Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 28-декабры № 221
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4873-статьяда:
а) биринчи абзацында ", анын ичинде мейманкана катары" деген сөздөр алып салынсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды сааттык жана суткалык мейманкана катары берүү, өткөрүп берүү, пайдалануу -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - жетимиш, кызмат адамдарына - токсон, юридикалык жактарга - жети жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.";
2) 511-статьянын экинчи абзацы "410-статьяларында" деген сөздөрдөн кийин ", 4873-статьясынын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр менен толукталсын.
3) 5341-статьяда "4873," деген цифралар "4873-статьянын биринчи бөлүгүндө," деген сөздөргө алмаштырылсын.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 28-июнундагы N 11-р чечими
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |