Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 30-июлу № 158
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) экинчи абзацтагы "жашын" деген сөз алып салынсын;
б) он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аскерге чакырыла электер - он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы эркек жынысындагы жарандар;";
в) жыйырма бешинчи жана жыйырма алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аскерге чакырылуучулар - он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында аскердик каттоодо турган, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон эркек жынысындагы жарандар;
жыйноо пункту - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, мыйзамда аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мамлекеттик органдарына аскердик кызматка (анын ичинде мобилизациялоодо) чакырылуучу жарандардын ичинен командаларды калыптоочу жана жөнөтүүчү пункт;";
2) 3-берененин 2-бөлүгүнүн тогузунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын жарандык жогорку окуу жайларынын аскер факультеттеринде жана кафедраларында окууда" деген сөздөр "запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо предметтерин окуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 6-берененин 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "жогорку окуу жайлардын аскердик кафедраларында" деген сөздөр алып салынсын;
4) 8-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "Башкы" деген сөз "Генералдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Жарандарды запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо
1. Запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо жогорку билими бар, мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары жана медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуган жарандар менен жүргүзүлөт.
2. Жогорку билими бар, мөөнөттүү аскердик кызматтын кызматчылары менен запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
3. Медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуган, запастагы офицерлер программасы боюнча даярдыктан өтүүнү каалаган жарандар коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен контракт түзөт.
4. Запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоонун толук курсунан жана аскердик жыйындардан өткөн жарандарга медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын аяктаганда запас боюнча офицердик курамдын "кенже лейтенант" аскердик наамы ыйгарылат, ал эми окуу жайга өткөнгө чейин мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн жарандарга "лейтенант" аскердик наамы ыйгарылат.
5. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аскердик-эсепке алуу адистиктеринин тизмегин, запастагы офицерлердин программасы боюнча жарандар даярдала турган окутуу программасын аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн керектөөлөрүн эске алуу менен, медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн бөлүнүүчү орундардын санын белгилейт.
6. Запастагы офицерлер программасы боюнча жарандарды аскердик даярдоого тандоонун, аскердик даярдоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
6) 13-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эркек жынысындагы жарандар он алты жашка толо турган жылда аскердик баштапкы каттоого алынууга жатат.
Жарандарды аскердик каттоого баштапкы коюу учурдагы жылдын декабрь айында жаңыра турган жылдын январь-март айларында төмөнкүдөй максаттарда өткөрүлөт:";
7) 14-берененин 9-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 15-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык бардык жерлерде ар жылда эки жолу (март-майда жана сентябрь-ноябрда);"
9) 16-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Чакыруу комиссиясынын чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчиликти чакыруу комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле чакыруу комиссиясынын ишине катышкан адамдар тартат.";
б) 3-бөлүктө:
экинчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы жана иш-аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен аныкталат.";
в) тогузунчу абзацтагы ", анын ичинде коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Аскердик-дарылоо комиссиясынын корутундусу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
10) 17-беренеде:
а) 4-бөлүктүн биринчи абзацы "баш тарткан" деген сөздөрдөн мурун "өтүүдөн" деген сөз менен толукталсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
"5. Издөө иштеринин жүрүшүндө айкындалган, райондун (шаардын) аймагында жашаган, бирок аскердик каттоого турбаган чакырылуучулар убактылуу жашаган жери боюнча аскер комиссариатында аскердик каттоого алынат. Чакырылуучуларга аскер комиссариатында өздүк иштери ачылат жана алар райондук (шаардык) чакыруу комиссиясына жөнөтүлөт. Чакырылуучулар боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө протоколдор китебинен үзүндү көчүрмөлөр алардын туруктуу катталган жери боюнча аскер комиссариаттарына жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн үзүндү көчүрмөнү алгандан кийин эсепке алуу-алфавиттик китепке тийиштүү жазуулар жазылат, ал эми өздүк иштери чакырылуучулар чакыруу комиссиясынан өтүүчү жердеги аскер комиссариатына жөнөтүлөт.
6. Жаңы келген аскер кызматчыларынын арасынан аскердик кызматка жарактуулукту чектеген, мурда билинбеген кандайдыр бир оорулуулары алар аскердик ант бергенге чейин айкындалган учурда мындай аскер кызматчылары Республикалык чакыруу комиссиясы менен макулдашуу боюнча, жыйноо пункттарына андан ары тереңдетилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө аскер комиссариаттарына жөнөтүү үчүн кайта жөнөтүлөт. Бул жөнүндө аты аталган тизмелерде тийиштүү белгилер коюлат. Жыйноо пунктунан мындай аскер кызматчысынын ордуна аскер бөлүгүнө башка чакырылуучу белгиленген тартипте жөнөтүлөт.";
11) 21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу
1. Жыйырма беш жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана андан бошотууга ээ болбогон жарандар аларга карата укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тарткан учурда мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.
2. Мобилизациялык резервдин жыйындары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине 500 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү суммада жарандардын акчалай салымды төлөөсүн жана узактыгы отуз күндүк аскер жыйындарынан өтүүсүн карайт.
Төлөнгөн акча каражаттарынын 15 пайызы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине жана 7 пайызы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине которулат.
Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана андан өтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Акчалай салым аскер жыйындарын өтүү башталганга чейин төлөнөт.
Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандардан түшкөн акча каражаттары аскерлерди карап-күтүүгө жана камсыздоого, окуу жыйындарын өткөрүүгө, окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатууга, Тартиптик уставдын талаптарына ылайык аскер кызматчыларын сыйлоого, ошондой эле өкүлчүлүк кылуу чыгымдарына жумшалат.
4. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандар Аскердик ант берет.
Мобилизациялык резервдин жыйындары аяктагандан кийин жаран запаска киргизилет жана биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөрдүн эсебине коюлат.
5. Жыйырма бештен кырк жашка чейинки курактагы, мурда баштапкы аскердик жыйындардан, ден-соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматтан өткөн жана медициналык кайра күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары боюнча аскердик кызматка жарактуу деп таанылган жарандар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу";
12) 32-беренеде:
а) 1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 4-бөлүктүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Альтернативдик кызматка чакырылган жарандардан түшкөн акча каражаттары аскерлерди карап-күтүүгө жана камсыздоого, окуу жыйындарын өткөрүүгө, окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатууга, аскер кызматчыларын сыйлоого, ошондой эле өкүлчүлүк кылуу чыгымдарына жумшалат.";
в) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Альтернативдик кызмат өтөп жаткан адам кызмат өтөө мөөнөтү аяктаган учурга карата акча каражаттарын төлөбөгөн же толук эмес төлөгөн учурда, кызматты өтөөдөн баш тартуу фактысы боюнча укук коргоо органдары чечим кабыл алгандан кийин чакыруу комиссиясынын альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечими жокко чыгарылууга тийиш, ал эми альтернативдик кызматтын кызматчысы чакырылуучулардын эсебине өткөрүлүп берилет. Мында акчалай салымдын төлөнгөн суммасы кайтарылбайт.";
г) 6-бөлүктүн тогузунчу абзацындагы "коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарынын - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин буйругунун негизинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын";
13) 34-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндиктен ажыратуу жайларында жазасын өтөгөндөр, аскердик жана альтернативдик кызматтарды өтөөдөн баш тарткандыгы үчүн соттолгондор, ошондой эле эки жана андан көп жолу соттолгондор;";
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жыйырма беш жаш куракка чыккандар, эгерде алар жыйырма беш жашка толгонго чейин райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен аларга мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же андан бошотуу берилген болсо.";
б) 4-бөлүктөгү "белгиленген акчалай төлөмдү төлөбөстөн аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик билет берилет" деген сөздөр "аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик билет берилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Жыйырма беш жаш куракка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен берилген чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырууга же андан бошотууга ээ болбогон жарандар аларга карата укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тарткан жана алар мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүнү каалабаган учурда, райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине 250 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү сумманы төлөгөндөн кийин экинчи категориядагы запаска киргизилет.
Төлөнгөн акча каражаттарынын 15 пайызы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине жана 7 пайызы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине которулат.
Аталган жарандардан түшкөн акча каражаттары аскерлерди карап-күтүүгө жана камсыздоого, окуу жыйындарын өткөрүүгө, окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатууга, аскер кызматчыларын сыйлоого, ошондой эле өкүлчүлүк кылуу чыгымдарына жумшалат.";
14) 35-беренеде:
а) 1-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өткөн адамдар, запас боюнча аскердик наам ыйгарылгандан кийин;";
б) 2-бөлүгүндөгү "Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 36-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Биринчи категориядагы запаска мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн, чакыруу мобилизациялык резервде кызмат өтөгөн, үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөн аскерге милдеттүүлөр кирет.
Экинчи категориядагы запаска аскердик кызмат өтөбөгөн, баштапкы аскердик жыйындардан өткөн, үй-бүлөлүк эмес жагдайлары боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн аскерге милдеттүүлөр кирет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |