Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-апрели № 67
"Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 30-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 393-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
"Химиялык заттар" деген В бөлүгүнүн 34-пунктунда "0,015" деген цифралар "0,030" деген цифраларга алмаштырылсын;
"Радиациялык коопсуздуктун көрсөткүчтөрү" деген С бөлүгүндө "0,1" деген цифралар "0,5" деген цифраларга алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 9-майында № 56 (2781) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |