Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 19-апрели № 61
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 16-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 672-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
25-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен" деген сөздөр "14 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 29-глава төмөнкүдөй мазмундагы 4094-статья менен толукталсын:
"4094-статья. Адвокаттык суроо-талап келип түшкөндүгүнө байланыштуу адвокатка маалымат берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу
Адвокаттык суроо-талап келип түшкөндүгүнө байланыштуу адвокатка маалымат берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу, аны өз учурунда бербөө же болбосо атайылап жалган маалыматтарды берүү -
эсептик көрсөткүчтүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2) 508-статьянын 1-бөлүгү "4093," деген цифралардан кийин "4094," деген цифралар менен толукталсын;
3) 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы "4091" деген цифралардан кийин ", 4094" деген цифралар менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 25-апрелинде № 49-50 (2774-2775) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 19-апрели № 61
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 16-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 672-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
25-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен" деген сөздөр "14 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)