Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 27-апрели № 63
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы № 161, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214, 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө" токтому
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) коопсуз жер - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн пикиринде бул адамдын өмүрүнө же ден соолугуна кооптуулук болбогон аймак же жай;
2) консультациялык-алдын алуу борбору (кризистик борбор) - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык-психологиялык, ошондой эле укуктук, медициналык жардам көрсөтүүчү уюм. Консультациялык-алдын алуу борборунун алдында баш калкалоо жайы түзүлүшү мүмкүн;
2-1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин ишин координациялоо - ыйгарым укуктуу органдын системалуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн түзүүгө жана камсыз кылууга, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча макулдашылган жана туруктуу механизмди колдоого алууга багытталган иши;
2-2) оңдоп-түзөөчү программа - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программа;
3) убактылуу коргоо ордери - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга мамлекеттик коргоо берүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата ушул Мыйзамда аныкталган таасир этүү чараларын колдонууга алып келүүчү документ;
3-1) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү - бул үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин кызматташууга, коммуникацияга жана маалымат алмашууга негизделген жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүгө багытталган системалуу биргелешкен иши;
3-2) тобокелдиктерге баа берүү - үй-бүлөлүк зомбулуктун улануу же кайталанып жасалуу, аны жасаганда оор жана өзгөчө оор кесепеттердин, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын өлүмүнүн келип чыгуу мүмкүндүгүнө баа берүү;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу - үй-бүлөлүк зомбулук жасалган үй-бүлө мүчөсү же үй-бүлө мүчөсүнө теңештирилген адам, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгон балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам;
5) этибарсыз мамиле - үй-бүлө мүчөлөрүнө же үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдарга камкордук көрүү боюнча милдеттерин атайылап аткарбоо, ченемдүү жашоо жана өнүгүү үчүн зарыл болгон тамак-аш, турак жай жана башка шарттар менен камсыз кылуу укуктарын чектөө, медициналык жардам алууга тоскоолдук кылуу, балдардын дене бой, психологиялык, экономикалык муктаждыктарын ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) канааттандырбоосу, аларды коркунучтан коргобоо, балдардын негизги жалпы билим алууга болгон укуктарын чектөө, эгерде ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) мүмкүнчүлүгү жана аны алууга жеткиликтүүлүгү болуп туруп, балдардын медициналык жардам алуусу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди көрбөөсү;
6) үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу - үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотууга, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын сактоону камсыз кылууга багытталуучу чаралар;
6-1) куугунтуктоо - адамдын эркине каршы ага багытталган, анда өз коопсуздугу үчүн коркунучту туудурган, куугунтук жасаган адам менен бөлөк жашаган учурда түз же кыйыр байланышууларды, иштеген, окуган, турган, жашаган жерлерине барып турууну демилгелөө аркылуу билдирилүүчү атайылап жасалган жүрүм-турум;
7) үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдар - иш жүзүндө нике мамилелеринде турган же мурда турган адамдар; эмгекке жарамсыз адамга же балага, же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамга жана эмгекке жарамсыз же жашы жете элек адамдын түздөн-түз өзүн багууга колдоо көрсөтүүчү адам; жубайлардын, мурдагы жубайлардын же болбосо иш жүзүндө нике мамилелеринде турган же мурда тургандардын ата-энелери жана балдары; бирге жашаган фактыга карабастан, башка туугандары;
8) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү) - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери тарабынан жарандардын коргоо деңгээлин жогорулатууга, үй-бүлөлүк-тиричилик чөйрөсүндө укук бузуулардын санын жана кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, үй-бүлөлүк зомбулук жасоо коркунучун түзүүчү жана аны жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоого, жоюуга багытталган социалдык, укуктук, медициналык, психологиялык, агартуучулук, экономикалык, маалыматтык жана башка чаралардын тутуму;
8-1) түз жана кыйыр байланышуулар - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын өзү сыяктуу эле, анын өтүнүчү боюнча же анын макулдугу менен башка адамдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу телефон (чалуулар, билдирүүлөр) жана/же электрондук байланыш (мессенджерлер, электрондук почта, социалдык тармактар) аркылуу дене бойго жакындоо, байланышуу же байланышуу аракеттери;
9) психологиялык зомбулук - кемсинтүү, жүрөк заада кылуу, шылдыңдоо, чочутуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун кайсы гана болбосун түрү менен коркутуу, коркутуу аркылуу адамды анын укугуна кирген кандайдыр бир аракеттерди жасоого же жасабоого мажбурлоо, өмүргө коркунуч туудурган же психикалык, дене бой саламаттыгынын бузулушуна алып келүүчү укук бузууларды же жосундарды жасоого мажбурлоо, жашы жеткен адамдардын пикир алышуу, анын ичинде балдар менен пикирлешүү укугун чектөө, адамдын өзүнө таандык документтерди пайдалануу укугун чектөө, анын ичинде документтерди жок кылуу, бузуу же жашыруу жолу менен чектөө;
10) үй-бүлөлүк зомбулук - үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата дене-бойлук, психологиялык, экономикалык мүнөздөгү атайылап жасаган аракеттери же алардын коркунучу, куугунтуктоосу, ошондой эле этибарсыз мамилеси;
11) социалдык кызмат - уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү жана жардам берүүчү уюм, мекеме;
12) баш калкалоо жайы (үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн убактылуу жашап туруу борбору) - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга коопсуз, убактылуу жашап туруу жайын берүүчү уюм. Баш калка жайлар аялдар жана эркектер үчүн өзүнчө уюштурулат;
13) дене бой зомбулугу - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга түздөн-түз же кыйыр түрдө атайылап дене бой аркылуу таасир этүүсү, жашоо үчүн маанилүү функцияларды аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн, тамак-аштан, турак жайдан, кийимден ажыратуу же чектөө, ары-бери жүрүү эркиндигинен ажыратуу же чектөө, оор кара жумушка мажбурлоо;
14) үй-бүлө мүчөлөрү - жубайлар, ата-энелер жана балдар, чоң энелер/чоң аталар, таяталар/таянелер, неберелер, камкорчулар/көзөмөлчүлөр жана камкордукка алынгандар, бала асырап алуучулар жана асырап алынгандар, багып алган ата-энелер жана багууга алынган балдар, мыйзамда белгиленген тартипте балдарды тарбиялоого алган башка адамдар, мурдагы жубайлар, өгөй энелер/өгөй аталар жана өгөй балдар, бир туугандар (толук же аталаш/энелеш), иш жүзүндөгү тарбиялоочулар алар бирге жашаган фактыга карабастан жана иш жүзүндөгү тарбиялануучулар;
15) экономикалык зомбулук - үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүн/ага теңештирилген адамды багуу боюнча милдеттерин атайылап аткарбоосу, ошондой эле адамды ага мыйзам боюнча таандык болгон мүлктү же кирешелерди алуу же тескөө укугунан атайылап ажыратуу же чектөө жана/же ишенимдүү адамдын мүлктү же кирешелерди ишеним көрсөтүүчүгө зыян келтирүү менен пайдалануусу анын эмгекке болгон укугуна, кесипти жана иштин түрүн тандоо эркиндигине тыюу салуу же чектөө;.
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана жалпы таанылган эл аралык укуктардын принциптеринен жана ченемдеринен турат.
3-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун жана аны болтурбоонун, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды социалдык-укуктук сактоону жана коргоону камсыз кылуунун укуктук негиздерин аныктайт.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу, бирге жашаган фактысына карабастан, үй-бүлө мүчөлөрүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген, бирге жашаган адамдарга жайылтылат.
3. Өзгөчө кырдаалдардын шарттарында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун өзгөчөлүктөрү жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Ушул Мыйзамдын принциптери
Ушул Мыйзам төмөнкүдөй принциптерге негизденет:
1) адам укуктары жана гендердик теңчилик жаатындагы мыйзамдардын жана эл аралык стандарттардын сакталышы;
1-1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүдө жана кызмат көрсөтүүдө укук коргоочулук мамиле;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун жеткиликтүүлүгүнүн теңчилиги;
3) адам укуктарын жана эркиндиктерин басмырлоочу жана үй-бүлөлүк зомбулукка өбөлгө түзүүчү элдик каада-салттарга жана үрп-адаттарга жол бербөө;
4) үй-бүлөлүк зомбулук келтиргендик үчүн жоопкерчилик;
5) алдын алууга багытталгандык;
6) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо укуктарынын сакталышына жоопкерчилиги;
7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоого жана коргоого коомчулуктун катышуусу;
8) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам кылмыш-жаза мыйзамдары же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдар боюнча жоопкерчиликке тартылгандыгына карабастан, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону камсыздоо;
9) балдарды жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды кошпогондо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын жардам алуусунун ыктыярдуулугу;
10) кош бойлуу жана бала эмизген аялдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдардын, аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардын, улгайган адамдардын өзгөчө муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын эсепке алуу.
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын укуктары
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттерден кечиктирилгис укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жардам алууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер тарабынан алардын компетенциясынын чегинде коргоого жана коопсуздукту камсыз кылууга;
3) убактылуу коргоо ордерин алууга;
4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекет тарабынан кепилденген консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар менен иштөөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге белгилүү болуп калган жеке мүнөздөгү маалыматтын купуялуулугуна;
6) мүмкүнчүлүк бар болгондо жардам көрсөтүүчү адисти тандоого;
7) убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө социалдык өнүктүрүү органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабарлоодон баш тартууга.
1-1. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган укук балдарга жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга жайылтылбайт.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун, жардам көрсөтүүнүн жана коргоонун негиздери жана тартиби ушул Мыйзам менен аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер
6-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттердин чөйрөсү
Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча субъекттердин иштерин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
3) сот;
4) прокуратура;
5) ички иштер органдары;
6) социалдык өнүктүрүү органдары;
7) саламаттык сактоо органдары;
8) билим берүү органдары;
9) юстиция органдары;
9-1) пробация органдары;
9-2) жазаларды аткаруучу органдар;
10) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
11) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
12) адвокатура;
12-1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
13) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
14) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
15) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16) жалпыга маалымдоо каражаттары;
17) башка органдар жана уюмдар өз компетенциясынын чегинде.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин иштерин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн жана алардын ишин координациялоонун тартибин аныктайт;
6) өз компетенциясынын чектеринде ченемдик укуктук актыларды кабыл алат, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоого жана коргоого багытталган мыйзам долбоорлорун демилгелейт;
7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
8) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишине көмөк көрсөтөт;
9) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык кызматтарды көрсөтүүнүн жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө жардам берүүнүн мамлекеттик стандарттарын бекитет;
9-1) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүнүн тартибин бекитет;
9-2) укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну жүзөгө ашырат;
10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ушул Мыйзамда аныкталган башка субъекттердин ишин координациялайт жана алар менен өз ара аракеттенет;
2) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды чогултууну, жалпылоону жана талдоону жүзөгө ашырат, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын тутумунун натыйжалуулугуна баа берүүнү жүргүзөт жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге усулдук, маалыматтык, консультациялык жана башка уюштуруу жардамдарын көрсөтөт;
4) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга катышат;
5) үй-бүлөнүн көз карандысыздыгынын тиешелүү мыйзамдарда аныкталган кепилдиктерин эске алуу менен, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишине мониторингди жүзөгө ашырат жана бул чөйрөдө алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды жөнөтөт;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабын аныктоого, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү прогресске жана көрүлүүчү чаралардын натыйжалуулугуна көз салууга багытталган улуттук изилдөөлөрдү, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү демилгелейт;
7) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жана электрондук басылмаларга маалымат берет;
9) ар жыл сайын ушул Мыйзамдын аткарылышы жөнүндө отчётторду түзөт жана жарыялайт;
10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтарга жетүүнү, анын ичинде өзүнүн сайтына жайгаштыруу жолу менен жетүүнү камсыз кылат;
11) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге бюджеттен тышкары каражаттарды тартууга жана эл аралык уюмдар, юридикалык жана жеке жана юридикалык жактар менен кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
12) өз компетенциясынын чектеринде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Прокуратура органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
Прокуратура органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, ден соолук абалы, курагы боюнча же башка себептерден улам сотто өз укуктарын жана эркиндиктерин өзү коргой албаган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында сотко кайрылат;
3) прокуратура кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашырат;
3-1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттердин отчет берүүсүн жана түзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт, ага каршы күрөшүүнүн тактикасын жана методикасын иштеп чыгуу менен үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү кылмыштуулуктун абалына талдоо жүргүзөт жана болжолдойт;
3-2) кварталына бир жолудан кем эмес өз сайтына үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча прокуратура органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жайгаштырат;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, андан сактоо жана коргоо боюнча ички иштер органдарынын ишин уюштурат;
1-1) үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү стандарттарын өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгат жана бекитет;
1-2) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга катышат;
2) ички иштер органдарынын окуу жайларынын окутуу программаларына үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин киргизет, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө өз кызматкерлерин кесиптик даярдоону, кайра даярдоо, квалификацияны жогорулатуу курстарын жана окутуунун башка тиешелүү түрлөрүн камсыз кылат;
3) ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ишине мониторингди жүзөгө ашырат;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;
6) кварталына бир жолудан кем эмес үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө, ошондой эле берилген убактылуу коргоо ордерлери жөнүндө ведомостволук маалыматты жарандардын жеке маалыматтарын көрсөтпөстөн берилген учурдан тартып 24 сааттын ичинде өзүнүн сайтында жайгаштырат.
2. Ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:
1) үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуну жүзөгө ашырат;
2) убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын, анын ичинде техникалык каражаттарды пайдалануу менен контролдоону жүзөгө ашырат, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча сот актыларынын аткарылышына көмөк көрсөтөт;
3) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын эсебин жүргүзөт;
31) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө ар бир билдирүү боюнча тобокелдиктерге баа берет;
4) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-1) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартат;
7-2) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды укук бузуулар үчүн укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартат;
7-3) укук бузуунун кошумча укуктук кесепети катары ал дайындалган адамдардын оңдоп-түзөөчү программадан өтүүсүн пробация органдарында контролдойт;
8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө алдын алуучулук жана маалыматтык иштерди калк арасында жүргүзөт;
10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз компетенциясынын чектеринде башка иштерди жүзөгө ашырат.
3. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоо үчүн техникалык каражаттарды колдонуунун түрлөрү жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-берене. Социалдык өнүктүрүү органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
1. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо боюнча социалдык өнүктүрүү органдарынын ишин уюштурат;
1-1) социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам берүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн консультативдик-алдын алуу борборлорунун, социалдык кызматтардын жана баш калкалоочу жайлардын иштөө стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мекемелердин социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүсү жана аларды берүүнүн тартиби боюнча минималдуу стандарттардын сакталышы боюнча социалдык өнүктүрүү органдарынын ишине мониторингди жүзөгө ашырат;
3) социалдык өнүктүрүү органдарынын жана мекемелеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү иштерин координациялайт;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарына, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү комитеттерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана консультациялык жардам берүүнү камсыз кылат;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо маселелери боюнча социалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык социалдык кызматтарды уюштурууну жана өнүктүрүүнү камсыз кылат;
6) социалдык кызматкерлердин жана социалдык өнүктүрүү органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктарды айкындоо, алардын алдын алуу жана алардан коргоо боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды уюштурат;
7) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга катышат;
8) социалдык өнүктүрүү органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук учурларын айкындоосунун, каттоосунун жана эсепке алуусунун тартибин аныктайт;
9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өзүнүн иши жөнүндө ар жылдык отчетту, ошондой эле маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;
11) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү социалдык өнүктүрүү органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык кызматтар жөнүндө маалыматтарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн 'минималдуу стандарттарын жана аларды берүүнүн тартибин кварталына бирден кем эмес жолу өзүнүн сайтына жайгаштырат.
2. Социалдык өнүктүрүү органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо чөйрөсүндө социалдык кызматтарды жана жардамдарды көрсөтөт;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктун аныкталган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына жыйырма төрт сааттын ичинде кабарлайт;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана жардамга муктаждыгына мониторингди жана талдоону жүргүзөт;
4) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашырат;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчётторду берет;
8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз компетенциясынын чектеринде башка иштерди жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Саламаттык сактоо органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:
1) саламаттыкты сактоо уюмдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштерин уюштурат;
2) үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндө сактоо, коргоо жана медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча саламаттык сактоо органдарынын ишинин стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет жана алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү саламаттык сактоо уюмдарынын ишин контролдойт;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана аны айкындоо, үй-бүлөлүк зомбулук учурларында медициналык-санитардык жардам көрсөтүү маселелери боюнча медициналык кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашырат;
6) үй-бүлөлүк зомбулук боюнча медициналык-санитардык жардам көрсөтүү чөйрөсүндө маалыматтарды жыйноону жүзөгө ашырат;
7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;
9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча саламаттык сактоо органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды өзүнүн сайтына жылына бир жолудан кем эмес жайгаштырат.
2. Саламаттык сактоо уюмдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтөт, анын ичинде аларды медициналык реабилитациялоону жүзөгө ашырат;
2) жабыр тарткандардын кайрылуусу жана аларга медициналык жардам көрсөтүү фактылары жөнүндө алардын макулдугу менен, кайрылган учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде ички иштер органдарына кабарлайт. Жашы жете электерге жана/же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурларда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын макулдугу талап кылынбайт;
3) бейтапка амбулаториялык медициналык картадан же стационардык оорулуунун картасынан көчүрмөлөрдү берет;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди өз компетенциясынын чектеринде жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Билим берүү органдарынын уй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
1. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:
1) билим берүү органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишин уюштурат;
2) билим берүү уюмдарынын үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган окуучулардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана жардам берүүлөргө керектөөлөрү боюнча ишине мониторингди жана талдоону жүзөгө ашырат;
3) билим берүүнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик билим берүү стандарттарына толеранттуулук, гендердик теңчилик маданиятын калыптандыруу, зомбулукка жол бербөө, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо, басмырлабоо, адам укуктарын урматтоо маселелерин камтыйт;
4) билим берүү кызматкерлерин үй-бүлөлүк зомбулукту айкындоо, анын алдын алуу жана андан коргоо боюнча даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылат;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча ата-энелер (аларды алмаштыруучу адамдар) жана балдар үчүн билим берүү жана тарбиялоо программаларын иштеп чыгат жана алардын ишке ашырылышына мониторингди жана баа берүүнү жүзөгө ашырат;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашырат;
7) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан окуучуларга консультация берүүнү уюштурат;
8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун башка субъекттери менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;
10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча билим берүү органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
2. Билим берүү уюмдары менчигинин формасына карабастан, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:
1) жашы жете электерге карата үй-бүлөлүк зомбулуктун айкындалган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына кабарлайт;
2) окуучулар үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча билим берүү жана тарбиялоо программаларын ишке ашырат;
3) окуучуларга, ата-энелерге жана аларды алмаштыруучуларга үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө жана андан сактоо жана коргоо боюнча чаралар жөнүндө маалымат берет;
4) үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган окутулуучулардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана жардамга муктаждыктарын эсепке алууну, мониторингди жана талдоону жүргүзөт;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен ара аракеттенет;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз компетенциясынын чектеринде башка иштерди жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Юстиция органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:
1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтөт;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды жана башка маалыматтарды жайылтат;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;
5) юстиция органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды өзүнүн сайтына жылына бир жолудан кем эмес жайгаштырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-1-берене. Пробация органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында пробация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарларына карата оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүү боюнча пробация органдарынын ишин уюштурат жана алардын өткөрүлүшүнө мониторинг жүргүзөт;
2) өз кызматкерлерин окутуу программаларына үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарларына карата оңдоп-түзөөчү программалардын өткөрүү маселелерин камтыйт;
3) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууну координациялайт;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз иши жөнүндө ар жылдык отчетту, ошондой эле маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча пробация органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өз сайтына жайгаштырат.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү пробация органдары:
1) пробация жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарлары үчүн оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрөт;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш жөнүндө отчетторду пробация чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
4) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-2-берене. Мамлекеттик органдардын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды аткаруучу ведомстволук бөлүмдөрдүн үй-бүлөлүк зомбулук жасаган, соттун өкүмү менен оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндө кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүчү мажбурлоо чарасы дайындалган соттолгондор үчүн оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүү боюнча ишти уюштурат;
2) өз кызматкерлерин окутуу программаларына үй-бүлөлүк зомбулук жасаган, жазаны өтөп жаткан адамдарга карата оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүү маселелерин киргизет;
3) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга катышат;
4) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды аткаруучу ведомстволук бөлүмдөрдүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ишине мониторинг жүргүзөт;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоо боюнча өз иши жөнүндө ар жылдык отчетту, ошондой эле маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;
7) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды аткаруучу органдардын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат.
2. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмдөрү:
1) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган, пенитенциардык системанын мекемелеринде жазасын өтөп жаткан, соттун өкүмү менен оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндө кылмыш-жаза-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чарасы дайындалган соттолгондор үчүн оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрөт;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз иши жөнүндө отчетторду жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
4) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:
1) өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишин уюштурат, координациялайт жана контролдойт;
1-1) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет;
2) ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарды сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашырат;
3) балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө балдарды коргоо боюнча органдардын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарды сактоо жана коргоо боюнча кызмат көрсөтүүчү социалдык кызматтар жөнүндө маалыматтарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана аларды берүүнүн тартибин кварталына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат;
4) өзүнүн аймактык органдарына жана балдарды коргоо тутумунун башка органдарына балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча методикалык жана консультациялык жардам берүүнү, анын ичинде алардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени):
1) чечимдери же аракеттери (аракетсиздиги) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин бузууга алып келген кызмат адамдарына жана кызматчыларга карата жазык иши боюнча тартиптик өндүрүш же сотко чейинки өндүрүш козгоо жөнүндө өтүнүч менен сунуштамаларды мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтөт;
2) жарандардын арыздарын жана даттанууларын карап чыгуунун натыйжалары боюнча, укуктары жана эркиндиктери үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же алардын кызмат адамынын чечимдери же аракеттери (аракетсиздиги) менен бузулган жана ден соолугунун абалы боюнча же болбосо башка жүйөлүү себептер боюнча сотко кайрыла албаган адамдарды коргоо үчүн сотко кайрылат;
3) үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча атайын баяндамаларды даярдайт жана/же бул маселелерди адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоонун абалы жөнүндөгү ар жылдык баяндамаларына киргизет;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат.
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-берене. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү адвокаттардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат жана алар боюнча окутуу иштерин жүзөгө ашырат;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт;
3) Адвокатуранын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү иши жөнүндө маалыматты жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат;
4) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.
2. Адвокат адвокаттык ишин жүзөгө ашырууда:
1) укуктук маселелер боюнча оозеки да, жазуу жүзүндө да консультация берет;
2) арыздарды, даттанууларды, өтүнүчтөрдү жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзөт;
3) жарандык, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышат;
4) адвокатура жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка жардамдарды көрсөтөт.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-1-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чөйрөдөгү ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө маалыматтарды жыйноону жана талдоону жүзөгө ашырат;
2) облустардын райондору жана шаарлары боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды эсепке алат;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтык, агартуучулук ишти уюштурат;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө ар жылдык жыйынды отчетту ыйгарым укуктуу органга берет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын мамлекеттик аймактык бөлүмдөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешкен макулдашылган ишин камсыз кылат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аларга өткөрүлүп берилген функциялар жана ыйгарым укуктары боюнча алардын ишине мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларына киргизет, алардын аткарылышын контролдойт;
3) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтарды жыйындылоону жана талдоону жүзөгө ашырат;
3-1) жергиликтүү комитеттердин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иши жөнүндө ар жылдык отчетун ыйгарым укуктуу органга берет;
4) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды уюштурат;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтык, агартуучулук ишти уюштурат;
7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн финансылык, техникалык жана башка жардамдарды мыйзамдарга ылайык тартат;
8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө ар жылдык жыйынды отчётту ыйгарым укуктуу органга берет.
9) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу чөйрөсүндөгү аймактык программаны иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө жергиликтүү (шаардык, айылдык) кеңештер:
1) аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды бекитет жана алардын аткарылышын контролдойт;
2) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жардам берүүсүнүн стандарттарын бекитет;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча тиешелүү программаларды ишке ашырууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу социалдык кызматтарды түзүүгө жергиликтүү бюджетте каражаттарды карайт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (мэриялар, айыл өкмөттөрү):
1) калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамдарга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурат;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу социалдык кызматтарды түзөт;
3) кабыл алынган программалардын натыйжалуулугуна жана майнаптуулугуна мониторингди жана баа берүүнү жүзөгө ашырат;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү программаларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
5) өзүнүн аймагында үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну жүргүзөт;
6) жергиликтүү деңгээлде социалдык органдарды - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерди түзүү аркылуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерди ведомстволор аралык координациялоого жана алардын өз ара аракеттенүүсүнө көмөк көрсөтөт;
7) үй-бүлөлүк зомбулукту жасоо кооптуулугу бар экендиги жөнүндө ички иштер органдарына маалымдайт;
8) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларга катышат;
9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өздөрүнүн сайттарына жарыялайт.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Аксакалдар сотторунун үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
(Статья КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
21-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын ыйгарым укуктары
1. Жалпыга маалымдоо каражаттары:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери менен өз ара аракеттенет;
2) зомбулуктун ар кандай формаларын кабылдабоону коомдук аң-сезимге сиңдирүү максатында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин чагылдырат;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча берет;
4) өзүнүн редакциялык саясатында гендердик басмырлоону жана зомбулукту үгүттөөгө жол бербөөнү камсыз кылат;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин чагылдыруу боюнча кабарчылардын жана журналисттердин квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларга катышат;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу жана бөгөт коюу боюнча маалыматтык кампанияларга катышат.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттары социалдык жарнамага бөлүнүүчү эфир убактысынын же басылмалык аянттын чектеринде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтарды жайгаштырууга милдеттүү.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоого жана коргоого башка органдардын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын жана жарандардын катышуусу
1. Башка органдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар жана жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө социалдык, укуктук, юридикалык, психологиялык жана башка жардамдарды мыйзамдарга ылайык көрсөтүүгө, анын ичинде:
а) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга алардын коргоо үчүн мамлекеттик органдарга же болбосо коомдук уюмдарга кайрылуу укугу жөнүндө маалымдоого;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга тиешелүү консультацияларды берүүгө;
в) жашы жете электерге жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга тийиштүү болгон, төмөндө аталуучу органдарга кабарлоо милдеттүү болуп саналган учурларды кошпогондо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын макулдугу менен үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө ички иштер органдарына, прокуратура жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо органдарына кабарлоого;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашырууга;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун башка субъекттери менен өз ара аракеттенүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүүгө катышууга;
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка органдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден жана башка булактардан мыйзамдарда каралган учурларда каржылоо алууга укуктуу.
3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка органдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды берет.
4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттер өзүнүн иши жөнүндө ар жылдык отчетторду жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга берет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
221-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуу
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субъекттин жооптуу кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.
Квалификацияны жогорулатуу республикалык бюджеттин, ошондой эле мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен бул мезгилде эмгек акысын сактоо менен окуу программаларына ылайык жылына бирден кем эмес жолу жүзөгө ашырылат.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер өздөрүнүн окуу жайларында квалификацияны жогорулатуу жана окутуу программаларына гендердик теңчилик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча милдеттүү түрдө окутуу курсун киргизет.
Бул курс боюнча окутуунун натыйжалары кызматкерлерди кызматы боюнча жогорулатуу, ротациялоо жана сыйлоо жөнүндө маселени кароодо эсепке алынууга тийиш.";
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
222-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин кызматкерлерин материалдык эмес шыктандыруу чаралары
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин кызматкерлерине кошумча дем берүү максатында материалдык эмес шыктандыруу тутуму колдонулат.
2. Материалдык эмес шыктандыруу тутуму сыйлоонун төмөнкүдөй түрлөрүнөн түзүлөт:
1) ыраазычылык жарыялоо;
2) ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо;
3) мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын башка сыйлыктары менен сыйлоо;
4) эстелик белеги, төш белгиси менен сыйлоо;
5) мурда салынган тартиптик жазаны алып салуу.
3. Кызматчыны сыйлоо чаралары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин жетекчиси тарабынан колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону камсыз кылуу
23-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү)
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бардык субъекттер тарабынан өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде жүзөгө ашырылат.
2. Алдын алуу (эскертүү) чараларына төмөнкүлөр кирет:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн атайын программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктун кайталануусун болтурбоо жана ага жол бербөө, ошондой эле жабыр тарткандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында алдын алуучу аңгемелешүүлөр, консультациялар, анын ичинде ишеним телефондору аркылуу сүйлөшүүлөр;
3) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамдарга үй-бүлөлүк зомбулуктун жол берилгистиги жана укукка каршы келүүсү, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралар жөнүндө маалымат берүү;
6) жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, зомбулуксуз жана чыр-чатаксыз жүрүм-турумдарга үгүттөөгө, кайсы болбосун адамды басмырлоого жол бербөөгө багытталган, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү маалыматтык жана агартуучулук өнөктүктөр, иш-чаралар;
7) укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка чаралар.
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
24-берене. Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу
1. Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюунун ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу түрлөрү:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн же аларга теңештирилген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтарды четтетүү боюнча токтоосуз чараларды көрүү;
2) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды жазыктык-процесстик мыйзамдарга, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык кармоо;
3) убактылуу коргоо ордерин берүү;
4) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келген жана/же тобокелдиктерди баалоо протоколуна ылайык ага карата зомбулуктун чоң тобокелдиги бар адамды анын макулдугу менен коопсуз жерге же болбосо баш калкалоочу жайга токтоосуз жайгаштыруу.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык өнүктүрүү органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коопсуз жайга токтоосуз жайгаштырууда ички иштер органдарына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун ушул Мыйзамда аныкталган башка субъекттерин үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коопсуз жерге токтоосуз жайгаштырууда ички иштер органдарына көмөк көрсөтөт.
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
25-берене. Ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө кайрылуу фактыларына чара көрүү боюнча аракеттери
1. Ички иштер органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамда, ички иштер органдары жөнүндө мыйзамдарда, кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган бардык чараларды көрүүгө;
2) кайсы адамдардан болбосун үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө арызды же билдирүүлөрдү кабыл алууга жана каттоого;
3) убактылуу коргоо ордерин берүү тартибин, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды кылмыш-жаза мыйзамдарына же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартуу тартибин түшүндүрүүгө;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга социалдык кызматтар жөнүндө маалыматты берүүгө;
5) зарыл болгон учурларда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды медициналык мекемеге же башка коопсуз жайга жеткирүүнү уюштурууга;
6) убактылуу коргоо ордерин берүүгө жана анда камтылган шарттардын аткарылышын контролдоого;
7) балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына токтоосуз маалымдоого;
8) аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамга же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурда, социалдык өнүктүрүү органынын аймактык бөлүмүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына токтоосуз маалымдоого;
9) эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык мындай маалыматты берүүдөн баш тартпаса, үч күндүн ичинде социалдык өнүктүрүү органынын аймактык бөлүмүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымдоого, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам көрсөткөн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун башка субъекттерине маалымдоого;
10) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын макулдугу менен жасалган зомбулук жөнүндө маалыматты үч күндүк мөөнөттө үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын иштеген жерине жиберүүгө;
11) кылмыш-жаза мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жоопкерчиликке тартуу боюнча материалдарды берүү үчүн зарыл болгон бардык аракеттерди аткарууга.
2. Ички иштер органынын кызматкери ички иштер органдары жөнүндө мыйзамга ылайык жарандардын орун жайларында же аймагында өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келген адамдар бар деп болжолдоого негиздер болсо, үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү үчүн ал жайларга тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.
3. Тобокелдиктерди баалоо методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-берене. Убактылуу коргоо ордерин берүүнүн негизи
1. Убактылуу коргоо ордерин берүүгө үй-бүлөлүк зомбулук жасалгандыгынын фактысы жөнүндө кайсы болбосун адамдын ички иштер органына билдирүүсү негиз болуп саналат.
2. Үй-бүлөлүк зомбулук фактысын ички иштер органы үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө билдирүүдө камтылган маалыматтарды текшерүү жолу менен аныктайт.
Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган, он сегиз жашка толгон адамга берилет.
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-берене. Убактылуу коргоо ордерин берүү
1. Убактылуу коргоо ордери милдеттүү түрдө үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жашаган жери боюнча ички иштер органы тарабынан отуз күндүк мөөнөткө берилет.
2. Убактылуу коргоо ордери ички иштер органдарынын кызматкерлери окуя болгон жерге чыгып жатканда токтоосуз берилет. Эгерде ички иштер органына үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө билдирүү аны жасоо фактысынан кийин келип түшкөн учурда, убактылуу коргоо ордери арыз алынганда токтоосуз берилет.
3. Убактылуу коргоо ордери ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан ар бир адамга карата өзүнчө берилет.
4. Ички иштер органынын кызматкери үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамды убактылуу коргоо ордеринин шарттары жана анын аткарбоонун кесепеттери менен кол койдуруу аркылуу тааныштырууга милдеттүү.
Убактылуу коргоо ордерин үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамдын жеке өзүнө тапшыруу мүмкүн болбогон учурда, ички иштер органынын кызматкери тарабынан убактылуу коргоо ордерине тиешелүү белги коюлат жана ал берилген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамга тиешелүү фактыны жаздырып алууга мүмкүндүк берүүчү мобилдик байланыш, электрондук почта же мессенджерлер аркылуу кабарланат. Ушуну менен убактылуу коргоо ордери тапшырылды деп эсептелет.
5. Берилген убактылуу коргоо ордерлери жөнүндө маалымат алар берилген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде жарандардын жеке маалыматтарын көрсөтпөстөн ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
6. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларда, үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адам убактылуу коргоо ордери берилгендиги жөнүндө кабардар болду деп эсептелет.
7. Убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымат ал берилген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоого ыйгарым укуктуу ички иштер органынын кызматкерине жиберилет.
8. Ички иштер органынын кызматкери үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жана убактылуу коргоо ордерин алган адам кайрылган учурда, ага зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программалардан өтүүнүн шарттары тууралуу маалымдоого милдеттүү.
9. Убактылуу коргоо ордери берилген адам анда көрсөтүлгөн бардык шарттарды аткарууга милдеттүү. Анын убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбагандыгы укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет жана анын колдонулушун токтотпойт.
10. Убактылуу коргоо ордерин берүү, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын аракеттеринде кылмыштын жана/же укук бузуунун курамы бар болсо, аны кылмыш-жаза мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликтен бошотпойт.
11. Убактылуу коргоо ордерин берүү же аны берүүдөн баш тартуу прокуратурага же болбосо сотко даттанылат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-берене. Балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата убактылуу коргоо ордери
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга карата убактылуу коргоо ордери алардын мыйзамдуу өкүлүнө же болбосо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө, же болбосо ички иштер органынын жашы жете электердин иштери боюнча кызматкерине берилет.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата убактылуу коргоо ордери алардын мыйзамдуу өкүлүнө же болбосо социалдык өнүктүрүү органынын аймактык бөлүмүнө берилет.
3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата убактылуу коргоо ордери алардын жеке өзүнө берилет, ал эми аны өз алдынча алуу мүмкүнчүлүгү болбогондо, аймактык социалдык өнүктүрүү органына берилет.
4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга карата убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымат ички иштер органдары тарабынан үч күндүк мөөнөттө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө, ички иштер органынын жашы жете электердин иштери боюнча кызматкерине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жиберилет.
5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымат ички иштер органы тарабынан үч күндүк мөөнөттө социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жиберилет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-берене. Убактылуу коргоо ордеринин шарттары
1. Убактылуу коргоо ордери бир эле учурда төмөнкүдөй шарттарды карайт:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын баласы/балдары же үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын баласы/балдары менен түз жана кыйыр байланышка тыюу салуу;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен бирге жашаган (турган) жерде болууга тыюу салуу;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды, эгерде ал үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга белгисиз жерде болсо, аны жеке өзү же үчүнчү адамдар аркылуу издөөгө, куугунтуктоого тыюу салуу;
31) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруу милдетин;
32) ок атуучу, пневматикалык жана газ куралын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салуу, ал эми курал бар болгондо ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу;
4) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү оңдоп-түзөөчү программага ылайык зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү милдетин.
2. Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар менен сотко кайрылууга укугу жөнүндө маалыматты, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилиги тууралуу маалыматты камтыйт.
3. Убактылуу коргоо ордеринин формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
291-берене. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чаралар
1. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чаралар - электрондук жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордери берилген адам тарабынан ага карата белгиленген тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн сакталышын камсыз кылуу максатында анын жүргөн жерин аралыктан контролдоо жана изилдөө.
2. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө чечим тиешелүү ички иштер органы тарабынан тобокелдиктерге баа берүү протоколунун негизинде кабыл алынат.
Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө чечимде аларды аткаруунун шарттары (ал чегинен чыгып кете албаган же ал жүрө албаган аймак, ага карата белгиленген тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр) көрсөтүлөт, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу жүктөлгөн орган жана (же) кызмат адамы көрсөтүлөт.
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдан техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чара көргөн органдын уруксатысыз тиешелүү аймактан чыгып кетпөө, белгиленген тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү сактоо милдеттенмеси жазуу жүзүндө алынат.
3. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруунун шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-берене. Үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан иштер боюнча сотко кайрылуу
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугуна төмөнкүлөр ээ болот:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам же болбосо анын өкүлү;
2) прокурор;
3) эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам жашы жете элек же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам болуп саналса, балдарды жана сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү.
2. Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган талаптар боюнча доо арызына убактылуу коргоо ордеринин көчүрмөсү же аны жасаган адамга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалгандыгынын фактысы боюнча сот актысынын көчүрмөсү тиркелет.
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамындарын редакцияларына ылайык)
31-берене. Доо арызын берүүнүн жана кароонун мөөнөттөрү
1. Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган талаптар боюнча, доо арызы убактылуу коргоо ордери берилген учурдан тартып же үй-бүлөлүк зомбулук жасалгандыгынын фактысы боюнча аны жасаган адамга карата соттук акт мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып алты айдын ичинде берилиши мүмкүн.
2. Үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан иштер боюнча доо арызы, жарандык процесстик мыйзамдарда доо арызын сот өндүрүшүнө кабыл алуу жана ишти соттук териштирүүгө даярдоо үчүн каралган убакытты эсептебегенде, арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып он күндүн ичинде сот тарабынан каралат.
3. Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында каралган талаптар боюнча арыз жарандык мыйзамдарда каралган мөөнөттөрдө берилиши мүмкүн.
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
32-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам сотко кайрылууга укуктуу болуучу талаптар
1. Ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата сотко төмөнкүдөй бир же бир нече талаптар менен кайрылуу укугуна ээ болот:
1) бирге жашаган жерден убактылуу чыгарып салуу;
2) ата-энелик укуктарды чектөө;
3) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) жарандык жана үй-бүлөлүк мыйзамдарда каралган башка талаптар.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча укуктарды чектөө сот тарабынан бир айдан алты айга чейинки мөөнөткө белгиленет.
33-берене. Соттун чечимин аткаруу
1. Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган талаптар боюнча чыгарылган сот чечими ал жарыялангандан кийин токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет. Соттун чечимин даттануунун тартиби жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленет.
2. Соттун чечими аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аткарылууга жатат.
34-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга берилүүчү жардамга ушул Мыйзамда аныкталган субъекттер өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чектеринде көрсөтө турган юридикалык, социалдык, медициналык, психологиялык жана башка жардамдын түрлөрү кирет.
2. Юридикалык жардамга консультацияларды берүү, юридикалык документтерди даярдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын атынан соттордо жана мамлекеттик органдарда өкүлчүлүк кылуу, мыйзамдарда аныкталган юридикалык маанилүү аракеттердин башка түрлөрү кирет. Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте көрсөтүлөт.
3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө мыйзамдарда аныкталган медициналык-санитардык жардамдын бардык түрлөрү көрсөтүлөт.
4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык-психологиялык жардамга төмөнкүлөр кирет:
1) социалдык коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
2) мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдарга ылайык зарыл документтерди жана социалдык жөлөкпулдарды алууга көмөк көрсөтүү;
3) социалдык кызматкердин, психологдун консультацияларын берүү;
4) коопсуздугун камсыз кылуу максатында социалдык кызматтарда коопсуз орундарды берүү;
5) социалдык реабилитациялоого көмөктөшүү;
6) үй-бүлөлүк зомбулук учурлары айкындалган үй-бүлөлөр менен социалдык иштөө.
35-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык-психологиялык жардам көрсөтүү
(Статьянын аталышы КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле социалдык тейлөө мекемелеринде: консультациялык-алдын алуу борборлорунда (кризистик борборлордо), баш калкалоо жайларында, ошондой эле ушул Мыйзамга жана калкты социалдык тейлөө жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка мекемелерде социалдык-психологиялык жардам алууга укуктуу.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын, ошондой эле ушул Мыйзамда аныкталган үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону жүзөгө ашыруучу субъекттердин ушундай жардам сурап кайрылуусу социалдык-психологиялык жардам берүү үчүн негиз болуп саналат.
3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам убактылуу коопсуз жашоо үчүн мамлекеттик же муниципалдык баш калкалоо жайын алууга укуктуу. Баш калка жайында болуу баш калкалоо жайынын уставында же жобосунда аныкталган эрежелерге ылайык келишимдик шарттарда акысыз түрдө жүзөгө ашырылат.
4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам окутуунун, кесиптик даярдоонун жана кайра даярдоонун, жумушка орноштуруунун мүмкүнчүлүктөрү жана социалдык реабилитациялоонун башка формалары жөнүндө маалыматты алууга укуктуу.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мониторинг жүргүзүү, эсепке алуу жана отчеттуулук
(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
36-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук учурларын статистикалык эсепке алуу
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндө статистикалык маалыматтардын көрсөткүчтөрүнүн тизмегин жана курамын, статистикалык жана эсепке алуучулук формаларын, чогултуунун мезгилдүүлүгү жана иштеп чыгуунун тартиби аркылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана консультациялык-алдын алуучу борборлордун статистикалык ишин, ошондой эле нускамалык-усулдук материалдарды координациялоону камсыз кылат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети статистикалык жыйнактарды, макалаларды бюллетендерди, баяндамаларды чыгаруу, сайтка жайгаштыруу аркылуу, ошондой эле башка жолдор менен үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө статистикалык маалыматты жайылтууну жана коомчулукка жеткирүүнү камсыз кылат.
3. Укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, укуктук статистиканы жана эсепке алууну жүргүзүү прокуратура жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
37-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө статистикалык отчёттуулук
Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө статистикалык отчеттуулук өзүндө үй-бүлөлүк зомбулук жасалган, катталган учурлар жөнүндө, алардын саны, көрүлгөн чаралардын түрлөрү, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар жөнүндө, ошондой эле жабыркаган адамдын жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын ортосундагы туугандык даражасы жөнүндө социалдык-демографиялык маалыматтарды жана башка статистикалык маалыматтарды камтыйт.
371-берене. Гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук
Гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин мониторинги жана анын ишке ашырылышын баалоо алардын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен гендердик өзүн өзү баалоону жүргүзүү үчүн индикаторлордун негизинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бардык субъекттер тарабынан жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
372-берене. Гендердик өзүн өзү баалоонун негизги милдеттери
1. Гендердик өзүн өзү баалоонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бекитилген индикаторлордун негизинде гендердик теңчиликке жетишүү жана гендердик сезимталдыкты жогорулатуу боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин ишинин натыйжаларына өзүнүн талдоо жүргүзүүсү;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышынын абалын баалоо;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттерде аялдардын жана эркектердин сандык катышын ар түрдүү деңгээлде изилдөө;
4) гендердик теңчиликти илгерилетүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу көрсөткүчтөрүнө салыштырма талдоо жүргүзүү;
5) гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча чечимдерди кабыл алуу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу.
2. Гендердик өзүн өзү баалоону жүргүзүү үчүн методология, индикаторлор жана тиешелүү ченемдик актылар үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
373-берене. Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүүнүн тартиби
1. Гендердик өзүн өзү баалоо үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субъекттин бекитилген планынын негизинде жүргүзүлөт.
Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүүнү координациялоо гендердик маселелер боюнча жооптуу адамга жүктөлөт.
2. Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүү үчүн тиешелүү чөйрөдө зарыл болгон билимге жана иш тажрыйбасына ээ адистер тартылышы мүмкүн.
3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер гендердик өзүн өзү баалоо боюнча отчетторду үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте жана атайын формалардын негизинде жыл сайын берет жана аларды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
4. Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча гендердик өзүн өзү баалоо боюнча отчет түзүлөт, ал аяктаган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
5. Гендердик өзүн өзү баалоонун натыйжаларын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган бир айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бардык субъекттердин жетекчилеринин ведомстволор аралык кеңешмесинин кароосуна берет.
Кароонун жыйынтыктары боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субъект гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чараларды, анын ичинде кадрдык саясатты жүргүзүүдө аныктайт.
Көрсөтүлгөн чаралардын ишке ашырылышын контролдоо үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин жетекчисине жүктөлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-глава. Ушул Мыйзамды аткарбагандык үчүн жоопкерчилик
38-берене. Ушул Мыйзамды аткарбагандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-глава. Корутунду жоболор
39-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү
1. Ушул Мыйзам ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жоболорду кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 9-майында № 56 (2781) жарыяланды
2. 11-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда; 19-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда;
24-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда; 29-берененин 3-бөлүгүндө, 35-берененин 1-бөлүгүндө (консультациялык-алдын алуу борборлорунда (кризистик борборлордо) жана баш калкаларда жардам алуу укугун ишке ашыруу бөлүгүндө) жана 35-берененин 3-бөлүгүндө каралган жоболор 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиргенге чейин алар ушул Мыйзамга каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 238-ст.);
2) "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын 15-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 817-ст.).
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
2017-жылдын 16-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |