Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 20-февралы № 29
"Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 11-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж. 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) I-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:
"11-статья. Ушул Мыйзамдын предмети
Ушул Мыйзам калкка психиатриялык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү укуктук, социалдык, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерди, ошондой эле аны көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын кепилдиктерин аныктайт.";
3) 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Психиатриялык жардам жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Психиатриялык жардам жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Ушул Мыйзамда каралган жарандардын укуктары жана аларга психиатриялык жардам көрсөтүүдө аларды сактоонун кепилдиктери мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларда чектелиши мүмкүн эмес.";
4) 4-статьянын 2-пунктунда "15" деген цифралар "18" деген цифраларга алмаштырылсын;
5) 6-статьянын 1-пунктунда:
а) экинчи сүйлөмүндө "жана ал чечим сотко даттанылышы мүмкүн" деген сөздөр алып салынсын;
б) пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Врачтык комиссиясынын чечими административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.";
6) 7-статьянын 2-пунктунда "15" деген цифралар "18" деген цифраларга алмаштырылсын;
7) 11-статьянын 3-пунктунда "15" деген цифралар "18" деген цифраларга алмаштырылсын;
8) 15-статьяда "Кыргыз Республикасынын баңги заттарды контролдоо боюнча агентствосунун" деген сөздөр "баңги заттарды контролдоо боюнча органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 16-статьяда:
а) 1-пунктунда:
- сегизинчи абзацында "майыптарды жана кары-картаңдарды" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана улгайган жарандарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- тогузунчу абзацында "майыптарды" деген сөз "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пункттун төртүнчү абзацында "майыптарды" деген сөз "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 18-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Психиатриялык жардамды мамлекеттик психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелер же буга лицензия алган жеке психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелер же жеке иштөөчү врач-психиатрлар көрсөтүшөт. Психиатриялык жардам көрсөтүү боюнча медициналык ишке лицензияларды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленет.";
11) 23-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Психиатриялык ырастоо, ошондой эле профилактикалык кароолор текшерилип жаткан адамдын өтүнүчү боюнча же макулдугу менен жүргүзүлөт; 18 жашка чейинки жашы жетпегенге карата - ата-энесинин, же болбосо башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен; мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адамга карата - анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен жүргүзүлөт. Ата-энесинин бири каршы болгон, же болбосо ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлү болбогон учурда, жашы жетпегенди карап ырастоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн чечими боюнча жүргүзүлөт, ал административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.";
12) 26-статьянын 2-пунктунда "15" деген цифралар "18" деген цифраларга алмаштырылсын;
13) 27-статьянын 3-пунктунда "ушул Мыйзамдын V бөлүмүндө белгиленген" деген сөздөр "административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 28-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. 18 жашка чейинки жашы жетпегендер, анын ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен психиатриялык стационарга жайгаштырылат. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адам анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен психиатриялык стационарга жайгаштырылат. Ата-энесинин бири каршы болгон же ата-энеси, же болбосо башка мыйзамдуу өкүлү болбогон учурда, жашы жетпегенди психиатриялык стационарга жайгаштыруу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн чечими боюнча жүргүзүлөт, ал административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.";
15) 30-статьянын 3-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 31-статьяда:
а) 1-пунктунда "15" деген цифралар "18" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-пунктунда:
- "15" деген цифралар "18" деген цифраларга алмаштырылсын;
- "көзөмөлдүк жана камкордук органына" деген сөздөр "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 34-статьянын 4-пунктунда ", болбосо психикалык мандемдүүлүгү байкалган" деген сөздөр алып салынсын;
18) 41-статьяда:
а) 1-пунктунда "көзөмөлдүк жана камкордук органынын" деген сөздөр "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктунда "көзөмөлдүк жана камкордук органы" деген сөздөр "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөсү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 47-статьянын 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кысымга алган медициналык кызматкерлердин, башка адистердин, социалдык камсыз кылуу жана билим берүү кызматкерлеринин, врачтык комиссиялардын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, же болбосо прокурорго даттанылышы мүмкүн.
2. Даттануу укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган адам, анын мыйзамдуу өкүлү, ошондой эле мыйзам же анын уставы (жобосу) менен жарандардын укуктарын коргоо укугу берилген мекеме даттаныла турган чечимди алган күндөн же аракеттерине даттанып жаткан адам аракет жасаган күндөн тартып отуз жумушчу күндүн ичинде берилиши мүмкүн.";
20) 48-статьяда:
а) статьянын аталышында "сотто" деген сөз алып салынсын;
б) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Медициналык кызматкерлердин, башка адистердин, социалдык камсыз кылуу жана билим берүү кызматкерлеринин, ошондой эле врачтык комиссиялардын психиатриялык жардам көрсөтүүдө жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кысымга алган чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануулар административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте каралат.";
в) 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 28-февралында № 32 (2757) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |