Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 27-апрели № 64
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 5-майындагы N 60, 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123, 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2017-жылдын 16-мартында |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
"81) балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат;".
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьяда:
а) он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"консультациялык-алдын алуу борбору (кризистик борбор) - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга социалдык-психологиялык, ошондой эле укуктук, медициналык жардам көрсөтүү боюнча уюм. Консультациялык-алдын алуу борборунун алдында баш калкалоо жайы түзүлүшү мүмкүн.";
б) отуз экинчи абзац "катаал мамилеге," деген сөздөрдөн кийин "үй-бүлөлүк зомбулукка," деген сөздөр менен толукталсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы отуз жетинчи абзац менен толукталсын:
"үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдар үчүн баш калкалоо жайы, убактылуу туруучу борбор - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга мыйзамдарга ылайык коопсуз, убактылуу жашап туруу жайын берүүчү уюм. Баш калкалоо жайлары эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө уюштурулат.";
2) 7-статьяда:
а) 2-бөлүгүнүн "б" пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- баш калкалоо жайы (үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдар үчүн убактылуу туруучу борборлор;)";
б) 3-бөлүгүндө:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- консультациялык-алдын алуу борборлору (кризистик борборлор);";
онунчу абзацында "зомбулукка дуушар болгон адамдар үчүн" деген сөздөр алып салынсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-статья төмөнкүдөй мазмундагы 23-пункт менен толукталсын:
"23) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашырууга, коргоо ордерин берүүгө, узартууга жана анын шарттарынын аткарылышына контролдук кылууга.".
5-берене.
(КР 2021-жылдын 5-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене.
"Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж.. № 8, 378-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-статья төмөнкүдөй мазмундагы "ж" пункту менен толукталсын:
"ж) адамдын жосунунда кылмыштын курамы болбогон учурларда, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу.".
8-берене.
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 570-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) коомдук аң-сезимде зомбулуктун ар кандай формасын кабылдабоону калыптандыруу жана басмырлоонун ар кандай формасын үгүттөөгө жол бербөө максатында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин чагылдыруу.".
9-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин отуз үчүнчү абзацы "басмырлоонун" деген сөздөн кийин "жана зомбулуктун" деген сөздөр менен толукталсын.
10-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-статьянын 14-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- аларга карата алардын үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгынын фактысы боюнча сот актысы бар;".
11-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 9-майында № 56 (2781) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |