МыйзамКүчүндө

КР 2017-жылдын 18-мартындагы № 45 «Согуштук абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Конституциялык Мыйзамы

Редакция18.03.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 18-марты № 45

"Согуштук абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 15-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Согуштук абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

12-берененин аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Коргонуу кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коопсуздук кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 21-мартында № 38 (2763) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев