Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 1-марты № 39
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө
(КР 2017-жылдын 28-декабрындагы N 221 (26) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 1-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети 1-тиркемеге ылайык кирешелер боюнча 48144991,4 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 46488988,3 миң сом суммасында бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджетинин профицити 1656003,1 миң сом суммасында белгиленсин.
(КР 2017-жылдын 28-декабрындагы N 221 (26) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-2019-жылдарга бюджетинин божомолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоо каражаттары 4-тиркемеге ылайык белгиленсин.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2017-жылга пенсиялык каражаттарды төлөө чыгашаларды эске алуу менен 17560055,2 миң сом суммасында белгиленсин, анын ичинде:
- пенсиянын базалык бөлүгүнө 2017-жылга - 9635854,2 миң сом;
- пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө 2017-жылга - 1833237,4 миң сом;
- "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча дайындалган пенсияларга 2017-жылга - 2302233,3 миң сом;
- аскер кызматкерлерин камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулга 2017-жылга - 9114,4 миң сом;
- пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майып балдардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана барууга кыйын райондордо жашаган жана иштеген адамдарга, "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине, № 2 тизме боюнча текстиль өндүрүшүндө, РЕSАС программасына кирген ишканаларда иштеген адамдарга), пенсияларга кошумча төлөөлөргө (майыптарга, Улуу Ата Мекендик жана башка согуштун катышуучуларына, "Баатыр эне" же "Мать-героиня" ордендери менен сыйланган энелерге, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендерге), компенсацияларды төлөөгө (Чернобыль атомдук электр станциясы жана башка жарандык жана аскердик багыттардагы атомдук объекттердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышуучуларга, РЕSАС программасына кирген ишканаларда эмгектик мертинүү же кесиптик оору алган, багуучусунан айрылган адамдарга, иш берүүчүнүн кайра уюшулушуна же жоюлушуна байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча) 2017-жылга - 3741532,5 миң сом.
Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу пенсияларды, компенсацияларды жана пенсияларга үстөк акыларды төлөөдөгү 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин 38083,4 миң сом суммасындагы карыздары 2017-жылы жоюлууга тийиш экени белгиленсин.
(КР 2017-жылдын 28-декабрындагы N 221 (26) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене.
2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2015-жылдагы 150495,7 миң сом суммасындагы карыз Пенсиялык фонддун каражаттарынан жоюлууга тийиш экени белгиленсин.
2017-жылы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2015-жылдагы 11282,9 миң сом суммасындагы карыз Пенсиялык фонддун каражаттарынан жоюлууга тийиш экени белгиленсин.
7-берене.
Мамлекеттик топтоо пенсиялык фондунун 2017-жылга бюджети 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга БЮДЖЕТИ
(КР 2017-жылдын 28-декабрындагы N 221 (26) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
| Позициянын № | 2017-жылга бюджет (миң сом) |
Бардык кирешелер | 1 | 48144991,4 |
ИДПга карата % менен | 2 | 9,7 |
анын ичинде: |
|
|
Пенсиялык фонд жыл башына калдыкты эске алуу менен | 3 | 44524797,1 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду | 4 | 1359283,4 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 5 | 2016955,9 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 6 | 243955,0 |
Бардык чыгашалар | 7 | 46488988,3 |
ИДПга карата % менен | 8 | 9,4 |
анын ичинде: |
|
|
Пенсиялык фонд | 9 | 42707015,4 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду | 10 | 1359283,4 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 11 | 2167451,6 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 12 | 255237,9 |
Дефицит (-), профицит (+) | 13 | 1656003,1 |
ИДП | 14 | 494063100,0 |
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин 2018-2019-жылдарга божомолу
| Позициянын № | 2018-жылга божомол (миң сом) | 2019-жылга божомол (миң сом) |
Бардык кирешелер | 1 | 48754135,2 | 52184471,7 |
ИДПга карата % менен | 2 | 9,0 | 8,7 |
анын ичинде: |
|
|
|
Пенсиялык фонд, жыл башына калдыкты эске алуу менен | 3 | 44915906,4 | 48119729,9 |
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонду | 4 | 1527683,0 | 1620983,0 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 5 | 2060285,8 | 2178948,8 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 6 | 250260,0 | 264810,0 |
Бардык чыгашалар | 7 | 48562766,8 | 51380049,0 |
ИДПга карата % менен | 8 | 9,0 | 8,6 |
анын ичинде: |
|
|
|
Пенсиялык фонд | 9 | 44724538,0 | 47315307,2 |
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонду | 10 | 1527683,0 | 1620983,0 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 11 | 2060285,8 | 2178948,8 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 12 | 250260,0 | 264810,0 |
Дефицит (-), профицит (+) | 13 | 191368,4 | 804422,7 |
ИДП | 14 | 541404800,0 | 598645900,0 |
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджетинин булактар боюнча КИРЕШЕЛЕРИ
(КР 2017-жылдын 28-декабрындагы N 221 (26) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
| Позициянын № | 2017-жылга бюджет (миң сом) |
Бардык кирешелер | 1 | 48144991,4 |
ИДПга карата % менен | 2 | 9,7 |
Жыл башына калдык | 3 | 2388133,0 |
1. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 4 | 28004359,5 |
анын ичинде төлөөчүлөрдүн категориялары боюнча: |
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 5 | 15849700,0 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 6 | 11085700,0 |
жеке иш жүргүзгөндөрдүн жеке жактардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 7 | 731759,5 |
фермердик жана дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 8 | 337200,0 |
анын ичинде фонддор боюнча: |
|
|
Пенсиялык фонд | 9 | 24314240,1 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду | 10 | 1359283,4 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 11 | 2079336,0 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 12 | 251500,0 |
2. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү, анын ичинде: | 13 | 17560055,2 |
пенсиянын базалык бөлүгү | 14 | 9635854,2 |
электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөр | 15 | 1833237,4 |
аскер кызматкерлеринин пенсиялары | 16 | 2302233,3 |
аскер кызматкерлерин камсыздандыруу боюнча бир жолку жөлөкпул | 17 | 9114,4 |
пенсиялар жана пенсияга үстөк акылар | 18 | 3741532,5 |
республикалык бюджеттин 2016-жылга карызын тындыруусу | 19 | 38083,4 |
3. Башка кирешелер, анын ичинде: | 20 | 192443,7 |
ишканалардын акциялары боюнча дивиденддер жана аларды сатуудан кирешелер, убактылуу бош акча каражаттарын МБК, КРУБ ноталарына, кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштыруу | 21 | 60143,7 |
камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана толук эмес которгондугу үчүн эсептелген туумдар жана айыптар | 22 | 38000,0 |
эсептердеги акча каражаттарынын калдыгына эсептелген пайыздар | 23 | 90000,0 |
камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге узартуу үчүн пайыздар | 24 | 0,0 |
пенсияларды төлөө үчүн капиталдаштырылган суммалар | 25 | 300,0 |
регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлүүчү каражаттар | 26 | 3000,0 |
башка түшүүлөр | 27 | 1000,0 |
ИДП | 28 | 494063100,0 |
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга камсыздандыруу фонддору боюнча бюджетинин ЧЫГАШАЛАРЫ
(КР 2017-жылдын 28-декабрындагы N 221 (26) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
| Позициянын № | 2017-жылга бюджет (миң сом) |
Бардык чыгашалар | 1 | 46488988,3 |
ИДПга карата % менен | 2 | 9,4 |
Пенсиялык фонд боюнча, анын ичинде: | 3 | 42707015,4 |
электр энергиясы үчүн компенсацияларды эске алуу менен пенсиялар | 4 | 38703148,2 |
аскер кызматкерлеринин пенсиялары | 5 | 2312680,2 |
аскер кызматкерлерин камсыздандыруу боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул | 6 | 25176,1 |
сөөк коюуга жөлөкпул | 7 | 332397,8 |
пенсияларды жана жөлөкпулдарды чектөө жана жеткирүү боюнча чыгашалар | 8 | 359750,6 |
Социалдык фонддун эсептерин тейлөө үчүн чыгашалар | 9 | 10200,2 |
жеке эсепке алуу боюнча чыгашалар | 10 | 4500,0 |
административдик чыгашалар | 11 | 707955,0 |
резервдик фонд | 12 | 42500,0 |
өнүктүрүү фонду | 13 | 41500,0 |
мүчөлүк акыларды төлөө | 14 | 5328,7 |
ММК фондунун алдындагы карыздарды төлөө | 15 | 150495,7 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун алдындагы карыздарды төлөө | 16 | 11282,9 |
башка чыгашалар | 17 | 100,0 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча, анын ичинде: | 18 | 2167451,6 |
медициналык кызмат көрсөтүүнү каржылоо | 19 | 2006451,6 |
административдик чыгашалар | 20 | 130000,0 |
маалыматтык камсыздоого чыгашалар | 21 | 11000,0 |
саламаттык сактоону өнүктүрүү фонду | 22 | 20000,0 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду боюнча, анын ичинде: | 23 | 255237,9 |
санатордук-курорттук дарылануу жана эс алуу | 24 | 165904,6 |
санаторияларда-профилакторияларда ден соолукту чыңдоо | 25 | 15314,3 |
балдардын ден соолугун чыңдоо борборлорунда ден соолукту чыңдоо | 26 | 68914,2 |
административдик чыгашалар | 27 | 5104,8 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду боюнча | 28 | 1359283,4 |
ИДП | 29 | 494063100,0 |
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 5-тиркеме |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун 2017-жылга БЮДЖЕТИ
(КР 2017-жылдын 28-декабрындагы N 221 (26) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
| Позициянын № | 2017-жылга бюджет (миң сом) |
1. Жыл башына пенсиялык топтоолордун каражаттары | 1 | 10856981,2 |
2. Ушул жылда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү | 2 | 1359283,4 |
3. Ушул жылда инвестициялоого багытталуучу каражаттар | 3 | 2847776,3 |
4. Отчеттук мезгилде инвестициялоодон түшкөн кирешелер | 4 | 1600821,3 |
5. Бардык чыгашалар, анын ичинде: | 5 | 112328,3 |
пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөп берүүгө | 6 | 100000,0 |
МТПФ каражаттарын инвестициялоого жана администрациялоого байланышкан чыгашалар | 7 | 12328,3 |
6. Жыл аягына пенсиялык топтоолордун каражаттары (1+2+4-5) | 8 | 13704757,6 |
ИДП | 9 | 494063100,0 |