МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 67 «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент«Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция28.04.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 28-апрели № 67

"Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 30-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 393-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-тиркемеде:

"Химиялык заттар" деген В бөлүгүнүн 34-пунктунда "0,015" деген цифралар "0,030" деген цифраларга алмаштырылсын;

"Радиациялык коопсуздуктун көрсөткүчтөрү" деген С бөлүгүндө "0,1" деген цифралар "0,5" деген цифраларга алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 9-майында № 56 (2781) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев