Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2004-жылдын 24-январы № 8
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-февралындагы № 29, 2005-жылдын 30-июнундагы № 87, 2005-жылдын 5-августундагы № 120, 2006-жылдын 27-январындагы № 31, 2006-жылдын 24-февралындагы № 63, 2006-жылдын 12-майындагы № 85, 2006-жылдын 12-майындагы № 86, 2006-жылдын 8-августундагы № 162, 2007-жылдын 10-августундагы № 144, 2009-жылдын 20-июлундагы № 238, 2011-жылдын 8-июлундагы № 86, 2011-жылдын 8-июлундагы № 87, 2011-жылдын 24-декабрындагы №253, 2012-жылдын 11-апрелиндеги №29, 2012-жылдын 8-августундагы №156, 2012-жылдын 8-августундагы №157, 2015-жылдын 19-мартындагы № 60, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2016-жылдын 25-июлундагы № 139, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 18 ноября 2016 года № 181, 2017-жылдын 5-январындагы № 2, 2017-жылдын 29-июнундагы № 112, 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2021-жылдын15-ноябры № 132, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 10-майындагы № 84, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2024-жылдын 11-ноябрындагы № 176 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр төмөндөгүлөр болуп саналат:
а) уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр, алардын өзгөчөлөнгөн кичи бөлүмдөрү (филиалдар жана өкүлчүлүктөр);
б) дыйкан (фермердик) чарбалары;
в) жеке ишкерлер жана жеке жактар.
Ушул Мыйзамдын ченемдери өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана аларга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. 21, 22, 5, 51-статьяларда көрсөтүлгөн юридикалык жактарды кошпогондо, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жактар, алардын обочолонгон кичи бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү), ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф ставкалары
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөгүдөй белгиленет:
1. Иш берүүчүлөр үчүн:
а) жалданган кызматкерлердин, туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан, аткарууга кабыл алынгандардын анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 17,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 15 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) I жана II топтогу майып кызматкерлердин, ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 15,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 15 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
в) (КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
г) дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлеринин пайдасына кошуп эсептелген төлөөлөрдүн бардык түрлөрүнөн, - 15,25 пайыз өлчөмүндө. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башка кызматкерлери, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
Фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 15 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
2. Кызматкерлер үчүн:
а) туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан жалданган кызматкерлер, анын ичинде пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген бардык төлөмдөрдүн түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.
а1) каржылоонун булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын пенсионер-кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө;
ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө;
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
б) I жана II топтогу майып - кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилгендерден башкалар), ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.
(Экинчи абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы № 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Үчүнчү абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы № 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Төртүнчү абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы № 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
в) дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлерине - ушул пункттун "а", "а1" жана "б" пунктчаларына ылайык.
Ушул пунктчада көрсөтүлгөн кызматкерлерге жана кызматчыларга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2005-жылдын 13-февралындагы № 29, 2005-жылдын 30-июнундагы № 87, 2006-жылдын 24-февралындагы № 63, 2006-жылдын 8-августундагы № 162, 2007-жылдын 10-августундагы № 144, 2009-жылдын 20-июлундагы № 238, 2011-жылдын 24-декабрындагы №253, 2016-жылдын 25-июлундагы № 139, 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-статья. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери, ошондой эле аларда иштөөчү жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары
1. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2030-жылдын 1-январына чейин төмөнкүдөй белгиленет:
а) иш берүүчүлөр үчүн иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданма кызматкерлердин, анын ичинде I жана II топтогу майып-кызматкерлердин, ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майыптардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 0,85 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,15 пайыз;
б) пенсионер-кызматкерлерди, I жана II топтогу майып-кызматкерлерди, ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлерди кошпогондо, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка жалданган кызматкерлер, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 10 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;
в) пенсионер-кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;
г) I жана II топтогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары), ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө Пенсиялык фондго.
д) жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери 2030-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү ушул Мыйзамдын 2-2-статьясына ылайык жүргүзүшөт.
2. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
(КыргызРеспубликасынын 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145, 2021-жылдын15-ноябры № 132 , 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-статья. Ишкердик субъекттер жана коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф ставкалары
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ишкердик субъекттер, коммерциялык эмес уюмдар, турак жай ээлеринин шериктиктери, диний уюмдар, саясий партиялар, кесиптик бирликтер үчүн төмөнкүдөй белгиленет:
1. Иш берүүчүлөр үчүн (ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо):
а) Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында каттоонун түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданган кызматкерлердин, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 2,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 1 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
б) I жана II топтогу майып, ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 1,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 1 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
2. Кызматкерлер үчүн:
а) иш берүүчүнүн (ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо) Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында каттоосунун түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка жалданган кызматкерлер, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, пенсионер кызматкерлерди кошпогондо, каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө;
б) пенсионер кызматкерлер үчүн (турак жай ээлеринин шериктиктеринин пенсионер кызматкерлерин кошпогондо), каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө;
турак жай ээлеринин шериктиктеринин пенсионер кызматкерлери үчүн каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго - 2 пайыз өлчөмүндө;
в) I жана II топтогу майып кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан башкалар), ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.
3. Ушул статья төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
- мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга;
- жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана/же пайдалуу кендерди иштетүү максатында жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болгон тоо-кен казып алуучу ишканаларга;
- электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана газ менен камсыз кылуу (жабдуу) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга;
- алкоголдук, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүнү жана/же импорттоону жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине, буга Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар мунайзаттарды өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү субъекттер кирбейт (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү);
- уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу субъекттерге;
- интернет-провайдерлерге;
- коммерциялык банктарга, адистештирилген финансылык-кредиттик же кредиттик мекемелерге.
Иштин көрсөтүлгөн түрлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана аларды төлөө тартиби ушул Мыйзамдын 2-беренесине ылайык белгиленет.
4. Камсыздандыруу төгүмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте төлөнөт.
(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
3-статья. Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары жана алардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери
(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-статья. Коммерциялык эмес кооперативдер, коомдук фонддор, коомдук бирикмелер, турак жай ээлеринин шериктиктери, диний уюмдар жана алардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери
(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-статья. Дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери
1. Өзүнүн ишин юридикалык жакты түзүү менен жүзөгө ашырып жаткан дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана аларды төлөөнүн тартиби ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык белгиленет.
2. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР 2015-жылдын 19-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2005-жылдын 13-февралындагы № 29, 2005-жылдын 30-июнундагы № 87, 2005-жылдын 5-августундагы № 120, 2006-жылдын 12-майындагы № 85, 2009-жылдын 20-июлундагы № 238, 2015-жылдын 19-мартындагы № 60, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2017-жылдын 5-январындагы № 2, 2017-жылдын 29-июнундагы № 112, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2024-жылдын 10-майындагы № 84, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
51-статья. Айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы
(Статьянын аталышы КР 2017-жылдын 29-июнундагы № 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:
а) жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарында катталган түрүнө карабастан жумуш берүүчүлөр, анын ичинде чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган, жалданган кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөп берүүлөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 2 пайыз өлчөмүндө;
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1,75 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган кызматкерлер, жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарында катталган түрүнө карабастан, пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, кызматкерлер, анын ичинде чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген бардык төлөп берүүлөрдүн түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.
Фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы төмөнкүдөй өлчөмдө бөлүштүрүлөт:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго - 2 пайыз;
ушул Мыйзамдын 11-1-беренесинин "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;
пенсионер-кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө.
в) I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары), ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.
2. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ, ошондой эле өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 11-статьясынын 11-пунктуна ылайык белгиленет.
Өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) айыл чарба кооперативине ижарага беришкен жана ошол эле мезгилде алардын кызматкерлери болгон айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн бир негиз боюнча төлөөнү тандоо укугуна ээ болушат.
Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ, ошондой эле өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрү үстүдөгү жылдын 25-июлуна чейин бир жолу же 25-июлуна чейин жана 25-декабрына чейин бирдей үлүштөр менен төлөнөт.
Айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү ижарачы тарабынан төлөнөт.
(КР 2012-жылдын 8-августундагы № 156, 2015-жылдын 19-мартындагы № 60, 2017-жылдын 29-июнундагы № 112, 2021-жылдын15-ноябры № 132, 2024-жылдын 10-майындагы № 84, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Жекече ишкердик жүргүзгөн жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чен-бычымдары
1. Тандалган салык режимине карабастан жеке ишкерлер жана жеке жактар үчүн ( юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзүүчү, берилген лицензиялардын негизинде иштөөчү, ошондой эле гонорар (сый акы) алуучу же лотоктордо, соода орундарында товарды сатып өткөрүү жолу менен базарларда иш жүргүзүүчү жеке жактарды кошпогондо) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:
Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 па-йыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
21. Лотоктордон, соода орундарынан товарларды сатып базарларда ишкердик ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 3 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүзөгө ашырылат:
Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8-бөлүгүнө жана 457-беренесине ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлерди кошпогондо, ушул Мыйзамдын 2, 2-1 жана 2-2-статьяларына ылайык жүргүзүшөт.
4. (КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8 жана 13-бөлүктөрүнө жана 457-беренесине ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул статьянын 1-пунктуна ылайык белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 238, 2011-жылдын 8-июлундагы № 86, 24 декабря 2011 года № 253, 2015-жылдын 19-мартындагы № 60, 2017-жылдын 29-июнундагы № 112 2021-жылдын15-ноябры № 132, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы
1. (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөсү болуп саналбаган же өзүнүн жер үлүшүн жана/же участогун же анын бир бөлүгүн ижарага берүү менен киреше алган жеке жактар үчүн, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбалардын жерлеринин ижарачылары - жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 11-статьясынын 11-пунктуна ылайык белгиленет.
3. Жеке жактарга Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлеринен (жайыттарды кошпогондо) жерлерди, токой фондусунун участокторун ижарага берүүдө, камсыздандыруу төгүмдөрү жерди, участокту ижарага алуучу тарабынан ушул Мыйзамдын 11-статьясынын 11-пунктуна ылайык белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.
Жеке жактарга жайыттарды пайдалануу укугу берилгенде камсыздандыруу төгүмдөрү жайыт пайдалануучулар тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна, 11-статьясынын 11-пунктуна ылайык белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.
4. Юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган жеке жактар, берилген лицензиялардын негизинде иштегендер, ошондой эле гонорар (сыйакы) алгандар алган гонорарынын (сыйакынын) 10 пайызынан кем эмес өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.
5. Субъекттерди жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу маалыматтык тутумуна кошуу кызматтарын көрсөткөн, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчик түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, алардын обочолонгон бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү), жеке ишкерлер жеке жактын жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка заказ берүү үчүн колдонулуучу маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзүүдөн алган кирешесинен камсыздандыруу төгүмдөрүн ошол жеке жактын пайдасына төмөнкүдөй кармап калышат жана төлөшөт:
2025-жылдын сентябрынан 2028-жылга чейин - 1 пайыздан кем эмес өлчөмдө;
2028-жылдан тартып 2030-жылга чейин - 2 пайыздан кем эмес өлчөмдө;
2030-жылдан тартып - 5 пайыздан кем эмес өлчөмдө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2017-жылдын 29-июнундагы № 112, 2024-жылдын 10-майындагы № 84 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
71-статья. Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттеринин кызматкерлери жана жеке жактары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары
Жогорку технологиялар паркынын жана анын дирекциясынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттеринин кызматкерлери, Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери - жеке жактар (имараттарды, орун жайларды, жер участокторун тейлөө-нү жана кайтарууну жүзөгө ашыруучу кызматкерлерден тышкары), пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондуга - 10 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз.
I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары), ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлердин - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.
Пенсионер-кызматкерлер Пенсиялык фондго орточо айлык акынын өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт.
Ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер Пенсиялык фондго орточо айлык акынын өлчөмүнөн 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт.
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 87, 2011-жылдын 24-декабрындагы №253, 2012-жылдын 8-августундагы № 156, 2015-жылдын 19-мартындагы № 60, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-2-статья. Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары
Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдардын кызматкерлери, пенсионер кызматкерлерди кошпогондо, орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 10 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз.
Пенсионер кызматкерлер Пенсиялык фондго орточо айлык акынын өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт.
Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер Пенсиялык фондго орточо айлык акынын өлчөмүнөн 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт.
I жана II топтордогу майып кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары), ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майыптар каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Эл аралык макулдашууларга ылайык түзүлгөн уюмдар жана эл аралык долбоорлордо иштеген адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чен-бычымдары
(КР 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9-статья. Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн бөлүштүрүү
Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ушул Мыйзамга ылайык төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:
1. Иш берүүчүдөн:
а) 2-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз.
б) 2-1-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык 2030-жылдын 1-январына чейин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 0,85 пайыз;
в) 22-статьянын 1-пунктунун "а", "б" пунктчаларына, 5-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 1 пайыз;
г) (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Кызматкерден (ушул Мыйзамдын 111-статьясында көрсөтүлгөн кызматкерлерди кошпогондо):
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына (2030-жылдын 1-январына чейин), 22-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 51-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
б) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 2-1-статьянын 1-пунктунун "г" пунктчасына (2030-жылдын 1-январына чейин), 2-2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасынын экинчи абзацына жана "в" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;";
в) (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
г) 7-1 жана 7-2-статьяларга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз.
3. Ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а1" пунктчасынын экинчи абзацына, 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына (2030-жылдын 1-январына чейин), 22-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасынын бешинчи абзацына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
б) (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
в) 7-1 жана 7-2-статьяларга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз.
4. Ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "б" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а-1" пунктчасынын экинчи абзацына, 2-1-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына (2030-жылдын 1-январына чейин), 2-2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасынын биринчи абзацына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
б) (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
в) 7-1 жана 7-2-статьяларга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз,
5. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Жеке ишкерден:
а) 6-статьянын 1, 21, 6-пункттарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 89,75 пайыз;
б) (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
в) 7-статьянын 4, 5-пункттарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 90 пайыз.
7. 51-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнөн:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - камсыздандыруу төгүмдөрүнөн кошуп эсептелген 2 пайыз.
(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
10-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө (ушул статьянын 11-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо) каалагандай өлчөмдө, бирок Пенсиялык фондго орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 8 пайызынан кем эмес же фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес жүзөгө аткарылышы мүмкүн:";
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна - 2 пайыз.
1-1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө ар кандай өлчөмдө, бирок Пенсиялык фондго орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайызынан кем эмес өлчөмдө төмөнкү жактар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн:
а) юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган, жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон же аны ижарага берүүдөн киреше алган дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары, мүчөлөрү;
б) жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон же аны ижарага берүүдөн киреше алган жеке жактар;
в) жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, ошондой эле өз жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага берген айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү;
г) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен (жайыттарды кошпогондо), токой фондунун участокторунан жерлерди ижарага алган жеке жактар;
д) жайыттарды пайдаланууга укугу бар жеке жактар;
е) суу көлмөлөргө жана насостук станциялар менен сугарылуучу жерлерге ээ болгон жеке жактар.
2. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте үстүдөгү ай үчүн жана келерки мезгилге гана жүзөгө ашырылат.
3. 1996-жылдын январынан кийинки мезгил үчүн камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү жана өздүк камсыздандыруу эсебинде камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандары камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө чейинки жана/же кийинки мезгилдер үчүн, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар жеке жактардын пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн Пенсиялык фондго каалагандай өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын 8 пайызынан кем эмес өлчөмдө айына төлөй алышат.
4. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү адамдар Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн каалагандай өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын 2 пайызынан кем эмес өлчөмдө ыктыярдуу төлөмдөрдү жүргүзө алышат.
(КР 2017-жылдын 29-июнундагы № 112, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2024-жылдын 10-майындагы № 84, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар! КР 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
11-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу
1. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана аларга теңештирилген адамдар жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн толук көлөмдө бошотулат.
Иш берүүчү тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана аларга тењештирилген адамдарга жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына алардын пайдасына төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жана төлөө төлөөчүлөрдүн тиешелүү категориясы боюнча толук көлөмдө жүргүзүлөт.
1-1. Пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү түрдө төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
а) юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган, жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон же аны ижарага берүүдөн киреше алган дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары, мүчөлөрү;
б) жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон же аны ижарага берүүдөн киреше алган жеке жактар;
в) жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, ошондой эле өз жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага берген айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү;
г) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен (жайыттарды кошпогондо), токой фондунун участокторунан жерлерди ижарага алган жеке жактар;
д) жайыттарды пайдаланууга укугу бар жеке жактар;
е) суу көлмөлөргө жана насостук станциялар менен сугарылуучу жерлерге ээ болгон жеке жактар.
2. Юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик менен алектенген I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 457-беренесинин 8, 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер, ошондой эле жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.
4. (КР 2005-жылдын 13-февралындагы № 29 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туруктуу же убактылуу жумушка, келишим же контракт, макулдашуу боюнча жумушка, ошондой эле бир жолку жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга кабыл алынган кызматкерлердин пайдасына төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн толук көлөмдө төмөнкүлөр бошотулат:
1) Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы, ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын резиденти катары катталган адамдар Жогорку технологиялар паркынын резиденти катары мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып мөөнөтсүз;
2) Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясы, ошондой эле Креативдүү индустриялар паркынын резиденти катары катталган адамдар Креативдүү индустриялар паркынын резиденти катары мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып 15 жылдын аралыгында.
3) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда белгилүү мөөнөткө жеке ишкерлерди камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу тууралуу чечим кабыл алуу укугуна ээ болот.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-февралындагы № 29, 2011-жылдын 8-июлундагы № 87, 2017-жылдын 29-июнундагы № 112, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 10-майындагы № 84, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2024-жылдын 11-ноябрындагы № 176 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Көңүл буруңуздар! 11-п. КР 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
111-статья. Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
а) 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркек жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аял кызматкерлер;
б) пенсионер-кызматкерлер.
(КР 2011-жылдын 24-декабрындагы № 253, 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
12-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбей турган төлөмдөрдүн түрлөрү
Төлөмдөрдүн төмөндөгүдөй түрлөрүнөн камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбейт:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү субсидиялар, компенсациялар, пенсиялар, жөлөкпулдар жана стипендиялар.
2. Санаториялык-курорттук мекемелерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга, санаторий-профилакторийлерге, балдардын ден соолукту чыњдоо борборлоруна жолдомолордун наркы.
3. Кызматкерлерге табигый кырсыктардын жана өрттүн, оорунун натыйжасында келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга, ошондой эле кызматкердин же анын жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүлгөн материалдык жардамдын суммасы.
4. Кан бергендиги үчүн, донорлуктун башка түрлөрүнөн, эмчектин сүтүн бергендиги үчүн алынган суммалар, ошондой эле медициналык мекемелердин кызматкерлери кан чогултуу үчүн алган суммалар.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдар үчүн алынуучу алименттер.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерге эмгектик мертинүүдөн, кесиптик дартка чалдыгуудан, болбосо ден соолугуна башка зыян келүүдөн улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнгөнсуммалар.
7. Майыптарга, пенсионерлерге, жетим балдарга, көп балалуу энелерге кайрымдуулук максатында көрсөтүлгөн бир жолку материалдык жардам.
8. Кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин чектеринде мыйзамга ылайык өкүлчүлүк ишти жүзөгө ашыруу учурунда, кызматтык иш сапарына, башка жерге ишке которууга байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу боюнча төлөнгөн компенсациялар.
9. № 1, 2-тизме боюнча жумуштарда иштегендер үчүн белгиленген ченемдердин чектеринде берилүүчү атайын кийимдин, атайын бут кийимдин, жеке коргонуунун башка каражаттарынын, самындын, жууп кетирүүчү жана зыянсыздандыруучу каражаттардын, сүттүн жана дарылоо-профилактикалык тамак-аштын наркы (акысыз же жарым-жартылай акы төлөө менен берилүүчү жана жеке пайдаланууда калуучу фирмалык кийимдин, кийим-кечектин наркынан башка).
10. Өндүрүштөн ажыратуу менен окууга жиберилген студенттерге (аспиранттарга) уюмдун каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле ишканалар, уюмдар, мекемелер жана фонддор тарабынан кайрымдуулук максаттарында белгиленүүчү жана төлөнүүчү стипендиялар.
11. Иш менен камсыз кылуу кызматынын органдары тарабынан уюштурулган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан жумушсуз жарандардын эмгек акысы.
12. Жарандардын ишкананын менчигин башкарууга катышуудан алган кирешелери (дивиденддер, пайыздар, үлүштүк пайлар боюнча төлөмдөр).
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фондунан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин резервдик фондунан төлөмдөр.
14. Иш берүүчүлөр тарабынан кызматкердин 14 жашка чейинки балдарына (багуусундагыларга) берилүүчү жаңы жылдык белектер түрүндөгү кирешелер.
15. Утуштар түрүндө алынган кирешелер.
16. Эл аралык конкурстарга, фестивалдарга катышуудан сыйлыктар жана байгелер түрүндө алынган суммалар.
17. Шайлоо кампаниясын же референдум өткөрүү учурунда үгүттөөчү, байкоочу, ишенимдүү адам, ыйгарым укуктуу өкүл катары иштөөдөн алынган кирешелер, сый акылар же суммалар.
18. Спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылар.
(КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги №29, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 18 ноября 2016 года № 181, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2024-жылдын 10-майындагы № 84, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү үчүн жарандардын эмгек акысы (кирешеси)
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү үчүн эмгек акы (киреше) ар бир жумуш оруну боюнча өзүнчө эсепке алынат.
2. Бир эле мезгилде төлөөчүлөрдүн бир нече категориясына таандык болгон камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү жана төлөөнү ар бир негиз боюнча жүргүзүшөт.
3. Төмөнкүлөрдө каралган кызматкерлер үчүн иш берүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү:
а) ушул Мыйзамдын 2-статьясында каралган кызматкерлер үчүн орточо айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан кем болбоого тийиш;
б) ушул Мыйзамдын 22-статьясынын 1-пунктунда каралган кызматкерлер үчүн орточо айлык эмгек акынын 100 пайызынан эсептелген суммадан кем болбоого тийиш.
Мында, ушул статьянын 4-пунктун эске алуу менен, кызматкер үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, алуу жана төгүү иш берүүчү тарабынан анык эсептелген эмгек акыдан жүргүзүлөт.
Ушул пункт уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан юридикалык жактар тарабынан жалданган, тизмеги Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган кенже тейлөөчү персоналга, ошондой эле төмөнкүдөй ишканаларга жана уюмдарга колдонулбайт:
- каржылоонун көлөмүнө карабастан, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар;
- мамлекеттик ишканалар, уюмдар жана мекемелер;
- мамлекеттик окуу жайлары жана алар тарабынан уюштурулган, юридикалык жактын статусуна ээ болгон өз алдынча окуу түзүмдөрү жана филиалдар;
- социалдык камсыздандыруу каражаттарынан каржылануучу уюмдар;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү эмгек акы фондунан жүзөгө ашыруучу айылдык товар өндүрүүчүлөр.
- турак жай менчик ээлеринин шериктиктери.
4. Календардык ай үчүн иш берүүчү жана кызматкер тарабынан бир камсыздандырылган адамдын пайдасына төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйынды суммасы колдонулуучу тарифтерге жана суммалардын фонддор боюнча бөлүштүрүлүшүнө карабастан, өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын жыйырма эселенген өлчөмүнөн эсептелинген суммадан ашпоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы № 31, 2007-жылдын 10-августундагы № 144, 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 10-майындагы № 84, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145 Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, берилген Мыйзам менен киргизилген өзгөртүүлөр 2024-жылдын 1-январына чейин колдонулат.
14-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, төлөө тартиби жана мөөнөтү
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө мөөнөтү төлөөчүнүн тиешелүү категориясы үчүн ушул Мыйзамда белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары боюнча "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын ичинен камсыздандырылган адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул Мыйзамда белгиленген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча жүзөгө ашырат.
3. Жарандык-укуктук келишимдер (контракттар) боюнча киреше алуучу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенишкен, анын ичинде базарларда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ушул мыйзамда белгиленген, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча өз алдынча жүзөгө ашырат.
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
141-статья. Орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынуучу орточо айлык эмгек акынын өлчөмү - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмү.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын учурдагы жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий статистикалык маалыматынын негизинде өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
Тариф ставкалары жыл сайын кийинки жылдын 1-январынан тартып эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар! КР 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
142-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендеринин өзгөрүүлөрүнүн күчүнө кириши
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендеринин өлчөмүнүн көбөйүшүн караган ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
(КР 2015-жылдын 13-февралындагы № 32, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
Ушул Мыйзам 2004-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |