аймактык түзүмдөрү.
Кыргыз Республикасындагы качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнмө билдирген адамдын үй-бүлө мүчөлөрү же качкындын үй-бүлө мүчөлөрү (мындан ары - үй-бүлө мүчөлөрү) - эри (аялы) алардын жашы жете элек балдары жана эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында алар чогуу жашаса эринин (аялынын) багуусунда турган башка туугандары.
Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган жагдайлар боюнча качкын деп таанылууну каалагандыгы жөнүндө билдирген, качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүчү белгиленген тартипте катталган адам.
Жол жүрүү документи - качкын статусун алган адамга Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болуусу үчүн берилген документ.
(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-майындагы № 87, 2012-жылдын 17-мартындагы № 15, 2016-жылдын 20-июлундагы № 125, 2020-жылдын 19-июнундагы № 61, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Качкындар жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасында качкындардын маселелери Конституция, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери менен жөнгө салынат.
(Бөлүк КР 2020-жылдын 19-июнундагы № 61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2012-жылдын 17-мартындагы № 15, 2020-жылдын 19-июнундагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-Глава Качкындардын жана качкын статусуна расмий өтүнүч билдирген адамдардын укуктук абалы
4-статья. Кыргыз Республикасындагы качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылуунун тартиби
Качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамга мындай өтүнүч берүүгө чыныгы мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш.
Ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылышы үчүн адам келери менен жеке өзү же буга ыйгарым укук берген өзүнүн өкүлү аркылуу ошол жердеги:
- мамлекеттик чек арадан өткөрүүчү пункттарда - миграциялык контролду ишке ашыруучу органдарга;
Кыргыз Республикасынын аймагында - Ыйгарым укуктуу органга кайрылууга милдеттүү.
Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы миграциялык контролду ишке ашыруучу органдарга келип түшкөн качкын статусун берүү жөнүндөгү расмий өтүнүч келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күнүнүн ичинде Ыйгарым укуктуу органга берилет, ал каттайт жана качкын статусун аныктоонун жол-жоболорун жүргүзөт.
Ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган негиздер боюнча адамдар массалык түрдө келген учурда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган негиздер боюнча адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген учурда аталган адамдарды каттоо токтоосуз жүргүзүлөт.
Мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү документтерисиз, качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамдарга мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүчү пунктта ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген күбөлүк андан ары качкын статусун аныктоо жол-жоболорун жүргүзүү үчүн адамга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү үчүн негиз болуп саналат.
Качкын деп таануу жөнүндөгү расмий өтүнүчтү кабыл алуу арыз берүүчүнүн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн инсандыгын ырастаган документтер болгондо жүзөгө ашырылат. Инсандыгын ырастаган документтери болбогон арыз берүүчүлөр, алардын жоктугунун себептерин түшүндүрүүчү документтерди берүүгө же бул документтердин жоктугу жөнүндө түшүнүк берүүгө милдеттүү.
Качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылган адамга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген форма боюнча үч айлык мөөнөткө анын өтүнүчү катталгандыгы тууралу күбөлүк берилет жана даттануу баскычын кошуп алганда, анын өтүнүчү боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин узартылат.
(Бөлүк Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүчтү каттоо тууралу күбөлүккө аны менен бирге болгон үй-бүлө мүчөлөрү тууралу маалыматтар жазылат.
Качкын статусун берүү жөнүндө өтүнмөнү кароо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамына ылайык, мамлекеттик тилдеги өзгөртүүлөр жана толуктоолор бөлүктөрдү эсептөө тартибинде дал келбейт
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 17-мартындагы № 15, 2016-жылдын 20-июлундагы № 125, 2020-жылдын 19-июнундагы № 61, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья. Качкын статусунун берилбешине негиз болгон жагдайлар
Адам төмөнкүдөй негиздер боюнча:
- эгерде өзүн качкын деп таануу жөнүндө расмий арыз берген адамдын ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган негиздери болбосо;
- эгерде ага карата ал адамзатка каршы кылмыш же согуштук кылмыш жасаган деп эсептөө үчүн олуттуу негиздер болсо;
- эгерде ал Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жана ал Кыргыз Республикасына башбаанек издеген адам катары киргизилгенге чейин да саясий мүнөздөгү эмес оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаса;
- эгерде БУУнун ишинин максаттары менен принциптерине карама-каршы келген аракеттерди жасоо жагынан күнөөлүү болсо;
- эгерде үчүнчү мамлекеттин коргоосунан пайдалана ала турган анын жараны болсо же ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган негиздер боюнча ошол үчүнчү мамлекетте кандайдыр бир куугунтуктоонун курмандыгы болууга эч кандай негиз болбосо жана мыйзамдуу негизде үчүнчү мамлекеттин аймагында жашоо укугуна ээ болсо;
- эгерде башка мамлекетте качкын статусуна ээ болсо же кайсы бир өлкөнүн колдонуудагы эл аралык коргоосунан пайдаланса же бул өлкөгө кайра келе алса жана анын коргоосунан пайдалана алса. Ушул негизде Кыргыз Республикасында башбаанек берүүдөн баш тартуу билдирилген адам ал куугунтукка алынган өлкөгө кайра барышынан корголууга тийиш;
- жараны болгон мамлекеттеги кырдаал анда туруктуу жашоодон баш тарткан күндөн жана расмий өтүнүч берилген учурдан тартып өзгөрүлбөсө, эгерде мурда ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралгандай кырдаалдын жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында аны качкын деп таануудан баш тартылган болсо, Кыргыз Республикасындагы качкын деп таануу мүмкүн эмес.
6-статья. Өзүн качкын деп таануу жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылган адамдын укуктары менен милдеттери
Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандардын келүүсү үчүн жабык болгон райондордон бөлөк жерлерде Кыргыз Республикасынын бардык аймагында ээн-эркин жүрүүгө;
- убактылуу жайгаштырылган жерде жашоого жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга;
- медициналык жардамдан пайдаланууга;
- жарандыгы таандык болгон мамлекетте жашап жаткан туугандары жөнүндө маалымат алууда Кыргыз Республикасынын көмөктөшүүсүнө;
- жарандыгы таандык болгон мамлекетке өз эрки менен кайтып келүүгө;
- чет мамлекетте жашаган жерине чыгып кетүүгө;
- сот коргоосунан камсыз болууга;
- билим алууга;
- котормочунун кызматынан пайдаланууга;
- качкын статусун берүү жөнүндөгү расмий өтүнүчтү кароонун бардык баскычтарында ага байланышкан чыгымдарды төлөөдөн бошотулууга укуктуу болушат.
Өзүн качкын деп таануу жөнүндө расмий өтүнүч берген адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;
- аталган расмий өтүнүчтү кароого керек болгон маалыматтарды Ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө;
- убактылуу жайгаштырылган жердеги калыптанып калган жашоо-тиричиликтин тартибин сактоого;
- саламаттык сактоо органдарынын талабы боюнча медициналык кароодон өтүүгө;
- расмий өтүнүчтө билдирилген фактылардын чындыгын аныктоо жагынан Ыйгарым укуктуу орган менен кызматташууга милдеттүү.
(КР 2006-жылдын 13-майындагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Качкын статусун берүү тартиби
Адамды качкын деп таануу жөнүндөгү чечим Ыйгарым укуктуу орган тарабынан качкын статусун берүү тууралу расмий өтүнүч катталган күндөн тартып алты айдын ичинде кабыл алынат.
Эгерде адамдын ким экендигин же текшерүүнү талап кылган айрым фактыларды аныктоо бүтпөсө, акыркы чечим чыгаруу алар аныкталганга чейин кийинкиге калтырылат, бирок ал мөөнөт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечимдер кабыл алынган учурларды кошпогондо бир жылдан ашпайт. Качкын статусуна расмий өтүнүчтү кароонун мөөнөтү узартылган учурда акыркы чечимди чыгаруу үчүн узартуунун мөөнөтүнө карата себептерди жана негиздөөчү документтерди берүү менен өтүнүчтүн колдонуу мөөнөтү тийиштүү түрдө зарыл болгон мөөнөткө узартылат.
Кыргыз Республикасындагы качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч катталган учурдан тартып качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылган адам анын өтүнүчү боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин, анын ичинде расмий өтүнүчүнө даттануусун кошкондо, Кыргыз Республикасынын аймагында болууга укуктуу.
Качкын катары таанылган адамга Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында качкынды каттоо үчүн негиз болгон качкын ырастамасы берилет.
Качкындын ырастамасына аны менен бирге болгон үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар жазылат.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 19-июнундагы № 61, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Качкындын үй-бүлө мүчөлөрүнө качкын статусун берүү (Үй-бүлөнүн бирге болуу принциби)
Эгерде ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган негиздер боюнча үй-бүлө башчысына Кыргыз Республикасындагы качкын статусу берилсе, анда качкын статусу анын эрине (аялына) жана алардын жашы жете элек балдарына да, ошондой эле анын багуусунда болгон башка адамдарга да, эгерде алар чогуу жашашса, жайылтылат.
Анын жашы жете элек балдары, эри (аялы), ошондой эле багуусунда болгон башка адамдар Кыргыз Республикасында эри (аялы) менен биригүүгө жана качкын статусун алууга укуктуу болушат.
9-статья. Кыргыз Республикасындагы качкын деп таануудан баш тартуунун тартиби
Адамды качкын деп таануудан баш тарткан учурда чечимдин көчүрмөсү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө жеке анын өзүнө тапшырылат же баш тартуунун себептерин жана кабыл алынган чечимге даттануунун тартибин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүлөт.
Адамды качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндөгү чечим бул чечимдин көчүрмөсү алынган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
Адамды качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндөгү чечим баш тартуу алган адамды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууну уюштуруу үчүн тийиштүү ички иштер органдарына да жөнөтүлөт. Адамды качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечим даттанылган учурда адамды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууну уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аракеттери соттун акыркы чечими чыгарылганга чейин токтотула турат.
Өзүн качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө билдирүү алган, ошондой эле адамды качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндөгү чечимге карата даттануу укугун пайдаланбаган адам Кыргыз Республикасынын аймагында болуу үчүн башка да мыйзамдуу негиздери болбосо баш тартуу жөнүндө билдирүү алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Адамдын Кыргыз Республикасындагы качкын статусун жоготушу
Адам төмөнкүдөй учурларда:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда;
- эгерде чет мамлекеттин жарандыгын алса жана жаңы жарандыгы таандык болгон мамлекеттин коргоосунан пайдаланса;
- эгерде жарандыгы таандык болгон мамлекеттин же өзүнүн мурдагы жашаган жеринин коргоосунан кайрадан өз ыктыяры менен пайдаланса;
- эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаганга туулган өлкөсүнө өз ыктыяры менен жөнөп кетсе;
- эгерде өз жарандыгын жоготуп, ага өз ыктыяры менен кайрадан ээ болсо;
- эгерде өзүнүн жарандыгы таандык болгон өлкөнүн коргоосунан мындан ары баш тарта албаса, анткени анын качкын деп таанылышына башка жагдайлар болбосо качкын статусун жоготот.
Адамдын качкын статусун жоготушу жөнүндөгү билдирүү качкын статусун жоготуу жөнүндө чечимди кабыл алуунун себептерин жана ага даттануунун тартибин көрсөтүү менен чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде Ыйгарым укуктуу орган тарабынан ошол адамга тапшырылат же жөнөтүлөт.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 3-7-абзацтарында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча качкын статусун жоготкон жана Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык качкын статусун жоготуу жөнүндө чечимге даттануу укугун пайдаланбаган адам Кыргыз Республикасынын аймагында болушу үчүн башка мыйзамдуу негиздер болбосо качкын статусун жоготуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө милдеттүү.
Качкын статусун жоготуу жөнүндөгү чечимге карата мыйзамда белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн. Качкын статусун жоготуу жөнүндө акыркы чечим чыгарылганда качкындын ырастамасы жокко чыгарылат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып салуу
Качкын статусун жоготкон адамдарды жана Кыргыз Республикасынын аймагында аларды качкын деп таануудан баш тартылган, ушул Мыйзамдын 9 жана 10-статьяларында белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетпеген адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып салуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Аны качкын деп таануудан баш тартылганы жөнүндө же качкын статусун жоготкону тууралуу билдирме алган адам, анын өмүрүнө жана эркиндигине коркунуч туудурган өлкөгө же ал кыйноонун курмандыгы болушу же адамкерчиликке жатпаган катуу мамилеге дуушар болушу мүмкүн болгон өлкөгө эч кандай шарттарда чыгарылып салынышы мүмкүн эмес.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып салууга байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 17-мартындагы № 15, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья. Качкындардын укуктарынын кепилдиктери
Качкын ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган себептер боюнча таштап кеткен өлкөгө келгиси келбесе, зордуктап кайтарылышы мүмкүн эмес.
Бул жобо жүйөлүү себептерден улам коопсуздукка коркунуч туудуруучу качкынга же өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн соттун өкүмү күчүнө кирген соттолгон адамга колдонулбайт.
Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын качкындар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген качкындын укуктарын кысымга алуучу чечимдери менен аракеттери мамлекеттик тиешелүү органдарга же сотко даттанылышы мүмкүн.
Башбаанек издеген жана өмүрү менен эркиндигине коркунуч туудурган мамлекеттин аймагынан келген адамга анын тиешелүү органдарга токтоосуз келип, мыйзамсыз кирүүсү же болуусу боюнча канааттандырарлык түшүнүктөрдү бергенде жашыруун киргендиги жана Кыргыз Республикасынын аймагында болгондугунун себептери боюнча жаза берилиши мүмкүн эмес.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Кыргыз Республикасындагы качкындын укуктары менен милдеттери
Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылган адам Кыргыз Республикасындагы туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар пайдаланган укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылган адамга ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамдын укуктары менен милдеттери да берилет.
Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылган адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү:
- үч ай бою убактылуу жайгаштырылган жерде жашап турууга;
- Ыйгарым укуктуу орган сунуш кылган калктуу конуштардын ичинен туугандары жашаган жана алар чогуу жашоого макул болгон калктуу конушту туруктуу жашаган жери катары тандап алууга;
- жалданып иштөөгө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик иш менен алектенүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн белгиленген шарттарда кыймылсыз мүлк сатып алууга;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын көмөгү менен мурда жашаган мамлекетте калган мүлкү жөнүндө маалымат алууга;
- анын инсанын ырастоо үчүн керек болгон документтерге жана жол жүрүү документтерине ээ болууга;
- Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей медициналык жардам алууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына кайрылганда администрациялык жактан көмөк көрсөтүүгө;
- жарандык абалынын актын милдеттүү түрдө каттоого жана тиешелүү документтерди алууга укуктуу болушат.
Качкын деп таанылган адам жана аны менен келген анын үй-бүлө мүчөлөрү:
- жети күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга фамилиясынын, атынын, үй-бүлө курамынын, үй-бүлөлүк абалынын өзгөрүшү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгын же башка чет мамлекеттин жарандыгын алгандыгы тууралуу же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоого уруксат алгандыгы жөнүндө кабарлоого;
- Кыргыз Республикасынын аймагында турган жерин өзгөртүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жашай турган жерине кетүүгө ниеттенгендиги жөнүндө кабарлоого;
- жыл сайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө кайрадан эсептен өтүүгө;
- турган жерин өзгөртүүдө ыйгарым укуктуу органдан эсептен чыгууга жана жаңы туруучу жерине келген күндөн тартып жети күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органда эсепке турууга Качкын деп таанылган адамды ыйгарым укуктуу органда эсепке тургузуу ал адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн жаңы турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоого негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого, Кыргыз Республикасынын элдеринин каада-салттарына жана үрп-адаттарына урматтоо менен мамиле жасоого милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-майындагы № 87, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-статья. Качкындарды жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамдарды жайгаштыруу
Качкынды жана Кыргыз Республикасындагы качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамды мамлекеттик чек арага жакын жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун таламдаш болгон органдары менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
15-статья. Качкындын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышы
Качкындын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышы Кыргыз Республикасынын жарандык жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
151-статья. Жол жүрүү документи
Качкын деп таанылган адамга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана качкын деп таанылган адамдын камкордугунда турган адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жол жүрүү документи берилет.
Жол жүрүү документтерин аныктоо жана берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-Глава Корутунду жоболор
16-статья. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын качкындарга карата милдеттери
Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдары, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары:
- туруктуу жашоо үчүн Ыйгарым укуктуу орган сунуш кылган калктуу конуштардагы жашоо-шарттар жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө качкынга маалымат берүүгө;
- качкындын балдарын мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерге жайгаштырууда көмөк көрсөтүүгө;
- жалгыз-жарым өтө кары качкындарга жана башкалардын жардамына муктаж болгон майыптарга калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринен орун берүү жагынан көмөк көрсөтүүгө;
- качкынга анын өтүнүчү боюнча жарандыгы таандык болгон өлкөгө же туруктуу жашаган жерине кайтуусуна же ага ушундай укук берген башка өлкөгө жөнөп кетүүсүнө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары качкын деп таанылган адамдарга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча иште коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенет, качкындар көйгөйлөрү менен иш жүргүзгөн коомдук бирикмелердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылат, зарыл болгон учурда, өзүнчө бир аймакта же Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун иштөөсүнүн тиешелүү режимин киргизет.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, юридикалык жана жеке жактар ушул Мыйзамды аткарбагандыгы же ченемдерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
18-статья. Качкындардын укуктарын коргоо максатындагы эл аралык кызматташтык
Кыргыз Республикасы качкындар маселелери боюнча БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармасынын Жогорку комиссары жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташат.
Кыргыз Республикасы менен эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасындагы качкындар маселелери боюнча өз ара мамилелери түзүлгөн эл аралык келишимдер жана макулдашуулар менен аныкталат.
19-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби жөнүндө
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |