Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 6-апрели № 35
Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 4-августундагы № 81, 2003-жылдын 11-июнундагы № 98, 2003-жылдын 30-июлундагы № 160, 2004-жылдын 7-августундагы № 109, 2008-жылдын 6-октябрындагы № 205, 2008-жылдын 3-ноябрындагы № 237, Мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-сентябрындагы УӨ № 128 декретинин, 2013-жылдын 2-февралындагы № 11, 2014-жылдын 11-январындагы № 2, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 73, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 203, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2019-жылдын 8-августундагы № 113, 2022-жылдын 8-июлундагы № 59, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 124, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 13-майындагы № 103, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөөнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья. Аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды, башка мыйзамдарды жана алардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын камтыйт.
(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-июлундагы № 160, 2014-жылдын 11-январындагы № 2, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө
Аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан белгиленет.
(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 160, 2008-жылдын 6-октябрындагы № 205 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды классификациялоо
1. Аскер кызматчыларынын, ички иштер органдарынын, жаза аткаруу системасынын, бажы кызматтарынын жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин аскердик жана атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:
- кенже аскердик жана атайын наамдар - катардагы жоокерден (курсанттан) тартып улук прапорщикти кошо алганда;
- орто аскердик жана атайын наамдар - кенже лейтенанттан тартып капитанды кошо алганда;
- улук аскердик жана атайын наамдар - майордон тартып полковникти кошо алганда;
- жогорку аскердик жана атайын наамдар - генерал-майордон тартып жана андан жогору.
2. Салык кызматтарынын кызматкерлеринин атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:
- орто атайын наамдар - салык кызматынын кенже инспекторунан тартып салык кызматынын 1-рангдагы инспекторун кошо алганда;
- улук атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисинен тартып салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчисин кошо алганда;
- жогорку атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.
3. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчисин кошо камтыйт.
4. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:
- улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
- жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда.
5. Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:
- орто класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторунан тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспекторун кошо алганда;
- улук класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
- жогорку класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.
6. Административдик кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:
- орто класстык чендер - муниципалдык кызматтын кенже инспекторунан тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспекторун кошо алганда;
- улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
- жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда.
7. Атайын класстык чендер төмөнкүдөй бөлүнөт:
- орто атайын класстык чендер - кенже юристтен тартып 1-класстагы юристти кошо алганда;
- улук атайын класстык чендер - юстициянын 3-класстагы кеңешчисинен тартып юстициянын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
- жогорку атайын класстык чендер - юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.
8. Аскердик наамдардын, класстык чендердин, атайын класстык чендердин жана - атайын наамдардын өз ара катышы тиркемеге ылайык аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Аскердик наам
Аскердик наам - бул ар бир аскер кызматчысына жана аскерге милдеттүүгө анын кызматтык абалына, иш тажрыйбасына, аскердик жана жалпы билимине, кызматынын мөөнөтүнө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түрүнө, аскерлеринин же кызматынын тегине таандыгына жана жеке сиңирген эмгегине ылайык ар кимге өзүнчө ыйгарыла турган наам.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Атайын наам
Атайын наам - бул ички иштер органдарынын, жаза аткаруу системасынын, прокуратура органдарынын, бажы жана салык кызматтарынын аттестацияланган ар бир кызматкерине анын кызматтык абалына, иш тажрыйбасына, жалпы билимине, кызматынын мөөнөтүнө жана жеке сиңирген эмгегине ылайык ар кимге өзүнчө ыйгарыла турган наам.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
51-статья. Класстык чен
Класстык чен - бул мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде белгиленген саясий мамлекеттик кызмат ордун же атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеген, ошондой эле административдик мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеген, ишин акы төлөнүүчү негизде жүргүзгөн ар бир адамга анын ээлеп турган кызмат ордуна, иш стажына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка жагдайларга ылайык жеке өзүнө ыйгарылуучу атайын наам.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Атайын класстык чен
Атайын класстык чен - бул юстиция органдарынын, сот системасынын органдарынын ар бир кызматчысына ишинин стажына, билимине жана ээлеген кызмат ордуна ылайык жекече ыйгарылуучу атайын наам.
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 113, 2023-жылдын 13-майындагы № 103, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды ыйгарууга компетенциясы бар кызмат адамдары
Кенже, орто жана улук аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарылат.
Жогорку аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 160, 2013-жылдын 2-февралындагы № 11 , 2019-жылдын 8-августундагы № 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө ыйгарылуучу аскердик наамдар
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө:
катардагы аскер кызматчысы (курсант);
ефрейтор;
кенже сержант;
сержант;
улук сержант;
старшина;
прапорщик;
улук прапорщик;
кенже лейтенант;
лейтенант;
улук лейтенант;
капитан;
майор;
подполковник;
полковник;
генерал-майор;
генерал-лейтенант;
генерал-полковник;
армиянын генералы деген аскердик наамдар ыйгарылат.
Юридикалык, медициналык же ветеринардык аскердик-эсептик адистиктери бар жана ушул кызматтарда кызмат өтөп жаткан офицерлер үчүн аскердик наамдарына "юстициянын", "медициналык кызматтын" же "ветеринардык кызматтын" деген сөздөр кошулуп айтылат.
Авиацияда кызмат өтөп жаткан офицердик куралдагы адамдардын аскердик наамдарына "авиациянын" деген сөз кошулуп айтылат.
9-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө ыйгарылуучу аскердик наамдар
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө:
катардагы аскер кызматчысы (курсант);
ефрейтор;
кенже сержант;
сержант;
улук сержант;
старшина;
прапорщик;
улук прапорщик;
кенже лейтенант;
лейтенант;
улук лейтенант;
капитан;
майор;
подполковник;
полковник;
генерал-майор;
генерал-лейтенант;
генерал-полковник деген аскердик наамдар ыйгарылат.
10-статья. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар жана аскердик наамдар
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерине төмөнкүдөй атайын наамдар (аскер прокуратурасынын кызматкерлерине - аскердик наамдар) ыйгарылат:
- юстициянын кенже лейтенанты;
- юстициянын лейтенанты;
- юстициянын улук лейтенанты;
- юстициянын капитаны;
- юстициянын майору;
- юстициянын подполковниги;
- юстициянын полковниги;
- юстициянын генерал-майору;
- юстициянын генерал-лейтенанты;
- юстициянын генерал-полковниги.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
101-статья. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга ыйгарылуучу класстык чендер
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
2. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
3. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисине чейинки улук класстык чендер шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын, айылдык аймактын жетекчисинин, шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын кызмат ордун ээлеген адамдарга ыйгарылат.
4. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисине чейинки жогорку класстык чендер республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчисинин, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын, төрагасынын орун басарынын кызмат ордун ээлеген адамдарга ыйгарылат.";
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
102-статья. Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чендер
Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:
мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору;
мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору;
мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору;
мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору;
мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Административдик кызмат ордун ээлеген муниципалдык кызматчыларга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:
муниципалдык кызматтын кенже инспектору;
муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору;
муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору;
муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору;
муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Юстиция органдарынын, сот системасынын органдарынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын класстык чендер
(Аталышында Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын, сот системасынын органдарынын кызматкерлерине төмөнкүдөй атайын класстык чендер ыйгарылат:
кенже юрист;
3-класстагы юрист;
2-класстагы юрист;
1-класстагы юрист;
юстициянын 3-класстагы кеңешчиси;
юстициянын 2-класстагы кеңешчиси;
юстициянын 1-класстагы кеңешчиси;
юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 113, 2023-жылдын 13-майындагы № 103, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья. Салык кызматтарынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар
Кыргыз Республикасынын салык кызматтарынын кызматкерлерине:
салык кызматынын кенже инспектору:
салык кызматынын 3-рангадагы инспектору;
салык кызматынын 2-рангадагы инспектору;
салык кызматынын 1-рангадагы инспектору;
салык кызматынын 3-рангадагы кеңешчиси;
салык кызматынын 2-рангадагы кеңешчиси;
салык кызматынын 1-рангадагы кеңешчиси;
салык кызматынын 3-рангадагы мамлекеттик кеңешчиси;
салык кызматынын 2-рангадагы мамлекеттик кеңешчиси;
салык кызматынын 1-рангадагы мамлекеттик кеңешчиси деген атайын наамдар ыйгарылат.
13-статья. Бажы кызматтарынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар
Кыргыз Республикасынын бажы кызматтарынын кызматкерлерине:
бажы кызматынын катардагы кызматкери;
бажы кызматынын кенже сержанты;
бажы кызматынын сержанты;
бажы кызматынын улук сержанты;
бажы кызматынын старшинасы;
бажы кызматынын прапорщиги;
бажы кызматынын улук прапорщиги;
бажы кызматынын кенже лейтенанты;
бажы кызматынын улук лейтенанты;
бажы кызматынын капитаны;
бажы кызматынын майору;
бажы кызматынын подполковниги;
бажы кызматынын полковниги;
бажы кызматынын генерал-майору;
бажы кызматынын генерал-лейтенанты деген атайын наамдар ыйгарылат.
14-статья. Ички иштер жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине:
милициянын (ички кызматтын) катардагы кызматкери (курсанты);
милициянын (ички кызматтын) кенже сержанты;
милициянын (ички кызматтын) сержанты;
милициянын (ички кызматтын) улук сержанты;
милициянын (ички кызматтын) старшинасы;
милициянын (ички кызматтын) прапорщиги;
милициянын (ички кызматтын) улук прапорщиги;
милициянын (ички кызматтын) кенже лейтенанты;
милициянын (ички кызматтын) лейтенанты;
милициянын (ички кызматтын) улук лейтенанты;
милициянын (ички кызматтын) капитаны;
милициянын (ички кызматтын) майору;
милициянын (ички кызматтын) подполковниги;
милициянын (ички кызматтын) полковниги;
милициянын (ички кызматтын) генерал-майору;
милициянын (ички кызматтын) генерал-лейтенанты;
милициянын (ички кызматтын) генерал-полковниги деген атайын наамдар ыйгарылат.
(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 98, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 203 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-статья. Каржы полициясынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
151-статья. Баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды сактоонун, ыйгаруунун, ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби
Аскердик наамдарда, класстык чендерде, атайын класстык чендерде жана атайын наамдарда болуунун мөөнөтү тиешелүү мыйзамдар менен белгиленет. Эгерде аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды сактоонун, ыйгаруунун, ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби, ошондой эле аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды алуу үчүн коюлуучу талаптар тиешелүү мыйзамдар менен аныкталбаса, алар алардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди сактоо, ыйгаруу, ажыратуу жана төмөндөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 11-январындагы № 2, 2019-жылдын 8-августундагы № 113, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төмөндөгүлөр:
"Салык полициясынын органдарынын кызматкерлерине атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, № 8, 385-ст.);
"Бажы органдарынын кызматкерлерине атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 18-декабрындагы № 1103-XII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-жыл, № 2, 68-ст.);
"Кыргыз Республикасынын юстиция жана мамлекеттик нотариат органдарынын кызматкерлери үчүн класстык чендерди белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 18-декабрындагы № 1104-XII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-жыл, № 2, 69-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А. Акаев |
|
|
|
1999-жылдын 9-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |
|
| "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 113, 2023-жылдын 13-майындагы № 103, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
№ | Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрүнүн аскердик наамдары | Улуттук коопсуздук органдарынын кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрүнүн аскердик наамдары | Аскердик прокуратурасынын кызматкерлеринин аскердик наамдары | Мамлекеттик жарандык кызматчылардын класстык чендери | Саясий, административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери | Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери | Юстиция органдарынын, сот системасынын органдарынын, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин атайын класстык чендери | Салык кызматынын кызматкерлеринин атайын наамдары | Бажы кызматынын кызматкерлеринин атайын наамдары | Ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин атайын наамдары |
Кенже аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар | ||||||||||
1 | катардагы (курсант) | катардагы (курсант) |
|
|
|
|
|
| бажы кызматынын (ички кызматтын) катардагы кызматчысы | милициянын катардагы кызматчысы (курсанты) |
2 | ефрейтор | ефрейтор |
|
|
|
|
|
|
|
|
3 | кенже сержант | кенже сержант |
|
|
|
|
|
| бажы кызматынын кенже сержанты | милициянын (ички кызматтын) кенже сержанты |
4 | сержант | сержант |
|
|
|
|
|
| бажы кызматынын сержанты | милициянын (ички кызматтын) сержанты |
5 | улук сержант | улук сержант |
|
|
|
|
|
| бажы кызматынын улук сержанты | милициянын (ички кызматтын) улук сержанты |
6 | старшина | старшина |
|
|
|
|
|
| бажы кызматынын старшинасы | милициянын (ички кызматтын) старшинасы |
7 | прапорщик | прапорщик |
|
|
|
|
|
| бажы кызматынын прапорщиги | милициянын (ички кызматтын) улук прапорщиги |
8 | улук прапорщик | улук прапорщик |
|
|
|
|
|
| бажы кызматынын улук прапорщиги | милициянын (ички кызматтын) улук прапорщиги |
Орто аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар | ||||||||||
1 | кенже лейтенант | кенже лейтенант | юстициянын кенже лейтенанты | мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору | муниципалдык кызматтын кенже инспектору |
| кенже юрист | салык кызматынын кенже инспектору | бажы кызматынын кенже лейтенанты | милициянын (ички кызматтын) кенже лейтенанты |
2 | лейтенант | лейтенант | юстициянын лейтенанты | мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору | муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору |
| 3-класстагы юрист | салык кызматынын 3-рангдагы инспектору | бажы кызматынын лейтенанты | милициянын (ички кызматтын) лейтенанты |
3 | улук лейтенант | улук лейтенант | юстициянын улук лейтенанты | мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору | муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору |
| 2-класстагы юрист | салык кызматынын 2-рангдагы инспектору | бажы кызматынын улук лейтенанты | милициянын (ички кызматтын) улук лейтенанты |
4 | капитан | капитан | юстициянын капитаны | мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору | муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору |
| 1-класстагы юрист | салык кызматынын 1-рангдагы инспектору | бажы кызматынын капитаны | милициянын (ички кызматтын) капитаны |
Улук аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар | ||||||||||
1 | майор | майор | юстициянын майору | мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси | муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси |
| юстициянын 3-класстагы кеңешчиси | салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси | бажы кызматынын майору | милициянын (ички кызматтын) майору |
2 | подполковник | подполковник | юстициянын подполковниги | мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси | муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси |
| юстициянын 2-класстагы кеңешчиси | салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчиси | бажы кызматынын подполковниги | милициянын (ички кызматтын) подполковниги |
3 | полковник | полковник | юстициянын полковниги | мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси | муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси |
| юстициянын 1-класстагы кеңешчиси | салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси | бажы кызматынын полковниги | милициянын (ички кызматтын) полковниги |
Жогорку аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар | ||||||||||
1 | генерал-майор | генерал-майор | юстициянын генерал-майору | мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси | мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси | бажы кызматынын генерал-майору | милициянын (ички кызматтын) генерал-майору |
2 | генерал-лейтенант | генерал-лейтенант | юстициянын генерал-лейтенанты | мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси | мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | салык кызматынын 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси | бажы кызматынын генерал-лейтенанты | милициянын (ички кызматтын) генерал-лейтенанты |
3 | генерал-полковник | генерал-полковник | юстициянын генерал-полковниги | мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси | мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | салык кызматынын 1-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси |
| милициянын (ички кызматтын) генерал-полковниги |
Эскертүү: 2023-жылдын 13-майындагы № 103 Мыйзамы менен мамлекеттик тилде киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт.