Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 19-апрели № 61

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2017-жылдын 16-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 672-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

25-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен" деген сөздөр "14 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 25-апрелинде № 49-50 (2774-2775) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев