Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 25-июлу № 139
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунун "г" пунктчасында:
- биринчи сүйлөмү "чет өлкөлүк мекемелеринин" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи сүйлөмү "чет өлкөлүк мекемелеринин" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктунун "в" пунктчасы "чет өлкөлүк мекемелеринин" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |