Загрузка документа…
ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИТОКТОМ
2016-жылдын 16-декабры № 203
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 394-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"394-статья. Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда камакта кармалган адамдарга тыюу салынган предметтерди жана заттарды берүү
Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда камакта кармалган адамдарга тыюу салынган предметтерди жана заттарды берүү, -
жарандарга - тыюу салынган предметтерди жана заттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - тыюу салынган предметтерди жана заттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2) 28-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3941-статья менен толукталсын:
"3941-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана ага жанаша жайгашкан аймакта кароо жүргүзүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын аткарбоо
Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана ага жанаша жайгашкан аймакта болгон адамдарга, алардын буюмдарына жана транспорт каражаттарына кароо жүргүзүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын аткарбоо, -
жеке адамдарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
3) 5561-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун отузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жазык-аткаруу тутумунун чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (394, 3941-статьялар);".
2-берене.
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
2) 5-статьяда "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
3) 14-статьяда:
а) аталышында "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
б) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине:";
4) Ушул Мыйзамдын тиркемесиндеги "Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдары" деген графа "ички иштер органдарынын" деген сөздөрдөн кийин жазык-аткаруу тутумунун" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |