Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 14-июлу № 135
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Кыргыз Республикасындагы адвокаттык иш жана юридикалык өкүлдөр жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 27-июлундагы № 147, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196, 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 61, 2020-жылдын 18-июлундагы № 79, 2021-жылдын 24-июнундагы № 75, 2022-жылдын 6-июнундагы № 41, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2023-жылдын 15-августундагы № 180 , 2025-жылдын 9-августундагы № 195, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын, Кыргыз Республикасында адвокаттык ишти жана юридикалык өкүлдөрдүн ишин уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин аныктайт, адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн статусун жөнгө салат, алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилейт.
(КР 2026-жылдын 3-августундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
1-берене. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Кыргыз Республикасындагы адвокаттык иш жана юридикалык өкүлчүлүктөр жөнүндө мыйзамдар
Адвокаттык ишти, Кыргыз Республикасындагы юридикалык өкүлдөрдүн (мындан ары - юридикалык өкүлдөр) жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын (мындан ары - Адвокатура) ишин жөнгө салуунун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер саналат.
Юридикалык өкүлдөрдүн иши процесстик мыйзамдарда белгиленген талаптарды эске алуу менен алардын укуктары, милдеттери жана сот өндүрүшүнө катышуу жол-жоболору бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
(КР 2026-жылдын 3-августундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Адвокатура
1. Адвокатура - бул Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын милдеттүү түрдө мүчөлүгүнө негизделген, кесиптик кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлгөн, алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого, адвокаттардын квалификациясын жогорулатууга жана адвокаттык ишти өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө чакырылган адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштугу.
2. Адвокатура жарандык коомдун институту катары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна кирбейт жана өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Адвокатуранын уставына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Адвокатура өз алдынча уюштуруучулук-укуктук формасы - Адвокатурасы бар коммерциялык эмес юридикалык жак болуп саналат.
Адвокатура пайда алуу максатын көздөбөйт жана коммерциялык уюмдарды түзүүгө жана алардын катышуучусу болууга укуксуз.
4. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Адвокатура өлкөнүн калкы аз жана алыскы райондорунда өз ишин жүзөгө ашырган адвокаттарга тиешелүү жеңилдиктерди (адвокаттык түзүмдөрдүн муктаждыгына милдеттүү чегерүүлөрдөн бошотуу жана башка жеңилдиктер) берүү мүмкүнчүлүгүн карайт.
6. Адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр Адвокатуранын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт, ал эми Адвокатура адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик иши менен байланышкан милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы N 4-р чечими
3-берене. Адвокатуранын мүлкү
1. Адвокатура өзүнө жеке менчик укугунда таандык болгон мүлккө ээ, ал уставдык милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн негизги зарыл жана жүгүртмө каражаттарды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, баалуу кагаздарды жана башка мүлктү өзүнө камтыйт.
2. Мүчөлүк төгүмдөр, ыктыярдуу кайрымдуулуктар, өз ишинен түшкөн кирешелер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган максаттуу жана башка түшүүлөр Адвокатуранын мүлк булагы болуп саналат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Адвокатуранын уставы
1. Адвокатура өз уставын ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бекитет.
2. Адвокатуранын уставында төмөнкүлөр каралат:
1) Адвокатуранын максаттары, милдеттери жана иш-милдеттери;
2) Адвокатуранын башкаруу органдарын түзүүнүн жана анын ыйгарым укуктарынын тартиби;
3) Адвокатурага кирүүнүн шарттары жана тартиби;
4) Адвокатуранын мүчөлөрүнүн, ошондой эле юридикалык өкүлдөрдүн укуктары жана милдеттери;
5) адвокаттардын, ошондой эле юридикалык өкүлдөрдүн алардын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен квалификациясын жогорулатуунун тартиби;
6) Адвокатуранын мүлкүн түзүүнүн жана аны пайдалануунун тартиби;
7) Адвокатуранын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби;
8) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөнүн тартиби;
9) чыгымдардын сметасы боюнча отчеттуулукту берүүнүн жана аны жарыялоонун тартиби;
10) аймактык Адвокатураны, анын башкаруу органдарын түзүүнүн, алардын иштешинин тартиби, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары;
11) адвокаттарды аймактык Адвокатурага киргизүүнүн (бекитүүнүн) тартиби;
12) Адвокатуранын текшерүү комиссиясын түзүүнүн жана анын ыйгарым укуктарынын тартиби.
3. Уставда ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген, Адвокатуранын ишине тиешелүү башка жоболор да каралышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Адвокатуранын башкаруу органдары
1. Адвокатуранын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Адвокаттардын съезди;
2) Адвокаттардын кеңеши.
2. Адвокатуранын башкаруу органдарын түзүүнүн жана алардын ыйгарым укуктарынын тартиби ушул Мыйзамда жана Адвокатуранын уставында белгиленет.
6-берене. Адвокаттардын съезди
1. Адвокаттардын съезди Адвокатуранын жогорку башкаруу органы болуп саналат.
Адвокаттардын съездинде Адвокаттар кеңешинин төрагасы, ал эми ал жок болуп калган учурда - төраганын орун басары төрагалык кылат.
2. Адвокаттардын съезди Адвокаттардын кеңешинин чечими боюнча эки жылда бир жолу чакырылат, ал съезддин өткөрүлө турган датасын, убактысын жана орун-жайын белгилейт. Адвокаттардын кезексиз съезди Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин чечими боюнча же Адвокатуранын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча чакырылат.
Адвокаттардын съезди, эгерде анын ишинде шайланган делегаттардын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укук ченемдүү болуп эсептелет. Съездде делегаттардын өкүлчүлүгү ар бир аймактык адвокатурадан катталган адвокаттардын санынын 10 пайыздык, бирок 10 адамдан кем эмес ченеми менен аныкталат.
3. Съезддин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) юридикалык өкүлдөрдүн ишин жөнгө салуу маселелерин кошуп алганда, Адвокатуранын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Адвокатуранын уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу же уставдын жаңы редакциясын кабыл алуу;
3) Адвокаттар кеңешинин, этика боюнча комиссиянын (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими менен номинациялануучу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрүн кошпогондо), текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) Адвокатура мүчөлөрүн, Адвокатуранын кеңешинин, этика боюнча комиссиянын, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн резервдик тизмесине шайлоо;
5) Адвокаттардын Кесиптик этикасынын кодексин бекитүү;
6) Адвокаттар кеңеши, этика боюнча комиссия, текшерүү комиссиясы жөнүндө жоболорду бекитүү;
7) Адвокаттар кеңешинин, этика боюнча комиссиянын, текшерүү комиссиясынын отчетторун бекитүү;
8) Адвокаттар кеңешинин төрагасына жана мүчөлөрүнө, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө - адвокаттарга, этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө сый акылардын өлчөмүн аныктоо;
9) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөдөн түшкөн каражаттардан аймактык адвокатураларга чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо;
10) мүчөлүк төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктоо жана бекитүү, аларды төлөө тартибин бекитүү;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене. Адвокаттар кеңеши
1. Адвокаттар кеңеши Адвокатуранын коллегиялуу аткаруу органы болуп саналат жана ал Адвокаттардын съездинде беш жылдан кем эмес адвокаттык иш стажы бар Адвокатуранын мүчөлөрүнүн ичинен үч жылдык мөөнөткө 9 адамдан турган санда жашыруун добуш менен шайланат. Адвокат Адвокаттар кеңешинин мүчөлүгүнө катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
Адвокаттар кеңеши өзүнүн курамынын ичинен төраганы жана анын орун басарын ачык добуш берүү менен Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт.
Адвокаттар кеңешинин төрагасы өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде адвокаттык иш жүргүзүүгө укуксуз.
2. Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары Адвокаттар кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин сакталат .
3. Адвокаттар кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук бирикмелерде жана башка уюмдарда Адвокатуранын атынан чыгуу;
2) Этика боюнча комиссияны жана текшерүү комиссиясын кошпогондо, Адвокатуранын комиссиялары жөнүндө жоболорду бекитүү;
3) аймактык адвокатура жөнүндө типтүү жобону бекитүү;
4) жалпы чогулуштун сунушу боюнча аймактык адвокатура башкармасынын төрагаларын кызматка дайындоо жана бошотуу;
5) Адвокатуранын алдындагы Адвокаттардын окуу борборунун директорун дайындоо жана бошотуу;
6) адвокаттардын квалификациясын жогорулатуу программасын бекитүү, ал программалар боюнча кесиптик окутуп-үйрөтүүнү уюштуруу;
7) (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8) адвокаттардын социалдык жана кесиптик укуктарын коргоо;
9) (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
91) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик жүрүм-турумунун стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;
92) ушул Мыйзамга ылайык юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик ишин жөнгө салууну жүзөгө ашыруу, анын ичинде:
- Юридикалык өкүлдөрдүн реестрин жүргүзүү;
- квалификациялык тандоодон өтүү тартибин белгилөө;
- кесиптик квалификацияга карата талаптарды аныктоо;
- кесиптик стандарттардын сакталышын контролдоо;
10) Адвокатуранын уставына ылайык башка ыйгарым укуктар.
4. Адвокаттар кеңешинин жыйналышы Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышканда укук ченемдүү деп эсептелет.
Адвокаттар кеңешинин чечимдери Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана 7 күндөн кечиктирбестен Адвокатуранын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
5. Адвокаттар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун адвокаттардын съездинде бекитилген резервдик тизмеде турган кийинки кезектеги талапкер ээлейт.
Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси Адвокаттар кеңешин шайлоо мөөнөтүнө түзүлөт.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-берене. Этика боюнча комиссия
1. Этика боюнча комиссия ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселелерди кароо боюнча Адвокаттар кеңешинен көз карандысыз Адвокатура органы болуп саналат.
Этика боюнча комиссия үч жылдык мөөнөткө төмөнкү курамда шайланат:
- Адвокатурадан беш өкүл;
- юридикалык өкүлдөрдүн ичинен эки өкүл;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан дайындалуучу эки өкүл.
Адвокаттар - этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн адвокаттык иш стажы беш жылдан кем эмес жана акыркы эки жылда тартиптик жазасы жок болушу керек.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын шарттары, мөөнөтү, дайындоонун, ротациялоонун жана этика боюнча комиссиянын ишине катышуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан өз алдынча белгиленет. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү этика боюнча комиссиянын ишине этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү катары гана катышууну жүзөгө ашырат жана этика боюнча комиссиянын төрагасынын же төраганын орун басарынын кызмат ордуна шайлана албайт.
Этика боюнча комиссия өзүнүн курамынан төраганы жана анын орун басарын ачык добуш берүү менен этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык этика боюнча комиссиянын мүчөсү болуп шайлана албайт.
2. Адвокаттар - этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү этика комиссиясындагы ишин адвокаттык иш менен айкалыштыра алат. Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү бир эле учурда Адвокаттар кеңешинин, текшерүү комиссиясынын жана аймактык адвокатуралардын башкармалыктарынын мүчөлөрү боло алышпайт.
3. Этика боюнча комиссиянын жыйналышы Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышканда, укук ченемдүү деп эсептелет.
4. Этика боюнча комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) адвокаттын аракеттерине (аракетсиздигине) карата даттанууларды жана кайрылууларды кароо;
2) Адвокаттардын Кесиптик этика кодексин колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;
21) юридикалык өкүлдөрдүн аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды жана кайрылууларды кароо;
22) юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик жүрүм-турум стандарттарын сактоосу менен байланышкан маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;
3) тартиптик практиканы жалпылоо;
4) ушул Мыйзамга ылайык башка маселелер.
5. Этика боюнча комиссия арызды, даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим чыгарат.
6. Этика боюнча комиссиянын чечими анын жыйналышына катышуучу мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу аркылуу добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Этика боюнча комиссиянын жыйналышынын протоколуна Комиссиянын отурумуна катышкан мүчөлөрү кол коюшат.
7. Этика боюнча комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун адвокаттардын съездинде бекитилген резервдик тизмеде кезекте турган кийинки талапкер ээлейт.
Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси этика боюнча комиссияны шайлоо мөөнөтүнө түзүлөт.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
81-берене. Адвокатка карата даттанууларды этика боюнча комиссиясы тарабынан кароонун тартиби
1. Адвокатка карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу этика боюнча комиссиянын өзгөчө компетенциясынын предмети болуп саналат.
2. Тартиптик өндүрүш адвокатка карата кайрылууларды, сунуштамаларды, даттанууларды өз убагында, объективдүү жана адилет кароону, алардын адвокаттык иш жана адвокатура жөнүндө мыйзамдарга ылайык чечилишин, ошондой эле кабыл алынган чечимдин аткарылышын камсыз кылууга тийиш.
3. Этика боюнча комиссиянын кароосунун предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеке адамдардын жана уюмдардын даттануулары жана кайрылуулары;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрү;
3) адвокат өкүлү (коргоочу) болгон ишти карап жаткан соттун (судьянын) Комиссияга кайрылуусу.
4. Кайрылууларды текшерүүнү уюштуруу, кайрылууларды кароонун тартиби жана мөөнөттөрү, дисциплинардык өндүрүштү козгоо же андан баш тартуу, тартиптик өндүрүштүн жол-жобосу, аны жүргүзүү мөөнөттөрү, тартиптик жоопкерчилик чаралары, даттануунун тартиби жана башка маселелер ушул Мыйзамга ылайык бекитилүүчү этика боюнча комиссия жөнүндө жободо аныкталат.
5. Этика боюнча комиссия бардык мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, соттордон, укук коргоо органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан тартиптик ишти объективдүү кароо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды жана документтерди суратып алууга жана алууга укуктуу.
6. Этика боюнча комиссияга келип түшкөн даттануулар, кайрылуулар, сунуштар алар келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен каралууга тийиш.
7. Этика боюнча комиссия төмөнкүдөй тартиптик чараларды көрүүгө укуктуу:
1) эскертүү;
2) сөгүш.
Этика боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензияны токтото туруу же лицензиядан ажыратуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
8. Этика боюнча комиссиянын чечими акыркы болуп саналат. Этика боюнча комиссиянын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанылууга тийиш.
9. Юридикалык өкүлдөргө карата даттанууларды, сунуштамаларды жана кайрылууларды этика боюнча комиссия тарабынан кароонун тартиби, мындай тартиптин өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам же болбосо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча Адвокаттар кеңеши тарабынан бекитилүүчү акты менен белгиленген учурларды кошпогондо, адвокаттар үчүн ушул беренеде белгиленген тартипке окшоштук боюнча колдонулат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-берене. Текшерүү комиссиясы
1. Текшерүү комиссиясы Адвокатуранын финансылык-чарбалык ишине контроль жүргүзөт жана Адвокаттардын съездине отчет берет.
2. Адвокаттардын съездинде текшерүү комиссиясы 5 адамдан турган курамда үч жылдык мөөнөткө шайланат. Текшерүү комиссиясынын курамына Адвокаттар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, этика боюнча комиссиянын жана аймактык адвокатуралардын төрагалары кирүүгө укугу жок. Текшерүү комиссиясынын жыйналышына анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү деп эсептелет.
3. Адвокаттар - текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү текшерүү комиссиясындагы ишти адвокаттык иш менен айкалыштыра алышат.
4. Текшерүү комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун Адвокаттардын съездинде бекитилген резервдик тизмеде кезекте турган кийинки талапкер ээлейт.
Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси текшерүү комиссиясын шайлоо мезгилине түзүлөт.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
91-берене. Текшерүү комиссиясынын укуктары жана милдеттери
1. Текшерүү комиссиясы өзүнүн функцияларын талаптагыдай аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Адвокаттар кеңешинен, Адвокатуранын аппаратынын кызмат адамдарынан жана кызматкерлеринен аймактык адвокатуралардан жана Адвокаттардын окуу борборунан текшерүү комиссиясынын иш-милдеттерине жана ыйгарым укуктарына ылайык келген иликтөө үчүн зарыл болгон бардык талап кылынган документтерди, материалдарды алууга. Көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар текшерүү комиссиясына тиешелүү суроо-талапты алгандан кийин беш күндүн ичинде берилүүгө тийиш;
2) бухгалтерлерди, аудиторлорду жана башка адистерди тартууга.
2. Текшерүү комиссиясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жылына бир жолудан кем эмес Адвокатуранын ишинин жана анын органдарынын финансылык-чарбалык ишин жүргүзүүгө анын жыйынтыктарын расмий сайтка жарыялоого;
2) жүргүзүлгөн ревизиялар жана текшерүүлөр жөнүндө Адвокаттар кеңешине жыл сайын жазуу жүзүндө отчет берүүгө жана жүргүзүлгөн ревизиялардын жана текшерүүлөрдүн натыйжаларын Адвокаттардын съездине өз убагында маалымдоого;
3) Адвокаттардын съездине чейин он күндөн кечиктирбестен Адвокатуранын өткөн жылдагы финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту берүүгө, анда ал Адвокатуранын отчетторун жана башка финансылык документтерде камтылган маалыматтардын тууралыгын тастыктоо камтылууга тийиш болгон. Адвокатуранын документтери, ошондой эле бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн, финансылык отчеттуулукту жана финансылык-чарбалык ишти жүзөгө ашыруунун мыйзамда белгиленген тартибин бузуу фактылары жөнүндө маалыматтарды берүү.
Адвокаттардын кезексиз съезди чакырылган учурда текшерүү комиссиясы Адвокатуранын финансылык-чарбалык ишине текшерүү жүргүзүүгө жана тиешелүү отчетту даярдоого тийиш.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-берене. Адвокаттардын окуу борбору
1. Адвокатуранын алдында адвокаттарды, ошондой эле юридикалык өкүлдөрдү кесиптик окутууну, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу үчүн түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналган Адвокаттардын окуу борбору иштейт.
2. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензияны (мындан ары - лицензия) биринчи жолу алган адвокат Адвокаттардын съезди тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык бир жылдын ичинде алдын ала кесиптик окуудан өтүүгө милдеттүү.
3. Жогорку билими бар, юридикалык өкүл болууну каалаган жаран Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталуучу тартипте жана мөөнөттөрдө Адвокаттардын окуу борборунда окуудан өтүүгө милдеттүү.
4. Адвокаттардын окуу борборунун ишинин жана аны каржылоонун тартиби Адвокаттар кеңешинин сунушу боюнча Адвокаттардын съезди тарабынан бекитилүүчү анын уставы менен аныкталат.
5. Окутуу программалары Адвокаттардын окуу борбору тарабынан иштелип чыгат жана Адвокаттар кеңеши тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Аймактык адвокатура
1. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарында уюштуруу-укуктук формадагы бирден кем эмес аймактык адвокатуранын филиалы түзүлсүн.
70тен кем эмес адвокаттарды бириктиргенде Адвокатура облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында кошумча аймактык адвокатура түзүүгө укуктуу.
2. Аймактык адвокатура адвокатуранын уставында аныкталган тартипте түзүлөт.
3. Аймактык адвокатура өз ишинде адвокатуранын уставын жетекчиликке алат.
4. Адвокат бир гана аймактык адвокатурада катталышы мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Аймактык адвокатуранын башкаруу органдары
Аймактык адвокатуранын башкаруу органдары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) тиешелүү аймактын адвокаттарынын жалпы чогулушу;
2) аймактык адвокатуранын башкармасы.
13-берене. Тиешелүү аймактын адвокаттарынын жалпы чогулушу
1. Тиешелүү аймактын адвокаттарынын жалпы чогулушу (мындан ары - адвокаттардын жалпы чогулушу) аймактык адвокатураны башкаруунун органы болуп саналат.
2. Адвокаттардын жалпы чогулушунун компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
1) аймактык адвокатуранын төрагасын, анын орун басарын жана башкармасынын мүчөлөрүн шайлоо;
11) аймактык адвокатуранын башкармалыгынын төрагасын дайындоого Адвокаттар кеңешине сунуштама;
2) аймактык адвокатуранын жобосу менен адвокаттардын жалпы чогулушунун компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
3. Эгерде адвокаттардын жалпы чогулушуна катышуу үчүн каттоо аяктаган учурда тиешелүү аймактык адвокатуранын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринен көбү катталса, адвокаттардын жалпы чогулушу укук ченемдүү болот.
4. Адвокаттардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби тиешелүү аймактык адвокатуранын жобосу менен белгиленет.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Аймактык адвокатуранын башкармасы
1. Аймактык адвокатуранын башкармасы аймактык адвокатуранын коллегиялуу органы болуп саналат жана адвокаттардын жалпы чогулушунда тиешелүү аймактын адвокаттарынын ичинен 5 адамдан ашпаган санда жашыруун добуш менен үч жылга түзүлөт. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык кеңештин мүчөсү болуп шайлана албайт. Аймактык адвокатуранын башкармасынын мүчөсү Адвокатуранын башка органынын же Адвокаттар кеңешинин мүчөсү боло албайт.
2. Башкарманын төрагасы жана анын орун басары аймактык адвокатуранын башкармасынын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат
Башкарманын төрагасы аймактык адвокатуранын ишин учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Адвокаттар кеңешине жана адвокаттардын жалпы чогулушуна отчет берет.
3. Аймактык адвокатуранын башкармасынын компетенциясына адвокаттардын жалпы чогулушунун компетенциясына кирбеген, аймактык адвокатуранын жобосунда аныкталган баардык маселелерди чечүү кирет.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-глава. Кыргыз Республикасында адвокаттык ишти жана юридикалык өкүлчүлүктү жүзөгө ашыруу
(Главанын аталышы КР 2026-жылдын 3-августундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Адвокат
Адвокат - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алган, мамлекеттик тилди билген жана Адвокатуранын мүчөсү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жараны.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 4-р чечими
151-берене. Юридикалык өкүл
Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизилген жана ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык соттук өкүлчүлүк боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон, жогорку билими бар жеке жак юридикалык өкүл болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Кыргыз Республикасындагы адвокаттык иш
1. Жеке жана юридикалык жактарга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (мындан ары - ишеним артуучулар) жана корголуучуга (адвокат жазык сот өндүрүшүнө коргоочу катары милдеттүү катышкан учурларда) алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле сот адилеттүүлүгүнө жетүүсүн коргоо жана камсыз кылуу максатында ушул Мыйзамда белгиленген тартипте адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алган адамдар тарабынан кесиптик негизде көрсөтүлө турган квалификациялуу юридикалык жардам Кыргыз Республикасында адвокаттык иш болуп саналат.
2. Адвокат адвокаттык ишти жеке адвокаттык кабинет формасында же болбосо адвокаттык уюм аркылуу адвокаттар коллегиясы же адвокаттык бюро формасында жүзөгө ашыра алат.
21. Адвокат ушул Мыйзамга ылайык адвокаттык ишти жүзөгө ашыруунун формасын өз алдынча тандоого жана өзгөртүүгө укуктуу. Адвокат адвокаттык ишти жүзөгө ашыруунун тандаган формасы жөнүндө каттаган күндөн тартып бир айдын ичинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Адвокатурага кабарлоого милдеттүү.
22. Юридикалык жактардын аталыштарында "адвокаттык иш", "адвокатура", "адвокат" же бул терминдерди өзүнө камтыган сөз айкалыштарын пайдаланууга адвокаттарга жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте түзүлгөн уюмдарга гана жол берилет.
3. Адвокаттар тарабынан адвокаттык иштин алкагында жүзөгө ашырылуучу юридикалык жардам ишкердик (коммерциялык) иш болуп саналбайт.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
161-берене. Адвокаттык кабинет
1. Адвокаттык ишти жеке жүзөгө ашыруу чечимин кабыл алган адвокат адвокаттык кабинетти уюштурат.
2. Адвокат адвокаттык кабинетти уюштуруу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоону Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Адвокатурага жиберет, анда адвокат, адвокаттык кабинеттин жайгашкан жери, телефондордун, факстардын номерлери, электрондук почтанын даректери жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
3. Адвокаттык кабинет юридикалык жак болуп саналбайт.
4. Адвокаттык кабинетти уюштурган адвокат мыйзамдарга ылайык банктарда эсептерди ачат, анда адвокаттык кабинеттин дареги жана аталышы менен мөөрү, штампы жана бланкы болот. Адвокаттык кабинеттин аталышы аны уюштурган адвокаттын атын, ошондой эле "адвокаттык кабинет" деген сөздөрдү камтууга тийиш.
5. Адвокаттык кабинетте юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуулар адвокат менен ишеним артуучунун ортосунда түзүлөт жана адвокаттар коллегиясынын документ жүгүртүү тутумунда катталат.
6. Адвокат адвокаттык кабинетти жайгаштыруу үчүн анын же болбосо анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчик укугуна таандык турак жайды акыркылардын жана коңшуларынын макулдугу менен пайдаланууга укуктуу. Жалдоо келишими боюнча адвокат жана анын үй-бүлө мүчөлөрү ээлеген турак жай адвокат тарабынан адвокаттык кабинетти жайгаштыруу үчүн жалдоого берүүчүнүн, коңшуларынын жана адвокат менен бирге жашаган бардык жашы жеткен адамдардын макулдугу менен пайдаланылышы мүмкүн.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
162-берене. Адвокаттар коллегиясы
1. Эки жана андан көп адвокат адвокаттар коллегиясын уюштурууга укуктуу.
2. Адвокаттар коллегиясы мүчөлүккө негизденген жана анын уюштуруучулары тарабынан бекитилүүчү уставдын (мындан ары - устав) жана алар тарабынан түзүлгөн уюштуруу келишиминин негизинде аракеттенүүчү коммерциялык эмес уюмдун өз алдынча формасы болуп саналат.
3. Уюштуруу келишиминде өз мүлкүн адвокаттар коллегиясына берүүнүн шарттары, анын ишине катышуунун тартиби, жаңы мүчөлөрдү адвокаттар коллегиясына кабыл алуунун тартиби жана шарттары, адвокаттар коллегиясын уюштуруучулардын (мүчөлөрүнүн) укуктары жана милдеттенмелери, уюштуруучулардын (мүчөлөрүнүн) анын курамынан чыгуу тартиби жана шарттары аныкталат.
4. Устав төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу формасына көрсөтмөнү камтыган адвокаттар коллегиясынын аталышын;
2) адвокаттар коллегиясынын жайгашкан жерин;
3) адвокаттар коллегиясынын ишинин предметин жана максаттарын;
4) адвокаттар коллегиясынын мүлкүн түзгөн булактарды жана аны пайдалануунун багыттарын (анын ичинде бөлүнбөс фонддун болушу же болбошу жана аны пайдалануунун багыттарын);
5) адвокаттар коллегиясын башкаруу тартибин;
6) адвокаттар коллегиясынын филиалдары жөнүндө маалыматтарды;
7) уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартибин;
8) адвокаттар коллегиясын кайра уюштуруу жана жоюу тартибин;
9) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду.
5. Уюштуруу келишиминин жана уставдын талаптары адвокаттар коллегиясынын өзү жана уюштуруучулары (мүчөлөрү) үчүн аткарууга милдеттүү.
6. Адвокаттар коллегиясын уюштуруучулар аны уюштуруу, кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө Адвокаттар кеңеши тарабынан бекитилген формага ылайык Адвокатурага кабарлоо жиберет.
7. Адвокаттар коллегиясы аны юстиция органында мамлекеттик каттаган күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет. Адвокаттар коллегиясын мамлекеттик каттоо, ошондой эле анын ишин токтотуу жөнүндө жазууну юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
8. Адвокаттар коллегиясы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында, ошондой эле эгерде бул чет мамлекеттердин мыйзамдарында каралса, чет элдик мамлекеттердин аймактарында филиалдарды түзүүгө укуктуу.
Адвокаттар коллегиясы филиалдарды түзүү же жабуу жөнүндө Адвокаттар кеңеши тарабынан бекитилген формага ылайык Адвокатурага кабарлоо жиберет.
Адвокаттар коллегиясынын филиалында адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу адвокаттар тиешелүү филиалды түзгөн адвокаттар коллегиясынын мүчөлөрү болуп саналат.
Адвокаттар коллегиясынын филиалында адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу адвокаттар жөнүндө маалыматтар адвокаттардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
9. Адвокаттар коллегиясынын уюштуруучулары тарабынан салым катары киргизилген мүлк ага менчик укугунда таандык болот.
10. Адвокаттар коллегиясынын мүчөлөрү анын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, адвокаттар коллегиясы өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Адвокаттар коллегиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адвокаттык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу алар тарабынан алынган кирешелер боюнча алардын мүчөлөрү болуп саналган адвокаттардын салык агенти, ошондой эле ишеним артуучулар, үчүнчү жактар жана башка адвокаттар коллегиясынын уюштуруу документтеринде каралган башка маселелер боюнча алардын өкүлү болуп саналат.
12. Адвокаттар коллегиясында юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу адвокаттар менен ишеним артуучунун ортосунда түзүлөт жана адвокаттар коллегиясынын документ жүгүртүү тутумунда катталат.
13. Ушул Мыйзамдын 163-беренесинде белгиленген тартипте адвокаттар коллегиясы адвокаттык бюрого кайра түзүлгөн учурду кошпогондо, адвокаттар коллегиясы коммерциялык уюмга же болбосо кандай гана болбосун башка коммерциялык эмес уюмга кайра түзүлүшү мүмкүн эмес.
14. Адвокаттар коллегиясы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле адвокаттар коллегиясында жалгыз мүчөсү калган учурда жоюлат. Акыркысы адвокаттар коллегиясынын жалгыз мүчөсү болуп калган учурдан тартып үч айдын ичинде адвокаттык кабинеттин, адвокаттар коллегиясынын же адвокаттык бюронун уюштуруучусу (уюштуруучулары) болуп саналбаган башка адвокат (адвокаттар) менен бирдикте ушул Мыйзамдын 163-беренесинде белгиленген тартипте аны адвокаттык бюрого кайра түзүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 27-июлундагы № 147, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
163-берене. Адвокаттык бюро
1. Эки жана андан көп адвокат адвокаттык бюро уюштурууга укуктуу.
Адвокаттык бюро коммерциялык эмес уюмдун өз алдынча формасы болуп саналат.
2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, адвокаттык бюрону уюштурууга жана анын ишине байланыштуу пайда болгон мамилелерге карата ушул Мыйзамдын 162-беренесинин эрежелери колдонулат.
3. Адвокаттык бюронун аталышы "жана компаниясы", "жана өнөктөштөр" же болбосо "жана адвокаттар" деген сөздөрдү кошуу менен бир же бир нече адвокат-өнөктөштөрдүн аттарын камтууга тийиш. Адвокаттык бюродо катышуусун токтоткон адвокат-өнөктөштүн уруксаты менен анын атын адвокаттык бюронун аталышына пайдаланууга жол берилет.
4. Адвокаттык бюро уюштурган адвокаттар өз ара жазуу жүзүндө жөнөкөй өнөктөштүк келишимин түзөт жана адвокаттык бюрону каттоо үчүн аны юстиция органына бербейт. Өнөктөштүк келишими боюнча адвокат-өнөктөштөр бардык өнөктөштөрдүн атынан юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өздөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүүгө милдеттенишет.
5. Өнөктөштүк келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) өнөктөштүк келишиминин колдонулуу мөөнөтү;
2) өнөктөштөр тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тартиби;
3) башкаруучу өнөктөштү шайлоо тартиби, анын компетенциясы жана башка шарттар.
6. Эгерде өнөктөштүк келишиминде башкача белгиленбесе, адвокаттык бюронун жалпы ишин алып баруу башкаруучу өнөктөш тарабынан жүзөгө ашырылат. Ишеним артуучу менен юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу алардын берген ишеним каттарынын негизинде бардык өнөктөштөрдүн атынан башкаруучу өнөктөш тарабынан түзүлөт. Ишеним каттарында ишеним артуучулар жана үчүнчү жактар менен макулдашууларды жана бүтүмдөрдү түзүүчү өнөктөштүн компетенциясын бардык чектөөлөр көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн чектөөлөр ишеним артуучуларга жана үчүнчү жактарга маалымдалат.
7. Өнөктөштүк келишими төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:
1) өнөктөштүк келишиминин колдонулуу мөөнөтү аяктаганда;
2) эгерде өнөктөштүк келишиминде калган өнөктөштөрдүн ортосундагы мамилелерде келишимди сактоо каралбаса, өнөктөштөрдүн бири болуп саналган адвокат статусунан ажыраганда, токтотулганда же токтотула турганда;
3) эгерде өнөктөштүк келишиминде калган өнөктөштөрдүн ортосундагы мамилелерде келишимди сактоо каралбаса, өнөктөштөрдүн биринин талабы боюнча өнөктөштүк келишими бузулганда.
8. Өнөктөштүк келишими токтогон учурдан тартып анын катышуучулары ишеним артуучуларга жана үчүнчү жактарга карата аткарылбаган жалпы милдеттенмелер боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат.
9. Өнөктөштөрдүн бири өнөктөштүк келишиминен чыкканда ал юридикалык жардам көрсөткөн бардык иштер боюнча өндүрүштү башкаруучу өнөктөшкө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
10. Өнөктөштүк келишимининен чыккан адвокат анын өнөктөштүк келишимине катышкан мезгилинде пайда болгон жалпы милдеттенмелер боюнча ишеним артуучулардын жана үчүнчү жактардын алдында жооп берет.
11. Адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлгөн учурду кошпогондо, адвокаттык бюро коммерциялык уюмга же болбосо кандай гана болбосун башка коммерциялык эмес уюмга кайра түзүлүшү мүмкүн эмес.
12. Өнөктөштүк келишими токтогондон кийин адвокаттар жаңы өнөктөштүк келишимин түзүүгө укуктуу. Мурдагы өнөктөштүк келишиминин колдонулушу токтогон күндөн тартып бир айдын ичинде жаңы өнөктөштүк келишими түзүлбөсө, анда адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлүүгө же болбосо жоюлууга жатат.
Өнөктөштүк келишими токтогон учурдан тартып жана адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлгөн учурга же болбосо жаны өнөктөштүк келишими түзүлгөнгө чейин адвокаттар юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуксуз.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
164-берене. Юридикалык өкүлгө карата талаптар
1. Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизилген, аракетке жөндөмдүү төмөнкүдөй жеке адам юридикалык өкүл боло алат:
1) жогорку юридикалык билими бар;
2) адистиги боюнча бир жылдан кем эмес иш стажына ээ;
3) Адвокаттардын окуу борборунда соттук өкүлчүлүктүн маселелери боюнча кошумча кесиптик даярдыкты аяктаган жана 80 академиялык сааттан кем эмес көлөмдө билим берүү программасын өздөштүргөндүгүн тастыктоочу тиешелүү сертификат алган.
Жарандардын юридикалык жардамга натыйжалуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталуучу тартипте юридикалык өкүлдөр үчүн ушул беренеде аныкталган талаптардын бардыгын же бир бөлүгүн белгилүү бир мөөнөткө жана белгиленген бир административдик-аймактык бирдиктерде алып салууга жол берилет.
2. Төмөнкүдөй адам юридикалык өкүл боло албайт:
1) мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган, ошондой эле акысыз негизде кызмат өтөө маселелери боюнча башка адамдардын кызыкчылыктарын билдирген аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган;
3) мыйзамдарда белгиленген тартипте соттолгондугу жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Адвокаттык иштин принциптери
1. Адвокаттык иштин принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) адвокаттык ишти жүзөгө ашырууда адвокаттын көз карандысыздыгы жана өз алдынчалуулугу;
2) мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана гумандуулук;
3) адвокаттык ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ыкмалар жана каражаттар менен жүзөгө ашыруу;
4) адвокаттардын кесиптик этикасынын Кодексин сактоо;
5) адвокаттык жашыруун сырды сактоо.
2. Адвокаттык ишти аткарууда адвокатты ишеним артууну же корголуучу жана анын кызыкчылыгы катары кароого болбойт.
18-берене. Юридикалык жардам берүүнүн кепилдиги
1. Мамлекет Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына, анын юрисдикциясында турган башка адамдарга юридикалык жардам алууга жана мындай жардамды алуунун мүнөзү жана тартиби жөнүндө маалыматка бирдей жеткиликтүүлүккө болушуна кепилдик берет.
2. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдын алкагында жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, юридикалык жардам үчүн кайрылган адам адвокатты же юридикалык өкүлдү тандоодо эркин болот.
3. Мамлекеттик кепилдиктин алкагында квалификациялуу юридикалык жардам мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумуна киргизилген адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр тарабынан көрсөтүлөт.
4. Мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдын алкагында юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн эмгек акысын төлөө мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумуна катышкан адвокаттарга жана юридикалык өкүлдөргө уруксат берүүнүн, аларды тандоонун, каржылоонун, иштерди бөлүштүрүүнүн жана ишин контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу
1. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча бир жылдан кем эмес иш стажысы бар, квалификациялык сынактан өткөн Кыргыз Республикасынын жараны укуктуу.
2. Лицензияны төмөнкү жаран ала албайт:
1) Аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чектелген деп табылган;
11) наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган;
2) атайылап жасалган кылмышы үчүн соттолгондугу жоюлганына же жоюлбаганына карабастан;
3) тартиптик жосунун жасагандыгына байланыштуу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан бошотулган - бошотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде;
4) мурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан ажыратылган - лицензиясынан ажыратылган күндөн тартып беш жылдын ичинде;
41) адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан эки жолу ажыратылган;
5) жүрүм-турумунун кынтыксыз эместигине байланыштуу судьянын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган - бошотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде.
3. Лицензия алуу үчүн зарыл болгон юридикалык адистик боюнча иш стажысына төмөнкү иштер киргизилет:
1) судья катарында;
2) мамлекеттик органдардагы, анын ичинде колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынганга чейин болгон жогорку юридикалык билимди талап кылган мамлекеттик кызматтардагы;
3) жогорку юридикалык билимди талап кылган муниципалдык кызматтардагы;
4) уюмдардын юридикалык кызматтарында жогорку юридикалык билимди талап кылган кызматтардагы;
5) илимий-изилдөө мекемелериндеги жогорку юридикалык билимди талап кылган кызматтардагы;
6) орто кесиптик, жогорку кесиптик жана кесиптик билим берүүнүн жогорку окуу жайларынан кийинки мекемелерде юридикалык сабактарды окутуучу катарында;
7) адвокаттын жардамчысы катарында;
8) нотариус катарында.
4. (КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Мамлекеттик органдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өзүнүн кесиптик кызматтык ишин жүзөгө ашыруу мезгилинде лицензия алган мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар, лицензияны алган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мезгилине лицензияны колдонууну токтото туруу жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрылууга милдеттүү.
(КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 79, 2021-жылдын 24-июнундагы № 75, 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
20-берене. Квалификациялык сынакка кирүүгө уруксат берүү
1. Ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген адам адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алууга квалификациялык сынак тапшырууга уруксат берүү жөнүндө арыз менен Адвокатурага кайрылууга укуктуу.
Арыз берүүнүн тартиби жана формасы, тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле Адвокатуранын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу квалификациялык комиссия (мындан ары - квалификациялык комиссия) менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги тарабынан бекитилет.
2. Адвокатура талапкерлер тарабынан келип түшкөн арыздарды жана документтерди карайт жана ушул Мыйзамда каралган талаптарга ылайык келүүсүн текшерет.
Адвокатура документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын тастыктоочу маалыматты мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан суратууга жана алууга укуктуу.
3. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Адвокатура талапкердин документтерин жана анын белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жөнүндө корутундуну квалификациялык комиссияга жөнөтөт.
Квалификациялык сынак тапшырууга уруксат берүү же болбосо уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген тартипте квалификациялык комиссия кабыл алат.
4. Квалификациялык сынакка уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө квалификациялык комиссиянын чечими административдик мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-берене. Квалификациялык сынак
1. Квалификациялык сынак курамы жети адамдан турган квалификациялык комиссия тарабынан кабыл алынат.
11. Квалификациялык экзамен жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
2. Квалификациялык комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилет:
1) адвокаттык иште беш жылдан кем эмес стажысы бар адвокаттардын ичинен Адвокаттар кеңеши тарабынан сунушталуучу Адвокатурадан төрт өкүл;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен үч өкүл.
Караңыз:
КР Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 3-ноябрындагы № 241 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругу
3. Квалификациялык сынакты өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 711 "Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
4. Тесттин жалпы суроолорунун 70 пайызынан көбүнө туура жооп берген адам квалификациялык сынак берди деп эсептелет.
Квалификациялык сынактан өтпөй калган адамга аны кайрадан тапшырууга алты айдан эрте эмес киргизилет.
5. Квалификациялык комиссия тарабынан сынактын натыйжалары боюнча протокол формасында жол-жоболонгон чечим кабыл алынат.
Квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан сынактын натыйжалары жөнүндө чечим кабыл алынат, Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
6. Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде лицензия берилет. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Адвокатурага лицензия берүү жөнүндө он жумушчу күндүн ичинде кабарлайт. Адвокатура кабарлоону алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде адвокаттын Адвокатурага мүчө болуп киргендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдайт.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Конституциялык сотунун 2015-жылдын 11-мартындагы № 4-р Чечими
211-берене. Лицензиянын дубликаты
Лицензия жоголгон (бузулган) учурда, адвокат лицензиянын дубликатын алуу үчүн арыз менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрылууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги арызды алган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде лицензиянын жоголгондугу (бузулганы) жөнүндө маалыматтарды Адвокаттардын мамлекеттик реестрине киргизет жана аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
Лицензиянын дубликаты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аны берүүгө арыз келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде "дубликат" деген белгини коюу менен берилет.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу
1. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча жүргүзүлөт.
2. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) адвокат мамлекеттик же муниципалдык кызматка (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо) кирген учурда;
2) адвокат мөөнөттүү чыныгы аскер кызматында болгон учурда;
3) адвокаттын арызы боюнча;
4) (КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) адвокат тарабынан Кесиптик этика кодексинин ченемдери бузулган учурда;
6) мүчөлүк төгүмдөрдү Адвокатуранын уставында аныкталган мөөнөттө төлөбөгөн учурда;
7) эгерде адвокат ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген учурларда бир айдын ичинде лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө арыз бербеген учурда.
21. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, адвокат лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине арыз берет, ага лицензия (лицензиянын дубликаты) тиркелет, ал эми лицензия (лицензиянын дубликаты) жоголгон учурда бул тууралуу арызда көрсөтөт.
Этика боюнча комиссия ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуш киргизет.
Адвокаттар кеңеши ушул берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуш киргизет.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча лицензиянын колдонулушун токтото туруу үч жылга чейин жүргүзүлөт.
Токтото турулган лицензиянын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча жаңыланат.
4. Лицензиядан ажыратуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) адвокатка карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирет;
2) Кесиптик этика кодексинин ченемдери кайталанып бузулган;
3) ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн лицензиянын колдонулушун токтото туруу учурларын кошпогондо, ушул Мыйзамдын же болбосо Адвокатуранын уставынын ченемдерине ылайык квалификациясын жогорулатпаган;
4) адвокат тарабынан ушул Мыйзамдын ченемдери бузулган.
41. Этика боюнча комиссия ушул берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурда лицензияны жокко чыгаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.
Адвокаттар кеңеши ушул берененин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурда лицензияны жокко чыгаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.
5. Лицензиясын колдонушун токтотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) адвокат Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраган учурда;
2) адвокат каза болгондо же аны дайынсыз жоголгон же каза болгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
3) адвокат белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган учурда;
4) адвокаттын жазуу жүзүндө берилген жеке арызы боюнча;
5) бир айдын ичинде жүйөсүз себептер боюнча лицензия албаган учурда;
6) адвокат лицензия алган күндөн тартып бир айдын ичинде Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирбеген учурда.
51. Адвокаттар кеңеши ушул берененин 5-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтотуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө сунуш киргизет.
6. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими Кыргыз Республикасынын администрациялык иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 79, 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 4-р чечими
221-берене. Юридикалык өкүлдүн статусун токтотуу жана токтото туруу
1. Юридикалык өкүлдүн статусун токтотуу Адвокаттар кеңешинин чечиминин негизинде төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:
1) юридикалык өкүл каза болгондо же болбосо аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
2) юридикалык өкүл аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылганда;
3) юридикалык өкүл статусунан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
4) юридикалык өкүлгө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) статусту токтотуу зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алынган тартип өндүрүшүнүн натыйжалары боюнча Этика боюнча комиссиянын сунуштамасы.
2. Юридикалык өкүлдүн статусун токтото туруу Адвокаттар кеңешинин чечими менен төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
1) юридикалык өкүлдүн жазуу жүзүндөгү арызынын;
2) кесиптик жүрүм-турумдун стандарттары бузулган учурларда этика боюнча комиссиянын сунушунун.
3. Юридикалык өкүлдүн статусу кетирилген бузуунун мүнөзүнө жана оордугуна жараша үч, алты же он эки айлык мөөнөткө токтотулуп турушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-берене. Адвокаттардын мамлекеттик реестри
1. Адвокаттардын мамлекеттик реестрин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги кагаз жана электрондук формаларда жүргүзөт жана өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
2. Адвокаттардын мамлекеттик реестри адвокаттын фамилиясын, атын, атасынын атын, лицензия берилген датаны, лицензиянын номерин, Адвокатурага кирүү датасын, адвокаттык мекеменин аталышын жана юридикалык дарегин, жардамчылары жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте даярдалган мөөрүнүн үлгүсүн камтууга тийиш. Реестрде белгиленген ар кандай өзгөртүүлөр бир айдын ичинде адвокаттар тарабынан Юстиция министрлигине жана Адвокатурага маалымдалууга тийиш.
3. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196, 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
231-берене. Адвокатуранын мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумунун алкагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө катышуусу
Адвокатура квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө, анын ичинде юридикалык өкүлдөрдүн катышуусу менен төмөнкүдөй жолдор менен катышат:
1) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин формасын иштеп чыгууга катышуу;
2) мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам көрсөтүү тутумуна катышкан адвокаттарды жана юридикалык өкүлдөрдү тандоо критерийлерин иштеп чыгууга катышуу;
3) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн ишинин сапатынын стандарттарын иштеп чыгууга жана баалоого катышуу;
4) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмдөрүн жана шарттарын иштеп чыгууга катышуу;
5) көрсөтүлүүчү кызматтардын регистрин жүргүзүүнүн тартибин жана формасын иштеп чыгууга, ошондой эле квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр жөнүндө маалыматты сактоо мөөнөтүн белгилөөгө катышуу;
6) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн ишине мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу;
7) ушул Мыйзамга жана мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка функцияларды аткаруу.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
232-берене. Юридикалык өкүлдөрдүн реестри
1. Юридикалык өкүлдөрдүн реестри Адвокатура тарабынан жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.
Юридикалык өкүлдөрдүн реестрин түзүү, жүргүзүү, жаңылоо жана жайгаштыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча Адвокатура тарабынан аныкталат.
Юридикалык өкүлдөрдүн реестрин жүргүзүү тартибин бузуулар аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өз чечими менен ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган чечимдери Адвокатура тарабынан аткарылууга милдеттүү.
3. Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине ушул Мыйзамга ылайык ишти жүзөгө ашырууга жол берилген юридикалык өкүлдөр жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Юридикалык өкүлдөрдүн реестри ар бир юридикалык өкүлдүн статусу жөнүндө актуалдуу маалыматты, анын ичинде статусун токтото туруу же токтотуу, чечимдерди кабыл алуунун мөөнөттөрү жана негиздери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
4. Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизүү үчүн талапкер төмөнкүлөрдү берет:
1) жогорку юридикалык билими бар экендигин тастыктаган (бакалавр же магистр даражасы) документти;
2) алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты;
3) юридикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажынын бар экендигин тастыктоочу документтерди;
4) Адвокаттардын окуу борборунда кошумча билим алуудан өткөндүгү жөнүндө сертификатты;
5) юридикалык өкүлдүн бекитилген кесиптик жүрүм-турум стандарттарын сактоо милдеттенмеси менен арызды.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бардык документтер мамлекеттик маалымат тутумун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтерди берүүнүн башка электрондук каналдарын пайдалануу менен санариптик форматта берилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. Адвокаттын жана юридикалык өкүлдүн укуктары жана милдеттери. Алардын ишинин кепилдиктери
(Главанын аталышы КР 2026-жылдын 3-августундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Адвокат тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардамдын түрлөрү
1. Адвокат адвокаттык ишти жүргүзүүдө:
1) укук маселелери боюнча оозеки же жазуу жүзүндө кеңеш берет;
2) арыздарды, даттанууларды, сунуштоолорду жана башка укуктук мүнөздөгү документтерди түзөт;
3) конституциялык, жарандык жана административдик сот иштерине катышат;
4) кылмыш иштери боюнча сот өндүрүшүнө жана укук бузуулар жөнүндө иштерге катышат;
5) бейтарап сотто, эл аралык коммерциялык сотто жана чыр-чатактарды чечүүчү башка органдарда иштерди териштирүүгө катышат;
6) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка уюмдарда ишеним артуучунун кызыкчылыктарын жактайт;
7) эгерде чет мамлекеттердин мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача көрсөтүлбөсө, чет мамлекеттердин мамлекеттик жана башка органдарында, эл аралык сот органдарында ишеним артуучунун кызыкчылыктарын жактайт;
8) аткаруу ишине, ошондой эле кылмыш жазасынын аткарылышына катышат;
9) мыйзамда белгиленген мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдын алкактарында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт.
2. Адвокат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка юридикалык жардамды көрсөтүүгө укуктуу.
3. Чет өлкөлүк мамлекеттердин адвокаттары Кыргыз Республикасындагы жеке жана юридикалык жактарга адвокаттын өлкөсү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык макулдашууларынын негизинде ар кандай түрдөгү жардамды көрсөтүшү мүмкүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан атайын реестрге киргизилет. Реестрди жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
Чет өлкөлүк мамлекеттердин адвокаттарына Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик сырлар менен байланышкан маселелер боюнча юридикалык жардам көрсөтүүгө жол берилбейт.
4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышууну кошпогондо, юридикалык өкүл ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган юридикалык жардамдын түрлөрүнө окшош юридикалык жардам көрсөтөт.
Юридикалык өкүлдүн укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча өндүрүшкө катышуусуна Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жол берилет.
Юридикалык жардам көрсөтүү ишеним катта каралган ыйгарым укуктардын чегинде, ошондой эле ушул Мыйзамдын, процесстик мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196, 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
25-берене. Адвокаттын укуктары
1. Адвокат өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ишеним артуучунун тапшыруусу боюнча тийиштүү маселелерди чечүү ыйгарым укугуна кирген бардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында алардын өкүлдөрү катары чыгууга жана укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
2) юридикалык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултууга, анын ичинде мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле коомдук бирикмелерден жана башка уюмдардан маалыматтарды жана башка документтерди суратып алууга. Көрсөтүлгөн органдар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте адвокатка ал сураткан документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн адвокаттын суроо-талабы алынган күндөн тартып ушул берененин 1-1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү;
3) конституциялык, жарандык жана административдик сот өндүрүшүндө, ошондой эле жазык сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштө далил катары пайдаланылышы мүмкүн болгон фактылар жөнүндө маалыматтарды жыйноого;
4) күбөлөрдүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн алууга, жерин карап чыгуунун жеке протоколдорун түзүүгө;
5) жеке жактардын макулдугу боюнча документтерди же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдү суратууга жана алууга;
6) тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон документтер жана материалдар менен уюмдарда таанышууга;
7) атайын билимди талап кылган маселелер боюнча адистердин жазуу жүзүндөгү корутундуларын алууга;
8) кызмат адамдарынын кабылдоосунда өтүнүчтөрдү жана даттанууларды берүүгө жана мыйзамга ылайык алардан ошол өтүнүчтөр жана даттануулар боюнча жазуу жүзүндө жоопторду алууга;
9) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарында жана уюмдарда өздөрүнүн сунуштоолорун кароого катышууга жана алардын маани-мазмуну боюнча түшүнүк берүүгө;
10) иштин материалдарынан зарыл маалыматтарды жазып алууга жана/же алардын көчүрмөлөрүн алууга;
11) ишеним артуучуга же корголуучуга карата камакка алуу түрүн болтурбоо чарасын тандап алуу жөнүндө тергөөчүнүн сунуштоосун (токтомун) мыйзам менен ыйгарым укук берилген адам тарабынан кароодо милдеттүү түрдө катышууга, ошондой эле жазуу же оозеки түрүндө сунуштоо билдирүүгө. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген учурларды кошпогондо, ишеним артуучуну же корголуучуну камакта кармоо мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө маселени кароодо да адвокаттын катышуусу милдеттүү;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка аракеттерди жасоого.
11. Адвокат коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө мыйзам актыларында белгиленген тартипте жабырлануучунун кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды төмөнкү жолдор менен алууга укуктуу:
1) аудио жана көрмө жазууну жүргүзүү;
2) юридикалык жактардан күбөлүктөрдү, мүнөздөмөлөрдү, башка документтерди талап кылуу.
Юридикалык жактар жактоочуга ал суратып жаткан документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн 10 күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
Камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонууну кароодо талап кылынган маалымкаттар, мүнөздөмөлөр жана башка документтер жактоочуга дароо, бирок 2 суткадан кечиктирбестен берилет;
3) келишимдик негизде соттук экспертиза жүргүзүүнү демилгелөө;
4) келишимдик негизде тиешелүү экспертиза жүргүзүү үчүн эксперттик мекемеге суроо-талап жөнөтүү;
5) келишимдик негизде адисти тартуу;
6) кылмыш ишине тиешелүү маалыматтары бар деп болжолдонгон адамдарды, анын ичинде илимий-техникалык каражаттарды колдонуу менен алардын макулдугу менен суракка алуу.
2. Адвокат төмөнкүлөргө укуксуз:
1) эгерде ал мурдатан эле мыйзамсыз мүнөзгө ээ болгон учурда, юридикалык жардам көрсөтүү үчүн кайрылган адамдан тапшырма алууга;
2) юридикалык жардам көрсөтүү үчүн ага кайрылган адамдан тапшырма алууга, эгерде ал:
а) ишеним артуучуга ушул иш боюнча юридикалык жардам көрсөтүп жаткан же мурда көрсөткөн болсо, анын кызыкчылыктары жардам сурап кайрылган адамдын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе (тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ортомчу катары чыккан учурларды кошпогондо);
б) ишеним артуучу менен макулдашуунун предмети боюнча аталган адамдын кызыкчылыгынан айырмаланган өз алдынча кызыкчылыкка ээ болсо;
в) ишке судья, прокурор, алгачкы териштирүү жүргүзгөн адам, тергөөчү, медиатор, эксперт, адис, котормочу, күбө, жабыр тартуучу же калыс күбө, граждандык доогер же граждандык жоопкер катары катышса;
г) аталган адамдын ишин териштирүүгө же кароого катышкан же катыша турган кызмат адамы менен туугандык жана үй-бүлөлүк мамиледе болсо;
3) адвокат ишеним артуучунун же корголуучунун өздөрү мурдатан билерине ынанган учурларды кошпогондо, иш боюнча ишеним артуучунун же корголуучунун эркине каршы көз карашты ээлөөгө;
4) ишеним артуучунун же корголуучунунун макулдугусуз ага өзү тарабынан көрсөтүлгөн юридикалык жардамга байланыштуу ишеним артуучу же корголуучу тарабынан билдирилген маалыматтарды ачыкка чыгарууга;
5) өзүнө алган коргоодон баш тартууга;
6) эгерде ал ушул иш боюнча медиация тараптарынын бирине юридикалык жардам көрсөтүп жатса же мурда көрсөткөн болсо, медиатор катары чыгууга.
(КР 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 61, 2022-жылдын 6-июнундагы № 41, 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
26-берене. Адвокаттын милдеттери
1. Адвокат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, Кесиптик этика кодексинин ченемдерин сактоого;
2) лицензия алган күндөн тартып бир айдын ичинде Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирүүгө;
3) Адвокатура тарабынан аныкталуучу өлчөмдө жана тартипте мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөгө;
3-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды төлөөгө;
4) ишеним артуучулардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, корголуучунунун сот адилеттүүлүгүнө жетүүсүн камсыз кылуу үчүн мыйзам менен каралган баардык каражаттарды жана ыкмаларды пайдаланууга;
5) юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды жардамга кайрылган жактын макулдугусуз ачыкка чыгарбоого;
5-1) өзүнүн адвокаттык ишин жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө ишенип берилген же белгилүү болгон мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтар менен иштөөнүн белгиленген тартибин сактоого;
6) өзүнүн билимин үч жылда бир жолудан кем эмес өркүндөтүүгө жана өзүнүн квалификациясын жогорулатууга.
7) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген учурларда лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө арыз менен кайрылууга.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 4-р чечими
2. Өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы жана талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн адвокат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Адвокатуранын уставында каралган жоопкерчиликти тартат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
261-берене. Юридикалык өкүлдүн укуктары жана милдеттери
1. Юридикалык өкүл ишин жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын 25-беренесинде каралган анын укуктук статусунун өзгөчөлүктөрүнө жана жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрүнө карама-каршы келбеген бөлүгүндө окшош укуктарга ээ болот.
2. Юридикалык өкүл ушул Мыйзамда белгиленген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле бекитилген кесиптик жүрүм-турум стандарттарын сактоого милдеттүү.
3. Адвокаттардын лицензиялануучу ишине түздөн-түз тиешелүү жоболорду кошпогондо, ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган милдеттер юридикалык өкүлдөргө карата алардын укуктук статусу менен шайкеш келген бөлүгүндө колдонулат.
4. Өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн юридикалык өкүл ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.
(В редакции Закона Кыргызской Республики от 3 августа 2026 года № 141 )
27-берене. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу
1. Юридикалык жардам кардар (ишеним артуучу) менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде адвокат же болбосо юридикалык өкүл тарабынан берилет.
2. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу кардардын (ишеним артуучунун) жана адвокаттын же болбосо юридикалык өкүлдүн ортосунда жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлүүчү жарандык-укуктук келишимди туюнтат.
Адвокаттан, юридикалык өкүлдөн, кардардан (ишеним артуучудан) алардын ишке катышуусу үчүн шарт катары мындай макулдашууну көрсөтүүнү талап кылууга эч кимдин укугу жок.
3. Адвокатура жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууларды түзө алат.
4. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун олуттуу шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тапшырманы аткарууну кабыл алган адвокатка (адвокаттарга) же юридикалык өкүлгө, ошондой эле анын адвокаттык уюмга таандыктыгына көрсөтмө же болбосо Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизүү жөнүндө маалымат;
2) тапшырманын предмети;
3) көрсөтүлүүчү юридикалык жардам үчүн кардардын (ишеним артуучунун) сыйакы төлөө шарттары;
4) тапшырманы аткаруу менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоонун тартиби жана өлчөмү;
5) тапшырманы аткарууну кабыл алган адвокаттын же юридикалык өкүлдүн жоопкерчилигинин шарттары жана чектери.
5. Адвокаттын же болбосо юридикалык өкүлдүн сыйакы жана чыгымдардын компенсациясын алуу укугу кардардын (ишеним артуучунун) жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга өткөрүп берилиши мүмкүн эмес.
6. Сый акы жана (же) чыгымдарды компенсациялоо кассага милдеттүү түрдө төгүлүүгө же макулдашууда каралган тартипте жана мөөнөттө тиешелүү юридикалык жактын, адвокаттык кабинеттин, адвокаттык уюмдун эсептешүү эсебине же болбосо юридикалык өкүлдүн банктык эсебине которулууга тийиш.
7. Адвокаттын ыйгарым укуктары түзүлгөн макулдашуунун негизинде адвокаттык кабинет же болбосо адвокаттык уюм тарабынан берилүүчү тапшырма ордери менен ырасталат.
Тапшырма ордеринин формасы Адвокатура тарабынан бекитилет.
8. Юридикалык өкүлдүн ыйгарым укуктары ишеним артуучу тарабынан берилген ишеним кат менен ырасталат. Ишеним катта ушул Мыйзамда белгиленген тартипте анын статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Юридикалык өкүл ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын чектеринде гана ишеним артуучунун атынан аракеттенүүгө укуктуу.
9. Тапшырма ордеринин (адвокат үчүн) же болбосо ишеним каттын (юридикалык өкүл үчүн) болушу мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, уюмдарда жана үчүнчү жактардын алдында кардардын (ишеним артуучунун) кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого ыйгарым укуктуу тиешелүү адамды таануу үчүн жетиштүү негиз болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-берене. Адвокаттын жардамчысы
1. Юридикалык жардам көрсөтүүдө көмөкчү иштерди аткаруу үчүн адвокат Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жана жогорку юридикалык билими бар адамдардын ичинен жардамчыларды алышы мүмкүн. Адвокаттын жардамчылары адвокаттардын укугуна ээ болушпайт жана тергөөдө, сотто жана башка мамлекеттик органдарда иштерди жүргүзүүгө жол берилбейт.
2. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган, жабылбаган же алып салынбаган соттуулугу бар; тартиптик жосун жасагандыгына байланыштуу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан бошотулган адамдар бошотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде; адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензиядан мурда ажыратылгандар адвокаттын жардамчысы болушу мүмкүн эмес.
3. Адвокаттын жардамчысы адвокаттын катышуусунда же анын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча алгачкы териштирүү жана тергөө органдарында, сотто жана башка мамлекеттик органдарда, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде жана уюмдарда иштин материалдары менен таанышууга, документтерди алууга, алардын көчүрмөсүн сүрөткө тартып алууга, көчүрүп алууга жана адвокаттын процесстик ыйгарым укуктарына таандык болгон аракеттерди кошпогондо, адвокаттын өндүрүшүндө болгон иштер боюнча башка тапшырмаларды аткарууга укуктуу.
4. Адвокат менен анын жардамчысынын өз ара мамилеси, адвокаттын жардамчысы тарабынан аткарылуучу иштин көлөмү, эмгегине акы төлөө жана анын ишине таандык болгон башка маселелер адвокат же адвокаттык уюм менен адвокаттын жардамчысынын ортосунда түзүлө турган келишим менен аныкталат. Адвокат мындай келишимди түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Адвокаттын жардамчысынын анкеталык жеке маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш болгон келишим түзүлгөн учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү кабарлоо жөнөтүүгө милдеттүү.
Адвокаттын жардамчысына юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдардын маалыматтарынын купуялыгын сактоо милдети жайылтылат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-берене. Адвокаттык иштин көз карандысыздыгынын кепилдиги жана адвокаттын кол тийбестиги
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу адвокаттык ишке кийлигишүүгө, же болбосо бул ишке кандай түрдө болбосун тоскоолдук кылууга тыюу салынат.
Адвокат адвокаттык ишти жүзөгө ашырууда, юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо каражаттарын жана ыкмасын тандоодо өз алдынчалыкка ээ жана башка жактардын пикирлери менен байланышпайт.
2. Адвокаттардын ишине мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берген же болбосо мындай ишти жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
3. Адвокаттык ишти жүзөгө ашырууда айтылган пикири үчүн адвокат кандайдыр бир жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.
Адвокаттын кесиптик ишине байланыштуу ага карата кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же болбосо анын орун басарлары тарабынан гана козголушу мүмкүн.
4. Адвокаттын турак-жайына же жумушчу башпаанасына, пайдаланган транспортуна кирүү, аларды карап чыгуу, тинтүү, алып коюу, адвокатты жеке кароо же тинтүү, анын мүлкүнө камак салуу жана почта-телеграф корреспонденцияларын карап чыгуу жана алып коюу, анын телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүн тыңшоо, адвокатты мажбурлап алып келүү, кармоо жана камакка алуу сот актысы боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Адвокат кылмыш жасаган жеринде кармалган учурлардан тышкары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда жеке тинтүүгө же жеке кароого кириптер болушу мүмкүн эмес.
5. Айкын кылмыш иши боюнча юридикалык жардамга байланыштуу маалыматтарды талап кылууга, алып коюуга, карап чыгууга, текшерүүгө, документтерди көчүрмөлөөгө, маалыматтарды топтоого жана пайдаланууга адвокат айыпталуучу катары тартылган учурларда гана, ал эми кылмыш, жарандык, административдик, тартиптик иштерди же укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо ишеним артуучунун макулдугу менен гана жол берилет.
6. Адвокат, адвокаттын жардамчысы юридикалык жардам үчүн кайрылууга же анын көрсөтүлүшүнө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө күбө катары чакырылышы жана суракка алынышы мүмкүн эмес.
Адвокат, адвокаттын жардамчысы ушул жагдайлар жөнүндө түшүндүрмөлөрдү же көрсөтмөлөрдү берүүгө, ошондой эле изин суутпай-издөө иштеринде, сот өндүрүшүндө, мамлекеттик органдарда пайдалануу үчүн алар жөнүндө кандайдыр-бир материалдарды берүүгө укуксуз.
7. Адвокатка карата кылмыш ишин козгоо, аны айыпталуучу катары тартуу жөнүндө, ошондой эле аны кармоо же камакка алуу тууралу маалымат Адвокатурага жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине токтоосуз билдирилет.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-берене. Адвокаттык сыр
1. Адвокат тарабынан табылган же өзүнүн ишеним артуучусуна юридикалык жардам көрсөтүүдө ага белгилүү болгон маалыматтар адвокаттык сыр болуп саналат.
11. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим адвокаттык сыр болуп саналбайт.
2. Адвокат адвокаттык сырды түзгөн маалыматтарды өз кызыкчылыктарында же үчүнчү жактардын кызыкчылыктарында пайдаланууга укуксуз.
3. Юридикалык өкүлдөр юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу аларга белгилүү болгон маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Мындай маалыматтар юридикалык сырды түзөт жана адвокаттык сыр үчүн белгиленгенге окшош тартипте корголууга тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, юридикалык өкүл ишеним артуучунун макулдугусуз бул маалыматтарды ачыкка чыгарууга же пайдаланууга укуксуз.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-глава. Өтмө жоболор
31-берене. Адвокатураны түзүүгө байланышкан маселелер
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездин каржылоого, уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.
Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездинде Адвокатуранын уставы бекитилет, Адвокатуранын башкаруу органдары түзүлөт, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелер чечилет.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги региондук өкүлчүлүктү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездинин катышуучуларынын санын аныктасын.
3. Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездин съездге катышкан жашы боюнча улуу адвокат ачат. Жыйналышты алып баруу үчүн президиум шайланат.
Адвокаттардын уюштуруу съездинин чечимдери чогулушка катышкан адвокаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Адвокатуранын башкаруу органдарын, анын филиалдарын - аймактык адвокатураларын жана Адвокаттардын окуу борборун тиешелүү башпааналарга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карасын.
32-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-октябрындагы № 114 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 105-ст.);
- "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-октябрындагы № 115 Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 106-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-мартындагы № 47 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 309-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин Тоо" газетасы, 2013-жылдын 13-августу, № 67);
- "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-октябрындагы № 191 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1026-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин, анын ичинде Адвокаттар кеңеши менен бирдикте адвокаттык ишти уюштуруунун формаларына ылайык салыктык режимди иштеп чыксын;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарды кайра каттоо жана мыйзамда белгиленген тартипте Адвокатурага кирбеген адамдардын адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиялардын колдонулушун токтотуу боюнча иш жүргүзсүн.
4. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу укугуна берилген лицензия өзүнүн юридикалык күчүн сактап калары белгиленсин.
5. Адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы бар адамдар Адвокатура мамлекеттик катталган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирсин.
6. Өз алдынча же юридикалык жакты түзүү менен өзүнүн адвокаттык ишин жүзөгө ашыруучу адвокаттар 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө өзүнүн адвокаттык ишин уюштуруу формасын ушул Мыйзамдын 16 - 163-беренелеринин жоболоруна ылайык келтирсин.
7. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин "адвокаттык иш", "адвокатура", "адвокат" деген терминдерди же бул терминдерди өзүнө камтыган сөз айкалыштарын өзүнүн аталышында пайдаланган юридикалык жактар 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө аларды ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 22-бөлүгүнүн эрежелерине ылайык келтирсин.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы N 4-р чечими
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |